АКНАЗАРОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 6-июну № 1
Акназаров айылдык кеңешинин иш планын бекитүү жөнүндө
Акназаров айылдык кеңешинин 2021-жыл ичинде аткарыла турган иштерин өз деңгээлинде аткаруу максатында токтом кылат:
1. Акназаров айылдык кеңешинин 2021-жылга түзүлгөн иш планы толуктоосу менен бекитилсин жана аткарууга алынсын. /тиркеме тиркелет/
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысы С.Шабдановага жүктөлсүн.
Төрага | К.Жорготаев |
“Бекитемин”
Акназаров айылдык кеңешинин
Төрагасы__________К.Жорготаев
Акназаров айылдык аймактык кеңешинин 2021-жылга иш планы
№ | Каралуучу маселелер
| Мөөнөтү | Ким даярдайт | Жооптуулар |
| Айыл өкмөтүнүн башчысынын жана бөлүм башчынын 2020-жылда аткарган иштерин кароо. | 1-квартал | Туруктуу комиссия | Башчы У.Тынысов Бөлүм башчы А.Кенебаева |
| Акназаров айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин 2021-жылга штаттык расписаниесин бекитүү.
Айыл өкмөтүнүн 2021-жылга бюджетин бекитүү. | 1-квартал | Финансы жана бюджет б-ча туруктуу комиссия | Бөлүм башчы А.Кенебаева |
| Жаңы шайланган 32-чакырылыштын депутаттарынын мандаттарын тапшыруу. | 2-квартал | Айыл өкмөтү | Бакай-Ата АШК |
| Акназаров айылдык кеңешинин төрагасын жана төраганын орун басарын шайлоо. | 2-квартал | Айылдык кеңештин депутаттары | Айылдык кеңештин депутаттары |
| Айылдык кеңештин туруктуу комиссияларын жана алардын төрагаларын шайлоо. | 2-вартал | Айылдык кеңештин депутаттары | Айылдык кеңештин депутаттары |
| Акназаров айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо. | 2-квартал | Бакай-Ата АШК | Айылдык кеңештин депутаттары |
| Акназаров айылдык кеңешинин Регламентин бекитүү | 3-квартал | Этика жана мыйзамдуулук б-а туруктуу комиссиясы | Асаналиева В Рысматов Р Баетов Р |
| Муниципалдык менчиктеги инвентарларды инвентаризациялоо, Муниципалдык кызмат көрсөтүү боюнча базалык реестрди тактоо.
Айыл өкмөтүнүн башчысынын жана бөлүм башчынын 6 айлык отчету. | 3-квартал
3-квартал | Жер ж-а муниципалдык менчик б-ча туруктуу комиссиясы
Финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясы.
| Бөлүм башчы А.Кенебаева Башкы адистин у.м.а. Н.Торгоев.
Башчы И.Жакшымбетов Бөлүм башчы А.Кенебаева
|
| Айыл аймагында жайгашкан мектептердин жана балдар бакчаларынын ремонт иштеринин жүрүшүн, жылытуу системаларынын иштешин көзөмөлдөө, кышка карата отун менен камсыз кылууну кароо. | 3-квартал | Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясы, соц адистер | Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясы, соц адистер |
| Айыл өкмөтүнүн башчысынын жана бөлүм башчынын 9 айлык отчету. | 4-квартал | Финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясы, соц адистер | Башчы И.Жакшымбетов Бөлүм башчы А.Кенебаева |
| №3 ГСВ да жүргүзүлүп жаткан курулуш иштеринин абалы. | 4-квартал | Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясы, Н.Торгоев | Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясы, №3 ГСВнын башчысы Д.Иманалиева |
Катчы | С.Шабданова |