Редакцияот 06.07.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АКНАЗАРОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2021-жылдын 6-июну № 2

Акназаров айылдык кеңешинин регламентин бекитүү жөнүндө

Акназаров айылдык кеңешинин ичинде аткарыла турган иштерин өз деңгээлинде аткаруу максатында токтом кылат:

1. Акназаров айылдык кеңешинин регламенти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ЖӨБ иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агентигинин 2013-жылдын 25-ноябрындагы №01-24/65

Айылдык кеңештин типтүү регламенти өзгөртүүлөрү жана толуктоолору менен бекитилсин.

2. Айылдык кеңештин регламентинин 1-бөлүм 8-глава 8.1 , 8.3 пунктунун 13 абзацына жана 2-бөлүм 16-глава,16.11-пунктчаларына өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин. /тиркеме тиркелет/

1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысы С.Шабдановага жүктөлсүн.

2. Бул токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Төрага

К.Жорготаев

 

Тиркеме

Акназаров айылдык кеңешинин регламенти өзгөртүүлөрү жана толуктоолору менен бекитилсин:

I Бөлүм .Айылдык кеңештин негизги иштери.

8-глава. Айылдык кеңештин катчысы.

8.1. Айылдык кеңештин катчысынын иш-милдетин айылдык кеңештин жооптуу катчысы аткарат.

8.3 пунктунун 13-абзацы- башка ченемдик укуктук актыларга , айылдык кеңештин ушул Регламентине ылайык жана айылдык кеңештин төрагасынын тапшырмасы боюнча башка иш-милдеттерди жүзөгө ашырат.

2. 2 Бөлүм. Айылдык кеңештин ишин уюштуруу

16-глава. Айылдык кеңештин сессиясын даярдоонун жана өткөрүүнүн тартиби

16.11. Сессияларга катары менен 2 жолудан ашык жүйөлүү себептерсиз катышпай калган депутаттарга карата айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен депутаттык ыйгарым укуктарын токтотуу тууралуу айылдык кеңештин чечими кабыл алынат.Мындай чечим күчүнө киргенден кийин (жарыяланган күндөн баштап) ыйгарым укуктарын токтотуу үчүн аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлөт.

 

Жоопту катчынын милдетин аткаруучу

Ж.Субанова