Загрузка документа…
КР 2023-жылдын 3-мартындагы № 49 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Бишкек шаары, 2004-жылдын 22-марты № 45
Айыл чарба жерлерин, короо алдындагы жана дачалык жер участкаларын, калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарбасына арналбаган жерлерди пайдалангандык үчүн жер салыгынын 2004-жылга карата базалык ставкалары жөнүндө
1-статья.
Айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын базалык ставкалары бекитилсин:
Областтардын жана райондордун аталышы | Жер салыгынын ставкалары (сом/га) | ||||
Сугат айдоо аянттары | Кайрак айдоо аянттары | Көп жылдык бак-дарактар | Чабынды жерлер | Жайыттар | |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 |
Кыргыз Республикасы (орточо) | 315,0 | 54,0 | 172,0 | 23,9 | 6,6 |
Баткен областы (орточо) | 270,0 | 41,3 | 149,0 | 24,4 | 9,2 |
Баткен району | 268,0 | 41,3 | 149,0 | - | 7,7 |
Лейлек району | 268,0 | 41,3 | 149,0 | 24,3 | 7,7 |
Кадамжай району | 275,0 | 41,3 | 150,0 | 24,4 | 12,7 |
Жалалабад областы (орточо) | 358,0 | 40,9 | 207,0 | 21,8 | 9,1 |
Аксы району | 306,0 | 56,7 | 193,0 | 15,9 | 13,6 |
Алабука району | 306,0 | 41,3 | 204,0 | 22,5 | 9,9 |
Базаркоргон району | 414,0 | 41,3 | 220,0 | 30,9 | 15,4 |
Ноокен району | 453,0 | 41,3 | 193,0 | 24,4 | 15,4 |
Сузак району | 414,0 | 41,3 | 220,0 | 30,9 | 15,4 |
Тогузторо району | 223,0 | 62,3 | - | 33,0 | 12,9 |
Токтогул району | 239,0 | 62,3 | 201,0 | 30,4 | 12,9 |
Чаткал району | 194,0 | 62,3 | - | 26,5 | 12,9 |
Ысыккөл областы (орточо) | 318,0 | 83,0 | 173,0 | 23,0 | 8,1 |
Аксуу району | 373,0 | 87,5 | 173,0 | 30,4 | 10,6 |
Жетиөгүз району | 305,0 | 74,9 | 168,0 | 23,8 | 7,7 |
Ысыккөл району | 280,0 | 68,6 | 155,0 | 23,8 | 7,7 |
Тоң району | 236,0 | 39,2 | 119,0 | 20,4 | 7,1 |
Түп району | 379,0 | 87,5 | 174,0 | 29,1 | 15,0 |
Нарын областы (орточо) | 196,0 | 50,3 | - | 23,6 | 4,8 |
Акталаа району | 205,0 | 37,0 | - | 25,1 | 4,5 |
Атбашы району | 191,0 | 54,3 | - | 21,7 | 4,5 |
Жумгал району | 196,0 | 37,0 | - | 25,1 | 4,5 |
Кочкор району | 215,0 | 37,0 | - | 25,1 | 4,5 |
Нарын району | 196,0 | 54,3 | - | 21,1 | 5,3 |
Ош областы (орточо) | 343,0 | 44,0 | 156,0 | 27,6 | 8,0 |
Алай району | 232,0 | 62,3 | - | 27,7 | 5,3 |
Араван району | 436,0 | 41,3 | 226,0 | 15,2 | 12,7 |
Каракулжа району | 232,0 | 62,3 | 117,0 | 27,7 | 5,3 |
Карасуу району | 453,0 | 41,3 | 246,0 | 27,9 | 12,0 |
Ноокат району | 413,0 | 62,3 | 233,0 | 27,8 | 12,7 |
Өзгөн району | 413,0 | 62,3 | 235,0 | 33,7 | 13,9 |
Чоңалай району | 183,0 | - | - | 21,1 | 5,5 |
Талас областы (орточо) | 322,0 | 46,4 | 165,0 | 11,0 | 5,2 |
Бакайата району | 318,0 | 52,5 | 164,0 | - | 7,4 |
Карабуура району | 350,0 | 36,4 | 165,0 | 11,2 | 4,8 |
