Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-февралындагы № 52 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 30-майы № 245
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 15-мартындагы № 176 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматты (финансы полициясы) түзүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Финансы полициясы органдарында кызматтык тартипти жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 15-мартындагы № 176 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматты (финансы полициясы) түзүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (финансы полициясынын) тартиптик уставында:
- 3-пунктунда:
бешинчи абзацы "негиздүү жана гумандуу" деген сөздөрдөн кийин ", жөнөкөй жана сылык" деген сөздөр менен толукталсын;
тогузунчу абзацындагы "болууга" деген сөз ", жоопкерчиликтүү жана ак ниет болууга, өзүнө жана башкаларга талап коё билүүгө," деген сөздөр менен алмаштырылсын;
он төртүнчү абзацы "коомдук моралдын" деген сөздөрдөн кийин "жана этиканын" деген сөздөр менен толукталсын;
төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- орой болбоого жана нормага жатпаган сөздөрдү айтпоого.".
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (финансы полициясы) өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М.Абылгазиев |