Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 7-июну № 285
2018-жылдын 3-декабрында Москва шаарында кол коюлган 2014-жылдын 12-ноябрындагы Атаандаштыктын бирдиктүү эрежелеринин сакталышын контролдоо боюнча Евразия экономикалык комиссиясынын ыйгарым укуктары ишке ашырылган учурда купуя маалыматты коргоо тартиби жана аны ачыкка чыгаргандыгы үчүн жоопкерчилик жөнүндө макулдашууга Армения Республикасынын кошулуусу тууралуу протоколду бекитүү жөнүндө
2018-жылдын 3-декабрында Москва шаарында кол коюлган 2014-жылдын 12-ноябрындагы Атаандаштыктын бирдиктүү эрежелеринин сакталышын контролдоо боюнча Евразия экономикалык комиссиясынын ыйгарым укуктары ишке ашырылган учурда купуя маалыматты коргоо тартиби жана аны ачыкка чыгаргандыгы үчүн жоопкерчилик жөнүндө макулдашууга Армения Республикасынын кошулуусу тууралуу протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Расмий тилде тиркелген: 2018-жылдын 3-декабрында Москва шаарында кол коюлган 2014-жылдын 12-ноябрындагы Атаандаштыктын бирдиктүү эрежелеринин сакталышын контролдоо боюнча Евразия экономикалык комиссиясынын ыйгарым укуктары ишке ашырылган учурда купуя маалыматты коргоо тартиби жана аны ачыкка чыгаргандыгы үчүн жоопкерчилик жөнүндө макулдашууга Армения Республикасынын кошулуусу тууралуу протокол бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда аталган Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө Евразия экономикалык комиссиясына кабарласын.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 25-июнундагы N 53 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М.Абылгазиев |