Манас району | 331,0 | 36,4 | 166,0 | 11,2 | 4,8 |
Талас району | 297,0 | 52,5 | 164,0 | 11,0 | 4,8 |
Чүй областы (орточо) | 370,0 | 61,4 | 199,0 | 26,3 | 9,3 |
Аламүдүн району | 400,0 | 56,5 | 209,0 | 23,1 | 10,8 |
Жайыл району | - | - | - | - | - |
а) Чүй зонасы | 329,0 | 67,9 | 213,0 | 20,4 | 10,8 |
б) Суусамыр зонасы | 189,0 | 34,5 | - | 11,3 | 10,0 |
Ысыката району | 400,0 | 74,2 | 213,0 | 29,7 | 10,8 |
Кемин району | 354,0 | 80,5 | 211,0 | 29,7 | 10,8 |
Москва району | 392,0 | 67,2 | 215,0 | 29,7 | 7,8 |
Панфилов району | 362,0 | 67,2 | 215,0 | 23,1 | 7,8 |
Сокулук району | 407,0 | 67,2 | 211,0 | 13,9 | 7,8 |
Чүй району | 400,0 | 74,9 | 211,0 | 32,4 | 10,8 |
Райондук кеңештерге ошол район үчүн бекитилген базалык ставканын негизинде эсептелген жер салыгынын жалпы суммасынын чегинде айыл чарба жерлерин пайдалангандык үчүн салыктын дифференцияланган ставкаларын белгилөө укугун берүү менен базалык ставкалар айылдык кеңештердин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агентствосунун райондук башкармаларынын сунушу боюнча кыртыштын бонитетинин баллын эске алуу менен, ошол район үчүн белгиленген базалык ставкадан 30 пайызга төмөн же жогору болгон чектерде дифференцияланат.
Жер салыгын төлөөчүлөр болуп Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 175-статьясына ылайык жер участкаларынын ээлери жана жерди пайдалануучулар саналышат.
Жайыт жерлерин пайдалангандыгы үчүн жер салыгын төлөөчүлөр болуп, жерге болгон укугу ырасталган, жайыт жерин ижарага берүү тууралу тийиштүү келишими бар жеке жана юридикалык жактар саналышат.
Шаарлардагы жана калктуу конуштардагы айыл чарба жерлерин пайдалангандык үчүн жер салыгы жакын жайгашкан администрациялык райондорго колдонулган ставкалар боюнча белгиленет.
2-статья.
Көлмөлөрдү пайдалангандык үчүн жер салыгынын ставкалары ошол райондун кайрак жерлери үчүн колдонулган ставкалар боюнча белгиленет. Насостук станциялар менен сугарылган жерлерге кайрак жерлер катары салык салынат.
3-статья.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан бийик тоолуу жана алыскы калктуу конуштарга киргизилген, ошондой эле Барскоон суусундагы экологиялык кырсыктан жабыр тарткан (Тосор, Тамга, Барскоон,Чоң-Жаргылчак жана Кичи-Жаргылчак) калктуу конуштарда айыл чарба жерлерин пайдалангандык үчүн жер салыгын төлөөдө ошол район үчүн жер салыгынын базалык ставкасынын 50 пайызы өлчөмүндө жеңилдиктер белгиленет.
4-статья.
Короо алындагы жана дачалык жер участкаларын пайдалангандык үчүн жер салыгынын төмөнкүдөй ставкалары бекитилсин:
Калктуу конуштар | Жер салыгынын ставкалары (ч. м /сом) |
Бишкек, Токмок, Карабалта, Ош, Жалалабад, Каракол, Талас, Чолпоната шаарлары | 0,16 |
Калган шаарлар жана шаарчалар | 0,08 |
Айылдык калктуу конуштар | 0,04 |
5-статья.
Калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарбасына арналбаган жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын төмөнкүдөй базалык ставкалары бекитилсин:
Региондордун аталышы | Калктуу конуштардын жерлери үчүн базалык ставкалар калкынын саны миң адам менен (ч.м/сом) | |||||||
| 5ге чейин | 5,1 - 10 | 10,1 - 20 | 20,1 - 50 | 50,1 - 100 | 100,1 - 250 | 250,1 - 500 | 500,1ден ашык |
Баткен областы | 0,31 | 0,45 | 0,51 | 0,56 | 0,57 |
|
|
|
Жалалабад областы | 0,41 | 0,53 | 0,60 | 0,65 | 0,70 |
|
|
|
Ысыккөл областы | 0,41 | 0,53 | 0,60 | 0,65 | 0,7 |
|
|
|
Нарын областы | 0,34 | 0,47 | 0,53 | 0,58 | 0,59 |
|
|
|
Ош областы | 0,44 | 0,53 | 0,60 | 0,65 | 0,75 | 0,81 | 0,85 |
|
Талас областы | 0,37 | 0,51 | 0,58 | 0,62 |
|
|
|
|
Чүй областы жана Бишкек шаары | 0,41 | 0,54 | 0,60 | 0,65 | 0,75 | 0,81 |
| 0,98 |
6-статья.
Калктуу конуштардын чегинен тышкары жайгашкан айыл чарбасына арналбаган жерлер үчүн тийиштүү райондун 5,1ден 10 миңге чейинки адам жашаган калктуу конушунун жери үчүн белгиленген ставка колдонулат.
7-статья.
Калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарбасына арналбаган жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын базалык ставкалары экологиялык жагдайга тийгизген таасирин жана функциялык арналышын эсепке алуучу тийиштүү коэффициенттерди пайдалануу менен дифференцияланат. Экологиялык жагдайга тийгизген таасирин жана функциялык арналышын эсепке алуучу тийиштүү коэффициенттерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин макулдугу менен гана өзгөртүүгө болот.
Калктуу конуштардын экономикалык-пландаштырылуучу өзгөчөлүктөрүнө жараша жергиликтүү кеңештер тарабынан зонанын аймагын комплекстүү баалоонун калктуу конуш боюнча алынган жалпы орточо баага катышы катары экономикалык пландаштырылуучу зоналар үчүн коэффициент (К-1) белгиленет.
8-статья.
Калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарбасына арналбаган жерлерди пайдаланууда жер салыгын дифференциялоо үчүн экологиялык баалоо (К-1) жана функциялык арналыш (К-3) коэффициенттери колдонулат.
Төмөнкү коэффициенттер белгиленсин:
1) экологиялык баалоо коэффициенти:
а) К2 = 2 автомобилдерге май куюучу бекеттер үчүн берилген жер участкаларына;
б) К2 = 1,5 төмөнкүлөргө берилген жер участкалары үчүн:
- автосервис ишканаларына (техникалык тейлөө станциялары, автомобилдерди оңдоочу мастерскойлор, автомобиль жуучу жайлар, вулканизация станциялары);
- коомдук тамактануу, соода ишканаларына;
- тейлөө чөйрөсүнүн субъектилерине (сауналар, мончолор, химиялык тазалоо, бое мастерскойлору);
- чакан базарларга, базарларга, анын ичинде мал базарларына, соода базар комплекстерине.
Караңыз:
КР Өкмөтүнүн 2004-жылдын 7-сентябрындагы N 668 “Жерди бузуп зыян келтиргени үчүн материалдык жоопкерчилик жөнүндө” токтому
2) функциялык арналыш коэффициенти К3:
төмөндөгүлөргө берилген жер участкалары үчүн:
- соода аянтына жараша дүкөндөргө, күркөлөргө, ларекторго жана башка соода мекемелерине:
Соода аянты (ч.м ) | 10го чейин | 10,1-20 | 20,1-35 | 35,1-50 | 50,1 ашык |
Коэффициенти | 15 | 11 | 7 | 5 | 4 |
- чакан базарлар, базарлар, соода базар комплекстери - 5;
- мал базарлары, тоют базарлары - 3;
- коомдук тамактануу мекемелери, мейманканалар - 2;
- банктар, ломбарддар, акча алмаштыруу пункттары - 5;
- оюн-зоок жайлары (казино, түнкү клубдар) - 4;
- офистер, бизнес борборлору, биржалар - 2,5;
- автомай куюучу бекеттер - 5;
- айылдык мунайбазалар - 1,5;
- автомобилдерди токтотуучу жайлар, автосервис ишканалары - 3;
- жарнама курулмалары - 50;
- транспорт ишканаларынын администрациялык имараттары: аэровокзалдар, автовокзалдар, автобекеттер, темир жол вокзалдары -0,9;
- автотранспорттук ишканалардын, автобазалардын, автогараждардын кызматтык-техникалык аянттары: (административдик имараттар, кызматтык -техникалык имараттар, курулмалар, кампалык жайлар ж.б.) - 0,7;
- өнөр жай, транспорт (жүк терминалдарынын, деңиз портунун кызматтык-техникалык имараттары, курулмалары), курулуш, байланыш жана энергетика ишканалары - 0,5;
- кен өнөр жай ишканалары, темир жол транспортунун жүк ташуучу бекеттери, темир жана аба жолдор транспортунун санитардык коргоо зоналары - 0,3;
- иштетилип жаткан кендер, карьерлер, шахталар, разрездер, иштетилген калдыктардын сакталмалары - 0,05;
- геологиялык чалгындоо, долбоордук - иликтөө, чалгындоо жана изилдөө иштерине - 0,005;
- байланыштын жана электр берүүнүн линияларына - 0,01;
- коммерциялык илимий (окуу жайлар), билим берүү (мектептер, бала бакчалар), саламаттык сактоо, маданият, физкультуралык-спорт мекемелери - 0,3;
- калктуу конуштардын чектеринде жайгашкан айыл чарбасынын өндүрүштүк имараттары (гараждар, оңдоо мастерскойлору, кырмандар, эгин тазалоочу комплекстер, жашылча-картошка сактоочу жайлар, курулуш жана чарба короолору, жана башка айыл чарба багытындагы объектилер) - 0,2.
Конкреттүү менчик ээлери жана пайдалануучулар үчүн жерге жыл сайынкы салыктын суммасы (Н) төмөнкү формула боюнча аныкталат:
Н = С х S х К1 х К2 х К3 (сом), мында:
С - жер салыгынын ставкасы (ч.м/сом);
S - жер тилкесинин аянты ч.м менен;
К - коэффициенттер.
9-статья.
Айыл чарба жерлерин, короо алдындагы жана дачалык жер участкаларына, калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарбасына арналбаган жерлерди пайдалангандык үчүн жер салыгын төлөөнүн тартиби жана мөөнөттөрү Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык аныкталат.
10-статья.
Жер салыгы түрүндө келип түшкөн каражаттар "Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык бөлүштүрүлөт.
11-статья.
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын мыйзамдары аныктаган тартипте жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Эркин Тоо" газетасынын 2004-жылдын 30-мартында N 25 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| А.Акаев |
|
|
|
2003-жылдын 26-декабрында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл алынган |
|
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйыны тарабынан каралган эмес |
|
|
|
|
| 1996-жылдын 16-февралындагыN 1 "Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү", 1998-жылдын21-октябрындагы N 134 "Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө", 2001-жылдын24-декабрындагы N 112 "Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 5-статьясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын редакциясындагы Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 59-статьясынын 4-пунктуна ылайык жактырылган |