АКНАЗАРОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 27-майы № 4
Акназаров айылдык кеңешинин 32-чакырылыштагы депутаттарынын 2021-жылдын кезектеги 1-сессиясы Көк-Таш айылынын Э.Дуйшеев атындагы орто мектебинин директорунун жана завхозунун Э.Дуйшеев атындагы орто мектебинин жанындагы 0,03 га жерге кошумча корпус куруу үчүн жер тилкесин бекитип берүү жөнүндөгү кайрылууларын угуп , талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Акназаров айыл аймагынын Көк-Таш айылындагы Э.Дуйшеев атындагы орто мектебинин имаратынын жанына кошумча корпус куруу максаттуу жана керектүү деп табылсын.
2. Э.Дуйшеев атындагы орто мектебинин территориясынан 0,03 га жер аянтын кошумча корпус үчүн бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси С.Исмаиловго жүктөлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер жана муниципалдык менчик комиссиясынын төрагасы А.Коккозовго тапшырылсын.
4.Бул токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | К.Жорготаев |