Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-майындагы № 246 токтомуна) |
Пенсиялык топтоо каражаттарын инвестициялоонун натыйжаларын эсептөө ТАРТИБИ
1. Ушул Тартип Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан пенсиялык топтоо каражаттары башкарылган мезгилде колдонулуучу пенсиялык топтоо каражаттарын инвестициялоонун натыйжаларын эсептөө эрежелерин белгилейт.
2. Пенсиялык топтоо каражаттарын инвестициялоонун натыйжалары өсүш коэффициентинин жана чыгымдардын коэффициентинин өлчөмдөрүндө аныкталат жана 1-январдан тартып 31-декабрга чейин, отчеттук жыл аяктаганда жылына бир жолу эсептелет.
3. Ар бир инвестициялык портфель үчүн төмөнкүлөр эсептелет:
- пенсиялык топтоо каражаттарын башкарууга жана инвестициялоого байланыштуу жумшалган чыгымдарды эске алуу менен, пенсиялык топтоо каражаттарын инвестициялоонун натыйжасында эсептөө мезгилинде алынган кирешенин салыштырмалуу чоңдугу - өсүш коэффициенти;
- пенсиялык топтоо каражаттарын инвестициялоонун натыйжасында эсептөө мезгилинде жумшалган жана инвестициялык портфелди түзгөн чыгымдардын салыштырмалуу чоңдугу - чыгымдардын коэффициенти.
4. Инвестициялык портфелдин өсүш коэффициенти (k_өсүш) төмөнкү формула боюнча үтүрдөн кийин он экинчи белгиге чейинки тактыкта эсептелет:
K_өсүш = Sk / (So + Sn - Sm),
мында:
Sk - отчеттук жылдын акыркы жумуш күнүнө карата инвестициялык портфелди түзгөн таза активдердин наркы;
So - мурдагы эсептөө мезгилиндеги жылдын акыркы жумуш күнүнө карата инвестициялык портфелди түзгөн таза активдердин наркы;
Sn - эсептөө мезгилинин ичинде Мамлекеттик топтолуучу пенсиялык фонддун эсебине түшкөн пенсиялык топтоо каражаттарынын суммасы;
Sm - эсептөө мезгилинин ичинде Мамлекеттик топтолуучу пенсиялык фонддун эсебинен төлөөлөргө жумшалган пенсиялык топтоо каражаттарынын суммасы.
Отчеттук жылдын акыркы жумуш күнүнө (мурдагы эсептөө мезгилиндеги жылдын акыркы жумушчу күнүнө) карата инвестициялык портфелди түзгөн таза активдердин наркын эсептөөдө эсептөө мезгилинин (мурдагы эсептөө мезгилиндеги жылдын) жыйынтыгы боюнча эсептелген зарыл болгон чыгымдардын чектүү өлчөмүнөн ашкан суммалар эске алынат.
5. Инвестициялык портфелдин чыгымдарынын коэффициенти (к_чыгымдар) төмөнкү формула боюнча үтүрдөн кийин он экинчи белгиге чейинки тактыкта эсептелет:
K_чыгымдар = R / (So + Sn - Sm),
мында:
R - инвестициялык портфелди түзгөн пенсиялык топтоо каражаттарын башкаруу жана инвестициялоо боюнча эсептөө мезгилинде жумшалган чыгымдардын суммасы, бирок Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген зарыл болгон чыгымдардын чектүү өлчөмүнө жараша эсептелген суммадан ашык эмес:
So, Sn, Sm - ушул Тартиптин 4-пунктунда көрсөтүлгөн чоңдуктар.
6. Инвестициялык портфелдин өсүш коэффициентин жана инвестициялык портфелдин чыгымдарынын коэффициентин эсептөө төмөнкүлөрдүн негизинде жүргүзүлөт:
- пенсиялык топтоо каражаттары инвестицияланган пенсиялык активдердин наркын эсептөөнүн;
- пенсиялык топтоо каражаттарын инвестициялоодон алынган кирешелер жөнүндө отчеттордун.
7. Курамына эсептөө мезгилинин аягына карата камсыздандырылган адамдын пенсиялык топтоо каражаттары кирген инвестициялык портфель үчүн ушул Тартипке ылайык эсептелген өсүш коэффициенти жана чыгымдардын коэффициенти жекече камсыздандыруу эсебинин топтоо бөлүгүндө чагылдырылат.
8. Ушул Тартипке ылайык эсептелген жана жекече камсыздандыруу эсебинин топтомо бөлүгүндө чагылдырылган инвестициялык портфелдин өсүш коэффициенти аларды инвестициялоонун жыйынтыктарын эске алуу менен, камсыздандырылган адамдын пенсиялык топтоо каражаттарынын суммасын (Sз/л) төмөнкү формула боюнча эсептөө үчүн пайдаланылат:
мында:
i - эсептөө мезгили (i = j - учурдагы жыл);
Si - жекече камсыздандыруу эсебинин топтомо бөлүгүндө чагылдырылган жана i жылы жайгаштыруу үчүн берилген пенсиялык топтоо каражаттарынын суммасы;
Sj - жекече камсыздандыруу эсебинин топтомо бөлүгүндө чагылдырылган жана учурдагы жылда берилген (берилүүгө тийиш) пенсиялык топтоо каражаттарынын суммасы;
ki - ушул Тартипке ылайык i-эсептөө мезгили үчүн эсептелген жана жекече камсыздандыруу эсебинин топтомо бөлүгүндө чагылдырылган, курамына i-эсептөө мезгилинин аягына карата камсыздандырылган адамдын пенсиялык топтоо каражаттары кирген инвестициялык портфелдин өсүш коэффициенти.