Сравнение редакций…
|
| Тиркеме |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 19-июнундагы № 298 токтомуна |
Суюлтулган көмүр-суутек газдарды пайдалануучу объекттер үчүн коопсуздук ЭРЕЖЕЛЕРИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Суюлтулган көмүр-суутек газдарды пайдалануучу объекттер үчүн коопсуздук эрежелери (мындан ары - Эрежелер) 1,6 мегапаскалдан көп эмес ашыкча басымдагы суюлтулган көмүр-суутек газдарды сактоо, ташуу жана пайдалануу объекттерин долбоорлоого, курууга, монтаждоого, реконструкциялоого жана экплуатациялоого өнөр жай коопсуздугунун талаптарын белгилейт, суюлтулган көмүр-суутек газдарды сактоо жана сатуунун куст базаларынын, газ толтуруучу станциялардын жана пункттардын, автомобилдик газ куюу станцияларынын суюлтулган көмүр-суутек газдар менен автотранспорт каражаттарын толтурууда өнөр жай коопсуздугун камсыздоо боюнча талаптарды регламенттейт.
2. Ушул Эрежелерде төмөнкүдөй түшүнүктөр жана аныктамалар колдонулат:
автомобилдик газ куюу станциясы - суюлтулган көмүр-суутек газдар менен транспорт каражаттарынын отун системасынын баллондорун толтуруу үчүн гана арналган технологиялык станция;
түркүн автомай куюучу станция - аймагында эки жана андан ашык майдын түрү бар, алардын ичинде суюк мотор майын (бензин жана дизель майы), суюлтулган көмүр-суутек газдарды куюу каралган жана резервуарлары жер алдында жайгашып, аларды май таркатуучу колонка аркылуу таркатуу менен мүнөздөлгөн автомай куюучу станция;
суюлтулган көмүр-суутек газдарды пайдалануучу объект - суюлтулган көмүр-суутек газдарды сактоону жана (же) сатууну, суюлтулган көмүр-суутек газдарды газ түтүктөрү аркылуу пайдалануучуларга ташып жеткирүүнү, ошондой эле кооптуу өндүрүштүк объекттерде отун катары пайдаланууну камсыз кылуучу өндүрүштүк жана коммуналдык-өндүрүштүк багыттагы объект;
өндүрүштүк багыттагы объект - суюлтулган көмүр-суутек газдарды сактоочу жана/же сатуучу, газ өткөргүчтөр аркылуу ташып жеткирүүчү объект, анын ичинде суюлтулган көмүр-суутек газдарды сактоочу жана сатуучу куст базалары жана газ толтуруучу станциялар, газ толтуруучу пункттар, автомобилдик газ куюучу станциялар, регазификация (бууландыруучу) станциялары, өнөр жай жана (же) коммуналдык-өндүрүштүк багыттагы резервуардык жабдуулар, өнөр жайда колдонулуучу топтолгон баллон орнотмолору, тышкы газ өткөргүчтөр, ички газ өткөргүчтөр жана кооптуу өндүрүштүк объекттердеги газ пайдалануучу орнотмолор, ошондой эле өндүрүштүк багыттагы имараттар жана курулмалар, резервуарлар, арматура жана контролдук-өлчөгүч приборлор;
коммуналдык-өндүрүштүк багыттагы объект - резервуардык орнотмолордон газ керектөөнү камсыздоочу объект, анын ичинде имараттын алдындагы ажыратуучу түзүзүлүшкө чейинки жана/же турак жай-коммуналдык чарбадагы имараттын тосмо конструкцияларына чейинки сырткы газ өткөргүчтөр;
газды керектөө объектиси - бир өндүрүштүк аймакта (аянтта) жайгашкан ички газ өткөргүчтөрдү, газ жабдууларын жана газ пайдалануучу орнотмолорду, коопсуздуктун, бөгөттөөнүн, сигнализациянын жана газдын күйүү процессин жөндөөчү автоматикасын камтыган өндүрүштүк жана технологиялык схема;
техникалык түзүлүштөр - резервуарлар, толтуруучу түзүлүштөр (куюучу колонкалар, каруселдик жана таразалоочу жабдыктар), насостор, компрессорлор, бууландыруучу жабдыктар, газ өткөргүчтөр, газ түтүктөрүн жана резервуарларды электрхимиялык коррозиядан сактоочу электрхимиялык коргоо жабдыктары, резервуарлардагы редукциялык баш бөлүктөр, басымды жөндөгүчтөр, автоматика, коргоо, бөгөттөө, сигнализация системасы, контролдоп өлчөгүч приборлор, жардамчы түзүлүштөр, ошондой эле арматура (задвижкалар, клапандар, вентилдер ж.б.).
2-глава. Иш чөйрөсү жана колдонуу тартиби
3. Суюлтулган көмүр-суутек газдарды пайдалануучу объекттерди долбоорлоо, куруу, кеңейтүү, реконструкциялоо, техникалык жактан жаңылап куралдандыруу, консервациялоо жана жок кылуу, ошондой эле, суюлтулган көмүр-суутек газдарды пайдалануучу объекттерде колдонулуучу техникалык түзүлүштөрдү жасоо, курап чогултуу, ишке салуу, тейлөө жана оңдоп түзөтүү боюнча иш Кыргыз Республикасынын курулуш ченемдери жана эрежелери, башка колдонуудагы ченемдик укуктук актылар жана ченемдик техникалык документтер менен жөнгө салынат.
Автомай куюу станцияларын, анын ичинде комплекстүү автомай куюу станцияларын жана автогаз куюу станцияларын жайгаштырууга, долбоорлоого жана курууга карата өрткө каршы талаптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-августундагы № 381 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында өрт коопсуздугунун эрежелери, "Автомай куюу станциялары. Өрткө каршы ченемдер" СН 21-02:2018 жана "Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен жөнгө салынат.
4. Суюлтулган көмүр-суутек газдарды ташууга арналган транспорт каражаттарына, аларды маркалоого, транспорт каражаттарынын баллондон газ берүү системасына, аны жайгаштырууга жана орнотууга коюлган талаптар "Суюлтулган көмүр-суутек газдарга, аларды отун катары пайдалануу үчүн талаптар" ТР ЕАЭС 036/2016 Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламентинин жоболоруна жана "Дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө" ТР ТС 018/2011 Бажы бирлигинин техникалык регламентинин жоболоруна ылайык кабыл алынган.
5. Эрежелер төмөнкүлөргө жайылтылат:
- суюлтулган көмүр-суутек газдарды сактоочу базаларга жана газ толтуруучу станцияларга;
- газ толтуруучу пункттарга;
- стационардык автомобилдик газ куюучу станцияларга;
- көчмө автомай куюучу станцияларынан автотранспортко жана баллондорго куюучу, белгиленген тартипте эксплуатацияга киргизилген аянтчаларга;
- айылдардагы жана кооптуу өндүрүштүк объекттердеги резервуардык орнотмолорго, ошондой эле кооптуу өндүрүштүк объекттердеги топтук баллондуу орнотмолорго;
- суюлтулган газдарды ташуучу темир жол жана автотранспорттук цистерналарга;
- суюлтулган көмүр-суутек газдардын суюк жана бууланган фазадагы сырттагы газ өткөргүчтөрүнө;
- болоттон газ түтүктөрүн жана резервуарларды электрхимиялык коррозиядан коргоо каражаттарына;
- суюлтулган көмүр-суутек газдарды сактоо, ташуу жана отун катары пайдалануучу өнөр жай, айыл чарба жана башка өндүрүштөгү сырткы жана ички газ өткөргүчтөргө жана газ жабдууларына (техникалык түзүлүштөргө);
- өндүрүштүк, жылытуу-өндүрүштүк жана жылытуучу отканалардагы сырткы жана ички газ өткөргүчтөрүнө жана газ жабдууларына (техникалык түзүлүштөргө);
- суюлтулган көмүр-суутек газдарды пайдалануудагы коопсуздук, жөнгө салуу жана коргоо каражаттары, ошондой эле технологиялык процесстерди автоматтык башкаруу системаларына;
- суюлтулган көмүр-суутек газдарды газ өткөргүчтөрдөгү имараттарга жана курулмаларга.
6. Эрежелер төмөнкүлөргө жайылтылбайт:
- суюлтулган көмүр-суутек газдарды сырье жана отун катары пайдалануучу химиялык, нефти химиялык, нефти казуучу жана нефти кайра иштетүүчү өндүрүштөрдүн технологиялык (аянт ичиндеги) газ өткөргүчтөрүнө, терминалдарга, резервуарларга жана газ жабдууларына, ошондой эле аларды жасап чыгаруучу жана өндүрүштүк жана/же коммуналдык-өндүрүштүк багыттагы суюлтулган көмүр-суутек газдарды пайдалануучу объекттер үчүн жөнөтүүчү өндүрүштөргө;
- суюлтулган көмүр-суутек газдарды сактоочу жана аларды суу кемелери менен ташуу үчүн куюу-куюп алуу терминалдарына;
- суюлтулган көмүр-суутек газдарды куюу-куюп ала турган темир жол эстакадаларына, ошондой эле эстакадаларга карай темир жолдоруна;
- металлургиялык өндүрүштөр үчүн технологиялык (аянт ичиндеги) газ өткөргүчтөргө, резервуарларга жана газ жабдууларына;
- көчмө газ пайдалануучу орнотмолорго, анын ичинде тонарларга, ошондой эле автомобиль жана темир жол транспортунун, учуучу аппараттардын, суу кемелеринин газ жабдууларына;
- аскердик багыттагы атайын газ жана газ пайдалануучу жабдууга;
- эксперименттик газ өткөргүчтөргө жана газ жабдуунун тажрыйбалык үлгүлөрүнө;
- газ-аба кошулмасынын жарылуу энергиясын пайдалануучу жана/же коргоочу газдарды алууга багытталган орнотмолорго;
- ички газ өткөргүчтөргө жана суюлтулган көмүр-суутек газдарды тамак даярдоо же лабораториялык максатта пайдалануучу администрациялык, коомдук жана турмуш-тиричилик имараттарынын газ жабдууларына;
- коммуналдык-тиричилик багытындагы топтук жана жекече баллондук орнотмолорго;
- администрациялык, коомдук жана турмуш-тиричилик имараттарын от казандар, жылыткыч генераторлор менен автономдук жылытуу жана ысык суу менен камсыздоо системаларына, жылуулук энергиясын өндүрүштүк максатта иштеп чыгуусуз, кызмат көрсөтүүсүз жана орнотулган жабдуунун суммалык жылытуучу кубаттуулугу 100 кВт жана андан аз болгондо;
7. Жарылуу коркунучу бар кошулмаларды жаратуучу заттарды алуу, сактоо жана сатуу иши (баллондорду кысылган жана суюлтулган газдар менен толтуруу жумуштарын аткаруучу толтуруу станциялары) Кыргыз Республикасынын лицензиялык-уруксат берүү системасынын чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык лицензияланууга тийиш.
8. Транспорт каражаттарынын конструкциясына суюлтулган көмүр-суутек газдарды отун катарында пайдалана тургандай кылып өзгөртүп кайра жабдуу боюнча иш Кыргыз Республикасынын транспорт каражаттарын кайра жабдуу боюнча колдонуудагы эрежелерге ылайык жөнгө салынат.
9. Авария болгон ар бир факты боюнча, анын себептерине "Кооптуу өндүрүштүк объекттеринин өнөр жай коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык техникалык иликтөө жүргүзүлүшү керек.
10. Суюлтулган көмүр-суутек газдарды пайдалануучу кооптуу өндүрүштүк объекттерди эксплуатациялаган уюмдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-июнундагы № 356 токтому менен бекитилген Объекттерди кооптуу өндүрүштүк объекттердин мамлекеттик реестринде каттоо жана мамлекеттик реестрди жүргүзүү жөнүндө жобого ылайык аларды мамлекеттик реестрде каттоого милдеттүү.
3-глава. Суюлтулган көмүр-суутек газдарды пайдалануучу объекттердеги кызмат адамдарына жана тейлөөчү кызматкерлерге карата талаптар
11. 5-пунктта аталган суюлтулган көмүр-суутек газдарды пайдалануучу кооптуу өндүрүштүк объекттерде долбоорлоо, куруу, монтаждоо жана иштетүү боюнча, алардын курулушуна, жабдуусунун (техникалык түзүлүштөрүн) монтаждоосуна, ишке даярдоосуна жана сыноосуна техникалык көзөмөл жүргүзүү боюнча, газ жабдуусун (техникалык түзүлүштөрүн) жасоо, өнөр жай коопсуздугун экспертизалоо боюнча, суюлтулган көмүр-суутек газдарды пайдалануучу кооптуу өндүрүштүк объекттери үчүн жетекчилерди жана адистерди даярдоо жана кайра даярдоо боюнча жумуштарды аткарышкан ишкананын жетекчилери жана адистери аттестациядан (белгиленген өнөр-жай коопсуздук боюнча талаптарын билүүсүн текшерүүдөн ) өтүүгө тийиш.
12. Жумушчулар ишканалардын жетекчилери тарабынан бекитилген иштердин коопсуз методдору боюнча нускамалардын талаптарына ылайык окутуудан жана жумуштарды аткаруунун коопсуз методдору жана ыкмалары боюнча билимин текшерүүдөн өтүшү керек.
13. Долбоорлоо жана куруу-монтаждоо жумуштарын контролдоо Кыргыз Республикасынын архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба чөйрөсүндөгү аткаруу бийлигинин органы газ менен камсыздоо системаларын долбоорлоо жана куруу жаатындагы ченемдик укуктук актыларды талаптарын эске алуу менен жүргүзүлөт.
14. Өндүрүштүк контролдоону уюштуруу жана ишке ашыруу үчүн жоопкерчиликти уюмдун жетекчиси жана жетекчинин чечими менен ушундай милдеттер жүктөлгөн адамдар тартат.
4-глава. Суюлтулган көмүр-суутек газдарды пайдалануучу объекттерди долбоорлоо
15. Кооптуу өндүрүштүк объекттерди, анын ичинде суюлтулган көмүр-суутек газдарды пайдалануучу объекттерди жана алардын элементтерин куруу, кеңейтүү, реконструкциялоо, техникалык жаңылап жабдуу, консервациялоо жана жок кылуу боюнча долбоордук документтер "Кооптуу өндүрүштүк объекттердин өнөр жай коопсуздугу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык өнөр жай коопсуздугунун экспертизасынан өтүүгө тийиш.
16. Суюлтулган көмүр-суутек газдарды пайдалануучу объекттерди куруу (реконструкциялоо) долбоорлорунун өнөр жай коопсуздугунун экспертизасы боюнча жумуштарды аткаруу үчүн өнөр жай коопсуздугу жаатындагы аттестацияланган эксперттер тартылышы керек.
17. Колдонуусунда 200 тонна жана андан ашык суюлтулган көмүр-суутек газы болгон, суюлтулган көмүр-суутек газдарды пайдалануучу объекттерди долбоорлоодо колдонуучу техникалык чечимдер (пландоочу жана технологиялык) өнөр жай коопсуздугун камсыздоочу иш-чараларды камтышы керек, анын ичинде:
- авариялардын тобокелдигин жана ага байланыштуу коркунучтарды ар тараптуу баалоо;
- авариялардын алдын алуу боюнча көрүлгөн чаралардын жетиштүүлүгүн талдоо;
- кооптуу өндүрүштүк объектини, өнөр жай коопсуздугунун талаптарына ылайык иштетүүгө, ошондой эле авариялардын кесепеттерин локализациялоого жана жоюуга даярдыгын баалоо, жумуштарды уюштуруунун регламенти;
- авариялардын кесепеттеринин масштабын азайтууга багытталган иш-чараларды иштеп чыгуу.
18. Долбоорлордо газ өткөргүчтөрдү жер алдында тартып келүүнү караштыруу керек. Газ өткөргүчтөрдү жер үстүнөн тартып келүү, аны жер алдынан тартып келүү мүмкүн эместигин негиздегенде, газ толтуруучу станциялардын, газ толтуруучу пункттардын жана автомобилдик газ куюучу станциялардын аймактарында жол берилет.
20. Резервуардык (жасалма бууландыргычы бар) жана топтошкон баллондук орнотмолордон чыккан төмөнкү басымдагы суюлтулган көмүр-суутек газдардын буу фазасынын жер астындагы газ өткөргүчтөрүн жайгаштыруунун тереңдигин, газ бууларынын конденсацияланышын болтурбоо максатында, топурактын тоңуучу деңгээлинен төмөн болбогондой кылып караштыруу керек.
21. Газ менен жабдуунун сырттагы системаларын куруу үчүн көмүртек 0,25% ашпаган, күкүрт 0,056%, фосфор 0,046% камтуучу жакшы ширетилген болоттон түз жана спираль бириктирүүсү менен жасалган ширетилген жана бириктирбей даярдалган түтүктөрдү колдонуу керек.
Түтүктүн калыңдыгы жер астындагы жана жер үстүндөгү бөлөнүүчү газ өткөргүчтөр үчүн 3 миллиметрден кем эмес, жер астындагы жана жер үстүндөгү бөлөнбөөчүлөр үчүн - 2 миллиметр болушу керек.
Көмүртектүү жана аз легирленген темирлер үчүн көмүртектин эквиваленти 0,46%дан ашпашы керек. Түтүктүн полиэтилен материалына, маркалоосуна жана сыноо ыкмасына талаптар мамлекеттик стандартка дал келиши керек.
Полиэтилен түтүктөрүн минимумдук узак мөөнөттүү бекемдиги 8,0 мегапаскалдан кем эмес полиэтиленден жасалган төмөнкү басымдуу резервуардык орнотмолордун суюлтулган көмүр-суутек газдардын буу фазасындагы газ өткөргүчтөрүн курууда колдонууга жол берилет.
22. Резервуардык орнотмолорду долбоорлоодо: резервуарлар, суюк жана буу фазасындагы газ өткөргүчтөр, бекитүүчү арматура, сактоочу бекиткич клапандар, газ басымынын регуляторлору, сактоочу таштап жиберүүчү клапандар, контролдоо-өлчөөчү приборлор каралышы керек. Зарыл болгон учурда (климаттык шартта) резервуардык орнотмонун курамында буууландыруучу орнотмолор каралышы керек.
23. Топтошкон баллондук орнотмонун курамында суюлтулган көмүр-суутек газдар үчүн баллондор, бекитүүчү арматура, газ басымынын регулятору, сактоочу бекиткич клапандар, сактоочу таштап жиберүүчү клапандар, манометр каралышы керек.
24. Калктуу конуштарда жайгашкан автогаз куюучу станцияларда, түркүн автомай куюучу станцияларда суюлтулган көмүр-суутек газдарды сактоо үчүн резервуарлар 0,5 метрден кем эмес топуракка көмүлгөн калыңдыкты камсыздап, жер алдында жайгашуусу керек.
25. Жер астындагы резервуарларга (түтүктөргө) толугу менен же жарым-жартылай жердин үстүндө жайгашкан, жогорку түзүүдөн жок дегенде 0,5 м кем эмес өйдө топурак менен жабылган, туурасы иштөө шартында ошол жабылганын бузбоону камсыз кылган, же башка өрт таасиринен ушундай эле жылытуу изоляциясын камсыз кылуучу күйбөгөн материал менен корголгон жер үстүндөгү резервуарларды (түтүктөрдү) теңдөөгө жол берилет. Мындай учурда резервуарды (түтүктү) колдонуу аралыгында резервуар (түтүк) менен сактоочу материалдын ортосундагы боштуктардын болбошун камсыз кылуу керек.
Ошондой эле калктуу конуштарынын аймагынан тышкары жана турак жай зонасынан 200 м ден ашык аралыкта калктуу конуштардын аймагынан сырткары жайгашкан автогаз куюучу станциялардагы, көп түрдүү автомай куюучу станциялардагы жердин астында жайгашкан резервуарларга жер үстүндөгү жайгашкан резервуарларды теңдештирүүгө жол берилет.
26. Калктуу конуштардын чегинде жайгашкан авгогаз куюучу станцияларда суюлтулган көмүр-суутек газдар үчүн резервуарлардын жалпы сыйымдуулугу 100 м3 ашык болбошу керек.
Калктуу конуштардын аймагынан тышкары жайгашкан автогаз куюучу станцияларда жердин астында жайгашкан резервуарлардын жалпы сыйымдуулугу 150 м3 ашык болбошу керек, ал эми жер үстүндөгү жайгашкан резервуарлардын сыйымдуулугу 50 м3 жогору болбойт.
27. Калктуу конуштардын чегинде жайгашкан түркүн автомай куюучу станцияларда суюлтулган көмүр-суутек газдар үчүн резервуарлардын жалпы сыйымдуулугу 20 м3, ал эми бирөө - 10 м3 ашык болбошу керек жана суюк мотор май (бензин, дизель) үчүн жалпы резервуарлардын сыйымдуулугу 100 м3 ашык болбошу керек.
Калктуу конуштардын аймагынан тышкары жайгашкан түркүн автомай куюучу станцияларда суюлтулган көмүр-суутек газдар үчүн резервуарлардын жалпы жана бирдик сыйымдуулугун 2 эседен ашык эмес көбөйтүүгө жол берилет. Калктуу конуштардын аймагынан тышкары жайгашкан түркүн автомай куюучу станцияларда суюк мотор май (бензин, дизель) үчүн резервуарлардын жалпы сыйымдуулугу 150 м3 ашык болбошу керек.
Суюлтулган көмүр-суутек газдар үчүн резервуарлардын жалпы жана бирдик сыйымдуулугу тышкы өрт өчүрүүгө суу берүүнү камсыздоодо 2 эседен ашык эмес көбөйтүүгө жана ушул түркүн автомай куюучу станцияда колдонулган эң көп резервуардан (анын ичинде автоцистернадан) суюлтулган көмүр-суутек газдар толук күйүп кетүү убактысы арылыгындагы талап кылынган чыгымдын ченеми менен сугарууга жол берилет.
28. Сактоочу таштап жиберүүчү клапандын орнотмосу ар бир резервуарда каралышы керек, ал эми резервуарларды топторго (суюк жана буу фазалары боюнча) бириктирүүдө - ар бир топтун резервуарынын биринде. Сактоочу таштап жиберүүчү клапандын өткөрүү жөндөмү эсептөө жолу менен аныкталат.
29. Жылытылган жайларда жайгаштырылган топтогу баллондук орнотмолордон жана жер астындагы резервуардык орнотмолордон жер үстүнөн газ өткөргүчтөрүн тартууда долбоор боюнча газ өткөргүчтөрдү (зарылчылык болсо) күйбөс материалдар менен жылуулап изоляциялоо жана жылытуу каралышы мүмкүн.
30. Суюлтулган көмүр-суутек газдардын резервуарларын жер астынан жана жер астындагы болот газ өткөргүчтөрүн долбоорлоонун техникалык тапшырмасына аларды электрхимиялык коррозиядан коргоо боюнча бөлүм киргизилиши керек.
31. Газ өткөргүчтөрдү жана резервуарларды коррозиядан коргоо боюнча долбоордук-сметалык документтердин көлөмү жана мазмуну долбоорлоо стадиясында аныкталат.
32. Суюлтулган көмүр-суутек газдардын жер астындагы болот газ өткөргүчтөрүн жана резервуарларын, полиэтилен газ өткөргүчтөрүнүн, футлярлардын болот кошмо бөлүктөрүн электрхимиялык коррозиядан коргоо өтө күчөтүлгөн изоляциялык коргоочу ором аркылуу жасалышы керек, ал эми жогорку коррозиялык агрессивдүү жер кыртышында же адашкан токтордун кооптуу таасиринде - электрхимиялык коргоонун кошумча каражаттары аркылуу.
33. Полиэтилен газ өткөргүчтөрүнүн линиялык бөлүгүндөгү 10 метрден ашпаган болот кошмо бөлүктөр үчүн жана имараттарга болот киргизгичи бар (киргизгичтерде электризоляциялоочу фланецтер болсо) полиэтилен-болот бириктирүү участокторунда электрхимиялык коргоонун каралбоосуна жол берилет.
Мындай учурда траншеянын бүт узундугу жана тереңдиги кум менен көмүлүшү керек.
34. Электрхимиялык коррозиядан коргоо долбоорун иштеп чыгуу, заказ берүүчүнүн иштетүүчү (газ бөлүштүрүүчү) уюм менен макулдашылган техникалык тапшырмасынын негизинде аткарылышы керек.
35. Жер бетиндеги жана жер үстүндөгү газ өткөргүчтөр, жылуулап коргогучу бар газ өткөргүчтөрдү кошпогондо, ошондой эле жер үстүндөгү резервуарлар, коргоочу каптоочтор жана суюлтулган көмүр-суутек газдардын топтук орнотмолорунун шкафтары курулуш аймагындагы сырткы абанын эсептик температурасында, сырткы иштер үчүн колдонулуучу ачык түстөгү боёктор, лактар же эмалдар менен 2 сыйра боёлушу керек.
36. Суюлтулган көмүр-суутек газдардын газ өткөргүчтөрү жана резервуарлары коопсуз эксплуатацияны камсыздоо үчүн бекитилүүчү жана жөндөөчү арматура, сактоочу түзүлүштөр, коргоочу, автоматташтыруучу, бөгөттөөчү жана өлчөгүч каражаттар менен жабдылышы керек.
37. Бекитүүчү жана жөндөөчү арматура, сактоочу түзүлүштөр, коргоочу, автоматташтыруучу, бөгөттөөчү жана өлчөгүч каражаттардын саны жана жайгаштыруу орундары ушул Эрежелердин жана газ өткөргүчтөрдү жана газ жабдыктарын (техникалык түзүлүштөрдү) коопсуз тейлөөнү жана оңдоону камсыз кылуу талаптарын эсепке алуу менен долбоорлоочу ишкана тарабынан каралышы керек.
