Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 434 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 30-майы № 251
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-апрелиндеги № 197 "Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруучу бийликтин мамлекеттик органдарынын карамагындагы мекемелерде иштеген кызматкерлердин эмгегине акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин карамагындагы мекеменин кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө системасын тартипке келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-апрелиндеги № 197 "Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруучу бийликтин мамлекеттик органдарынын карамагындагы мекемелерде иштеген кызматкерлердин эмгегине акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 6-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы Республикалык медициналык-социалдык экспертиза борборунун, Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды реабилитациялоо борборунун жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык илимий медициналык китепканасынын кызматкерлеринин төмөнкү категорияларына ушул токтомдун 7 жана 8-тиркемелеринде аталган кызматкерлердин кызматтык маяналарына төмөнкүдөй өлчөмдөгү пайыздык кошумчалар белгиленсин:".
2. Аталган токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М.Абылгазиев |