Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-майындагы № 240 токтому менен бекитилди
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Аскердик чалгындоо жаатындагы өз ара аракеттенүү жөнүндө МАКУЛДАШУУ
Бишкек шаары, 2018-жылдын 25-июлу
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Казакстан Республикасынын Өкмөтү,
Кыргыз Республикасынын жана Казакстан Республикасынын эгемендигин, мамлекеттик көз карандысыздыгын жана аймактык бүтүндүгүн урматтап,
эки мамлекеттин коопсуздугун жана туруктуулугун коргоо кызыкчылыгын көздөп,
1997-жылдын 8-апрелиндеги Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы Аскер жаатындагы кызматташтык жөнүндө келишимдин жоболорун жетекчиликке алып,
улуттук коопсуздукту камсыздоодогу аскердик чалгындоонун ролун жана ордун эске алуу менен жана ушул жаатта кызматташуу үчүн укуктук негизди түзүү зарылдыгына байланыштуу,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене.
Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык Тараптар ушул Макулдашуунун алкагында өз ара пайдалуу негизде бири-бирине төмөнкү жардамды көрсөтөт:
өз ара кызыкчылык туудурган актуалдуу темалар боюнча эксперттик баалоо жана аскердик чалгындоо боюнча маалымат алмашуу;
эки Тараптын коопсуздугуна коркунуч туудурган эл аралык террористтик жана башка уюмдар тууралуу өз ара маалымат алмашуу;
азыркы кездеги кыйынчылыктарга жана коркунучтарга каршылык көрсөтүү боюнча биргелешкен ыкчам жана башка иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү.
2-берене.
Ушул Макулдашууну ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу органдар:
кыргыз Тараптан - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы;
казак Тараптан - Казакстан Республикасынын Коргоо министрлиги.
Ыйгарым укуктуу органдардын аты же милдеттери өзгөргөн учурда Тараптар бул жөнүндө бири-бирине дипломатиялык каналдар боюнча дароо кабарлайт.
3-берене.
Кыргыз Республикасынын жана Казакстан Республикасынын мамлекеттик сырларын түзгөн маалыматтарды берүү жана коргоо 2006-жылдын 4-июлундагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жашыруун маалыматты өз ара коргоо жөнүндө макулдашууга ылайык ишке ашырылат.
Тараптар ушул Макулдашуунун алкагында кызматташуунун жүрүшүндө алынган аскердик чалгындоо боюнча маалыматты Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык коргоону камсыз кылууга милдеттенет.
Тараптар ушул Макулдашуунун алкагында кызматташуунун жүрүшүндө алынган аскердик чалгындоо маалыматтарын ушул маалыматты берген Тарапка зыян келтирбей колдонууга милдеттенет.
Тараптар ушул Макулдашуунун алкагында кызматташуунун жүрүшүндө алынган аскердик чалгындоо маалыматтарын ушул маалыматты берген Тараптын жазуу жүзүндөгү макулдугусуз үчүнчү тарапка бербөөгө милдеттенет.
4-берене.
Тараптардын мамлекеттерине каршы багытталган чалгындоо ишин Тараптар жүргүзбөйт.
5-берене.
Эгер ар бир конкреттүү учурда башка тартип макулдашылбаса, Тараптар ушул Макулдашууну ишке ашыруу үчүн Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарында каралган каражаттардын чегинде өз алдынча чыгымдарды тартышат.
6-берене.
Тараптардын макулдашуусу боюнча ушул Макулдашууга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, ал өзүнчө протокол менен таризделип, анын ажырагыс бөлүгү болуп эсептелет.
7-берене.
Ушул Макулдашуунун жоболорун колдонуу жана чечмелөө менен байланышкан талаш-тартыш маселелер өз ара консультациялар жана сүйлөшүүлөр жолу менен чечилет.
8-берене.
Ушул Макулдашуу дипломатиялык каналдар боюнча Тараптардын анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболордун аткарылгандыгы жөнүндө жазуу жүзүндөгү акыркы кабарлоону алган күндөн тартып күчүнө кирет.
Ушул Макулдашуу беш жылдык мөөнөткө түзүлөт, ал мөөнөт аяктаганда, эгерде Тараптардын бири да учурдагы беш жылдык мөөнөт бүтөөрүнө алты ай калгандан кечиктирбей экинчи Тарапка анын колдонулушун токтотуу жөнүндө ниетин дипломатиялык каналдар боюнча жазуу жүзүндө кабарлабаса, анын колдонулушу кийинки беш жылга өзүнөн өзү узартылат. Мындай учурда ушул Макулдашуу Тараптын бири экинчи Тараптын тийиштүү жазуу жүзүндөгү кабарлоосун алгандан тартып алты ай өткөндөн кийин өзүнүн колдонулушун токтотот.
Бишкек шаарында 2018-жылдын 25-июлунда эки нускада ар бири кыргыз, казак жана орус тилдеринде түзүлдү, баардык тексттер бирдей күчкө ээ.
Тексттерде айырмачылыктар болгон учурда Тараптар орус тилиндеги текстке кайрылышат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн |
| Казакстан Республикасынын Өкмөтү үчүн |