Редакцияот 31.03.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АКНАЗАРОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2021-жылдын 31-марты № 5

Ижарага теректерди алып жүргөн И.Сандыбаевдин кайрылуусу жөнүндө

Акназаров айылдык Кенешинин 31-чакырылышынын депутаттарынын 2021-жылдын 31-мартындагы кезексиз 32- сессиясындагы протоколдун негизинде

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Акназаров айыл өкмөтүнүн Маданият айылынын жараны И. Сандыбаевге ижарага берилген теректердин жетилген теректерин суюлтуп кесүүгө макулдук берилсин.

2.И.Сандыбаев КР Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Талас аймактык башкармалыгынан жетилген теректерди кесип, суюлтууга макулдук суралсын.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер жана муниципалдык менчик боюнча комиссиясынын төрагасы Н.Шабдановго жүктөлсүн.

4.Бул токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Төрага

Р.Рысматов