Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 30-майы № 250
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Дары каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндө мамлекеттик саясаттын принциптерин комплекстүү ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:
- 8-пунктундагы "237" жана "162" деген цифралар "175" жана "100" деген цифралар менен алмаштырылсын;
- "ведомстволук бөлүмдөрү" деген сөздөр "ведомстволук бөлүм" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- эскертүүнүн экинчи абзацы "Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун "Дан" мамлекеттик ишканасынын ведомстволук бөлүмдөрүсүз" деген сөздөрдөн кийин ", Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техника департаментинин мекемелерисиз" деген сөздөр менен толукталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен бюджеттик жана атайын каражаттар боюнча кирешелердин жана чыгымдардын сметасына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү макулдашсын;
- бюджетти талдоону эске алып, дары каражаттарды жүгүртүү чөйрөсүндө контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органын аныктоо менен Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техника департаментинин көзөмөлдөө жана контролдоо функцияларын бөлүштүрүү боюнча сунуштарды киргизсин;
- контролдоо жана көзөмөлдөө функцияларын бөлүштүрүүдө Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техника департаментин мамлекеттик ишкана кылып кайра түзүү боюнча сунуштарды киргизсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М.Абылгазиев |