Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 3-июну № 271
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары менен Кореянын кызматташуу жана экономикалык өнүгүү фондунун ортосундагы эки тараптуу мамилелерди жалпы координациялоо боюнча жооптуу органды аныктоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары менен Кореянын кызматташуу жана экономикалык өнүгүү фондунун (EDCF) ортосундагы эки тараптуу мамилелерди жалпы координациялоо боюнча жооптуу органды аныктоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары менен Кореянын кызматташуу жана экономикалык өнүгүү фондунун ортосундагы эки тараптуу мамилелерди жалпы координациялоо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине анын компетенциясынын чегинде жүктөлсүн.
2. Кореянын кызматташуу жана экономикалык өнүгүү фондунун тармагы боюнча конкреттүү долбоорлор тиешелүү чөйрөдөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан ишке ашырылаары белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери жана администрациялык ведомстволору Кореянын кызматташуу жана экономикалык өнүгүү фонду менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү жана долбоордук арыздарды жиберүүнү Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен макулдашуу боюнча ишке ашырышсын.
4. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Корея Республикасынын Өкмөтүнө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул токтомду кабыл алгандыгы жөнүндө кабарласын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М.Абылгазиев |