38. Суюлтулган көмүр-суутек газдарын газ пайдалануучу орнотмолору жаратылыш газын отун катары пайдаланууда каралган технологиялык коргоонун, бөгөттөгүчтүн жана сигнализациянын системалары менен жабдылышы керек.
39. Бекитүүчү арматура климаттын шарттарын жана газдын жумушчу басымын эсепке алуу менен болоттон колдонулушу керек.
40. Сактоочу бекитүүчү клапандардын конструкциясы ГОСТ 9544-2005 "Түтүк өткөргүчтүн бекитүүчү арматурасы. Жапкычтын жылчыксыздыгынын нормалары" талаптарына ылайык келип, суюлтулган көмүр-суутек газдарга туруктуулукту, бекемдикти камсыздап, жылчыксыздыгы боюнча "А" классынан төмөн болбоого тийиш; бекитүүчү арматуранын конструкциясы мамлекеттик стандарттардын талаптарына жооп берип, суюлтулган көмүр-суутек газдарга туруктуулукту, бекемдикти камсыз кылышы керек жана жылчыксыздыгы боюнча "В" классынан төмөн болбошу керек.
5-глава. Курулуш
§ 1. Суюлтулган көмүр-суутек газды пайдалануучу объекттерди куруу, куруу-монтаждоо жумуштарын аткарууну уюштуруу жана контролдоо
41. Газ толтуруучу станциялар, газ толтуруучу пункттар жана автотранспорттук газ куюучу станциялар, резервуардык жана топтогу баллондук орнотмолорду жана суюлтулган көмүр-суутек газдарды пайдалануучу башка объекттерди куруу, реконструкциялоо, техникалык кайра жабдуу ушул Эрежелердин талаптарын эске алуу менен иштелип чыккан долбоор боюнча жүргүзүлүшү керек.
42. Кооптуу өндүрүштүк объекттерди куруу, иштетүү, кеңейтүү, реконструкциялоо, техникалык кайра жабдуу, консервациялоо жана жоюу иштерин баштоо жөнүндө чечимди кабыл алуунун милдеттүү шарты болуп өнөр жай коопсуздугунун экспертизасынын жана башка экспертизалардын түрлөрүнүн корутундуларынын реестрине белгиленген тартипте киргизилген долбоордук документациянын өнөр жай коопсуздугунун экспертизасынын оң чыккан чечими болушу эсептелет.
43. Куруу процессинде куруу-монтаждоо жумуштарын жүргүзүү технологиясынын сакталышы, курулушка долбоордук документацияда каралган техникалык чечимдердин аткарылышы, объекттерди куруу стадиясы үчүн эксперттик чечимдердин талаптарынын жана шарттарынын сакталышы камсыздалууга тийиш.
44. Кооптуу өндүрүштүк объекттерди куруу, иштетүү, кеңейтүү, реконструкциялоо, техникалык кайра жабдуу, консервациялоо жана жоюу процессинде өнөр жай жана экологиялык коопсуздук боюнча, куруу-монтаждоо жумуштарынын технологиясы боюнча талаптардын аткарылышы, курулушка долбоордук документацияда каралган техникалык чечимдердин аткарылышы, эксперттик корутундулардын талаптарын жана шарттарын аткаруу камсыздалышы керек.
Иштерди жүргүзүүдө долбоордук документациядан четтөөгө жол берилбейт.
45. Суюлтулган көмүр-суутек газды пайдалануучу объекттерди куруу, кеңейтүү, реконструкциялоо, техникалык кайра жабдуу, консервациялоо жана жоюу процессинде долбоордук документацияны иштеп чыккан уюмдар долбоордук чечимдердин аткарылышы боюнча автордук көзөмөлдү белгиленген тартипте жүргүзүшөт.
46. Курулушту баштоодон мурда газ өткөргүчтүн трассасын бөлүштүрөт, суюлтулган көмүр-суутек газдын резервуарларын долбоорго ылайык жайгаштырат, белгиленген тартипте акт түзүлөт жана иш жүргүзүү журналына жазылат.
47. Жер иштерин жүргүзүү маалында долбоор боюнча белгиленген траншеянын тереңдигин жана суюлтулган көмүр-суутек газдын резервуарларын жайгаштыруу жерин, газ өткөргүчтөрдүн жана резервуарлардын астыларын даярдоону камсыз кылуу керек. Аталган иштерди аткаруу акт менен таризделүүгө тийиш.
48. Траншеяны көмүү жана резервуарларды бөлөө жумуш аткаруу долбооруна ылайык тыгыздык коэффициенти менен кумду алдын ала төшөө жана жерди тыгыздоо аркылуу жүргүзүлөт.
49. Өнөр жайлык топтогу баллондук орнотмолорду күйбөс материалдардан жасалган, табигый желдетиле турган кулпулануучу шкафтарда, 15 см бийиктиктеги таянычтарда жайгаштыруу керек.
50. Резервуардык орнотмолордун 1,6 метрден кем эмес бийиктиктеги күйбөс материалдардан жасалган желдетилүүчү тосмосу болушу керек. Резервуарларды орнотууда конденсаттын, суунун жана бууланбай калган калдыктардын чогултмасы тарапка карай 2% жантайганы каралышы керек. Конденсатты чогулткуч анын жана бууланбай калган калдыктардын чогулушуна жана жок кылынышына тоскоол болгон резервуардын ылдый жагында уркуюп чыгып турган эч нерсеси болбоого тийиш.
51. Газ өткөргүчтөрдүн конденсат чогулткучтар тарапка карай жантаюусу сырткы газ өткөргүчтөр үчүн 5%дан кем эмес каралышы керек. Конденсат чогулткучтардын сыйымдуулугу газдын сааттык коротулушунун 1 м3ка 4 литрден кем эмес эсебинде болот.
52. Резервуардык орнотмолордун арматурасын жана текшерип өлчөө приборлорун бузулуулардан жана аба-ырайынын таасирлеринен жабылуучу каптооч менен коргоо керек.
53. Жылуулук өткөргүч катары ысык суу же суунун буусу каралган бууландыруучу орнотмолор жылуулук өткөргүчтүн температурасынын жол берилбес төмөндөөсү жөнүндө сигнализация менен жабдылышы керек.
54. Газ өткөргүчтөрдү, резервуарларды жана топтогу баллондук орнотмолорду курган, монтаждаган жана оңдогон уюмдар жумуштардын аткарылышын контролдоону, анын ичинде белгиленген тартипте аккредитацияланган лабораториялар аркылуу камсыз кылууга милдеттүү.
55. Контролдоо төмөнкүлөрдү текшерүүнү камтыйт:
- персоналдын аттестациясынын бар экендигин;
- ширетүү технологиясынын аттестациясынын бар экендигин; ширетүүчү жана контролдук жабдуунун, аппаратуранын, аспаптардын жана шаймандардын аттестациясынын бар экендигин;
- материалдардын (болот жана полиэтилен түтүктөрдүн, изоляциялоочу каптамалардын, ширетүүчү, анын ичинде дефектоскопия үчүн материалдардын) сапатын;
- суюлтулган көмүр-суутек газды өткөргүчтөрдүн жана резервуарлардын астындагы негиздердин абалын;
- суюлтулган көмүр-суутек газдын резервуарларын өз убагында текшерип күбөлөндүрүүнү;
- ширетилген бирикмелерди операциялык (визуалдык жана өлчөө аркылуу) контролдоонун уюштурулушун жана жүргүзүлүшүн;
- бузуу жана бузбоо (радиографиялык жана ультрадобуштук) ыкма менен ширетилген бирикмелердин сапатын контролдоону, ошондой эле изоляциялык каптоолордун сапатын контролдоону;
- дефекттердин оңдолушун контролдоону уюштурууну.
56. Түтүктөрдүн, газ өткөргүчтөрдүн тетиктеринин, резервуарлардын, арматуранын, изоляциялык материалдардын киришүү көзөмөлүн иштин ушул түрү боюнча аттестацияланган лабораториянын адистери тарабынан жүргүзүлүшү керек.
57. Радиографиялык жана (же) ультрадобуштук контролдоо методу менен 100% көлөмдө, бардык басымдагы сырткы жана ички болот жана полиэтилен суюлтулган көмүр-суутек газдын өткөргүчтөрүнүн ширетүү жолу менен бүткөрүлгөн участокторунун бириктирилген жерлери текшерилет.
Диаметри 50 миллиметр кичине бардык басымдагы, ошондой эле диаметри 50 миллиметр, басымы 0,005 МПа чейин жеткен суюлтулган көмүр-суутек газдардын сырткы жана ички газ өткөргүчтөрү контролдонбойт.
58. Бардык категориядагы сырткы газ өткөргүчтөр жана резервуарлар аба басымы аркылуу жылчыксыздыгына сыноодон өтүшү керек.
Газ өткөргүчтөрдү, резервуардык жана топтук орнотмолорду сыноону аларды монтаждоо аяктагандан кийин куруу-монтаждоо уюму заказчынын техникалык көзөмөлүнүн жана газ бөлүштүрүүчү уюмунун өкүлдөрүнүн катышуусунда жүргүзөт.
Сыноонун жыйынтыгы протокол менен таризделет.
59. Газ өткөргүчтөрдү сыноону ширетүү жана изоляциялоо жумуштары, арматураны жана электрхимиялык коргоочу түзүлүштөрүн орнотуу бүткөндөн кийин жүргүзүү керек.
Сыноочу басымга ылайыкталбаган арматураны, жабдыктарды жана аспаптарды монтаждоону сыноолор аяктагандан кийин жасоо керек.
Бөлүштүрүүчү газ өткөргүчтөн өзүнчө бөлөк курулган киргизүүчү газ өткөргүчтөрдү имараттардын жана курулмалардын алдында орнотулган ажыратуучу түзүлүштөргө чейинки участокторунда сыноо керек.
60. Суюлтулган көмүр-суутек газдарды транспорттогон газ өткөргүчтөр газ бөлүштүрүү жана газ пайдалануу системаларын сыноо талаптары боюнча пневматикалык (гидравликалык) басым аркылуу жылчыксыздыгына сыналат:
- басымы 0,6 мегапаскалдан жогору 1,6 мегапаскалга чейинки сырткы газ өткөргүчтөр изоляциялык каптоочтун түрүнө карабастан - 2,0 мегапаскаль басымы менен 24 саат бою сыноодон өткөрүлөт;
- өнөр жай өндүрүшүнүн, отканалардын ж.б. басымы 1,2 мегапаскалдан жогору 1,5 мегапаскалга чейинки ички газ өткөргүчтөрү - 1,25 мегапаскаль басымы менен 1 саат бою сыналат.
Жылчыксыздыгына сыноонун жыйынтыктары газ өткөргүчтөгү басым 0,6 класстык тактыктагы манометр боюнча көзгө көрүнөөрлүк төмөндөбөсө, ал эми 0,15 жана 0,4 класстык тактыктагы манометр боюнча, ошондой эле суюктук манометрлери боюнча басымдын төмөндөшү шкаланын бир бөлүкчөсүнөн ашпаса, оң чыккан болуп эсептелет.
61. Суюлтулган көмүр-суутек газды пайдалануучу кооптуу объекттерди куруу, кеңейтүү, реконструкциялоо жана техникалык кайра жабдуу аяктагандан кийин ишке киргизүү-жөнгө салуу иштери аткарылат, алар бүтүрүлгөндөн кийин - эксплуатацияга кабыл алынат.
62. Кооптуу өндүрүштүк объектти иштетүүгө кабыл алуунун жүрүшүндө аткарылган жумуштардын өнөр жай коопсуздугун камсыздоо боюнча долбоордук чечимдерге дал келүүсү; авариялардын алдын алууну жана алардын кесепеттерин локалдаштырууну камсыздоочу техникалык түзүлүштөргө жана жабдыктарга сыноонун жүргүзүлүшү, көмүскө жумуштарга, анын ичинде резервуарларды орнотууга акттардын түзүлүшү, авариялардын кесепеттерин локалдаштыруу жана жоюу боюнча аракеттерге персоналдын жана авариялык-куткаруу кызматтарынын даярдыгы текшерилет.
63. Кабыл алуу комиссиясына курулуштун сапатын текшерүү жана кайталап сыноону жүргүзүү үчүн жер астындагы газ өткөргүчтүн каалаган участогун ачууну талап кылуу укугу берилет.
Кабыл алуу комиссиясына кошумча түрдө төмөнкүлөр берилет:
- суюлтулган көмүр-суутек газды пайдалануучу объекттин коопсуз иштетүүгө жооптуу адамды дайындоо жөнүндө буйруктун көчүрмөсү;
- газ кызматы жөнүндөгү жобо, же газ өткөргүчтөрдү жана газ жабдыктарын техникалык тейлөө жана оңдоо жумуштарын аткаруу боюнча тажрыйбасы бар уюм менен келишим;
- жетекчилердин, адистердин ушул Эрежени, ченемдик документтерди билүүсүн жана жумушчулардын нускамаларды билүүсүн текшерүү протоколдору;
- ушул Эрежелерде каралган нускамалар жана технологиялык схемалар;
- электрхимиялык коргоонун натыйжалуулугун (жер астындагы болот газ өткөргүчтөр жана резервуарлар үчүн) текшерүү актысы;
- өнөр жайдагы түтүн айдап чыгаруучу жана вентиляциялык системалардын техникалык абалын текшерүү актысы;
- чагылгандан коргогучту текшерүү актысы;
- газдалуунун сигнализаторлорунун, бөгөттөгүчтүн жана коопсуздук автоматикасынын иштеп кетүүсүн текшерүү актысы;
- жабдыкты комплекстүү иштетип көрүүгө жана ишке киргизүү-жөнгө салуу иштерин кабыл алуу актысы жана аларды аткаруу графиги;
- авариялык кырдаалдарды локалдаштыруу менен жоюунун жана ар кандай багыттагы кызматтардын, анын ичинде газ бөлүштүрүүчү уюмдун авариялык-диспетчердик кызматынын жана кесиптик авариялык-куткаруучу түзүмдүн (зарыл учурда) бирге аракеттенүүсүнүн планы.
64. Электрхимиялык коргоо менен камсыздалбаган газ өткөргүчтөрдү жана резервуарларды иштетүү үчүн кабыл алууга жол берилбейт.
65. Комиссия тарабынан кабыл алынган бирок колдонууга кирбеген суюлтулган көмүр-суутек газдарды пайдалануучу объект 6 айдын ичинде кайрадан жылчыксыздыгына карата сыноодон өтүүгө тийиш.
66. Насосторду, компрессорлорду жана каруселдик агрегаттарды сыноо курулай иштеп турганда жана жүктөлүп, паспорттук маалыматтын талаптарын жана жасап чыгаруучулардын иштетүү боюнча нускамаларын аткарууну текшерүү аркылуу жүргүзүлөт. Сыноолордун жыйынтыктары акт менен таризделет.
67. Басым астында иштөөчү суюлтулган газ үчүн резервуарлар, сепараторлор, үйлөөчү жана башка идиштер техникалык күбөлөндүрүүдөн өтүүгө тийиш. Бууландыруучулар жана газ куюучу колонкалар газ өткөргүчтөр сыяктуу сыналат.
§ 2. Ишке киргизүү-жөнгө салуу жумуштары
68. Кабыл алуу сыноосун баштоонун алдында, аны ишке ашыруучу уюм:
- жооптуу адамдарды дайындайт жана технологиялык жабдыктарды, газ өткөргүчтөрдү, автоматташтыруу каражаттарын, санитардык-техникалык жана вентиляциялык системаларды, электр жабдыктарын тейлөөчү жана оңдоочу персоналды топтойт;
- жумуш орундарында газ өткөргүчтөрдүн жана жабдыктардын технологиялык схемасы илинет;
- кызматтык жана өндүрүштүк нускамаларды, техникалык тейлөө жана оңдоо графиктерин, аварияларды локализациялоо жана жоюу пландарын бекитет, өрт өчүрүүчү команда, тез жардам, газ бөлүштүрүчү уюмдар менен биргелешип аракеттенүүнү камсыздайт;
- өрт өчүрүү каражаттарын камсыздайт;
- долбоордук (аткаруучулук) жана иштетүү документациясына, вентиляциялык системалардын, электр жабдыктарынын, коопсуздук автоматикасынын каражаттарынын натыйжалуулугун текшерүү актыларына ээ болот.
69. Суюлтулган көмүр-суутек газды пайдалануучу объектте ишке киргизүү-жөнгө салуу жумуштарынын башталышына чейин төмөнкү иш-чаралар аткарылышы керек:
- газ кооптуулугу бар жумуштарды аткарууга, басым астында иштөөчү идиштердин техникалык абалы жана коопсуз иштетилиши, электр чарбасы жана вентиляциялык жабдыктар үчүн жооптуу адам дайындалышы керек;
- басым астында иштөөчү идиштер катталууга тийиш. Аларды техникалык күбөлөндүрүүдөн өткөрүп, иштетүүгө уруксат алуу керек;
- аткаруучулук-техникалык документация таризделип, ишке киргизүү-жөнгө салуу иштерин аткарууга жана комплекстүү иштетип көрүүгө акт түзүлүшү керек;
- технологиялык схемага ылайык насостордо, компрессорлордо, бууландыргычтарда, резервуарларда, толтуруучу жана төгүүчү колонкаларда, электр кыймылдаткычтарда, вентиляторлордо, бекиткич жана сактагыч арматурада жана башка техникалык түзүлүштөрдө номерлер коюлушу керек;
- газ өткөргүчтөрдө газдын өтүү багыты көрсөтүлүшү керек, ал эми бекиткич арматуранын маховиктеринде - ачуу жана жабуу үчүн буроо багыты;
- белгиленген тартипте бекитилген колдонуудагы ченемдик документтерге жана долбоорго ылайык өрт кооптуулугунун категориясы жана жарылуу кооптуулугу боюнча имараттардын классы жазып көрсөтүлүшү керек;
- өнөр жай коопсуздугу жаатындагы жумушчуларды даярдоо жана аттестациялоо камсыз кылынышы керек, ошондой эле ушул Эрежелерди жана башка ченемдик укуктук актыларды жана ченемдик-техникалык документтерди билүүсү текшерилет.
70. Ишке киргизүү-жөнгө салуу жумуштарын аткаруу жана резервуарларды суюлтулган газ менен толтуруу алдында жабдыкты комплекстүү иштетип көрүү үчүн анын кабыл алынышы камсыздалууга тийиш, аварияга каршы жана өрткө каршы коргонуунун автоматтык каражаттары ишке киргизилиши керек.
Суюлтулган көмүр-суутек газды пайдалануучу объекттерде ишке киргизүү-жөнгө салуу жумуштарын аткаруу учурунда газ өткөргүчтөрдү, резервуарларды жана газ жабдыктарын газ менен үйлөтүү алдында, резервуарлар жана газ жабдыктары аба же инерттүү газ менен 0,3 мегапаскаль басымы менен 1 саат ичинде контролдук кыстыруу алдында болот.
Жылчыксыздыкка сыноонун жыйынтыктары газ өткөргүчтөгү басым 0,6 класстык тактыктагы манометр боюнча көзгө көрүнөөрлүк төмөндөбөсө, ал эми 0,15 жана 0,4 класстык тактыктагы манометр боюнча басымдын төмөндөшү шкаланын бир бөлүкчөсүнөн ашпаса, оң чыккан болуп эсептелет.
71. Технологиялык жабдыктагы ишке киргизүү-жөнгө салуу жумуштары долбоордук иштөө режиминде, курулай жүргүзүп туруу, же жүк алдында аткарылат.
72. Контролдук кыстырууда бардык ширетилген бирикмелер, сайлуу жана фланецтүү бириктирүүлөр, сальниктик тыгыздоолор самындоо же жогорку сезгич приборлор менен текшерилет.
Төмөн температурада самын эмульсиясы спирт менен тоңбой турган концентрацияда аралаштырылат.
73. Суюлтулган көмүр-суутек газды пайдалануучу объекттерди ишке киргизүү боюнча ишке киргизүү-жөнгө салуу жумуштары жүргүзүлгөн маалда төмөнкүлөр аткарылат:
- жабдыкты, арматураны жана приборлорду сыртынан текшерүү; жарылууга кооптуу имараттардагы вентиляциянын жана өрт өчүрүүчү каражаттарынын ишке жарамдуулугун текшерүү;
- газдын жарылууга кооптуу концентрациясынын стационардык сигнализаторлору иштегенин текшерүү;
- резервуарларды, газ өткөргүчтөрдү, жабдыктарды кычкылтек камтылышы 1%га чейин үйлөтүү (суюлтулган газдын буу фазасы же инерттик газ менен);
- текшерүүчү-өлчөгүч приборлордун жана тегиздикти өлчөгүчтөрдүн иштөөсүн текшерүү;
- суюлтулган газды сактоочу базадагы резервуарларга төгүү;
- бардык компрессорлорду, бууландыргычтарды жана насосторду иштетип текшерүү;
- баллондорду толтуруу, газбаллондук автомобилдерге газ куюу, пайдалануучуларга газ берүү;
- технологиялык режимдерди 72 саат ичинде иштетип көрүү.
74. Жабдыктын иштешиндеги табылган жана оңдолбой турган бузуктар актта чагылдырылат. Бузуктарды жоюу жана ишке киргизүү-жөнгө салуу жумуштарын улантуу маселелери комиссияда каралат.
75. Ишке киргизүү-жөнгө салуу жумуштары жүргүзүлүп жаткан учурда технологиялык операциялар иштелип сыналат, өндүрүштүк нускамалар такталат жана кошумчаланат.
76. Ишке киргизүү-жөнгө салуу жумуштарын баштоонун алдында иштетүүчү персоналга ишке киргизүү-жөнгө салуу жумуштарынын жетекчиси тарабынан иш орундагы коопсуздук чаралары боюнча нускама берилет.
77. Суюлтулган көмүр-суутек газды пайдалануучу объекттердеги ишке киргизүү-жөнгө салуу жумуштарынын маалында, аларды коопсуз жүргүзүү боюнча жооптуу болуп ишке киргизүү-жөнгө салуу бригадасынын башчысы эсептелет. Бардык жумуштар анын көрсөтмөлөрү боюнча жүргүзүлөт.
78. Комплекстүү иштетип сыноо мезгилинде технологиялык жабдыктын абалын байкап туруу жана бузулууларды, газ чыгып кетүүнү өз убагында оңдоо боюнча чара көрүү үчүн тейлөөчү персоналдын нөөмөтү уюштурулушу керек.
79. Суюлтулган көмүр-суутек газды пайдалануучу объекттердеги персонал мүмкүн болуучу бузулуулар жана аларды жоюунун ыкмалары боюнча окутулушу жана нускама алышы керек, ошондой эле керектүү схемалар жана нускамалар, коргонуу жана өрт өчүрүү каражаттары, атайын кийим, керектүү шаймандар, приборлор жана жабдыктар менен камсыздалышы зарыл.
80. 72 сааттык комплекстүү иштетип сыноодон жана технологиялык операцияларды аткаруудан кийин ишке киргизүү-жөнгө салуу жумуштары аяктаган болуп эсептелет жана объект ишке киргизүү-жөнгө салуу бригадасынын башчысы тарабынан объектти кабыл алуу комиссиясына тиешелүү актты тариздөө менен тапшырылат.
6-глава. Суюлтулган көмүр-суутек газды пайдалануучу объекттерди идентификациялоо жана каттоо
81. Суюлтулган көмүр-суутек газды пайдалануучу объекттерди идентификациялоо аларды "Кооптуу өндүрүштүк объекттердин өнөр жай коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык мамлекеттик реестрде каттоо үчүн кооптуу өндүрүштүк объекттердин катарына кошо турган белгилерин жана шарттарын аныктоо максатында жүргүзүлөт.
82. Суюлтулган көмүр-суутек газды (пропан-бутан) пайдалануучу объекттер, аларды сактоо, газ өткөргүчтөр аркылуу ташуу жана жалындоочу (күйүүчү, жарылууга кооптуу) газ болуп саналган отун катарында пайдаланылуучу белгиси боюнча идентификацияланат.
83. Суюлтулган көмүр-суутек газын пайдалануучу кооптуу өндүрүштүк объекттерге төмөнкүлөр кирет:
- суюлтулган көмүр-суутек газды сактоочу жана сатуучу куст базалары жана газ толтуруучу станциялар, газ толтуруучу пункттар, автомобилдик газ куюучу станциялар, анын ичинде имараттар жана курулмалар;
- бир газ бөлүштүрүүчү уюм иштеткен резервуарлар жана сырткы газ өткөргүчтөр;
- газды отун катары колдонуучу өнөр жай, айыл чарба жана башка өндүрүштөгү газ сактоочу жана пайдалануучу объекттер.
84. Кооптуу өндүрүштүк объекттерди идентификациялоо Кооптуу өндүрүштүк объекттердин мамлекеттик реестринде объектти каттоо жана мамлекеттик реестрди жүргүзүү жөнүндө жобого ылайык ишке ашырылат.
7-глава. Суюлтулган көмүр-суутек газды пайдалануучу объекттерди иштетүү
§ 1. Жалпы талаптар
85. Суюлтулган көмүр-суутек газды пайдалануучу объекттерди иштетүүлөр үчүн төмөндөгүлөр иштелип чыгып жана ишкананын жетекчиси тарабынан бекитилүүгө тийиш:
- жетекчилердин жана адистердин укуктарын жана милдеттерин аныктоочу кызматтык нускамалар;
- өндүрүштүк нускамалар, алардын талаптарын аткаруу өндүрүштүк объектинин профилин, газ жабдыгын (техникалык түзүлүштөрдү) иштетүүнүн конкреттүү талаптарын, жумуштарды аткаруунун технологиялык ырааттуулугун, аларды аткаруунун сапатын текшерүү ыкмаларын жана көлөмүн эсепке алуу менен жумуштарды аткаруунун коопсуздугун камсыздайт.
