Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 31-майы № 260
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 18-июлундагы № 419 "Кыргыз Республикасында Кылмыш полициясы эл аралык уюмунун (Интерпол) Улуттук борбордук бюросун түзүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мурда кабыл алынган чечимдерин Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына шайкеш келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 18-июлундагы № 419 "Кыргыз Республикасында Кылмыш полициясы эл аралык уюмунун (Интерпол) Улуттук борбордук бюросун түзүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пунктундагы "Улуттук коопсуздук министрлигинин" деген сөздөр "Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында Кылмыш полициясы эл аралык уюмунун (Интерпол) Улуттук борбордук бюросу жөнүндө жободо:
- 12-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 18-июнундагы № 530 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын катардагы жана жетектөөчү курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө жобого" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарында кызмат өтөө тартибин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларга" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |