Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 24-июну № 316
Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагында жайгашкан жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу жөнүндө
Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагынын жашоочуларынын социалдык муктаждыктарын чечүү максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-беренесине жана "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык, Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын 2019-жылдын 29-апрелиндеги № 145-б буйругун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2019-жылдын 6-июнундагы корутундусун көңүлгө алуу менен, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагында жайгашкан мамлекеттик менчиктеги жалпы аянты 149,4 га жер участогу "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан жеке турак үйлөрдү куруу үчүн "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которулсун, анын ичинен:
Ак-Сай айылынын Бакай участогу - 82,1 га жайыт (№ 1, 2, 3, 4, 5, 11, 1006, 1020, 1085, 1086 контурлар) жана 17,3 га көп жылдык өсүмдүктөр (№ 11, 1143 контурлар);
Үч-Дөбө айылынын Керме-Тоо участогу - 20,0 га жайыт (№ 819, 823, 828, 829 контурлар);
Көк-Таш айылынын Чек-Дөбө участогу - 30,0 га жайыт (№ 1012 контур).
2. Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен райондук мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
- жерлерди эсепке алуучу документтерге тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлердин шаар куруу документтерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштеп чыгууну жана бекитүүнү;
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлерди максаттуу багыты боюнча пайдаланууну.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 5-июлундагы N 56 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М.Абылгазиев |