Жабдууну техникалык тейлөө жана оңдоо боюнча өндүрүштүк нускамаларга газ өткөргүчтөрдүн жана газ жабдуусунун технологиялык схемалары тиркелиши керек. Технологиялык схемалар опурталдуу өндүрүштүк объектини реконструкциялагандан, техникалык кайра жабдуудан кийин кайра каралат жана кайрадан бекитилет.
86. Суюлтулган көмүр-суутек газды пайдалануучу объекттерди техникалык тейлөө жана оңдоо жумуштарын уюштуруунун жана аткаруунун тартиби ушул Эрежелер, жасап чыгаруучу заводдордун нускамалары менен аныкталат.
87. Долбоордук жана аткаруучулук документтерди опурталдуу өндүрүштүк объектини иштетүүнүн бүткүл мезгили бою (жоюлганга чейин) сактоо керек. Аны сактоонун тартиби жана шарты ишкананын жетекчисинин чечими менен аныкталат.
88. Ар бир сырткы газ өткөргүч, электрден коргоочу түзүлүш жана резервуар үчүн негизги техникалык мүнөздөмөлөрү, ошондой эле, аткарылган капиталдык оңдоолор жөнүндө маалыматтар камтылган курулуш паспорту түзүлүшү керек.
89. Газ өткөргүчтөрдө, газ толтуруучу станцияларда, газ толтуруучу пункттарда жана автомобилге газ куюучу станцияларда газ агымынын багыты көрсөтүлөт.
90. Газ толтуруучу станциялардагы, газ толтуруучу пункттардагы жана автомобилге газ куюучу станциялардагы технологиялык жабдуу, газ өткөргүчтөр, арматура, электр жабдуулары, вентиляциялык системалар, өлчөө каражаттары, авариядан коргоочу, бөгөттөөчү жана сигнализация каражаттары ар бир нөөмөт сайын карап текшерилип, аныкталган бузуктар өз убагында оңдолушу керек.
Станцияларды ишке киргизүү алдын ала карап чыгуудан (кыдыруудан) кийин башталат.
91. Бузулган агрегаттар, резервуарлар, газ өткөргүчтөр өчүрүлүп, аныкталган газдын чыгышы оңдолушу керек.
92. Арматураны, газ өткөргүчтөрдөгү сайлуу жана фланецтүү бириктирүүлөрдү ажыратып чечүүнү алар өчүрүлүп жана инерттүү газ же буу менен үйлөтүлгөндөн кийин жүргүзүү керек.
Басым астындагы газ өткөргүчтөрдөгү жана жабдуулардагы фланецтүү туташуулардын бекитүүчү тетиктерин чыңоого, болтторун чыгарып салууга (алмаштырууга) болбойт.
93. Газ өткөргүчтөрдү, арматураны жана технологиялык жабдууну техникалык тейлөөдө, оңдоодо жабуучу арматура, артка кетирбөөчү жана ылдамдык клапандары оң абалда болууга тийиш.
94. Арматураны тейлөө жана күндөлүк оңдоо 12 айда 1 жолудан кем эмес аткарылышы керек.
95. Резервуарлар жана газ өткөргүчтөр сактоочу жеңилдеткич клапандар менен жабдылышы керек.
96. Сактоочу жеңилдеткич клапандар төмөнкү жолдор менен текшерилиши керек:
- кыска мөөнөттүү атайылап ачуу (бузуу) жолу менен айына бир жолудан кем эмес;
- жасап чыгарган заводдун нускамасына ылайык, эгерде клапанды атайылап ачуу каралбаган болсо.
97. Клапандардын жөнгө салуучу параметрлерин текшерүү жана жөнгө салуу стендде, же ордунда атайын шаймандын жардамы менен, төмөнү мезгилдүүлүктө жүргүзүлүшү керек:
- резервуарлардын сактагыч жеңилдеткич клапандары - 6 айда бир жолудан кем эмес;
- калгандары - күнүмдүк оңдоо маалында, бирок 12 айда 1 жолудан кем эмес.
Оңдоо же текшерүү үчүн чыгарып алынуучу клапан жаңысына алмаштырылышы керек. Клапандар жөнгө салуучу параметрлери текшерилгенден кийин пломбаланат жана журналда катталат.
98. Компрессорлордун жана насостордун иштөө режими, иштетилген мөөнөтүнүн саны жана бузулуулары иштетүү журналында жазылышы керек.
99. Насостордун жана компрессорлордун эксплуатация режими, иштетилген убактысынын саны жана ишиндеги болгон бузулуулар эксплуатациялык журналга жазылууга тийиш.
Насостордун жана компрессорлордун иши контролго алынууга тийиш.
Насосторду жана компрессорлорду өчүрүлгөн автоматика жана авариялык вентиляциялуу блокировка менен иштетүүгө болбойт.
100. Насостун соруучу линиясындагы газдын басымы ошол температурадагы суюк фазанын каныккан буусунун серпилгичтигинен 0,1-0,2 мегапаскаль жогору болуусу керек.
101. Компрессордун айдоочу патрубогундагы газдын басымы айдоо температурасында суюлтулган көмүр-суутек газдын бууларынын конденсациясынын басымынан жогору болбошу керек.
Компрессордон кийинки газдын максимум басымы 1,6 мегапаскалдан ашпоосу керек.
102. Насостук-компрессордук бөлүмдөрдө оңдоо жана регламенттик жумуштар аткарылып жаткан учурларда, ошондой эле өндүрүштүк аймакта газ опурталдуу жумуштар аткарылып жатканда насостор жана компрессорлор токтотулушу керек.
§ 2. Резервуарларды иштетүү
103. Суюлтулган көмүр-суутек газдардын резервуарларын техникалык күбөлөндүрүүнү, тейлөөнү жана оңдоону контролдоо ушул Эрежелер боюнча жүргүзүлүшү керек.
104. Ишканада окутуудан, басым астында иштеген идиштердин түзүлүшү жана коопсуз иштеши боюнча билимин текшерүүдөн жана өнөр жайлык коопсуздук боюнча аттестациядан өткөн адамдардын ичинен бирөө жетекчинин чечими менен резервуарлардын оң абалда жана коопсуз иштетилишине жооптуу болуп дайындалат.
105. Резервуарларга (суюлтулган көмүр-суутек газдарды сактоочу базага) технологиялык схема түзүлөт, анда резервуарлардын жайгашуусу, номерлери, ошондой эле технологиялык газ өткөргүчтөр жана арматура көрсөтүлөт.
106. Резервуарлар толтурулаар алдында 0,05 мегапаскалдан кем болбош керек болгон ашыкча басымдын бар экендигине текшерилиши керек. Резервуарларды жумушчу абалында текшерүүнүн жыйынтыктары эксплуатациялык журналга жазылышы керек.
107. Резервуарлар текшерилгенден кийин ишкананын жетекчисинин жазуу түрүндөгү уруксаты менен ишке киргизилет.
108. Резервуарларды иштетүүдө ар бир нөөмөт сайын төмөнкүдөй көлөмдөгү техникалык тейлөө аткарылышы керек:
- бузулууларды жана газ чыгуусун аныктоо максатында резервуарларды жана арматураны текшерүү;
- резервуардагы газдын деңгээлин текшерүү.
109. Техникалык тейлөө учурунда аныкталган бузулуулар эксплуатациялык документтерге жазылышы керек.
110. Газ чыгуулар табылганда аны дароо токтотууга мүмкүн болбосо резервуар технологиялык газ өткөргүчтөрдөн тыгын орнотуу менен, ажыратылышы керек.
111. Сактагыч клапандардын оңдугу жана жөнгө салынуусу 12 айда 1 жолудан кем эмес текшерилип турууга тийиш. Текшерүү же оңдоо үчүн чыгарылган клапандын ордуна тыгын орнотууга болбойт.
112. Суюлтулган көмүр-суутек газдарды пайдалануучу объекттин жетекчиси бекиткен график боюнча төмөндөгү жумуштар аткарылат:
- басым болгондо сактагыч клапандардын иштеп кетүүсүн текшерүү;
- задвижкалардын, крандардын жана вентилдердин червяктарын карап чыгуу, майлоо жана бурап сай салуу;
- резервуарлардан дренаждык түзүлүштөр аркылуу конденсатты төгүү (зарыл болсо).
113. Резервуарларды арматурасы жана контролдоо-ченөө приборлору менен жумушчу абалында толук карап чыгып журналга жазуу идиштердин оң абалда болушу жана коопсуз иштөөсү үчүн жооптуу адам тарабынан 3 айда бир жолудан кем эмес жүргүзөт.
114. Суюлтулган көмүр-суутек газдарды пайдалануучу объекттеги резервуарларды техникалык текшерүүнүн мөөнөттөрү жана тартиби, ошондой эле резервуарларды мөөнөтүнөн мурда текшерүү жасаган заводдун талаптарына ылайык жүргүзүлөт.
115. Резервуарды суюлтулган көмүр-суутек газ менен геометриялык көлөмүнүн 85% ынан ашырбай толтуруу керек.
Резервуар ашыкча толтурулуп калса ашыкча газ башка резервуарларга куюп өткөрүлүшү керек.
§ 3. Суюлтулган көмүр-суутек газдарды резервуарларга куюу
116. Суюлтулган көмүр-суутек газдар суюлтулган көмүр-суутек газдарын пайдалануучу объекттерге темир жолдук жана автомобилдик цистерналарда жана/же транспортабелдүү (чыгарып алынуучу) контейнерлерде жана баллондордо жеткирилет.
117. Суюлтулган көмүр-суутек газдарды темир жол жана автомобиль цистерналарынан резервуарларга куюу ушул Эрежелердин жана ушул Эрежелердин негизинде иштелип чыгуучу өндүрүштүк нускамалардын талаптарын аткаруу менен жүргүзүлүшү керек.
118. Суюлтулган газдарды темир жол цистерналарынан куюуга даярдык цистерналарды рельс жолдо бекемдөөдөн жана локомотив газ толтуруучу станциянын аймагынан чыгарылгандан кийин башталышы керек.
119. Газ толтуруучу станциянын аймагындагы цистерналардын саны, куюучу посттордун санынан ашпоосу керек.
120. Куюу операциялары ишкананын жетекчисинин чечими менен аткарылышы керек.
Темир жолдук жана автомобилдик цистерналардан куюу операцияларын аткаруучу персонал эреже катары 3 жумушчудан турушу керек.
Күн күркүрөгөн жана оттуу жумуштар аткарылып жаткан маалдарда куюу операцияларын жүргүзүүгө болбойт.
121. Темир жолдук жана автомобилдик цистерналар, резина-кездеме куурлар жердештилиши керек.
Жердештирүүчү түзүлүштөрдү куюу операциялары аяктагандан кийин жана цистерналардын вентилдериндеги штуцерлерге тыгын орнотулгандан кийин ажыратууга болот.
122. Куюу операцияларында пайдаланылуучу резина-кездеме курлар мамлекеттик стандарттарга жана/же аларды суюлтулган көмүр-суутек газдары үчүн колдонууга уруксат берүүчү техникалык талаптарга ылайык келиши керек.
Статикалык электр тогунан сактануу үчүн алар, диаметри 2 миллиметрден ден кем эмес жез зым менен, же жоондугу 4 квадрат миллиметрден кем эмес, ором аралыгы 100 миллиметрден кем эмес жез трос менен оролууга тийиш.
Зымдын (тростун) учтары куурдун учтарына каңдап же болтко гайка менен жалгаштырылат.
Металл-корд куурларды, ошондой эле шарнир менен туташтырылган, суюлтулган көмүр-суутек газдарга туруктуу ийкемдүү металл газ өткөргүчтөрдү колдонууга жол берилет.
123. Куюу операцияларында колдонулуучу түтүктөрдү карап текшерүү, сыноо, бракка чыгаруу автомобилге газ куюучу станцияны коопсуз иштетүү талаптарына ылайык жүргүзүлөт.
124. Басым астындагы түтүктөрдүн гайкаларын бекитүүгө, түтүктөрдү ажыратууга, ошондой эле гайкаларда бурап бекитүүдө жана чыгарууда согуучу шаймандарды колдонууга болбойт.
125. Газ өткөргүчтөрдөгү задвижкаларды жана вентилдерди, гидравликалык соккулардын алдын алып, акырын ачуу керек.
126. Суюлтулган көмүр-суутек газдарды айдап өткөрүүчү насостор менен жабдылгандан башка учурларда автоцистерналардан куюу операцияларын аткарардын алдында автомобилдердин кыймылдаткычтары өчүрүлүшү керек.
Кыймылдаткычтарды иштетүүгө түтүктөр ажыратылып, штуцерлерге тыгындар орнотулгандан кийин жол берилет.
127. Суюлтулган көмүр-суутек газдарды куюштуруу маалында толтуруучу жана куюучу колонкаларды, темир жолдук жана автомобилдик цистерналарды кароосуз калтырууга болбойт.
128. Куюштуруу операцияларын аткаруучу персонал менен насостук-компрессордук бөлүмдүн машинисттеринин ортосундагы байланыш телефондук жана үн күчөткүч аркылуу болушу керек.
129. Автомобилдик цистерналардын кыймылдаткычтары автомобилдин алды жагына чыгарылган өчүргүч жана учкун өчүргүчү бар тор менен жана эки көмүркислоталык өрт өчүргүчтөр менен жабдылышы керек.
130. Цистерналарды кабыл апууда төмөнкүлөр текшерилет:
- цистернанын жөнөтүүчү документтерге дал келүүсү;
- цистернанын тулкусунда бузулуулардын жоктугу жана бекитүүчү жана контролдоочу арматуранын оңдугу;
- контролдоочу вентиль жана деңгээл өлчөгүч боюнча цистернадагы суюлтулган көмүр-суутек газдардын канча экендиги жана деңгээли.
131. Коштоочу документтерде жөнөтүүчүнүн аталышы, жөнөтүлгөн датасы, цистернанын номери, цистернага куюлган газдын массасы (салмагы) текшерилет.
132. Цистернадагы бекитүүчү арматуранын оңдугу сыртынан карап чыгуу менен текшерилет.
133. Суюлтулган көмүр-суутек газдарды цистерналардан куюуга чейин:
- цистерналар жыгач таянычтардын жардамы менен бекитилет;
- цистерналардан суюлтулган көмүр-суутек газдарды куюп алуу үчүн шлангдардын оңдугу жана ишеничтүүлүгү текшерилет.
- цистерналар жердетилет.
134. Суюлтулган көмүр-суутек газдарды цистерналардан резервуарларга суюлтулган көмүр-суутек газдарды куюштуруу операцияларына байланышкан задвижкалардын туура ачылып-жабылаары текшерилгенден кийин анан куюуга болот.
135. Персонал куюштуруу боюнча операцияларды атайын кийимчен, баш кийимчен жана коргоочу көз айнек менен аткарат.
136. Суюлтулган көмүр-суутек газдарды цистерналардан куюу төмөнкүдөй аткарылат:
- компрессорду иштетип, цистерна менен резервуардын ортосунда басымдын айырмасы жаратылат;
- бууландыргычтагы суюлтулган көмүр-суутек газдын буусун жылытуу аркылуу цистерна менен резервуардын ортосунда басымдын айырмасы жаратылат;
- суюлтулган көмүр-суутек газдар насос менен айдатылат;
- резервуарлар цистерналардан төмөн жайгаштырылып, газ өзү агат.
137. Толтурулуучу резервуардан газдын буу фазасын атмосферага чыгарып цистерна менен резервуардын ортосундагы басымдын айырмасын жаратууга болбойт.
138. Суюлтулган көмүр-суутек газды чыгарып куюу учурунда цистернада жаратылуучу буу фазасынын басымы цистернада көрсөтүлгөн жумушчу басымдан ашпоосу керек.
Цистернадагы басым жумушчу басымдан жогорулап кеткен учурда компрессор же бууландыргыч өчүрүлүшү керек.
139. Эреже катары, цистерна менен резервуардын ортосундагы басымдын айырмасы 0,15 - 0,2 мегапаскапь чегинде болуусуна жол берилет.
140. Суюлтулган көмүр-суутек газды автомобилдик цистернадан куйганда автомобилдин кыймылдаткычы иштеп турбашы керек.
141. Суюлтулган көмүр-суутек газдарды куюу операциясына даярдык аяктагандан кийин айдоочу от алдыруучу ачкычты аткарылуучу жумуштардын жетекчисине тапшырат.
142. Суюлтулган көмүр-суутек газды куюп алуу учурунда айдоочунун кабинада болуусуна жол берилбейт.
143. Автомобилдин кыймылдаткычы шлангдар газ өткөргүчтөн ажыратылып жана төгүүчү штуцерлерге тыгындар орнотулгандан кийин иштетилет.
144. Суюлтулган көмүр-суутек газдар куюп алынгандан кийин, цистернадагы буунун басымы 0,05 мегапаскалга чейин төмөндөтүлүүгө тийиш. Газдарды атмосферага чыгарууга болбойт.
145. Куюштуруу операциясында иштебеген персонал, жумуш аткарылуучу жерде болбошу керек.
146. Суюлтулган көмүр-суутек газдарды куюштуруу аткарылбаган учурларда цистерналарды газ өткөргүчтөргө туташкан боюнча калтырууга болбойт.
147. Куюу процессинин маалында газ өткөргүчтөрдүн жылчыксыздыгына көз салып туруу керек.
148. Суюлтулган көмүр-суутек газды куюштуруу маалында басым астындагы туташууларды тыгыздоо боюнча жумуштарды жүргүзүүгө болбойт.
149. Куюштуруп жаткан маалда цистернадагы жана кабыл алуучу резервуардагы басымга жана деңгээлге көз салып туруу керек.
150. Куюштуруу аяктагандан кийин цистернадагы вентилдер тыгындалып жана жылчыксыздыгы текшерилиши керек.
151. Арматураны жана куюучу газ өткөргүчтөрдү эритүү үчүн ысытылган кум, ысык суу же суунун буусу колдонулушу керек.
152. Суюлтулган көмүр-суутек газ менен келген цистернадан газ чыгып жаткан болсо, ал коопсуздуктун кошумча чараларын көрүү менен газдан бошотулушу керек.
153. Төмөндөгү учурларда резервуарларды жана баллондорду газ менен толтурууга болбойт:
- ширетилген жерлеринде жана фланецтик бириктирүүлөрдө жаракалар, дөмпөйүүлөр, коё берүүлөр же тердөөлөр табылганда;
- сактагыч клапандар бузук болсо;
- деңгээл өлчөгүч түзүлүштөр бузук болсо;
- лаздардагы жана люктардагы бекемдөөчү тетиктер бузук же саны толук болбосо;
- резервуарлардын фундаменттери жана алып келүүчү газ өткөргүчтөрдүн таянычтары чөгүп калса.
154. Резервуар, текшерүүдөн жана оңдоодон мурда газдан, бууланбай калган калдыктардан арылтылып жана тазаланышы (дегазация жасалышы) керек.
Резервуарларды жана баллондорду тазалоо аларды булантып жана анын артынан инерттүү газ менен үйлөтүү же жылуу суу толтуруу жолу менен жүргүзүлүшү керек.
Резервуарларды дегазациялоо үчүн абаны колдонууга болбойт.
Резервуарлар газ өткөргүчтөрдөн буу жана суюк фазалары боюнча тыгындоо менен ажыратылышат.
155. Резервуарларды дегазациялоонун ирети, убактысы жана зарыл коопсуздук чаралары өндүрүштүк нускама менен аныкталат.
Резервуарлардагы жана газ өткөргүчтөрдүн ажыратылган участокторундагы пирофордук катмарлар станциянын аймагынан чыгарылышы керек.
156. Дегазациядан кийинки иштетилген суу суюлтулган көмүр-суутек газдардын канализацияга өтүп кетишин болтурбоо үчүн тундургучка өткөрүлүшү керек.
157. Дегазациянын сапаты идиштин төмөнкү бөлүгүнөн алынган пробаны анализдөө жолу менен текшерилет. Көмүр-суутек газдын концентрациясы жалындын жайылуусунун төмөнкү концентрациялык чегинин 10%нан ашпоосу керек.
§ 4. Газ баллондуу автоунааларга газ куюу
158. Автомобилдерге газ куюучу станцияларда коомдук жана менчик автомобилдерге газ куюу аянтчалардын кирүүчү жана чыгуучу жолдору бөлөк болушу керек.
159. Газбаллондуу автомобилдерге газ куюу ушул Эрежелердин негизинде иштелип чыккан өндүрүштүк нускамага ылайык аткарылат.
Газбаллондуу автомобилдердин техникалык жактан бузук баллондору газ куюуга киргизилбейт. Баллондор эки жылда бир жолу текшерилет.
160. Баллондордун жарактуулугу жөнүндөгү маалыматтар аларды толтуруудан мурда белгиленген тартипте текшерилет.
161. Баллондо төмөнкүлөрдүн болуусу текшерилет:
- баллондун каттоо номери;
- баллондун сыйымдуулугу, литр менен;
- баллондун текшерилген даталары;
- анын катталганы жөнүндө белгилер.
162. Мындан тышкары, автомобилге орнотулган баллондо төмөнкүлөр чегилип көрсөтүлүшү керек:
- жасап чыгарган заводдун товардык белгиси;
- баллондун номери (заводдук);
- бош баллондун иш жүзүндөгү массасы (килограмм менен), мамлекеттик стандартка же аларды жасоонун техникалык шарттарына ылайык;
- жасап чыгарылган датасы (айы, жылы) жана келерки текшерилүүчү жылы;
- жумушчу басымы, мегапаскаль менен; сыналуучу гидравликалык басымы, мегапаскаль менен; мамлекеттик стандартка же жасоо үчүн техникалык шарттарына ылайык баллондун сыйымдуулугу (л);
- жасоо үчүн стандарттын номери.
163. Автомобилдердеги суюлтулган көмүр-суутек газдар үчүн баллондор бекем орнотулуп жана газ өткөргүчтөргө жылчыксыз туташтырылышы керек.
164. Төмөнкүдөй учурларда автомобилдерге орнотулган баллондорго суюлтулган көмүр-суутек газдарды куюуга болбойт, эгерде аларда:
- мезгилдүү текшерүү убактысы өтүп кеткен болсо;
- вентилдери жана клапандары бузук болсо;
- баллондун тулкусу бузулган (раковиналар, урунуп чуңкурайган, коррозия, мыйрыйган) болсо;
- баллондун бекиткичи бошогон болсо;
- туташуулардан газ чыгуу болсо.
165. Суюлтулган көмүр-суутек газды отун катары пайдалануучу автомобилдин баллону кыймылдаткычын өчүрүп толтурулат.
Кыймылдаткычты куйгучка тыгын коюлгандан кийин иштетүү керек.
Автомобилге газ толтуруучу (автомобилге газ куюучу) станциянын аянтына кирээрдин алдында, жүргүнчүлөр унаадан түшүрүлөт.
166. Баллондун толуу даражасы максимум толуусун контролдоочу вентиль же ажыраткыч клапан аркылуу аныкталат.
Баллонду ашыра толтурууга болбойт. Автомобилдин газ жабдыгында тыгыз эместик аныкталган учурда же баллон ашыра толтурулуп кетсе андагы газ резервуарга алынат.
167. Автомобилдин газ баллону толтурулгандан кийин төмөндөгүлөр сунушталат:
- эгерде автомобилдин кыймылдаткычы от албаса аны өчүрүп, автомобилди куюучу колонкадан 15 метрден кем эмес аралыкка жылдырып коюу керек;
- автомобилге газ куюучу станциянын аймагында газ баллондуу автомобилдин кыймылдаткычын отундун бир түрүнөн башка түргө которууга болбойт;
- автомобилге газ куюучу станциянын аймагында газ баллондуу автомобилдин газ аппараттарын жөнгө сапууга жана оңдоого болбойт;
- автогаз куюучу колонкада баллондун жумушчу басымынан жогору басым жаратууга болбойт;
- баллондордогу жана коммуникациялардагы ажыратма туташтыргычтарды бекемдөөгө болбойт;
- куюучу колонкаларды жана автомобилдерди кароосуз калтырууга болбойт;
- ашыкча толуп кеткен учурда баллондордогу суюлтулган көмүр-суутек газды атмосферага чыгарууга болбойт.
168. Көчүп жүрүүчү автомобилге газ куюучу станцияларды калктуу конуштардын чегинде жайгаштырууга болбойт.
§ 5. Баллонду толтуруучу түзүлүштөрдү иштетүү
169. Суюлтулган көмүр-суутек газдарды пайдалануучу газ толтуруучу объекттерде баллондорду толтурууда төмөндөгүлөрдүн жарактуулугуна жана коопсуз иштөөсүнө көз салып туруу керек:
- каруселдик толтуруучу түзүлүштөрдүн;
- жердеги тараза жабдыктардын.
170. Баллондорду суюлтулган газдар менен толтуруу абанын температурасы +10 ºС төмөн болбогон жылытылуучу жайларда абаны айдап киргизүүчү-чыгаруучу желдеткич жана газдын канча экенин көрсөтүүчү сигнализация иштеп турган абалда жүргүзүлүшү керек.
171. Жердеги тараза жабдыктар ачык аянтчаларда бастырманын астында жайгаштырылса болот.
Аянтчада баллондорду сырттагы абанын температурасы -20 ºС төмөн болбогон маалда толтурууга жол берилет.
172. Автоцистерналарды толтуруу маалында газ толтуруучу жабдуулардагы басымдын түшүп кетишин болтурбоо үчүн насостук-компрессордук бөлүмдөн баллондорду толтуруу үчүн келген жана автоцистерналарды толтуруу үчүн келген газ өткөргүчтөр өз-өзүнчө болушу керек.
173. Баллонду толтуруучу жабдуулардын иштөөсүн пландык текшерүү бир жылда эки жолу жүргүзүлөт жана ага төмөндөгүлөр кирет:
- бекиткич түзүлүштөрдүн иштөөсүн текшерүү;
- сактагыч клапандардын иштөөсүн айына 1 жолу текшерүү;
- фильтрлерди карап чыгуу жана тазалоо;
- сүрүлүшүүчү тектиктерди майлоо жана сальниктерди кайра тыгыздоо;
- жөндөгүч клапандын тыгыз жабылышын текшерүү;
- жеңилдеткич клапандын туура жөнге салынганын текшерүү.
174. Төмөнкүдөй учурларда баллонду толтургуч жабдууларды иштетүүгө болбойт:
- басым белгиленген нормадан ашык көтөрүлсө;
- сактагыч клапандар, манометрлер, контролдоочу-өлчөөчү приборлор жана автоматика каражаттары бузулса;
- текшерилбеген контролдоочу-өлчөөчү приборлору болгондо;
- бекемдөөчү тетиктердин саны толук эмес жана бузук болсо;
- ширетилген жерлеринде, туташуулаарда газ чыгуу жана нымдашуу болсо;
- суюк фаза буу фазасынын өткөргүч түтүгүнө өтүп кетсе.
175. Баллонду толтургуч жабдууларды техникалык тейлөө жана оңдоо жасап чыгарган заводдун паспортунда көрсөтүлгөн көлөмдө жана мөөнөттөрдө жүргүзүлөт.
176. Толтурулган баллондор толтуруунун 100%дык текшерүүсүнөн өткөрүлүшү керек.
177. Баллондор газ менен толтурулгандан кийин таразалоо же башка ыкма менен толуу даражасына контролду камсыздоочу башка ыкма менен текшерүүдөн өтүүлөрү керек.
Баллондорду өлчөө үчүн контролдук таразалар ар бир нөөмөттүн алдында текшерилиши керек.
Жол берилүүчү четтөө төмөнкүдөй болушу керек:
- ± 10 грамм - сыйымдуулугу 1 литр баллондор үчүн;
- ± 20 грамм - 5 жана 12 литр баллондор үчүн;
- ± 100 грамм - 27 жана 50 литр баллондор үчүн.
178. Бардык толтурулган баллондор жылчыксыздыгы боюнча текшерилип, калпак менен жабылышы керек. Жылчыктуу баллондордогу газ куюп алынышы керек.
179. Толтуруучу цехтеги баллондордун саны анын бир сааттагы жалпы өндүрүмдүүлүгүнүн жарымынан ашпоосу керек.
180. Баллондорду өтүүчү жолдордо жайгаштырууга болбойт.
181. Станциялардын (пункттардын) аймагына баллондорду ташууга арналган төмөнкүдөй автомобилдер киришине жол берилет:
- атайын жабдылган ("клетка" түрүндөгү);
- автомобилдин алды жагына орнотулган түтүн чыгаргычы жана учкун өчүргүч торлуу үн баскычы бар, көмүр кислоталуу эки өрт өчүргүчтүү жана жыгач ложементтер менен жабдылган жана (же), резина (жип) кырчоосу жана (же) баллондорду бекемдөөгө ылайыкталган жасалгасы бар жүк ташуучу автоунаалар.
182. Автоунаалар жүктүн опурталдуулугу жөнүндө белгилер менен жабдылышы керек.
183. Тиричилик баллондорун көчмө автоцистерналардан толтуруу үчүн аянтчалар, ушул Эрежелерге ылайык тактыкта баллондун толгонун текшерүү үчүн тараза жабдуулар жана ашыкча толтурулган баллондогу газды куюп алуу үчүн идиш менен жабдылышы керек.
Автомобилге газ куюучу станцияда тиричилик баллондорун толтуруучу аянтчаны анын аймагынан тышкары, өзүнчө кирүүчү жана чыгуучу жолдору менен жайгаштыруу керек.
184. Тиричилик баллондорун толтуруу үчүн көчмө автоцистерналарды калктуу конуштардын чегинде жайгаштырууга тыюу салынат.
§ 6. Суюлтулган көмүр-суутек газдарды бөлүштүрүүчү жана пайдалануучу опурталдуу өндүрүштүк объекттерди, системаларды техникалык тейлөөнү жана оңдоону уюштуруу
185. Ар бир ишканада өнөр жай коопсуздугунун жана ушул Эрежелердин талаптарын билүү боюнча билимин аттестациялоодон өткөн жетекчилерден же адистерден суюлтулган көмүр-суутек газдарды пайдалануучу объекттердин коопсуз иштетилиши үчүн жооптуу адамдар дайындалат.
186. Суюлтулган көмүр-суутек газдарды пайдалануучу объекттердин коопсуз иштетилиши үчүн жооптуу адамдын кызматтык нускамасында төмөндөгүлөр каралышы керек:
- ушул Эрежелердин талаптарына ылайык газ менен камсыздоо долбоорлорун кароого жана газдаштырылуучу объекттерди иштетүүгө кабыл алуу боюнча комиссиялардын ишине катышуу;
- нускамаларды, авариялык абалды локалдаштыруу жана жоюу планын, бирге аракеттенүү пландарын иштеп чыгуу;
- өнөр жайлык коопсуздуктун, ушул Эрежелердин, башка ченемдик укуктук актылардын, нормативдик-техникалык документтердин жана персоналдын нускамаларын билүү боюнча билимин текшерүүчү комиссияларга катышуу;
- адистерге жана жумушчуларга өз алдынча иштөөгө ушул Эрежелер менен белгиленген уруксат берүү тартибинин сакталышын текшерүү;
- опурталдуу өндүрүштүк объектинин иштетилишин, газ өткөргүчтөрдү жана газ жабдууларын оңдоо пландарынын аткарылышын, иштетүүдө жана оңдоодо техникалык документтердин жүргүзүлүшүн өндүрүштүк контролдоо;
- бузулган газ өткөргүчтөрдү жана газ жабдыктарын иштетүүнү токтотуу;
- жетекчилерге жана адистерге ушул Эрежелердин талаптарын бузулганын жоюу боюнча көрсөтмөлөрдү берүү жана алардын аткарылышын контролдоо;
- газ жабдыктарын алмаштыруу жана модернизациялоо боюнча иш-чаралардын аткарылышын контролдоо;
- болушу ыктымалдуу болгон аварияларды жоюу боюнча адистерди жана жумушчуларды машыктырууларды уюштуруу;
- Кыргыз Республикасынын опурталдуу өндүрүш объекттерин, өнөр жайлык коопсуздукту жана өзгөчө кырдаалдарды көзөмөлдөө жана контролдоо чөйрөсүндөгү аткаруучу бийлик органдары тарабынан жүргүзүлүүчү текшерүүлөргө катышуу.
187. Опурталдуу өндүрүштүк объекттердин коопсуз иштетилиши үчүн жооптуу адамдар төмөнкүдөй укуктарга ээ:
- газ менен камсыздоочу (газ бөлүштүрүүчү) ишкана менен, ошондой эле келишим боюнча техникалык тейлөө жана оңдоо жумуштарын аткаруучу ишканалар менен байланышта болуу;
- билимин текшерүүдөн өтпөгөн же ушул Эрежелердин жана жумушту аткаруунун коопсуз методдору жана ыкмалары боюнча нускамаларды жакшы билбегенин көрсөткөн адамдарды газ жабдыктарын тейлөөдөн жана газ опурталы бар жумуштарды аткаруудан четтетүүнү талап кылуу;
- опурталдуу өндүрүштүк объекттерди реконструкциялоодо жана техникалык жактан кайра жабдууда техникалык көзөмөл жүргүзүү.
§ 7. Сырткы газ өткөргүчтөр жана курулмалар
188. Керектөөчүлөргө берилүүчү суюлтулган көмүр-суутек газдар, анын ичинде жытынын күчү Евразия экономикалык бирлигинин "Суюлтулган көмүр-суутек газдарга аларды отун катары пайдалануу үчүн талаптар" аттуу (ТР ЕАЭС 036/2016) Техникалык регламентинин Тиркемесинде көрсөтүлгөн физикалык-химиялык жана эксплуатациялык көрсөткүчтөрдүн талаптарына шайкеш келүүгө тийиш.
189. Сынамдарды алууга контроль жана алуунун мезгилдүүлүгү, ошондой эле газдын жытынын күчү (одоризация) газ толтуруучу станцияларда, газ толтуруучу пункттарда, автомобилге газ куюучу станцияларда жана газ бөлүштүрүүчү уюмдарда мамлекеттик стандарттарга ылайык аныкталып, жыйынтыктары журналга жазылышы керек.
190. Газдын басымынын чоңдугу долбоорго ылайык болушу керек.
191. Газ өткөргүчтөрдөгү конденсатты текшерүү жана аны чыгаруу бүтөлүп калуу мүмкүнчүлүгүн болтурбоочу мезгилдүүлүктө жүргүзүлүшү керек.
192. Газ өткөргүчтөрдө орнотулган бекиткич арматура жана компенсаторлор жыл сайын техникалык тейлөөдөн өткөрүлүп жана зарыл болсо оңдолуп турушу керек.
Техникалык тейлөө жөнүндө маалыматтар журналга, ал эми капиталдык оңдоо (алмаштыруу) жөнүндө маалыматтар - газ өткөргүчтүн паспортуна жазылат.
193. Иштеп жаткан сырткы газ жабдуулар мезгилдүү түрдө кыдырып каралып, прибор менен техникалык изилдөөдөн, техникалык абалын диагностикалоодон, ошондой эле күнүмдүк жана капиталдык оңдоодон өткөрүлүп турушу керек.
Жер астындагы газ өткөргүчтөр төмөндө көрсөтүлгөн иштетүү мөөнөттөрү боюнча диагностикалоого жатат:
- болоттон - 40 жыл;
- полиэтиленден - 50 жыл.
Газ жабдыктар (техникалык түзүлүштөр) жасап чыгарган завод чектеген иштетүү мөөнөтүнөн кийин, бирок, 20 жылдан ашпаган иштөө мөөнөтүнөн кийин аккредитацияланган лабораторияларда техникалык диагностикадан өткөрүлөт.
194. Жер үстүндөгү газ өткөргүчтөрдү кыдырып кароодо газдын чыгуусу, газ өткөргүчтүн тирөөчтөн жылышуусу, газ өткөргүчтө вибрациянын, кабырылуунун, жол берилгис ийилүүнүн, тирөөчтөрдүн чөгүүсү жана бузулуусу, өчүргүч түзүлүштөрдүн жана изоляциялоочу фланецтүү бириктирүүлөрдүн, электр зымдарынын түшүп калуусунан сактоочу каражаттардын, бекемдегичтердин абалы, газ өткөргүчтүн жана автотранспорт өтүүчү жерлердеги габариттик белгилердин боёлгон сырынын абалдары аныкталат.
Кыдырып кароо 3 айда 1 жолудан кем эмес жүргүзүлүшү керек.
Аныкталган бузулуулар ез убагында жоюлушу керек.
195. Эл жашаган жерлердеги жер астындагы газ өткөргүчтөрдү кыдырып караганда: газ өткөргүчтүн трассасындагы газ чыгуулар сырткы белгилери боюнча жана приборлордун жардамы менен, жер астындагы инженердик курулмалардын (коммуникациялардын) кудуктарындагы жана камераларындагы, текшерүүчү түтүктөрдөгү, имараттардын жертөлөлөрүндөгү, шахталардагы, коллекторлордогу, газ өткөргүчтөрдүн эки тарабында 15 м ге чейин аралыкта жайгашкан жер астындагы өтмөктөрдөгү газ чыгуулар аныкталышы керек; курулмалардын жана электр-химиялык коргоочу түзүлүштөрдүн дубалдагы багыттагыч көрнөктөрүнүн, ориентирлеринин сакталышы такталыш керек; газ кудуктардын жана коверлердин капкактары кардан, муздан жана булгануулардан тазаланышы керек; жердин оюлуусу жана чөгүп калуусу, газ өткөргүчтүн кыян жана жамгыр суулары менен жуулуп кетиши аныкталышы керек; газ өткөргүчтөрдүн бузулуудан сактоо үчүн курулуш иштерин жүргүзүү шарттары текшерилиши керек.
196. Жер астындагы газ өткөргүчтөрдүн трассаларын кыдырып кароонун мезгилдүүлүгү алардын техникалык абалына, электрден сактоочу түзүлүштөрү бар экендигине жана натыйжалуулугуна, газ өткөргүчтүн басым боюнча категориясына; жердин кыртышынын тоңгондо көтөрүлүүсүнө, чөгүүсүнө жана жердин көбүү даражасына, аймактын сейсмикалуулугуна, жылдын мезгилине жана башка факторлорго жараша белгиленет, бирок, газ бөлүштүрүү жана газ пайдалануу системаларынын коопсуздугу боюнча талаптарда аныкталган мөөнөттөрдөн аз болбогон мөөнөттөргө белгиленет.
197. Суюлтулган көмүр-суутек газдардын суюк фазасын газ өткөргүч аркылуу газ толтуруучу станцияларга жиберүүдө станциянын аймагынан сыртта, тосмодон 50 метрден кем эмес алыстыкта ажыратуучу түзүлүш орнотулушу керек.
198. Жеңилдетүүчү газ өткөргүчтөрдө сактагыч клапандарга ажыратуучу түзүлүштөрдү орнотууга болбойт.
199. Жумуш аткарылбаган убакта суюлтулган көмүр-суутек газдардын технологиялык газ өткөргүчтөрүндөгү бардык бекиткич арматура жабык болушу керек.
200. Газ өткөргүчтөрдү жана жабдыкты пландык-алдын алуучу оңдоолор графиктерде каралган мөөнөттөрдө аткарылышы керек.
Суюлтулган көмүр-суутек газдарды өткөрүүчү газ өткөргүчтөрдү жана арматураны иштетүүдө төмөндөгү жумуштар аткарылышы керек:
- техникалык тейлөө;
- техникалык оңдоо;
- мезгилдүү сыноолор.
201. Газ өткөргүчтөрдү жана арматураны техникалык тейлөөдө төмөндөгү жумуштар аткарылышы керек:
- ширөөлөрдөгү жана фланецтик бириктирүүлөрдөгү тыгыз эместиктерди аныктоо үчүн газ өткөргүчтөрдү күн сайын кыдырып карап чыгуу;
- таяныч конструкцияларынын, фундаменттердин, илгичтердин бекемдегичтеринин, жылуулоо изоляциясынын жана сырдалышынын абалын, кыймылдуу жана кыймылсыз тирөөчтөрдүн, компенсациялоочу түзүлүштөрдүн туура иштешин, дренаждык түзүлүштөрдүн, арматуранын, кудуктардын абалын текшерүү.
202. Арматураны сыртынан карап чыгууда анын сальниктеринин жылчыксыздыгы, задвижкалардагы жана вентилдердеги шпинделдин бир калыпта жүрүшү текшерилет. Аныкталган бузуктар жоюлушу керек.
203. Сактагыч жеңилдетүүчү клапандардын басымын жөнгө салууда анын жумушчу басымдан жогорулугу 15%дан ашпоосу керек.
204. Газ өткөргүчтөр жана аларда орнотулган арматура белгиленген тартипте бекитилген графиктер боюнча мезгилдүү оңдоодон өтүп турушу керек.
205. Арматураны сактагыч, жеңилдетүүчү, ылдамдык жана артка жибербөөчү клапандарды техникалык оңдоо жасап чыгарган заводдордун паспортунда көрсөтүлгөн мөөнөттөрдө, бирок жылына бир жолудан кем эмес жүргүзүлүшү керек.
§ 8. Насосторду, компрессорлорду жана бууландыргычтарды иштетүү
206. Насосторду, компрессорлорду жана бууландыргычтарды иштетүүдө жасап чыгарган заводдордун нускамаларынын, ушул Эрежелердин жана өндүрүштүк нускамалардын талаптарын аткаруу керек.
207. Компрессорлордун, насостордун айдоочу жолдорундагы жана бууландыргычтан чыккан жердеги долбоор менен эсептелген басым ашып кеткенде электр кыймылдаткычтар жана бууландыргычка жылуулук берүү автоматтык түрдө токтошу керек.
208. Желдеткичтер, контролдоо-өлчөөчү приборлор өчүрүлгөн учурда же алар жок болсо, же бөлмөдөгү газдын концентрациясы жалындын таралуусунун төмөнкү концентрациялык чегинен 10%га жогору болгон учурда компрессорлорду, насосторду жана бууландыргычтарды иштетүүгө болбойт.
209. Компрессорлордун, насостордун жана бууландыргычтарды иштөө режими, алардын иштетилген убакытынын саны, ошондой эле иштөөсүндөгү бузулуулар жөнүндө маалыматтар иштетүү журналында көрсөтүлүшү керек.
210. Компрессорлорду, насосторду жана бууландыргычтарды жумушчу режимден резервге өткөрүү өндүрүштүк нускамага ылайык жүргүзүлүшү керек.
211. Компрессор, насос токтотулгандан кийин соруучу жана айдоочу жолдордогу бекиткич арматура жабылышы керек.
Бууландыргычты өчүргөндө жылуулук ташуучунун жана газдын кирүүчү жана чыгуучу жериндеги бекиткич арматура жабылышы керек.
212. Суу менен муздатуучу жабдыктуу насостук-компрессордук бөлүмдөгү абанын температурасы иш убактысында 10 ºС төмөн болбоого тийиш.
213. Илиштиргичтин муфтасында тосмосу болбосо жана электр кыймылдаткычтуу ремендүү өткөргүчтө компрессорлорду жана насосторду иштетүүгө болбойт.
214. Насостук-компрессордук жана бууландыргыч бөлүмдөрдө жабдыктын, өткөргүч түтүктөрдүн жана контролдоо-өлчөөчү приборлордун технологиялык схемалары, жабдыктарды иштетүү боюнча нускамалар жана иштетүү журналдары болушу керек.
215. Компрессорлорду жана насосторду техникалык тейлөөдө төмөндөгү жумуштар ар бир нөөмөттө аткарылышы керек:
- бузуктарды жана газ чыгууларды аныктоо үчүн агрегаттарды, бекиткич жана сактагыч арматураны, өлчөө каражаттарын, автоматикананы жана бөгөттөгүчтөрдү карап чыгуу;
- жабдууларды жана контролдоо-өлчөөчү приборлорду чаңдан жана кирден тазалоо, жерлештирүүнүн бар экендигин жана бекемдегичтердин бузук эместигин текшерүү;
- бөлөкчө дабыштардын, мүнөздүү вибрациялардын жоктугун, подшипниктердин температурасын, майдын жана муздатуучу суунун деңгээлин, басымын жана температурасын контролдоо;
- караганда көрүнөө болгон кыймылдагы бөлүктөрдүн оң экендигин текшерүү;
- бекиткич арматуранын жана сактагыч клапандардын оң экендигин жана абалын контролдоо;
- жабдыкты жасап чыгарган заводдун нускамаларынын талаптарын аткаруу;
- бузулган жабдыкты өчүрүү.
216. Компрессорлорду иштетүү боюнча нускамаларда каралган жумуштар кошумча аткарылууга тийиш.
217. Компрессордун айдоочу газ өткөргүчүндөгү газдын басымы суюлтулган көмүр-суутек газдардын бууларынын айдоо температурасынын маалындагы конденсациясынын басымынан ашпоосу жана 1,6 мегапаскалдан жогору болушу керек.
218. Насостун соруучу жолундагы газдын басымы ошол температурадагы суюк фазадагы каныккан буулардын серпилгичтигинен 0,1-0,2 мегапаскаль жогору болушу керек.
219. Компрессорлордун жана насостордун шынаа түрүндөгү өткөргүч ремендери алардын бышыктыгына жана кыймылды өткөрүп берүүчүлүгүнө таасир этүүчү заттардын таасиринен корголуп, мамлекеттик стандарттардын талаптарына ылайык болушу керек.
220. Насосторду техникалык тейлөө ай сайын жүргүзүлүшү керек.
Техникалык тейлөө убагында төмөндөгүлөр аткарылууга тийиш:
- насос менен электр кыймылдаткычтын кыймыл өткөргүчүнүн, ошондой эле кошуучу муфтанын манжаларынын дал келүүсүн текшерүү;
- артка кетирбөөчү клапандын иштөөсүн текшерүү, көп тепкичтүү секциялуу насостордун секцияларынын арасынан газ чыгууну жоюу;
- багыттоочу жана анкердик бурамаларды бекемдөө.
Саналган жумуштардан тышкары, заводдун насосту иштетүү боюнча нускамасында каралган жумуштарды аткарылышы зарыл.
Компрессорлор жана насостор үчүн заводдук нускамада каралбаган майлоочу каражаттарды пайдаланууга болбойт.
221. Компрессорлорду, насосторду жана бууландыргычтарды техникалык тейлөө иштетүүчү персонал тарабынан, ал жумуштарды аткарууга жооптуу кызматкердин жетекчилиги менен жүргүзүлөт.
Насостук-компрессордук жана бууландыргыч жабдыктарды күнүмдүк оңдоодо аларды карап чыгуу, жабдыктарды айрым жерлерин ачып жана тез жешилүүчү бөлүктөрүн жана тетиктерин алмаштыруу керек.
222. Насостук-компрессордук жабдыкты күнүмдүк жана капиталдык оңдоонун мөөнөттөрү жасап чыгарган заводдор тарабынан жана объектинин жетекчиси бекиткен графиктер боюнча белгиленет.
223. Компрессорлорду күнүмдүк оңдоодо төмөнкүдөй жумуштар аткарылат:
- цилиндрлердин капкактарын ачуу, цилиндрлерди, поршендерди ыштан тазалоо, поршендин шакектерин зарыл болсо алмаштыруу, поршендин шакектеринин, поршендердин, штоктордун, цилиндрлердин жешилгенин текшерүү;
- чыканактуу валдын моюнчаларын конус жана эллипс боюнча текшерүү, зарыл болсо аларды жонуу жана жылмалоо;
- шатундун төмөнкү башынын подшипниктеринин абалын текшерүү, зарыл болсо, аларды шаберлөө;
- чыканактуу валдын вкладышы менен тегеренүүчү моюнчасынын ортосундагы жылчыкты оңдоо;
- ролик подшипниктерди текшерүү жана зарыл болсо алмаштыруу;
- шатун болтторду карап чыгуу жана алардын өлчөмдөрүн текшерүү;
- шатундун үстүңкү башынын втулкасынын абалын жана крейцкопфтун манжасын текшерүү, аларды оңдоо же алмаштыруу;
- цилиндрлердин көйнөгүн жана муздаткычтарды булгануудан жана кеберден тазалоо;
- ашташуучу бөлүктөрдүн ортосундагы "зыяндуу ачыктарды" жана жылчыктарды жөнгө салып, аларды жасап чыгарган заводдун нускамасында каралган өлчөмдөргө чейин жеткирүү;
- май өткөргүчтөрдү оңдоо, картерди тазалоо жана жуу, майды толук алмаштыруу, сальниктерди жана алдыңкы сальниктерди тыгыздоо;
- бекиткич арматураны жана сактагыч клапандарды оңдоо жана алмаштыруу;
- бардык болт менен бириктирүүлөрдү текшерүү жана аларды шплинттөө;
- соруучу жана айдоочу клапандарды оңдоо жана алмаштыруу;
- клапандык уяларды жылмалоо жана жышылтуу;
- абаны кургатуучу түзүлүштөрдү оңдоо.
224. Насосторду күнүмдүк оңдоодо техникалык тейлөөдө аткарылуучу жумуштардан тышкары төмөндөгү жумуштар аткарылат:
- роторду чыгаруу жана корпусунун ички беттерин карап чыгуу;
- дисктерди оңдоо же керектүүлөрүн алмаштыруу;
- валдын моюнчаларын жылмалоо, аны тууралоо (зарыл болсо);
- тыгыздоочу шакектерди алмаштыруу;
- роторду баланстоо (зарыл болсо);
- прокладкаларды алмаштыруу;
- сальниктин тыгыздагычтарын оңдоо жана бекемдөө (же) алмаштыруу;
- подшипниктерди алмаштыруу (зарыл болсо).
225. Бууландыргычтарды иштетүүдө басым астында иштөөчү идиштерди коопсуз пайдалануу боюнча талаптар аткарылышы керек.
Бууландыргычтарды күнүмдүк оңдоо жылына 1 жолудан кем эмес жүргүзүлүшү керек.
226. Бууландыргычтарды техникалык тейлөө жана оңдоо жасап чыгарган заводдун паспортунда көрсөтүлгөн көлөмдө жана мөөнөттөрдө жүргүзүлүшү керек.
227. Төмөнкүдөй учурларда компрессорлор жана насостор токтотулушу керек:
- бекиткич арматурадан газ чыкса жана бузулуулар болсо;
- вибрациялар, бөлөк дабыштар жана тыкылдоолор пайда болсо;
- подшипниктер жана сальниктик тыгыздоолор иштен чыкканда;
- электрлик иштеткичтер, ачуучу арматура иштен чыкканда;
- муфталык бириктирүүлөр, шынаа түрүндөгү ремендер жана алардын тосмолору бузулганда;
- соруучу жана айдоочу газ өткөргүчтөрдөгү газдын белгиленген басымы төмөндөсө.
228. Төмөнкүдөй учурларда бууландыргычтарды иштетүүгө болбойт:
- суюк жана буу фазаларынын басымы белгиленген ченемден жогоруласа же төмөндөсө;
- сактагыч клапандар, контролдоо-өлчөөчү приборлор жана автоматика каражаттары бузулса;
- контролдоо-өлчөөчү приборлорго текшерүү жүргүзүлбөсө;
- бекемдөөчү тетиктер бузук же толук эмес болсо;
- ширетилген жиктерде, бурама менен бириктирилген жерлерде газ сызылып чыкса, ошондой эле бууландыргычтын конструкциясынын бүтүндүгү бузулса;
- суюк фаза буу фазасынын газ өткөргүчүнө түшсө;
- бууландыргычка жылуулуктун берилиши токтотулса.
229. Суюлтулган көмүр-суутек газдар пайдаланылуучу опурталдуу өндүрүштүк объектте насосторду, компрессорлорду, каруселдик газ толтуруучу агрегаттарды жана бууландыргыч түзүлүштөрдү иштетүүдө төмөнкүдөй документтер таризделиши керек:
- иштетүү, техникалык коопсуздук, техникалык тейлөө, жүргүзүү, баптоо боюнча техникалык баяндама, нускамалар, запастык бөлүктөрдүн ведомосту;
- оңдоо боюнча колдонмо, тез жешилүүчү тетиктердин жана түйүндөрдүн чектелген жешилүү нормалары;
- технологиялык процесстин жана жабдууну оңдоонун баяндамасы;
- арматура, аппараттар жана контролдоо-өлчөөчү приборлор жайгашкан жерлерди, алардын милдеттерин, жумушчу параметрлерин (басым, температура ж.б.), газдын агымынын келген багытын көрсөтүү менен газ өткөргүчтөрдү бириктирүү схемасы;
- жекече сыноолордун актылары;
- жабдуулардын негизги түйүндөрүнүн, тез жешилүүчү тетиктердин, иштетүү процессинде мезгилдүү бузбай текшериле турган тетиктердин жалпы көрүнүшүнүн чиймелери;
- басым менен иштөөчү идиштердин жана аппараттардын , сактагыч клапандардын, электр кыймылдаткычтарынын, аба менен муздатуучу аппараттардын паспорттору;
- майлоочу материалдардын сертификаттары же алардын лабораториялык анализинин жыйынтыктары;
- насостордун, компрессорлордун, каруселдик газ толтуруучу агрегаттардын жана бууландыргыч түзүлүштөрдүн иштөөсүнүн нөөмөттүк журналы, оңдоо иштеринин формуляры;
- алдын алуучу пландуу оңдоо иштеринин графиктери.
230. Суу менен муздатылуучу компрессордук түзүлүштөрдү жана насосторду өзүнчө насостук-компрессордук бөлүмдөрдө жайгаштыруу керек.
Аба менен муздатылуучу компрессорлорду жана насосторду чатырчанын астында жайгаштырууга жол берилет, эгер жасап чыгаруучу мындай жайгаштырууну эске алган болсо.
231. Насостук-компрессордук бөлүмдөрдө, суюлтулган газды айдап өткөрүүчү насостордон башка компрессорлорго байланышы жок жабууну орнотууга жол берилбейт.
232. Компрессордук же насостук агрегаттын (компрессор же электр кыймылдаткычтуу насос) алдындагы фундаменттин массасы тиешелүү агрегаттын массасынан чоң болушу керек.
Фундаменттин конструкциясы долбоордо аныкталат.
233. Компрессорлордун, насостордун, электр кыймылдаткычтардын корпустары жана таяныч плиталары жердештирилиши керек.
234. Компрессордук же насостук түзүлүштүн термелүүсүнүн газ өткөргүчтөргө берилишин болтурбоо үчүн агрегаттардын кирүүчү жана чыгуучу патрубкаларын газ өткөргүчтөргө термелүүнү компенсациялоочу кыстармалардын жардамы менен бириктирүү зарыл.
235. Насостук-компрессордук бөлүмдөрдө жандаш чуңкурларды (приямки), полдун алдындагы каналдарды жасоого жол берилбейт.
236. Суюлтулган көмүр-суутек газды пайдалануучу объекттерде колдонулуучу насостук-компрессордук жабдуу суюлтулган газдарды өткөрүүгө атайын ылайыкталган, айлана-чөйрөгө газды чыгарбай тургандай жылчыксыз бекитилиши керек.
237. Насостук жана компрессордук түзүлүштөрдү техникалык тейлөө жана оңдоо объекттин техникалык жетекчиси бекиткен алдын алуучу пландуу оңдоо иштеринин графиги боюнча жүргүзүлөт.
238. Иштеп жаткан насосторду жана компрессорлорду кароосуз каптырууга жол берилбейт.
239. Компрессор иштеп жатканда жумуш процессинде алардын вибрациясына жана күүлдөөшүнө жол бербөө керек.
Соруучу жана айдоочу жолдордогу манометрлердин жана термометрлердин көрсөткүчтөрү берилген режимге ылайык келиши зарыл.
Иштеп жаткан компрессордо ашыкча кызуу, вибрация же тыкылдоо пайда болсо, анын себептерин аныктоо үчүн токтотулушу керек.
240. Компрессорлордун соруучу жолдорунда конденсат чогулткучтарды (суюктукту бөлүүчү) орнотуу каралышы керек, алар деңгээлди билдиргичтер жана дренаждык түзүлүштөр менен жабдылышы керек.
Деңгээлди билдиргичтердин компрессорлору менен бөгөттөгүчү болушу керек, алар конденсат чогулткучтагы суюлтулган газдын максималдуу басымында компрессорду токтотууну камсыз кылышат.
Компрессорлордун айдоочу жолдорунда май ажыраткычтар орнотулушу керек.
241. Суюлтулган газдын суюк фазасын өткөрүүчү насостор иштеп жатканда төмөнкүлөргө көз салып туруу зарыл:
- электр кыймылдаткычтардын температурасына;
- подшипниктердин температурасына; учкубеттик тыгыздагычтын температурасына;
- манометрлер боюнча соруучу жана айдоочу жолдордогу басымга; учкубеттик тыгыздагычтын жана арматурага фланецтик бириктиргичтердин жылчыксыздыгына;
- вибрациялардын жана күүлдөгөн үндүн жоктугуна.
242. Компрессорлор төмөнкүдөй учурларда авариялык токтотулушу керек:
- компрессордун коргоочу каражаттары иштебей калганда;
- кысуунун бардык тепкичтеринде манометрлердеги басым жол берилгенден жогору чекти көрсөтсө;
- муздатуучу суюктуктун берилиши токтоп калганда же муздатуучу системанын бузулгандыгы аныкталса;
- тыгыздагычтар бузулса жана газ чыкса;
- компрессордо жана кыймылдаткычта башкача тыкылдоолор жана урунуулар пайда болсо же аварияга алып келүүчү бузулуулар аныкталса;
- контролдоо-өлчөөчү приборлор иштен чыгып, аларды компрессордук түзүлүш иштеп жатканда алмаштырууга мүмкүн болбосо;
- жарык болбосо;
- өртучурунда;
- фундаментте кооптуу жаракалар болсо.
243. Насосторду төмөнкүдөй учурларда дароо авариялык токтотуу керек:
- насостун кайсы бир бөлүгүнөн суюлтулган газ чыкса;
- насостун вибрациясында же даана угулган үн чыкса;
- подшипниктин же учкубеттик туташтыруудагы тыгыздагычтын температурасы көтөрүлсө;
- нагнетаниедеги басымдын күчү күтүүсүз 10%дан ашык төмөндөсө.
244. Компрессорлордун жана насостордун бузулган манометрлер жана термометрлер менен же аларсыз иштөөсүнө жол берилбейт.
245. Насостук-компрессордук бөлмөдө насосторду, компрессорлорду жана өткөргүч түтүктөрдү үйлөтүүгө жана дренаждоого жол берилбейт.
Дренаждалган продуктуларды чогултуу жана үйлөтүлгөн газдарды чыгарып салуу үчүн борборлоштурулган системаларды пайдалануу керек.
246. Компрессорлордун, насостордун жана задвижкалардын сальниктериндеги, газ өткөргүчтөрдүн кошулган жерлериндеги газдын чыккан жылчыктарын бүтөө керек.
Аларды бүтөгөнгө чейин насостор жана компрессорлор токтотулушу керек.
247. Газ өткөргүчтөрдө вибрация пайда болушунун алдын алуу үчүн түзүлүштөрдөгү анкердик бурамалардын бекемдигине көз салып туруу керек.
Кыймылдаткычтан насоско жана компрессорго айланууну түздөн-түз, ийкемдүү муфталар аркылуу же шынаа түрүндөгү курдун жардамы менен берүүгө жол берилет.
Кыймылдаткычтан агрегатка жалпак кур менен кыймыл берүүгө жол берилбейт.
Шынаа түрүндөгү курлар электр өткөрүүчү материалдардан болушу керек.
Түзүлүш жердештирилиши керек.
Насостордун жана компрессорлордун бардык кыймылдоочу бөлүктөрү тосулган болушу керек.
248. Компрессорлордун, насостордун жана кыймылдаткычтардын фундаменттери май же башка суюктуктардын фундаменттин астындагы рамаларга түшүүсүнөн корголушу керек.
249. Компрессорлордун жана насостордун алдын алуучу пландуу оңдоо иштери графиктерде каралган мөөнөттөрдө аткарылышы керек.
Оңдоо үчүн ажыратылган компрессор же насос газдан бошотулушу, байланыштыруучу газ өткөргүчтөрдөн тыгын (заглушка) аркылуу өчүрүлүшү жана бууландырылышы керек.
250. Насосторду жана компрессорлорду орнотулган жеринде оңдоого коопсуздуктун кошумча талаптарын сактоо менен жол берилет.
Оңдоло турган компрессордун же насостун газ өткөргүчтөрүндө тыгындарды орнотууда башка компрессорлордун жана насостордун иши токтотулушу керек.
251. Насостук-компрессордук бөлүмдө майлоочу материалдарды сактоого суткалык зарылчылыктан ашпаган санда жол берилет.
§ 9. Желдетүүчү жабдууну иштетүү
252. Газ толтуруучу станцияларда, газ толтуруучу пункттарда, автомобилдерге газ куюучу станцияларда жетекчинин чечими менен желдетүүчү системаларды иштетүү боюнча жооптуу адам дайындалат.
253. Желдетүүчү системалар функциялык белгилери (киргизүүчү, чыгаруучу, авариялык) боюнча катар номер ыйгарылуу менен аныкталышы керек.
Белгилер желдеткичтин сыртына жана аба өткөргүчтөргө коюлат.
254. Желдетүүчү системаларга паспорттор түзүлүшү керек. Паспортко системанын өндүрүмдүүлүгү жөнүндө маалымат, анын схемасы, мүнөздөмөсү, желдеткичтин жана электр кыймылдаткычтын түрү, оңдоо иштери жана жөндөөлөр жөнүндө маалыматтар жазылат.
Уюмда төмөнкүлөр сакталышы керек:
- ченемдерин көрсөтүү менен аба өткөргүч системасынын, арматуранын, компенсаторлордун, сактагычтын, жалын тосуучу жана дренаждык түзүлүштөрдүн, контролдоо-өлчөөчү приборлордун, ошондой эле түзүлүшкө кирүүчү жабдуунун жайгашуусунун схемасы;
- желдетүүчү түзүлүштү иштетүүгө кабыл алуу актылары;
- желдетүүчү түзүлүштүн ажырагыс бөлүгү болуп эсептелген жабдуунун паспорттору.
Төмөнкүлөрдү уюштуруу керек:
- желдетүүчү түзүлүштүн иштөө убактысын эсепке алуу;
- түзүлүштү иштетүүдө бузулууларды эсепке алуу;
- жабдуунун жана түзүлүштүн элементтеринин техникалык тейлөөсүн жана оңдоо иштерин эсепке алуу;
- түзүлүштүн элементтерин алмаштыруу жөнүндө маалыматтар.
Желдетүүчү системалардын конструкциясына бардык өзгөртүүлөр долбоордун негизинде киргизилиши керек.
255. Желдетүүнүн чыгаруучу системаларын жүргүзүү технологиялык жабдууну иштеткенге 15 минута калганда аткарылат, желдетүүнү киргизүүчү система жүргүзүү - чыгаруучу желдетүү системаларын иштеткенден 15 минутадан кийин аткарылат.
256. Киргизүүчү желдетүү системалары абаны алуучу жерлерде, суюлтулган көмүр-суутек газдардын бууларынын түшүү мүмкүндүгү болбошу керек.
257. Киргизүүчү желдетүү системаларын токтоткондо, аба өткөргүчтөрдүн артка кетирбөөчү клапандары жабылышы керек.
258. Киргизүүчү-чыгаруучу желдетүүнүн иштөөсүнүн долбоордук натыйжалуулугу суюлтулган көмүр-суутек газдарды пайдалануучу объектти ишке киргизүүдө жана иштөө процессинде адистешкен ишканалар тарабынан жылына бир жолудан кем эмес текшерилиши керек.
Текшерүүнүн жыйынтыгы желдетүүчү түзүлүштүн паспортуна жазылышы керек.
Желдетүүчү системалар жылына бир жолудан кем эмес, ошондой эле капиталдык оңдоодон, жөндөөдөн же аба чөйрөсүнүн анализинин канааттандыраарлык эмес жыйынтыгынан кийин сыноолордон өтүшү керек.
259. Желдетүүчү системалардын иштөөсүнүн натыйжалуулугун баалоо адистештирилген уюм тарабынан жүргүзүлүүчү сыноолордун жыйынтыгы боюнча аларды иштетүү режиминин көрсөтмөлөрү менен бирге берилген техникалык отчёт менен ырасталат.
260. Желдетүүчү түзүлүштөрдү техникалык тейлөө суюлтулган көмүр-суутек газдарды пайдалануучу объекттин персоналы тарабынан белгиленген тартипте бекитилген графиктер боюнча жүргүзүлөт.
261. Желдетүүчү түзүлүштөрдү техникалык тейлөөдө пландуу түрдө карап чыгылат жана оңдолот (күнүмдүк жана капиталдык).
Желдетүүчү түзүлүштөрдү пландуу карап чыгууда төмөнкүлөр аткарылат:
- механикалык бузулуулардын жана коррозиянын болушун; аба өткөргүчтөрдүн, желдетүүчү камералардын жана калориферлердин түтүктөрүнүн жылчыксыздыгын; сырынын кетпегендигин, башка үндөрдүн, вибрациянын болуусун, абанын сорулушун сыртынан карап контролдоо;
- дроссель-клапандардын, шиберлердин жана жалюзалык торлордун иштөөсүн, борбордон таралуучу желдеткичтердин жумушчу дөңгөлөктөрүнүн жана окутуу желдеткичтердин крыльчаткасынын айлануу багытынын тууралыгын текшерүү;
- борбордон таралуучу желдеткичтердин роторлору менен каптоочторунун ортосундагы жана октуу желдеткичтердин крыльчаткасы менен обечайкасынын ортосундагы жылчыктарды текшерүү;
- калориферлердин чыпкаларынын, пластиналарынын жана секцияларынын булгануусун аныктоо жана кассеталардын чыпкалоочу материалдар менен толтурулгандыгын текшерүү;
- электр кыймылдаткычтардын подшипниктеринин температурасын контролдоо жана акыркысынын жердештирилгендигин текшерүү;
- бөлмөгө толтурулган абанын параметрлерин контролдоо;
- айлануучу бөлүктөрдүн тосмосун текшерүү.
262. Желдетүүчү түзүлүштөрдү күнүмдүк оңдоодо төмөнкү жумуштар аткарылат:
- пландуу карап чыгууларда табылган дефектилерди жоюу;
- электр кыймылдаткычтарды ажыратуу жана тазалоо;
- электр кыймылдаткычтардын иштөөсүн басым астында жана бош жүргүзүп текшерүү;
- жердештирилген түзүмдөрдүн каршылыгын текшерүү;
- ток алып жүрүүчү бөлүктөрдүн изоляциясын оңдоо жана алмаштыруу, магниттик жүргүзгүчтөрдү жана контакторлорду оңдоо;
- желдеткичтердин жана электр кыймылдаткычтардын подшипниктерин оңдоо же алмаштыруу;
- подшипниктердин жана зарылдыкка жараша фланецтердин, бурамалардын, прокладкалардын, жумшак кыстырмалардын майларын алмаштыруу;
- борбордон таралуучу желдеткичтердин дөңгөлөктөрүнүн айрым калакчаларын жана октук желдеткичтердин крыльчаткаларын оңдоо;
- аба өткөргүчтөрдүн вибрациясын болтурбоо жана кошумча үндөрдү жок кылуу үчүн желдеткичтин роторун оңдоо жана баланстоо;
- ротор менен каптоочгун ортосундагы жылчыкты текшерүү жана калыбына келтирүү;
- желдеткичтерди жана электр кыймылдаткычтарды бекемдөө;
- аба өткөргүчтөрдү, желдеткич камераларды, тартуучу жана чыгаруучу шахталарды тазалоо, чыпкалардын элементтерин алмаштыруу ж.б.;
- желдетүүнүн киргизүүчү системаларынын артка кетирбөөчү клапандарынын жылчыксыздыгын текшерүү;
- калориферлердеги жылуулук бергичтин чыгууларын жоюу (зарылдыкка жараша);
- желдетүүчү камераларды, түтүктөрдү, кассеталарды, тосуучу конструкциялар аркылуу өтүүчү жерлердеги бөлүктөрдү ж.б. оңдоо;
- аба өткөргүчтөрдү сырдоо (зарылдыкка жараша);
- жөнгө салуу (зарылдыкка жараша).
263. Капиталдык оңдоодо желдетүүчү түзүлүштөрдүн иштөө жөндөмүн жана натыйжалуулугун калыбына келтирүү үчүн зарыл болгон жумуштар аткарылат.
Бардык элементтердин абалын текшерүү, жешилген түйүндөрдү жана тетиктерди алмаштыруу, жөнгө салуу, зарыл болгон сыноолорду өткөрүү жана комплекстүү текшерүү зарыл, анын ичинде төмөнкүлөрдү аткаруу керек:
- желдеткичтин валын оңдоо жана (же) алмаштыруу;
- желдеткичтин каптоочун оңдоо;
- жешилген подшипниктерди алмаштыруу;
- роторду статикалык баланстоо;
- конструкциялык элементтерди, анын ичинде желдетүүчү камералардын изоляциясын клапандарды, эшиктерди, дроссель-клапандарды, шиберлерди, задвижкаларды, механизмдерди жана кыймыл бергичтерди алмаштыруу менен оңдоо;
- аба өткөргүчтөрдүн участокторун, жеринде соргучтарды, чатырчаларды, дефлекторлорду, калориферлерди ж.б. алмаштыруу;
- жөндөө.
Желдетүүчү түзүлүш капиталдык оңдоодон өткөндөн кийин мүнөздөмөлөрү жана иштөө ресурсу көрсөтүлгөн жаңы паспорт таризделет.
264. Желдетүүчү түзүлүштөрдү пландуу карап чыгуунун жыйынтыктары суюлтулган көмүр-суутек газдарды пайдалануучу объекттин жабдуусунун иштөө журналына жазылышы керек.
265. Авариялык желдетүүчү түзүлүштөрдүн иштешин текшерүү айына бир жолудан кем эмес жүргүзүлүшү керек.
266. Суюлтулган көмүр-суутек газдарды пайдалануучу объектте киргизүүчү-чыгаруучу желдетүүнүн абалын жана иштөөсүн контролдоо камсыздалышы керек жана квартал ичинде бир жолудан кем эмес бөлмөлөрдөгү аба алмашуунун эселиги текшерилиши керек.
Текшерүүнүн жыйынтыгы акты менен таризделет.
267. Атайылап желдетүү аркылуу түзүлгөн аба алмашуунун деңгээлин текшерүүдө чыгаруучу желдетүү аркылуу бөлмөнүн төмөнкү бөлүгүндөгү абанын 2/3 бөлүгүн жана жогорку жагынан - 1/3 бөлүгүн соруп алуусун камсыз кылуу керек.
Аба алмашуу жетишсиз болгон учурда суюлтулган көмүр-суутек газдары менен иштөөгө жол берилбейт.
268. Жарылууга кооптуу бөлмөлөрдүн киргизүүчү-чыгаруучу желдетүү системасы кадимки чөйрөдөгү бөлмөлөрдүн желдетүүсү менен байланышпоосу керек.
Жарылууга кооптуу бөлмөлөргө туташкан электр жабдуусу кадимки жасалган бөлмөлөрдө аба алмашуу эсеси саатына бештен кем эмес болсо, басым күчү 0,00005 мегапаскалдан кем эмес желдетүү болушу керек.
269. Чыгаруучу желдетүү системаларынан абаны чыгаруучу жер имараттын чатырынын үстүнкү кырынан 2 метрден кем эмес жогоруда жайгашуусу керек.
270. Желдетүүчү камералар үчүн саатына бир эселүү аба алмашууну камсыздаган табигый желдетүү каралышы керек.
271. Киргизүүчү желдетүү системалары үчүн абаны алуучу жер абаны чыгаруучу жерден 6 метрден кем эмес жогоруда болушу керек.
272. Бардык аба өткөргүчтөр күйбөй турган материалдардан жасалышы керек.
273. Аба өткөргүчтөрдүн жумшак кыстырмалуу фланецтик кошулган жерлеринде статикалык электр тогунун дүрмөттөрүнөн коргоо үчүн шунттоочу электр өткөргүчтөн бириктиргичтер орнотулушу керек.
274. Желдеткичтердин өндүрүмдүүлүгүн камсыздоо үчүн төмөндөгүлөр камсыздалышы керек:
- айлануулардын саны;
- крыльчатканы туура баланстоо;
- крыльчатка менен каптоочтун ортосундагы ылайык келүүчү жылчык;
- аба өткөргүчтөрдү бириктирүүдө газ чыгышын жоюу;
- аба өткөргүчтөрдүн булгануусун тазалоо жана аларга башка нерселердин кошулуп кетишин болтурбоо.
275. Жарылууга кооптуу жайлардын чыгаруучу желдетүү системалары имараттын сырттагы кире беришинде орнотулган, жарылуудан корголуп жасалган кайталоочу иштетүүчү баскычтар менен жабдылышы керек.
276. Желдетүүчү системалардын иштетүүчү түзүлүштөрү насостордун жана компрессорлордун иштетүүчү түзүлүштөрү жана каруселдик толтуруучу түзүлүштөрдүн кыймыл бергичтери менен тосмолонушу керек.
Тосмолоо компрессорлорду, насосторду жана каруселдик түзүлүштөрдү ишке киргизүүнү желдеткичтердин иштөөсүнөн 15 минутадан кем эмес убакыттан кийин баштоо мүмкүндүгүн жана жабдуунун желдетүү өчүрүлгөн маалда иштөө мүмкүндүгүн болтурбоону камсыз кылышы керек.
277. Авариялык желдетүү жарылууга кооптуу жайлардагы туруктуу орнотулган газ анализдөөчүлөр менен тосмолонушу керек.
278. Технологиялык жабдуусу бар жайларда атайылап желдетүүчү киргизүү-чыгаруу системалары каралышы керек, ал системалар долбоордогу эсепке ылайык төмөндөгүдөн кем эмес көлөмдө аба алмашуу эселигин камсыз кылышы керек, бирок:
- жумуш убагында саатына он эселүү аба алмашуу;
- жумуш жокто саатына он эселүү аба алмашуу;
- авариялык чыгаруучу желдетүү үчүн саатына сегиз эселүү аба алмашуу камсыздалышы керек.
279. Чыгаруучу желдеткичтер жана электр кыймылдаткычтар жарылуудан корголгудай жасалып, желдетүүчү камераларда орнотулушу керек.
280. Авариялык желдетүү бөлмөдөгү газдын кооптуу концентрациясынын (жалындын жайылуусунун төмөнкү концентрациялык чегинен 10% жогору болгон абал) кабарлагычы аркылуу ишке киргизилиши керек.
Авариялык желдетүү ишке киргизилгенден баштап, насостордун, компрессорлордун жана башка технологиялык жабдуунун электр кыймыл бергичтерин өчүрүү камсыз кылынышы керек.
281. Желдетүүчү камералар жабык болуусу керек.
282. Чыгаруучу системалардын соргучтары аба өткөргүчтөргө башка нерселердин кирүүсүнүн алдын алуу үчүн тор менен жабылышы керек.
283. Жөнгө салуучу түзүлүштөр ишке даярдалгандан кийин тиешелүү абалда катталышы керек.
284. Желдетүүчү камераларды жана "А" категориясындагы жайларды өрткө каршы жана өрттөн жарылуу кооптуулугу боюнча техникалык тейлөө ар бир нөөмөттө журналга жазуу менен жүргүзүлүшү керек.
285. Жалын тосуучу жана өзү жабылуучу артка кетирбөөчү клапандарды ондоо жылына бир жолу, желдетүү системасынын паспортуна жазуу менен жүргүзүлүшү керек.
§ 10. Газдын жалыны менен иштетүү
286. Газдын жардамы менен кесүү, ширетүү жана башка металлдарды газдын жалыны менен иштетүүнүн түрлөрү боюнча жумуштарды аткарууга, ошондой эле башка булактардан ачык жалынды колдонууга төмөнкүдөй аралыктан жол берилет:
- 10 метр - топтук газ баллондуу түзүлүштөрдөн;
- 5 метр - пропан-бутаны бар өзүнчө баллондордон;
- 3 метр - суюлтулган көмүр-суутек газдардын газ өткөргүчтөрүнөн жана резина-кездемелүү түтүктөрдөн, ошондой эле газдын жалыны менен кол жумуштарын аткарууда газ бөлүп алуу постторунан;
- 1,5 метр - автоматтык жана жарым автоматтык линиялардан.
287. Жумуш маалында суюлтулган көмүр-суутек газдуу баллондор тике тургузулган абалда болушу керек.
288. Суюлтулган көмүр-суутек газдуу (пропан-бутан) баллондордун температурасы газдын жалыны менен иштер үчүн тандап алууда 45 ºС ашпоосу керек.
289. Бөлмөлөрдө орнотулуучу баллондор жылытуучу радиаторлордон жана башка жылытуучу приборлордон 1 метрден кем эмес алыстыкта, ал эми ачык жалындуу жылуулук булактарынан - 5 метрден кем эмес аралыкта болушу зарыл.
290. Көтөрүп жүрүүчү күйгүзгүчтөрдү суюлтулган көмүр-суутек газдар үчүн жасалган резина-кездемелүү түтүктөрдүн жардамы менен туташтыруу керек.
Түтүктүн узундугу 30 метрден ашпоосу керек жана бири-бири менен эки тараптуу ниппелдер аркылуу туташтырылган үчтөн ашпаган бөлүктөрдөн болушу керек.
Түтүктөрдүн учтары газ өткөргүчкө жана күйгүзгүчкө каамыттар менен бекем туташтырылышы керек.
291. Кошумча ажыратуучу кран түтүккө чейин орнотулушу керек.
Жаракалары, кесиктери, көөп калган жана кырылган жерлери бар резина-кездемелүү түтүктөрдү колдонууга жол берилбейт.
292. Газ менен ширетүүнү, кесүүнү жана башка газдын жалыны менен металлдарды иштетүү жумуштарын цоколдук жана жертөлө бөлмөлөрүндө, ошондой эле кудуктарда, шахталарда жана башка жер астындагы курулмаларда жүргүзүүгө жол берилбейт.
293. Суюлтулган газды баллондон 0,05 мегапаскалдан төмөн болбогон басымда алуу керек.
294. Баллондорду жөө жана унаа менен жүрүүчү жолдордо орнотууга болбойт.
295. Күйгүзгүчтөрдү, кескичтерди жана башка аппаратураны жумуш орунунда оңдоого жол берилбейт.
296. Газ баллондорду жумуш убагында металл экран менен тосуп коюу керек.
297. Имараттарда же кошумча курулуштарда жайгашкан топтук түзүлүштөрдөгү баллондорду алмаштырууну жана техникалык тейлөөнү эреже боюнча эки жумушчу аткарышы керек.
298. Шкафтарда жана топтук баллондук түзүлүштөр бар бөлмөлөрдө "Өрт коркунучу - газ" деген жазуулар болушу керек.
299. Автомобилге газ куюучу станциялардын аймагында жалын чыгуучу жана ширетүү иштерин аткаруу үчүн имараттарды жана участокторду жайгаштырууга тыюу салынат.
§ 11. Электр жабдуусун иштетүү
300. Электр түзүлүштөрү жана электр жабдуулары пайдалануучулардын электр түзүлүштөрдү техникалык иштетүү эрежелеринин жана жасап чыгаруучу заводдордун нускамаларынын талаптарына ылайык иштетилиши керек.
301. Электр жабдууларын жана электр түзүлүштөрүн иштетүү билими текшерүүдөн өткөн жана электр коопсуздугу боюнча уруксат группасы бар персонал тарабынан аткарылат.
§ 12. Автоматиканы жана контролдоо-өлчөөчү приборлорду иштетүү
302. Өлчөө каражаттарынын жарактуулугун жана мамлекеттик текшерүүлөрдүн өз убагында өткөрүлүүсүн контролдоону ишкананын жетекчиси уюштурат.
303. Метрологиялык контролдоонун жыйынтыгы боюнча жол берилген өлчөө каражаттарын иштетүүгө уруксат берилет.
304. Өлчөө каражаттарын, алардын иштөө мөөнөттөрүн эсепке алуу жана жарылуу коопсуздугун камсыздоо уюмдун жетекчисинин чечими менен дайындалган жооптуу адамга жүктөлөт.
305. Коопсуздук автоматикасынын, автоматтык жөнгө салуунун түзүлүштөрү жана контролдоо-өлчөөчү приборлор жасап чыгаруучу заводдордун талаптарына ылайык көрсөткүчтөрдүн тактыгын камсыз кылуулары керек.
306. Газ өткөргүчтөрдө жана жабдууларда орнотулган коопсуздук автоматикасынын, автоматтык жөнгө салуунун түзүлүштөрү жана контролдоо-өлчөөчү приборлору төмөнкүлөрдөн өтүүлөрү керек:
- техникалык тейлөө;
- оңдоо иштери;
- жарактуулугун жана көрсөткүчтөрдүн тууралыгын текшерүү;
- коргоо түзүлүштөрүнүн, бөгөттөгүчтөрдүн жана сигнализациянын иштеп кетүүсүн текшерүү;
- мамлекеттик текшерүү.
307. Эсепке алуу, контролдоо, өнөр жай коопсуздугун камсыздоо максаттары үчүн багытталган өлчөө каражаттарын милдеттүү текшерүүнүн мөөнөттөрү мамлекеттик стандарттарга ылайык кабыл алынат.
Текшерүү мөөнөтү өтүп кеткен контролдоо-өлчөөчү приборлорду иштетүүгө жол берилбейт.
308. Стационардык жана көтөрүп жүрүүчү газ анализаторлор жана кабарлагычтар жасап чыгаруучу заводдун нускамасына ылайык 3 айда бир жолудан кем эмес текшергич кошулмалардын жардамы менен газдын концентрациясы жалындын жайылуусунун төмөнкү концентрациялык чегинин 10% түзгөн абалда иштеп кетүүсүн текшерүүдөн, эгерде жасап чыгаруучу завод тарабынан башкача мөөнөттөр коюлбаса, 6 айда бир жолу метрологиялык текшерүүдөн өтүүлөрү керек.
Коргоочу, бөгөттөөчү жана сигнализация түзүмдөрүнүн иштеп тургандыгы айына бир жолу текшерилет.
309. Өлчөөчү приборлорду жана коопсуздуктун автоматика каражаттарын техникалык тейлөө жасап чыгаруучу заводдордун нускамаларын эске алуу менен жүргүзүлөт.
310. Контролдоо-өлчөөчү приборлорду жана коопсуздуктун автоматика каражаттарын техникалык тейлөөнү газ өткөргүчтөрдү, насостук-компрессордук жабдууну, резервуарларды жана электр жабдууну техникалык тейлөө менен бириктирүү сунуш кылынат.
Персоналга приборлорду ачууга уруксат берилбейт.
Өлчөөчү каражаттардын жана коопсуздук автоматикасынын иштөөсүндө аныкталган бузулуулар жөнүндө жетекчиге кабар берилет.
311. Контролдоо-өлчөөчү приборлорду техникалык тейлөөгө төмөнкүлөр кирет:
- приборлорду сыртынан карап чыгуу;
- импульстук линиялардын жылчыксыздыгын жана бекемдигин текшерүү;
- электр өткөргүч зымдардын жана башка коммуникациялардын жарактуулугун текшерүү;
- пломбалардын (алар болсо) сакталышы;
- иштетүү маалында пайда болуучу токтоп калууларды аныктоо;
- кыймылдуу механизмдердин майланышын текшерүү;
- диаграммалык кагазды, калем учтарды алмаштыруу, приборлордогу сыяны жана суюктуктарды толтуруп куюу.
Приборлордун көрсөткүчтөрүн каттоо ар бир нөөмөттө жүргүзүлөт.
Техникалык тейлөөгө приборлорду өз убагында текшерүүгө берүү кирет.
312. Сигнализация түзүлүштөрүн жана коопсуздук автоматикасынын бөгөттөгүчтөрүнүн иштеп кетүүсүн текшерүү айына бир жолудан кем эмес жүргүзүлөт.
Коопсуздук автоматикасы, сигнализация түзүлүштөрүнүн көрсөткүчү жабдууну жөндөө тууралуу отчётко дал келиши керек.
313. Приборлордун, импульстук өткөргүч түтүктөрдүн жана арматуранын жылчыксыздыгын контролдоо газ өткөргүчтөрдүн жана технологиялык жабдуунун жылчыксыздыгын текшерүү менен бирге айына бир жолудан кем эмес жүргүзүлөт.
314. Приборлорду кезектеги ондоо адистештирилген устаканада, ажыратып алынган приборду окшошуна алмаштыруу менен жүргүзүлөт.
Кезектеги оңдоого төмөнкүлөр кирет:
- приборду сыртынан карап чыгуу, ачуу жана тазалоо;
- кыймылдуу системаны жарым-жартылай ажыратуу;
- бузулган жебелерди, пружиналарды, түтүктөрдү, винттерди, контакттарды, диаграмманын кармагычтарын, калем учтун рычагдарын түзөтүү же алмаштыруу жана зарылдыкка жараша эскирген бекемдегич тетиктердин, ошондой эле айнектердин жетишпегендерин толуктоо, эскиргендерин алмаштыруу.
Кезектеги оңдоодон кийин контролдоо-өлчөөчү приборлор текшерүүдөн өтүшү керек.
315. Коопсуздук автоматикасынын жана бөгөттөгүчтөрдүн түзүлүштөрүн кыска убакытка өчүрүүгө иштин коопсуздугун сактоо менен жетекчинин чечими менен жол берилет.
316. Газдын чыгышын билдиргич иштен чыкса, аны резервдиги менен алмаштыруу керек.
Алмаштыруу маалында газдын концентрациясын контролдоо көтөрүп жүрүүчү газ анализаторлордун жардамы менен жумуш нөөмөтүнүн ичинде ар бир 30 минутадан кийин жүргүзүлөт.
317. Кысылган аба керектелбеген газдын чыгышын билдиргичтер сутка бою иштеп турушу керек, ал эми алардын сигнализациясы персонал дайыма болуучу бөлмөгө чыгарылышы керек.
318. Орнотулган газдын чыгышын билдиргичтерди жасап чыгаруучу заводдун нускамалары боюнча ыңгайлаштырылып жөндөө керек.
319. Жабдууда жана газ өткөргүчтөрдө орнотулуучу манометрлерде өлчөө чеги анын үч бөлүгүнүн экинчисинде турган шкала болушу керек.
320. Пломбасы же эни жок, сыноо мөөнөтү өтүп кеткен, бузулган, өчүрүлгөн учурда жебеси шкаланын нөлдүк бөлүгүнө чейин прибордун жол берилүүчү каталыгынын жарымынан ашык чоңдукта кайтып келбеген өлчөө каражаттарын колдонууга жол берилбейт.
321. Манометрдин циферблатында же корпусунда жумушчу басымга туура келген чоңдук боёк менен белгиленип коюлушу керек.
322. Приборлорду капиталдык оңдоодо төмөндөгүлөр аткарылат:
- өлчөөчү кыймылдуу бөлүктү жана прибордун айрым түйүндөрүн толук ажыратуу жана топтоо;
- бардык тетиктерди жууп, аларды кургатуу;
- өлчөө системасынын кертиктерин, таканчыктарын жана башка тетиктерин алмаштыруу же оңдоо;
- прибордун схемасын текшерүү, көрсөткүчтөрдү жана өлчөөнүн бардык чектеринде негизги белгилер боюнча жөнгө салуу жана эбине келтирүү;
- арматураны (кулпуларын, туткаларын, илмектерин, кыскычтарын) алмаштыруу же оңдоо;
- чектердин которгучтарын алмаштыруу же оңдоо, ал эми зарылдыкка жараша - приборду градуировкалоо.
Оңдоодон кийин прибор сырдалат жана ага бириктирилүүчү коммуникациялар маркировкаланат.
Капиталдык оңдоодон кийин контролдоо-өлчөөчү приборлор мамлекеттик текшерүүдөн өтүшү керек.
323. Техникалык тейлөө жана оңдоо иштеринин мезгүлдүүлүгү алдын алуучу пландуу оңдоо иштеринин графиги менен белгиленет.
Электр өлчөгүч приборлор үчүн күнүмдүк оңдоо жылына бир жолудан кем эмес өткөрүлүшү керек, капиталдык - беш жылда бир жолудан кем эмес; башка приборлор үчүн күнүмдүк оңдоо 6 айда бир жолудан кем эмес, капиталдык - 2 жылда бир жолудан кем эмес өткөрүлүшү керек.
324. Автоматика каражаттарын жана контролдоо-өлчөөчү приборлорду оңдоону негизги жабдууну оңдоо иштерин аткаруу мөөнөттөрүнө бириктирип өткөрүү сунуш кылынат.
Оңдоо же текшерүү үчүн ажыратылып алынган приборлор иштетүү шарттары боюнча окшошторуна алмаштырылышы керек.
325. Автоматика каражаттарын жана контролдоо-өлчөөчү приборлорду техникалык тейлөө жана оңдоо боюнча жумуштар журналда көрсөтүлөт.
326. Автоматташтыруу каражаттарын, аварияга каршы коргогучтарды жана сигнализацияны газ чыккан шарттарда жөнгө салуу жана оңдоо жумуштарын аткарууга жол берилбейт.
327. Суюлтулган көмүр-суутек газдарды пайдалануучу объектте төмөнкүдөй документтер толтурулат:
- долбоордук жана аткаруучулук, анын ичинде контролдоо-өлчөөчү приборлор боюнча;
- приборлордун паспорттору;
- жасап чыгаруучулардын нускамалары;
- иштетүү журналдары.
§ 13. Технологиялык газ өткөргүчтөрдү, арматураны жана инженердик коммуникацияларды иштетүү
328. Технологиялык газ өткөргүчтөр жана арматура ар бир нөөмөт сайын нөөмөтчү персонал тарабынан газдын чыгышын аныктоо жана жоюу максатында каралышы керек.
Ал максаттарда пайдаланылуучу приборлор жарылуудан корголуп жасалышы, газдардын (пропан-бутан) тиешелүү категориясында жана группасында болушу керек.
329. Газ өткөргүчтөрдү жана арматураны техникалык тейлөөдө төмөнкүдөй жумуштар аткарылышы керек:
- ширетилип кошулган жерлерде, фланецтик жана сайлуу бириктирүүлөрдө, сальниктик тыгыздоолордо газ чыгууну аныктоо жана жылуулук изоляциясынын жана сырдоонун абалын аныктоо үчүн газ түтүктөрүн сыртынан карап чыгуу;
- арматураны карап чыгуу жана оңдоо, арматураны жана кыймыл берүүчү түзүлүштү булгануудан, өңөрдөн тазалоо;
- өткөргүч түтүктөрдүн таянычтарынын, кудуктардын, ошондой эле өрт өчүргүч гидранттардын абалын текшерүү.
330. Газ өткөргүчтөрдү жана арматураны техникалык тейлөө төмөнкүдөй мөөнөттөрдө жүргүзүлөт:
- бардык сырткы газ өткөргүчтөрдүн жана арматуранын бузулууларын жана газ чыгуусун аныктоо жана жоюу максатында карап чыгуу - ай сайын;
- жумушчу басымда имараттагы өткөргүч түтүктөрдүн жана арматуранын бардык сайлуу жана фланецтик бириктирүүлөрүнүн, сальниктик тыгыздоолордун жылчыксыздыгын текшерүү - ай сайын;
- суюлтулган көмүр-суутек газдарды пайдалануучу объекттин аймагынын чегиндеги бардык жер астындагы коммуникациялардын кудуктарынын газдалуусун текшерүү - уюмдун техникалык жетекчиси бекиткен график боюнча.
Текшерүүлөр журналда көрсөтүлөт.
331. Арматураны техникалык тейлөөдө газ чыгуунун болуусун, фланецтик бириктирүүлөрдүн жылчыксыздыгын, маховиктердин бүтүндүгүн жана бекемдегичтин ишеничтүүлүгүн текшерүү керек.
Арматуранын шпинделинин оор жүрүүсүндө же сальниктик тыгыздоонун жылчыксыздыгы жоголгондо тыгыздагыч коопсуздуктун кошумча чараларын керүү шартында алмаштырылышы же ныкталышы керек.
Саналган жумуштардан тышкары бекиткич арматурага кыймыл бергичтин ишинин оңдугун текшерүү жана арматураны ачуу багытынын белгилерин жана көрсөткүчтөрүн калыбына келтирүү да аткарылышы керек.
Бузук жана жылчыксыздалбаган арматура алмаштырууга жатат.
332. Газ өткөргүчтөрдө жана резервуарларда орнотулган пружиналуу сактагыч клапандардын иштөөсү жана оңдугу айына бир жолу, аларды кыска убакытка ачуу (бузуу) жолу менен жүргүзүлүшү керек.
333. Таштап жиберүүчү сактагыч клапандарды төп келтирүү басымы резервуарлардагы жана газ өткөргүчтөрдөгү жумушчу басымдан 15%дан жогору болбошу керек.
334. Технологиялык жабдууну, резервуарларды жана газ өткөргүчтөрдү таштап жиберүүчү сактагыч клапандары бузук жана жөндөлбөгөн абалда турганда иштетүүгө жол берилбейт.
335. Клапандардын төп келтирүү параметрлерин текшерүү, аларды жөнгө салуу стендде же ордунда атайын ылайыкташкан аспаптын жардамы менен жүргүзүлүшү керек. Текшерүүнүн мезгүлдүүлүгү:
- резервуарлардын таштап жиберүүчү сактагыч клапандары үчүн - 6 айда бир жолудан кем эмес;
- калган таштап жиберүүчү клапандар үчүн - күнүмдүк оңдоо маалында, бирок жылына бир жолудан кем эмес.
Текшерүүдөн кийин клапандарга пломба коюлат, текшерүүнүн жыйынтыктары журналда көрсөтүлөт.
336. Оңдоо же текшерүү үчүн ажыратылган клапандын ордуна оң абалдагы клапан орнотулушу керек.
337. Газ өткөргүчтөрдү күнүмдүк оңдоонун мөөнөтү карап чыгуунун жыйынтыгы боюнча аныкталат. Газ өткөргүчтөрдү күнүмдүк оңдоо иштеринин тизмесине төмөнкүлөр кирет:
- техникалык тейлөөдө табылган дефектилерди жоюу;
- жер үстүндөгү газ өткөргүчтөрдүн салаңдоосун болтурбоо, алардын бекемдегичтерин калыбына келтирүү же алмаштыруу;
- жер үстүндөгү газ өткөргүчтөрдү сырдоо;
- бекиткич арматураны оңдоо;
- сайлуу жана фланецтик бириктирүүлөрдүн жылчыксыздыгын текшерүү.
338. Бекиткич арматураны күнүмдүк оңдоо жылына бир жолудан кем эмес жүргүзүлөт жана ага төмөнкүлөр кирет:
- арматураны булгануудан жана дат басуудан тазалоо;
- арматураны сырдоо;
- задвижкалардын (вентилдердин) червягын айландыруу, аны майлоо;
- сальниктерди текшерүү жана тыгыздоо;
- задвижкалардын (вентилдердин) кыймыл берүүчү түзүлүштөрүнүн бузулган жерлерин жоюу;
- бардык ширетилген, сайлуу жана фланецтик бириктирүүлөрдүн, сальниктик тыгыздоолордун жылчыксыздыгын самын эмульсиясы же прибордук метод менен текшерүү;
- жешилген жана бузулган бурамаларды жана прокладкаларды алмаштыруу.
Арматураны текшерүүнүн жана оңдоонун жыйынтыгы журналга жазылат.
339. Күнүмдүк оңдоо боюнча жумуштар суюлтулган көмүр-суутек газдарды пайдалануучу объекттин техникалык жетекчиси бекиткен план же график боюнча жүргүзүлүшү керек.
340. Газ өткөргүчтөрдү капиталдык оңдоо зарылдыкка жараша төмөнкүдөй көлөмдө жүргүзүлөт:
- газ өткөргүчтөрдүн участокторун алмаштыруу;
- газ өткөргүчтөрдүн бузулган участокторундагы изоляцияны оңдоо;
- задвижкаларды, вентилдерди, крандарды (зарылдыкка жараша) алмаштыруу;
- кыймылдуу жана кыймылсыз таянычтарды алмаштыруу.
Газ өткөргүчтөрдү капиталдык оңдоодо күнүмдүк оңдоодо жана техникалык тейлөөдө каралган жумуштар да аткарылат.
Капиталдык оңдоодон кийин газ өткөргүчтөр жана резервуарлар жылчыксыздыкка текшерилиши керек.
341. Капиталдык оңдоодо оңдоо жүргүзүүчү уюм тарабынан жумуштарды аткаруунун планы иштелип чыгат жана бекитилет, суюлтулган көмүр-суутек газдарды пайдалануучу объекттин жетекчиси менен макулдашылат.
342. Газ өткөргүчтөрдү, курулмаларды капиталдык оңдоо, арматураны алмаштыруу пландарында жумуштарды аткаруу мөөнөттөрү, жумушчу күчүнө жана материалдарга болгон муктаждык аныкталат.
343. Жумуштарды аткарууну жана кабыл алууну бекитилген техникалык документтерге ылайык суюлтулган көмүр-суутек газдарды пайдалануучу объектти иштетүүчү уюмдун жетекчисинин чечими менен дайындалган адам контролдойт.
344. Капиталдык оңдоо боюнча жумуштардын жыйынтыгы журналга жазылышы керек.
345. Инженердик тармактарды күнүмдүк оңдоонун мезгилдүүлүгү төмөнкүдөй белгиленет:
- сырткы суу өткөрүү жана канализация тармактары үчүн - 2 жылда бир жолу;
- сырткы жылуулук тармактары үчүн - жылына бир жолу;
- ички суу өткөрүү, жылытуу ж.б. тармактары үчүн - 2 жылда бир жолу.
346. Суюлтулган көмүр-суутек газдарды автоцистерналардан төгүү жана газ баллондуу автомобилдерди толтуруу үчүн металлокорддук түтүктөрдү, ошондой эле ийкемдүү металл газ өткөргүчтөрдү (сильфондук) колдонууга жол берилет.
347. Төгүү-куюу операцияларында колдонулуучу түтүктөрдүн жаракалары, кесиктери, көөп калган жерлери жана кырылуулары болбошу керек.
Түтүктөрдө аталган дефектилер болсо, алар жаңысы менен алмаштырылышы керек.
348. Түтүктөр жумушчу басымдын 1,25 даражасына барабар болгон басым менен бекемдикке гидравликалык сыноодон 3 айда бир жолу өткөрүлөт. Сыноонун жыйынтыгы журналга жазылат.
349. Ар бир түтүктө катар номери, сыноо өткөрүлгөн датасы (айы, жылы) жана кийинки сыноонун мөөнөтү (айы, жылы) көрсөтүлгөн белги болушу керек.
350. Металлокордук жана резина-кездемелүү түтүктөр статикалык электр тогунан корголгон болушу керек.
351. Басым астында турган түтүктөрдүн кийгизме гайкаларын катырууга, түтүктөрдү ажыратууга, ошондой эле гайкаларды бурап киргизүү жана бурап чыгаруу үчүн урма шайманды колдонууга тыюу салынат.
§ 14. Имараттарды жана курулмаларды эксплуатациялоо
352. Ишкананын жетекчисинин чечими менен имараттарды жана курулмаларды эксплуатациялоо, аларды оңдоонун мөөнөттөрүн жана сапатын сактоо, ошондой эле аймактын, жолдордун, тротуарлардын, имараттардын отмосткаларынын тосмолорунун жарактуулугу жана объекттин көрктөндүрүлүшү боюнча жооптуу адам дайындалат.
353. Суюлтулган көмүр-суутек газдарды пайдалануучу объекттерди долбоорлоодо автотранспорттордун кирип чыгуусу үчүн жолдор каралышы керек.
Автомобилге газ куюучу станциялар үчүн автотранспорттор кирүүчү жана чыгуучу өзүнчө жолдор каралышы керек.
354. Жарылууга кооптуу чөйрө түзүлүүсү мүмкүн болгон суюлтулган көмүр-суутек газдарды пайдалануучу объекттердин имараттарын (насостук-компрессордук, толтуруучу, бууландыруучу бөлүмдөр, алардагы чыгаруучу желдетүүчү камералары) А категориясына кошуу зарыл.
355. А категориясындагы ендүрүштүк зоналардын имараттары бир кабаттуу, I жана II даражадагы өрткө туруктуулугу, СО классындагы өрт кооптуулугу, бириктирилген чатыры жана күйбөс жылуулагычы болгон түрдө каралышы керек.
Тиешелүү негиздөөдө III даражадагы өрткө туруктуулугу жана С1 классындагы өрт кооптуулугу бар имараттарды пайдаланууга жол берилет.
356. А категориясындагы бөлмөлөрдү башка категориядагы бөлмөлөрдөн бөлүп турган курулуш конструкциялары I типтеги өрткө каршы жана газ өткөрбөй турган болушу керек.
357. А категориясындагы бөлмөлөрдө оңой алып салынуучу тосмо конструкциялары каралышы керек.
Оңой алып салынуучу конструкциялардын аянты курулуш нормаларын жана эрежелерин эсепке алуу менен кабыл алынат.
А категориясындагы имаратта приямкаларды жасоого жол берилбейт.
А категориясындагы бөлмөлөрдүн полу пландалган жер белгисинен 15 см ден кем эмес бийиктикте болушу керек.
358. А категориясындагы бөлмөлөрдө, суюлтулган көмүр-суутек газдардын кооптуу концентрациясын билдиргичтерди орнотуу эсепке алынышы керек.
359. А категориясындагы бөлмөлөргө башка бөлмөлөрдөн дубал аркылуу кирген газ өткөргүчтөрдүн өтмөктөрү тыгыздалган жана кутунун ичинде болушу керек.
360. Киргизүүчү желдетүү системалары үчүн аба алынуучу жерлерди тандоодо суюлтулган көмүр-суутек газдардын бууларынын кошулуп калуу мүмкүндүгүн болтурбоо керек.
А категориясындагы бөлмөлөрдө табигый жарык, ошондой эле жарылуудан корголгон жасалма жарык берүү болушу керек.
361. Насостук-компрессордук, толтуруучу жана бууландыруучу бөлүмдөрдүн бөлмөлөрүндө жумушчу жарык берүүдөн тышкары кошумча авариялык жарык берүү каралышы керек.
362. Өндүрүштүк түзүлүштөр зоналар классы боюнча төмөнкүдөй бөлүнөт:
- В-1а классына - насостук-компрессордук, толтуруучу, баллондорду дегазациялоо, бууландыруу бөлүмдөрүнүн бөлмөлөрү, бул бөлмөлөрдүн чыгаруучу желдетүү камералары;
- В-1г классына - суюлтулган көмүр-суутек газдардын резервуарлары, колонкалар, автоцистерналардын токтоочу аянтчалары, жүктөөчү-түшүрүүчү аянтчалар, ачык аянтчаларда жайгашкан бууландыргычтар, насостор, компрессорлор.
363. Баллондорду жүктөө-түшүрүү аянтчаларын толтуруучу бөлүмдүн өндүрүмдүүлүгүнөн эки эсе жогору болгон баллондорду жайгаштырууну эсепке алуу менен долбоорлоо керек.
364. Суюлтулган көмүр-суутек газдардын резервуарларын, колонкаларды, жүктөөчө-түшүрүүчү аянтчаларды, ачык жерде жайгашкан бууландыргычтарды, баллондорду, насосторду, компрессорлорду Ан категориясындагы түзүлүштөргө кошуу керек.
365. Имараттар, курулмалар, сырттагы түзүлүштөр үчүн зоналар классына жараша чагылгандан коргогуч каралышы керек.
Суюлтулган көмүр-суутек газдарды пайдалануучу объекттер үчүн сырткы телефон байланышы жана диспетчердик кабарлоо каралышы зарыл.
366. Суюлтулган көмүр-суутек газдарды пайдалануучу объекттерде төмөнкүлөр каралууга тийиш:
- суюлтулган көмүр-суутек газдарды сактоочу резервуарлардан башка имараттарга жана курулмаларга чейинки ажырымдар;
- суюлтулган көмүр-суутек газдарды пайдалануучу объекттин периметри боюнча аймактын желдетүүсүн камсыздоочу тосмо, курулма;
- бөлмөдөгү абада газдын өлчөмүн ченөөчү стационардык газ анализаторлорду контролдоо жана (же) алар иштен чыккан учурда газдашууну жумуш нөөмөтчүлүгүнүн ар бир 30 мүнөтү сайын көчмө газ анализаторлору менен текшерүү;
- жер үстүндөгү резервуарлар жайгашкан аянттын айланасын тосуу жана (же) суюлтулган көмүр-суутек газдарды сактоочу резервуарларды жер астында жайгаштыруу;
- А категориясындагы бөлмөлөрү бар имараттардын жарылууга туруктуулугун жана А категориясындагы бөлмөлөрдү башка категориядагы бөлмөлөрдөн бөлүп туруучу тосмо конструкциялардын газ өткөрбөстүгүн камсыздоо боюнча иш-чаралар;
- өрткө каршы суу өткөргүчтөр жана (же) өрт өчүрүү үчүн резервуарлар (зарыл болсо).
Толтуруучу жана насостук-компрессордук бөлүмдөрдө төмөнкүлөрдү камсыз кылуучу авариялык автоматтык системалар орнотулушу керек:
- авариялык сигнал берүү;
- киргизүүчү вентиляторлор токтогон учурда көмөк чордонунда электр менен камсыздоону өчүрүү;
- киргизүүчү вентиляторлор иштебей турганда электр кыймылдаткычтарды жүргүзүүгө тыюу салуу;
- суюлтулган газ толтурулбаган учурда, статордун катмары кызып кеткенде жана соргуч түтүктөгү басымдын төмөндөшүндө насосторду өчүрүү;
- майлоо үзгүлтүккө учураганда, майлоо басымы жана шыкоонун басымы көтөрүлгөндө компрессорлорду өчүрүү.
367. Эксплуатациялоонун алгачкы эки жылында имараттардын, курулмалардын жана жабдуулардын фундаменттеринин чөгүүсүнө 3 айда бир жолудан кем эмес көз салып туруу керек.
368. Андан кийинки жылдары фундаменттердин чөгүүсүнө кыртышы чөгө баштаган жайда жана жери иштетилип жаткан аймакта милдеттүү түрдө кез салуу керек.
Имараттардын, курулмалардын жана жабдуулардын фундаментинин чөгүүсүн өлчөө үчүн реперлер орнотулат.
369. Имараттарды жана курулмаларды оңдоо-куруу иштеринин бардык түрлөрүн уюмдун жетекчилиги бекиткен пландык-алдын алуу оңдоо графигине ылайык жүргүзүү керек.
370. Жарылууга кооптуу өндүрүштөр жайгашкан имараттар чөккөн учурда жарылууга кооптуу бөлмөлөрдү жарылууга коопсуз бөлмөлөрдөн тосуп турган дубалдардагы жаракалар оңдолуп жана алардын пайда болушунун себептери аныкталышы керек.
371. Насостук-компрессордук жабдуулардын, бууландыргычтын жана резервуарлардын астындагы фундаменттердин абалы контролго алынууга тийиш.
Вибрациялардын, температуралык таасирлердин айынан жана башка себептерден улам дубалдагы жана фундаменттеги жаракалар жана бузулуулар жоюлушу керек.
372. Металл конструкциялар жылына бир жолудан кем эмес, ал эми темир бетондуу конструкциялар жылына эки жолудан кем эмес каралып турат. Бузуулар аныкталганда аларды жоюу үчүн чаралар көрүлүшү керек.
373. Имараттардын жана курулмалардын металл конструкцияларын коррозиядан сактоо үчүн аларды мезгил-мезгили менен сырдап туруу зарыл (имараттын сыртындагыларды - жылына бир жолудан кем эмес, ал эми ичиндегилерди зарылдыгына жараша - 3-5 жылда бир жолудан кем эмес).
374. Суюлтулган көмүр-суутек газдарды пайдалануучу объекттердеги имараттардын жана курулмалардын чатырлары мезгил-мезгили менен каралып, оң абалда кармалууга жана өз убагында кар менен муздан тазаланып турууга тийиш.
375. Жарылууга кооптуу бөлмөлөрдүн полу чуңкурсуз тегиз болушу керек.
Бөлмөлөрдүн полунун материалы, имараттын терезелериндеги жана эшиктериндеги түзүлүштөр учкундардын пайда болуу мүмкүндүгүн жокко чыгарууга тийиш.
376. Жарылууга кооптуу имараттарда жана резервуардык паркта темир шатылар жана аянтчалар бар болсо, жумуш убагында алардын сыртын тиешелүү материал менен жабып, учкундарды болтурбоо боюнча чараларды көрүү зарыл.
377. Суюлтулган көмүр-суутек газдарды пайдалануучу объекттерде жер астындагы резервуарлардын тосмолорунун абалына көз салып туруу керек.
Жер астындагы резервуарлар алардын үстүңкү катмарынан 0,2 метрге жогору болуп тосулат.
378. Суюлтулган көмүр-суутек газдарды пайдалануучу объекттердин аймагы жат буюмдардан, күйүүчү материалдардан тазаланышы керек.
379. Жолдор, өтмөктөр жана жалпы пайдалануучу жолго чыгуучу жолдор жарактуу абалда болууга тийиш.
Жолдордун кюветтери жамгырдын агып кетиши үчүн тазаланышы керек.
380. Имараттарды жана курулмаларды карап чыгуу жана оңдоо иштери журналда көрсөтүлөт.
381. Ар бир өндүрүштүк имараттын кире беришинде керектөөчүлөрдүн электр орнотмолорун жайгаштыруу боюнча эрежеге ылайык алардын жарылуу жана өрт кооптуулугунун категориясы, ошондой эле зоналык классы көрсөтүлгөн белгилер жазылат.
382. Суу менен камсыздоо системасы өчүрүлгөн учурда суюлтулган көмүр-суутек газдарды пайдалануучу объекттин иштешине жол берилбейт.
383. А категориясындагы имараттардан жана курулмалардан жана Ан категориясындагы сырттагы орнотмолордон, ошондой эле В-1 жана В-2 зоналык класстагы имараттардан 50 м аралыкта жайгашкан суу өткөргүч жана канализациялык кудуктардын кош капкактары болушу керек.
Капкактардын ортосундагы аралык 0,15 метрден кем эмес бийиктикте кум жана (же) башка жылчыксыздоочу материал менен толтурулат.
Эксплуатациялоо процессинде люктардын капкактарынын тыгыз жабылышына көз салуу зарыл.
384. Кудуктарга түшөөрдүн алдында газдын болушун текшерип, зарыл болгон учурда желдетүү керек.
Илмектери жок кудуктарга түшүүдө кудуктун кырына бекиткичи менен темир шатылар колдонулат.
Кудуктарда куткаруучу кур байланган жана шланг противогаз кийген экиден көп эмес жумушчунун болуусуна уруксат берилет. Отту колдонууга жол берилбейт.
Шамал соккон жагында эки адам турат, алар кудуктун ичиндеги жумушчулардын куткаруучу курунун аркандарынын учун кармап, аларга көз салып, иш жүрүп жаткан жерге жат адамдарды киргизбөөгө милдеттүү.
Жумуш бир сааттан ашык уланганда мезгил-мезгили менен газдашууну текшерип, зарыл болгон учурда кудукту желдетүү керек.
385. Эксплуатациядагы компрессорду муздатуудан, резервуарларды, жабдууларды, газ өткөргүчтөрдү, гидравликалык сыноодон кийинки сууну агызуу газдын канализацияга кошулушун болтурбастан ишке ашырылышы керек.
386. Газ бөлүштүрүүчү тармактардагы имараттардын жана курулмалардын курулуш паспорту болушу керек.
Эксплуатациялоо мөөнөтү бүткөндөн кийин (50 жыл) аларды андан ары иштетүү мүмкүндүгүн, реконструкциялоо же эксплуатациялоону токтотуу зарылдыгын аныктоо үчүн изилдөө жүргүзүлүшү керек.
387. Имараттарды жана курулуш конструкцияларын изилдөө (жаракалар, арматуранын ачылышы, фундаменттин чөгүүсү, калкалардын көтөрүү мүмкүндүгүнүн төмөндөшү, чатырдын уроосу ж.б.) имараттын же курулманын функционалдык милдетин өзгөртүүнүн алдында да жүргүзүлүүгө тийиш.
388. Өрт жана жарылуу кооптуулугу, өрткө туруктуулук даражасы боюнча имараттардын, курулуштардын жана бөлмөлөрдүн категориялары, өрт коркунучу боюнча өрткө кооптуу жана жарылууга кооптуу зоналардын классификациясы, курулуш жана башка материалдардын классификациясы "Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен регламенттелген.
§ 15. Аба компрессорлорун эксплуатациялоо
389. Пневматикалык түзүмдөр, автоматтык жөнгө салуу жана контролдоо системалары үчүн кысылган аба колдонулат, ал төмөнкүдөй талаптарга жооп бериши керек:
- шүүдүрүм чегинин температурасы -40 ºСтан кем эмес;
- басымы - 0,8 мегапаскалдан жогору эмес;
- суунун жана суюк абалдагы майдын болушуна жол берилбейт;
- катуу кошулмалардын түзүмү - 2 мг/м3дан көп эмес;
- катуу бөлүкчөнүн бирдигинин өлчөмү - 10 микрометрден көп эмес.
390. Кысылган аба автоматтык жөнгө салуунун жана контролдоонун пневматикалык системаларына абаны кургатуучу жана тазалоочу орнотмосу бар аба компрессорунан берилиши керек.
391. Кысылган абаны берүүчү системаны техникалык тейлөөдө күнүмдүк карап текшерүү жана белгиленген тартипте бекитилген график боюнча пландуу оңдоо иштери жүргүзүлөт.
392. Аба берүү системасына эксплуатациялоо паспорту түзүлөт.
393. Абаны кургатуучу жана тазалоочу орнотмону жана аба компрессордук орнотмону эксплуатациялоо жасап чыгаруучу заводдордун паспортторунун талаптарына ылайык жүргүзүлүшү керек.
8-глава. Суюлтулган көмүр-суутек газдарды пайдалануучу объекттердеги ишин уюштурууда өнөр жай коопсуздугунун талаптары
394. Объектте өндүрүштүк имараттарда жана суюлтулган көмүр-суутек газдарды пайдалануучу объекттин аймагында жумуш аткаруу жана өзүн алып жүрүү эрежесин белгилөөчү өндүрүштүк нускамалар иштелип чыгып, бекитилиши керек.
395. Жетекчи тарабынан өндүрүштүк контролду ишке ашырууга жооптуу инженердик-техникалык кызматкер дайындалат.
396. Персонал аткаруучу жумуштун мүнөзүнө ылайык керектүү өлчөмдөгү атайын кийим, атайын бут кийим жана жеке коргоо каражаттары менен камсыздалат.
397. Жумушчуларга берилүүчү жеке коргоо каражаттары текшерилет, ал эми жумушчулар - аларды колдонууга үйрөтүлөт.
398. Резервуарларды газ фазасын атмосферага чыгарып жиберүүнүн эсебинен газдын басымын төмөндөтүп, суюлтулган көмүр-суутек газдар менен толтурууга жол берилбейт.
399. Автомобиль баллондору геометриялык көлөмүнүн 90%нан ашпай толтурулат.
400. Резервуарлар жана газ өткөргүчтөр, оңдоо иштерин баштоо алдында бүтөгүчтүн жардамы менен буу жана суюк фазалардын газ өткөргүчтөрүнөн ажыратылгандан кийин газдан, бууланбай калган калдыктардан бошотулуп, бууландыруу, инерттик газ менен үйлөтүү же жылуу суу менен толтурулуп, тазаланышы керек.
401. Газ өткөргүчтөрүнүн туташкан жерлерин ажыратуу электр химиялык коргогуч орнотмолору токтотулуп, шунттоочу бириктиргич монтаждалгандан соң жана газ өткөргүчтөрүндөгү ашыкча басым түшүрүлгөндөн кийин жүргүзүлөт.
Басым астындагы фланецтик туташтырууларды катырууга жол берилбейт.
402. Газ өткөргүчтөрдө орнотулуучу бүтөгүчтөр 1,6 мегапаскаль басымына эсептелет жана фланецтердин чегинен чыгып турган куйрукчасы болот.
Куйрукчаларда газдын басымы жана газ өткөргүчтүн диаметри көрсөтүлгөн эн коюулат.
403. Газ пайда болгон учурда оңдоо иштери токтотулат, ал эми, жумушчулар кооптуу зонадан чыгарылышы керек.
Абадагы газдын кооптуу концентрациясы болуп жалындын жайылуусунун төмөнкү концентрациялык чегинин 10%на барабар өлчөмү эсептелет.
404. Оңдоо иштери газдын чыгуулары жоюлуп, жок кылынгандан соң жана жумуш жүргөн жердин абасындагы газдын кооптуу концентрациясына талдоо жүргүзүлгөндөн кийин гана уланышы мүмкүн. Иштеп жаткан технологиялык жабдууда газдын чыгууларын оңдоого жол берилбейт.
405. Жабдуунун жана газ өткөргүчтөрдүн токтотулушуна жана газдын өчүрүлүшүнө байланышкан техникалык тейлөөдөн же оңдоодон кийин алар суюлтулган көмүр-суутек газдарды пайдалануучу объекттин жетекчисинин кагаз жүзүндөгү уруксаты боюнча гана ишке киргизилет.
406. Бүтөгүчтөрдү ажыратуу газ өткөргүчтүн жана жабдуунун өчүрүлгөн участогун контролдук кысуудан кийин газга кооптуу жумуштардын жетекчисинин көрсөтмөсү боюнча аткарылат.
407. Ширетүү иштерин белгиленген тартипте аттестацияланган ширетүүчү аткарууга тийиш.
408. Газ өткөргүчтүн бузулган бөлүктөрү жана деформацияланган фланецтик туташтыруулар узундугу 200 миллиметрден кем эмес ширетилген катушкалар менен алмаштырылышы керек.
"Жамактарды" орнотууга, жаракаларды, үзүктөрдү жана дефекттерди ширетүүгө жол берилбейт.
409. Газ өткөргүчтөрдү үйлөтүү учурунда суюлтулган көмүр-суутек газдардын буу фазасын газдын атмосферага максималдуу таралышын эске алуу менен чыгарып салуу зарыл. Суюлтулган көмүр-суутек газдарды имараттардын жана курулмалардын жанына же жанаша аймактын желдетилбеген участокторуна чыгарып салууга болбойт.
410. Аварияны жок кылуу жана төгүү-куюу иштеринин учурунда кезметти өткөрүп алуу жана өткөрүп берүү тартибинде технологиялык операцияларды тыныгуусуз аягына чыгаруу мүмкүндүгү каралышы керек.
9-глава. Технологиялык жабдууларды жүргүзүү жана токтотуу
411. Технологиялык жабдуулар суюлтулган көмүр-суутек газдарды пайдалануучу объекттин жетекчисинин уруксаты менен өндүрүштүк нускамалар боюнча жүргүзүлөт жана токтотулат.
Бир кезметтен ашык иштеген жабдуу тыныгуудан соң резервуарларды жана газ өткөргүчтөрдү карап чыккандан кийин ишке киргизилет.
412. Суюлтулган көмүр-суутек газдарды пайдалануучу объекттердин технологиялык жабдуусун (компрессорлорду, насосторду, бууландыргычтарды) ишке киргизүүнүн алдында:
- жабдууну жүргүзүүгө чейинки 15 мүнөттө киргизүүчү-чыгаруучу желдетүүнү жүргүзүп, бөлмөлөрдөгү аба чөйрөсүн текшерүү керек;
- жабдуунун, арматуранын жана газ өткөргүчтөрдүн, сактагыч клапандардын жана контролдоо-өлчөө приборлорунун жарактуулугун жана жылчыксыздыгын, жүргүзүүчү жана токту жерге кийирүүчү түзүмдөрдүн жарактуулугун текшерүү керек;
- жабдууну токтотуу себептерин (журнал боюнча) тактоо жана бузулган жердин оңдолушуна ынануу.
- анкердик бурамаларды (компрессорлордогу, насостордогу, бууландыргычтардагы, электр кыймылдаткычтардагы) текшерүү жана зарыл болсо, катыруу керек;
- коопсуздук автоматикасынын жана бөгөттөгүчтөрдүн жарактуулугун текшерүү керек.
413. Компрессорду иштетүүнүн алдында:
- чыканактуу валды кол менен айландыруу;
- картердеги майды текшерүү;
- муздатуучу катмарга суу берүү;
- компрессорлордун соруучу жана шыкактоочу түтүктөрүндөгү вентилдердин жабыктыгына ынангандан кийин соруучу жана шыкактоочу коллекторлордогу бекиткич вентилдерди ачуу;
- конденсатты компрессордун соруучу түтүгүндөгү суюктукту ажыраткычтан жылчыксыз идишке чыгаруу зарыл.
414. Компрессордун электр кыймылдаткычын жүргүзгөндөн кийин:
- валдын картердин алдыңкы капкагындагы жебе боюнча туура айлануусуна ынануу;
- жүгүртүүнүн номиналдык санына жеткенде компрессордун шыкактоочу түтүгүндөгү вентилди ачуу жана акырындык менен компрессордун соруучу түтүгүндөгү вентилди ачуу зарыл.
415. Компрессорду жүргүзүүдө соруучу газ өткөргүчтө суюлтулган көмүр-суутек газдардын суюк фазасынын жоктугуна көз салуу керек (конденсат чогулткучтун ишин текшерүү), анын бар экендиги компрессордогу түкүлдөө же соруу температурасынын кескин төмөндөшү аркылуу билинет.
Компрессордо түкүлдөө пайда болгон учурда компрессорду тез арада токтотуп, алып келүүчү газ өткөргүчтөн конденсатты чыгаруу зарыл, андан кийин компрессорду кайрадан жүргүзүү керек.
416. Компрессор төмөнкүдөй тартипте өчүрүлөт:
- компрессордун соруучу түтүгүндөгү бекиткич вентилди жабуу;
- компрессордун электр кыймылдаткычын токтотуу;
- валдын айлануусу токтогондон кийин компрессордун шыкактоочу түтүгүндөгү бекиткич вентилди жабуу;
- суу берүүнү токтотуу;
- магистралдык соруучу коллектордогу линиялык бекиткич вентилдерди жабуу;
- узак мезгилге токтотууда компрессордун муздатуучу катмарындагы сууну төгүү.
417. Насосторду ишке киргизүүнүн алдында:
- подшипниктердин майын текшерүү;
- насостун роторун айландыруу (кол менен);
- соруучу газ өткөргүчтөгү задвижканы ачуу (шыкактоочу газ өткөргүчтөгү задвижка жабык болууга тийиш);
- насоско газдын суюк фазасын куюу;
- айланып өтмө линиялык вентилди ачуу;
- электр кыймылдаткычты жүргүзүү;
- шыкактоочу газ өткөргүчтөгү задвижканы ачуу.
418. Шыкактоодо талап кылынган кысууга жеткенде айланып өтмө линиялык вентилди жабуу керек.
419. Кавитацияны болтурбоо үчүн насоско чейинки суюк фазанын басымы суюлтулган көмүр-суутек газдардын бууларынын серпилгичтигинен жогору болууга тийиш.
Иштеп жаткан компрессорлорду жана насосторду көзөмөлсүз калтырууга болбойт.
420. Насостор төмөнкүдөй тартипте токтотулат:
- электр кыймылдаткычты өчүрүү;
- айланып өтмө линиялык вентилди ачуу;
- насостун шыкактоочу жана соруучу линиясындагы задвижкаларды, ошондой эле газ өткөргүчтөрдөгү бардык өчүрүүчү түзүлмөлөрдү жабуу.
421. Технологиялык жабдуу токтотулгандан кийин бузулган жерлерди (газ чыгууну, бурамалардын катырылган жеринин бошоңдосун ж.б.) аныктоо максатында насосторду, компрессорлорду жана бууландыргычтарды карап чыгуу керек.
Бардык байкалган бузуулар оңдолуп, журналга катталышы керек.
422. Жабдуу (компрессорлор, насостор, бууландыргычтар) техникалык тейлөөдөн жана оңдоодон кийин өндүрүштүк нускамаларга ылайык эксплуатацияга киргизилет.
423. Автоматикасы, авариялык билдиргичи өчүрүлгөн, ошондой эле чыгаруучу системаларынын желдетүүсү бөгөттөлгөн насосторду жана компрессорлорду иштетүүгө жол берилбейт.
10-глава. Резервуарларды күбүлөндүрүүдөгү коопсуздук талаптар
424. Резервуарлар ички карап чыгуунун, гидравликалык сыноонун, оңдоо иштеринин же демонтаждоонун алдында газдан, бууланбаган калдыктардан бошотулат жана газдан тазаланат.
425. Газды атмосферага свеча аркылуу чыгаруу жолу менен резервуарларды бошотууга жол берилбейт.
Буу фазасынын калдыктары горизонтко 50 ºС жантаюу менен резервуардык орнотмонун чегинен 15 метр алыстыкта жайгашкан бийиктиги 3 метр, диаметри 20 миллиметрден кем эмес болгон "свечада" өрттөлөт.
Резервуар "свечадагы" жалын 2-30 сантиметрге чейин өчө баштаганда суу менен толтурула баштайт.
Суу менен кысып чыгарылуучу буу фазасын өрттөө жалын өчкөнгө чейин уланат.
Резервуар толук толтурулганда суу берүү токтотулат.
426. Резервуарлар буу жана суюк фазалардын газ өткөргүчтөрүнөн бүтөгүчтүн жардамы менен ажыратылгандан кийин бууландыруу жана (же) инерттүү газ менен үйлөтүү, ошондой эле суу толтуруу жолу менен тазаланат.
427. Газдан тазалоонун сапаты идиштин түбүнөн алынган абанын сынамын анализдөө менен аныкталат.
Газдан тазалоодон кийинки суюлтулган көмүр-суутек газдардын сынамынын концентрациясы жумушчу зонадагы жол берилүүчү чектеги концентрациянын маанисинен ашпоого тийиш.
428. Резервуарлардагы басымды атмосфералык басымга чейин алдын ала төмөндөтпөстөн аларды жылчыктандыруу, ошондой эле абаны газдан тазалоо үчүн колдонууга жол берилбейт.
429. Резервуарлардын ичиндеги иштер жооптуу адамдын жетекчилиги менен үч адамдан кем эмес курамдагы бригада тарабынан уруксат берүү наряды боюнча аткарылат.
Бригаданын мүчөлөрүн жумуш аткаруунун коопсуздугу боюнча нускамалоо керек.
Резервуарга бир адамдан ашык түшүүгө уруксат берилбейт.
Резервуарда иштеген адам куткаруучу аркан менен бекитилген куткаруучу курду байланып, шлангдуу противогазда болушу керек.
Резервуардын сыртында аркандын учун кармап туруучу экиден кем эмес адам турушу керек. Алар резервуарда иштеген адамды байкап, ага керектүү жардам берүүгө даяр болууга жана иш жүрүп жаткан жерге жат адамдарды киргизбөөгө тийиш.
Резервуарда болуу мөөнөтү 15 мүнөттөн ашпашы керек.
Ар бир 30 мүнөт сайын резервуар газдашууга текшерилип турат.
430. Резервуапардын ичинен алынган пирофордук катмарлар нымдуу абалда сакталып, бөлүнгөн жерге көмүү үчүн суюлтулган көмүр-суутек газдарды пайдалануучу объекттин аймагынан чыгарылышы керек.
431. Резервуарларды сыноодон жана жуугандан кийинки суу суюлтулган көмүр-суутек газдардын канализация системасына кирип кетишин жокко чыгаруучу тундургучтар аркылуу канализацияга агызылат.
11-глава. Газга кооптуу жумуштар
432. Суюлтулган көмүр-суутек газдарды пайдалануучу объекттердеги газга кооптуу жумуштар, ушул Эрежеге жана газды бөлүштүрүү жана газды керектөө системаларынын коопсуздугу боюнча талаптарга ылайык аткарылат.
433. Газга кооптуу жумуштарды аткарууга уруксат берүү наряды таризделет.
434. Суюлтулган көмүр-суутек газдарды пайдалануучу объекттердеги газга кооптуу жумуштарга төмөнкүлөр кирет:
- курулуш, реконструкциялоо, кеңейтүү жана капиталдык оңдоо иштери аяктагандан кийин эксплуатацияга берүүдө, консервациядан чыгаруу учурунда газ өткөргүчтөргө жана башка технологиялык жабдууларга газ киргизүү;
- жөнгө салуу иштерин жүргүзүү;
- эксплуатацияга берүүдө, ошондой эле оңдоо, тазалоо, техникалык күбөлөндүрүү иштеринен кийин резервуарларды суюлтулган газ менен алгачкы толтуруу;
- иштеп жаткан газ өткөргүчтөрдөгү тыгындарды алып салуу, бүтөгүчтөрдү орнотуу жана алуу, ошондой эле агрегаттарды, жабдууларды жана айрым түйүндөрдү газ өткөргүчтөрдөн ажыратуу;
- газ өткөргүчтөрдү иштеп жаткан тармактан ажыратуу жана үйлөтүү, газ өткөргүчтөрдү жана технологиялык жабдууларды консервациялоо жана консервациядан чыгаруу;
- суюлтулган көмүр-суутек газдарды сактоо резервуарларын техникалык күбөлөндүрүүгө даярдоо;
- иштеп жаткан ички жана сырткы газ өткөргүчтөрдү, насостук-компрессордук бөлүмдөрдүн жабдууларын, куюучу колонкаларды, суюлтулган көмүр-суутек газдарды сактоо резервуарларын оңдоо;
- газ өткөргүчтөрдү, резервуарларды, технологиялык жабдууларды демонтаждоо;
- жумуш аткарылган жерде арматураны, насосторду жана компрессорлорду ажыратуу менен байланышкан күнүмдүк оңдоо иштери;
- газ чыгып жаткан жерди, аны жок кылууга чейин казуу;
- суюлтулган көмүр-суутек газдарды пайдалануучу объекттин аймагында ширетүү жана жалын иштери менен байланышкан оңдоолордун бардык түрү;
- жарылууга кооптуу зоналарда электр сыноолорун жүргүзүү.
435. Ушуга окшош шарттарда, эреже катары аткаруучулардын туруктуу курамы менен иштелген жана технологиялык процесстин ажырагыс бөлүгү болуп эсептелген мезгилдүү кайталануучу газга кооптуу жумуштарды уруксат берүү нарядын тариздебестен, жумуштардын ар бир түрүнө бекитилген өндүрүштүк нускамалар менен жүргүзүүгө болот.
Мындай жумуштар болуп:
- бекиткич арматураны, сактагыч клапандарды техникалык тейлөө жана алардын жөнгө салуу параметрлерин текшерүү;
- технологиялык жабдууну техникалык тейлөө;
- кудуктарды оңдоо, карап чыгуу жана желдетүү;
- кудуктарда, траншеяларда, чукурларда ширетүүнү жана кесүүнү колдонбостон оңдоо;
- суюлтулган көмүр-суутек газдарды автоцистерналардан резервуарларга куюу, суюлтулган газдардын бууланбаган калдыктарын резервуарлардан сордуруп алуу, газ баллондук автомобилдерге газ толтуруу, ашыкча толтурулган баллондордон газды чыгаруу;
- технологиялык жабдуудагы контролдоо-өлчөө приборлорун алмаштыруу.
Аталган жумуштар каттоо журналына жазылат. Журнал тигилет, анын барактарына номер коюлуп, мөөр басылат.
436. Газ өткөргүчтөргө жана технологиялык жабдууга газ киргизүү, ширетүүнү жана газ менен кесүүнү колдонуп оңдоо, жабдууну консервациядан чыгаруу, жөнгө салуу иштерин аткаруу, суюлтулган көмүр-суутек газдарды сактоо резервуарларын алгачкы толтуруу боюнча жумуштар уруксат берүү наряды жана суюлтулган көмүр-суутек газдарды пайдалануучу объекттин жетекчиси бекиткен атайын план боюнча жүргүзүлөт.
437. Иш планында аларды аткаруунун так ирээти, адамдарды жайгаштыруу, механизмдерге, ылайыкталган жасалгаларга жана материалдарга муктаждык көрсөтүлөт, иштерди даярдоого жана аткарууга жооптуу адамдарды көрсөтүү менен ар бир газга кооптуу жумуштардын коопсуздугун камсыздоочу иш-чаралар каралат.
Аталган жумуштарды координациялоону жана суюлтулган көмүр-суутек газдарды пайдалануучу объекттеги жалпы башкарууну жетекчи же анын милдетин аткаруучу жүргүзөт.
438. Газ чыгууну токтотуу жана авариялардын кесепеттерин жоюу боюнча иштер тейлөөчү персоналга, материалдык байлыктарга, имараттарга жана курулмаларга тикелей коркунучтар жоюлганга чейин уруксат берүү наряды жок жүргүзүлөт жана аварияларды чектөө жана жоюу пландары боюнча аткарылат.
439. Уруксат берүү наряды объекттин жетекчиси тарабынан газга кооптуу жумуштарды аткарууга жооптуу адамга берилет.
Эгерде жумуш бүтпөсө, ал эми аны аткаруу шарттары жана мүнөзү өзгөрүлбөсө, уруксат берүү наряды аны берген адам тарабынан узартылат.
440. Газга кооптуу жумуштарга даярдануу үчүн, уруксат берүү нарядында жана тиешелүү нускамаларда каралган даярдоо иш-чараларынын комплекси аткарылат.
441. Газга кооптуу жумушту баштоо алдында аны аткарууга жооптуу адам, жеке коргонуу каражаттарынын бар экендигин жана жарактуулугун текшерүүгө, ошондой эле жумушту аткаруудагы зарыл болгон коопсуздук чаралары жөнүндө аткаруучуларды нускамалоого милдеттүү, андан соң ар бир нускамалоодон өткөн адам уруксат берүү нарядына кол коёт.
442. Уруксат берүү наряды журналда катталат.
Журнал тигилет, анын барактарына номер коюлуп, мөөр басылат.
Уруксат берүү наряды бир жылдан кем эмес сакталат.
Газды алгачкы чыгарууга, технологиялык газ өткөргүчтөрдүн жана жер астындагы резервуарлардын элементтерине ширетүүнү колдонуп, оңдоо иштерин жүргүзүүгө уруксат берүү наряды аткаруучу-техникалык документтерде дайыма сакталат.
Уруксат берүү нарядын каттоо журналы беш жыл сакталат.
443. Суюлтулган көмүр-суутек газдарды пайдалануучу объекттердеги газга кооптуу жумуштарды экиден кем эмес жумушчу аткарышы керек.
Резервуарлардагы, станциянын бөлмөлөрүндөгү жумуштар, ошондой эле газ менен кесүүнү жана ширетүүнү колдонгон оңдоолор аттестацияланган адистин башчылыгындагы үчтөн кем эмес жумушчудан түзүлгөн бригада тарабынан жүргүзүлөт.
Кудуктарды карап чыгуу, оңдоо, желдетүү, суюлтулган көмүр-суутек газдардын бууланбай калган калдыктарын резервуарлардан жана баллондордон төгүү, газ өткөргүчтөрдү жана технологиялык жабдууларды техникалык тейлөө, эксплуатациялоо мезгилинде резервуарларды суюлтулган көмүр-суутек газдар менен толтуруу иштерин аткарууга эки жумушчуга уруксат берилет.
Аталган жумуштарды жетектөө эң квалификациялуу жумушчуга тапшырылат.
Газ баллондук автомобилдерге газды бир оператор толтурат.
444. Газга кооптуу жумуштарды аткарууда жооптуу адам жумушчуларды кооптуу зонадан тез алып чыгуу мүмкүндүгүн камсыздоого милдеттүү.
445. Суюлтулган көмүр-суутек газдарды пайдалануучу объекттердеги уруксат берүү наряды боюнча аткарылуучу газга кооптуу жумуштар сутканын күндүзгү убагында жүргүзүлөт.
Өзгөчө учурларда жумуштарды аткаруунун коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кошумча иш-чаралар аткарылган шарттарда сутканын түнкү убагында газга кооптуу кечиктирилгис жумуштарды аткарууга жол берилет.
446. Иштеп жаткан газ өткөргүчтөрдө ширетүү жана кесүү иштерин жүргүзүүгө, ошондой эле фланецтик жана сайлуу туташтыргычтарды өчүрбөстөн жана инерттүү газ же буу менен үйлөбөстөн ажыратууга жол берилбейт.
Газ өткөргүчтөрдүн жабык өчүргүч түзүмдөрүнө бүтөгүчтөр коюлат.
447. Насостук-компрессордук бөлүмдүн бөлмөлөрүндөгү насостор жана компрессорлор газга кооптуу жумуштарды жүргүзүү мезгилинде токтотулушу керек.
448. Бардык газ өткөргүчтөр жана газ жабдуусу иштеп жаткан газ өткөргүчтөргө туташтыруу алдында жана оңдоо иштеринен кийин, сыртынан каралууга жана аба же инерттүү газдын жардамы менен контролдук кысуудан өткөрүлүүгө тийиш.
Ички газ өткөргүчтөрдү жана жабдууну контролдук кысуу 0,01 мегапаскаль басымы менен жүргүзүлөт. Төмөндөө саатына 0,0006 мегапаскалдан ашпоосу керек.
Суюлтулган көмүр-суутек газдардын резервуарлары, ороочу газ өткөргүчтөр бир сааттын аралыгында 0,3 мегапаскаль басымы менен сыналат. Манометр боюнча көрүнгөн төмөндөөгө жана самын эмульсиясынын же прибордун жардамы менен аныкталуучу газдын чыгуусуна жол берилбейт.
Контролдук кысуунун жыйынтыктары газга кооптуу жумуштарды аткарууга уруксат берүү нарядына жазылат.
449. Газ өткөргүчтөр жана жабдуулар газды киргизүүнүн алдында инерттик газ же суюлтулган газдын буулары менен аба сүрүлүп чыкканга чейин үйлөтүлөт.
Идиштерди үйлөтүүчү штуцерлер үйлөтүүчү реагенттин минималдуу чыгымы менен үйлөтүлөт.
Суюлтулган газдын буулары менен үйлөтүүдө аны коопсуз жүргүзүү боюнча кошумча иш-чаралар иштелип чыгышы керек.
Үйлөтүлүп бүткөндөн кийин кычкылтектин көлөмдүк үлүшү 1%дан ашпоого тийиш.
450. Газга кооптуу жумуштарды аткаруу процессинде бардык көрсөтмөлөр жумушка жооптуу адам тарабынан берилет.
451. Суюлтулган көмүр-суутек газдарды пайдалануучу объекттерде авариялык-калыбына келтирүү жумуштары объекттин штаттык персоналы тарабынан авариялык-куткаруу иштери менен бирге аткарылат (зарыл болсо).
Аталган жумуштарга газ бөлүштүрүүчү ишканалардын авариялык-диспетчердик кызматтарынын, кесиптик авариялык-куткаруучу түзүмдөрүнүн катышуусу аварияларды чектөө, жоюу планында жана өз ара аракеттенүү планында белгиленет.
Коммуналдык-өндүрүштүк багыттагы объекттерде авариялык-калыбына келтирүү жумуштарын газ бөлүштүрүүчү ишканалардын авариялык-диспетчердик кызматтары аткарат.
452. Суюлтулган көмүр-суутек газдарды пайдалануучу объекттин жетекчиси аварияларды чектөө жана жоюу планын түзүүнү, ага өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду өз убагында киргизүүнү, аларды кайра карап чыгууну (жылына бир жолудан кем эмес) уюштурат.
453. Аварияларды жана инциденттерди чектөө жана жоюу боюнча окуу-машыгуу сабактары суюлтулган көмүр-суутек газдарды пайдалануучу объекттерде бир кварталда бир жолудан кем эмес журналга каттоо менен өткөрүлөт.
12-глава. От менен аткарылуучу иштер
454. Отту колдонууга байланышкан оңдоо иштерине, ошондой эле резервуарлардагы суюлтулган көмүр-суутек газдардын буу фазасынын калдыктарын өрттөөгө ушул Эреженин жана кооптуу өндүрүштүк объекттерде ширетүү жана от менен аткарылуучу иштердин коопсуздугу боюнча талаптарды белгилөөчү башка ченемдик-техникалык документтердин талаптары аткарылган учурда жол берилет.
455. От менен аткарылуучу иштер объекттин жетекчиси бекиткен атайын план жана уруксат берүү наряды боюнча күндүзгү убакта жүргүзүлүшү керек.
456. От менен аткарылуучу иштерге уруксат берүү наряды жумушка керектүү даярдыкты жүргүзүү үчүн күн мурунтан таризделет.
457. От менен аткарылуучу иштерди план жана уруксат берүү наряды менен каралган даярдык көрүү иштери жана иш-чаралар аткарылгандан кийин жүргүзүүгө уруксат берилет.
Даярдоочу газга кооптуу жумуштар (үйлөтүү, жабдууну өчүрүү, бүтөгүчтөрдү орнотуу, газдан тазалоо ж.б.) ушул Эреженин талаптарына ылайык жүргүзүлөт.
458. Газ өткөргүчтүн оңдолуучу участогундагы газды үйлөтүүчү свеча аркылуу чыгарып салууга болот.
Мында механизмдер корголуучу зонанын чегинен тышкаркы шамал жүргөн тарабында болушу керек.
459. От менен аткарылуучу иштердин ордун өрт өчүрүүчү каражаттар менен камсыздоо зарыл.
460. Жабдууну, күйүүчү конструкцияларды коргоо үчүн ширетүүчүлөрдүн жумуш орду металл экрандар, зарыл учурда асбесттүү жабуулар менен тосулууга тийиш.
461. От менен аткарылуучу иштерди жүргүзүүдө суюлтулган көмүр-суутек газдарды кабыл алууга жана автомобилдерди газ менен толтурууга жол берилбейт.
Суюлтулган көмүр-суутек газдарды пайдалануучу объекттин аймагына автомобилдердин киришине тыюу салуучу жол белгилерди орнотуу керек.
462. От менен аткарылуучу иштерди жүргүзүүгө жооптуу адам жумушчуларды коопсуздук чараларын сактоо жөнүндө нускамалоого милдеттүү.
463. Имараттын ичинде жумуштарды жүргүзүүдө иш жүрүп жаткан жерге жат адамдарды киргизбөө үчүн имараттын сыртында посттор коюлат.
464. Жумуш убагында киргизүүчү-чыгаруучу желдетүү иштеп турушу керек.
465. От менен аткарылуучу иштерди жүргүзүүнүн алдында жана иштеп жаткан учурда имараттын ичинде, ошондой эле жумуш аткарылган жерден 20 метр зонадагы аймакта ар бир 10 мүнөткө жетпеген убакыт сайын аба чөйрөсүндөгү суюлтулган көмүр-суутек газдардын болушуна талдоо жүргүзүү зарыл.
Абада суюлтулган көмүр-суутек газдардын буулары пайда болгон учурда концентрациясына карабастан от менен аткарылуучу иштер токтотулушу керек.
466. Жумуш аяктагандан кийин жумуш аткарылган жер каралып чыгат, күйүүчү конструкцияларга суу чачылат, өрт чыгуу мүмкүндүгүн жокко чыгаруучу чаралар көрүлөт.
467. От менен аткарылуучу иштер аяктагандан кийин күйүүчү газы жана кычкылтеги бар баллондор жумуш аткарылган жерден туруктуу сактоочу жайга которулат.
13-глава. ЕАЭБ ТР 036/2016 жана ТС ТР 018/2011 техникалык регламенттерине ылайык суюлтулган көмүр-суутек газдарды ташуучу транспорт каражаттарына талаптар
§ 1.1,8 мегапаскалга чейинки басымдагы суюлтулган көмүр-суутек газдарды ташуучу транспорт каражаттарына талаптар
468. Суюлтулган көмүр-суутек газдарды ташууда коштоочу документтер төмөнкүдөй маалыматтарды камтууга тийиш:
- кооптуу жүктүн классы;
- шашылыш чаралардын коду;
- кооптуулук белгилери;
- өрт жарылуу кооптуулугу жөнүндө маалыматтар;
- тирүү организмдер үчүн кооптуулугу жөнүндө маалыматтар;
- зыянсыздандыруу ыкмалары жана каражаттары;
- от өчүрүү каражаттары.
469. Суюлтулган көмүр-суутек газдар куюлган идишке ЕЭК ООН № 105-04 эрежесинде каралган маалыматтарды камтыган тиешелүү маркалоо жазылат.
470. Автоцистерналардын идиштеринин коопсуздук талаптарына шайкештиги Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттин мамлекеттик текшерүү органы берген документ менен ырасталат.
471. Автоцистернанын бардык башкаруу тетиктери кол менен башкарууга жеткиликтүү жана эксплуатациялоо процессинде ыңгайлуу болушу керек. Бардык вентилдер толук жылчыксыздыкты камсыздап, маховик аркылуу жеңил ачылып, жабылышы (бир колдун күчү менен) керек. Мында аларга карата колдонулган күч 4,9 Ньютон-метрден ашпоого тийиш.
472. Башкаруу тетиктери транспорттун солкулдоосунан улам, башкаруунун өз алдынча иштеп кетүү мүмкүндүгүн жокко чыгарып, даана түшүндүрүүчү жазууларга ээ болушу керек.
473. Газды ташууда жана сактоодо штуцерге бүтөгүчтөр коюлушу керек.
474. Төмөнкүлөргө жол берилбейт:
- газды ташууда жана сактоодо штуцерлердеги бүтөгүчтүн жоктугу;
- газды автоцистерналарда ташуу жана сактоо учурунда бекитүүчү арматураны пломбалоо мүмкүндүгүн камсыздоочу коргоочу каптоочтун жоктугу же ишке жараксыз абалы.
475. Газды автоцистерналарда ташуу жана сактоо учурунда бекиткич арматура пломбалоо мүмкүндүгүн камсыздоочу коргоочу каптооч менен жабылып турушу керек.
476. Идиштеги басымдын белгиленген ченемден ашып кетишин болтурбоо үчүн ар бир идиште экиден сактагыч клапандар орнотулат.
477. Төгүүчү жана куюучу өткөргүч түтүктөр аларды ажыратуунун алдында жеңчелердеги басымды үйлөтүүчү свечага чыгарган түзүлмөлөргө ээ болушу керек. Ар бир идиштин экиден кем эмес түзүлмөлөрү болот.
478. Токтоочу жайда автоцистерналардын өз алдынча жылып кетүүсүн болтурбоо үчүн автоцистернанын конструкциясында дөңгөлөк астына коюлуучу жылып кетүүгө каршы таянычтар, ошондой эле таяныч түзүлмөлөрдүн жумушчу абалына фиксаторлор каралышы керек.
479. Ордунан жылганда сүдүрөгүчтүн ээр-илгич түзүлмөсү иштебей калган учурда автоцистернанын алдыңкы бөлүгүнүн түшүп кетүүсүн болтурбоо үчүн автоцистернанын алдыңкы таянычына сактагыч чынжыр же трос орнотулушу керек.
480. Электр коопсуздугун камсыздоо:
- автоцистернанын бардык жабдыгы жерге кийирилиши керек;
- резина кездемелүү жеңчелердин штуцерлери бири-бирине электр чынжырынын туюктугун камсыздоочу каңдалган металл бириктиргич менен туташтырылат;
- ар бир автоцистернанын идиш менен электр өткөргүчтө бириккен, жүктөлбөгөн автоцистернада 200 милиметрден кем эмес аянттагы жерге тийишүүнү камсыз кылган узундуктагы жерге кийирилген чынжырчасы жана жерге тереңдетүү же жерге кийирүүчү контурга бириктирүү үчүн учунда казык-кыпчыгычы бар жерге кийирилген троссу болушу керек.
481. Өрт өчүргүчтөр айдоочунун кабинасынан сырткары орнотулат, кронштейндердин кулпу өрт өчүргүчтөрдү катуу бекемдеп, зарыл болгон учурда аларды тез чыгарып алууну камсыздашы керек.
482. Күндүн радиациясынын таасиринде автоцистернадагы газдын эсептелген температурадан жогору ысып кетишин алдын алуу максатында идиштин сырткы бети күмүш түстүү эмаль менен сырдалышы керек.
483. Арматуранын айырмаланган түсүнүн коопсуздук талаптарына шайкештиги өнөр жай коопсуздугу чөйрөсүн контролдоо жана көзөмөлдөө жаатындагы аткаруучу бийлик органы тарабынан берилген документ менен ырасталат.
484. Идиштин эки жагында алдыңкы түбүндөгү тигишинен арткы түбүндөгү тигишине чейин идиштин узунунан кеткен огунан төмөн карай кенендиги 200 миллиметр болгон кызыл түстөгү айырмалануучу тилкелер жазылат. Айырмалануучу тилкелердин үстүндө "ПРОПАН - ӨРТ КООПТУУ" деген кара түстөгү жазуу болушу керек. Идиштин арткы түбүндө "ӨРТ КООПТУУ" деген жазуу болот. Жазуулар орус тилинде жана Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттин мамлекеттик тилинде кайталанып жазылышы мүмкүн.
485. Отун катары суюлтулган нефти газын же компримияланган жаратылыш газын пайдалануучу М2 жана МЗ категориясындагы транспорт каражаттарына ЕЭК ООН № 67 жана № 110 эрежесинде каралган, ак түс менен жээктелген жашыл түстөгү ромб түрүндөгү таанытуучу белгилер коюлат. Белгинин ортосунда "СНГ" же, "КЖГ" деген тамгалар жайгаштырылат. Ромбдун горизонталдык диагоналы 110-150 миллиметр, ромбдун вертикалдык диагоналы 80-110 миллиметр, кыюунун жазылыгы 4-6 миллиметр, тамгалардын бийиктиги - 25 миллиметрден жогору, тамгалардын жазылыгы - 4 миллиметр. Таанытуучу белгилер транспорт каражатынын алдында жана артында, ошондой эле оң жаккы бортунда, эшиктердин сыртында жайгаштырылат.
Эскертүү:
М2 категориясы - жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн колдонулуучу, айдоочунун орундугунан тышкары сегизден ашык отургучу бар техникалык жол берилген максималдуу массасы 5 тоннадан ашпаган транспорт каражаттары.
МЗ категориясы - жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн колдонулуучу, айдоочунун орундугунан тышкары сегизден ашык отургучу бар техникалык жол берилген максималдуу массасы 5 тоннадан жогору болгон транспорт каражаттары.
486. Маркалоо так жана даана, сырткы чөйрөнүн таасиринен сактоону камсыз кылган ыкма менен аткарылышы керек.
§ 2. Кооптуу жүктөрдү ташуучу транспорт каражаттарына талаптар
487. Кооптуу жүктөрдү ташуучу транспорт каражаттарынын конструкциясы ЕЭК ООН № 105-04 эрежесине ылайык келиши керек.
488. 1957-жылдын 30-сентябрында Женевада түзүлгөн Кооптуу жүктөрдү жол менен эл аралык ташуу жөнүндө европа келишимине В-тиркемесинин 9.3-9.8 бөлүгүндө каралган транспорт каражатынын конструкциясына жана жабдуусуна талаптарды ырастоо үчүн аккредитацияланган сыноочу лабораторияда типтүү үлгүдөгү сыноолор өткөрүлөт; транспорт каражатын жасап чыгаруучу жогоруда аталган сыноолордун негизинде жасап чыгарылуучу транспорт каражаттарынын сыналган үлгүгө шайкештигин күбөлөндүрүүчү шайкештик жөнүндө декларацияны кабыл алат жана аны сертификациялоо боюнча аккредитацияланган органда каттайт.
§ 3. Газ баллондук транспорт каражаттарынын газ системасына, аны жайгаштырууга жана орнотууга талаптар
489. Ар бир газ баллонунун паспорту болушу керек, аны жасап чыгаруучу тариздейт.
490. Транспорт каражатында орнотулган ар бир газ баллонунда өчпөй турган төмөнкүдөй маалыматтар жазылышы керек: сериялык номери; "СНГ" же "КЖГ" белгиси.
491. Адистештирилген уюмдардын транспорт каражаттарындагы газ баллондук жабдуу баллондорду жасап чыгаруучу белгилеген жана баллондун (баллондордун) паспортунда көрсөтүлгөн баллондорду күбөлөндүрүүнүн мезгили менен дал келүүчү мезгилдүү сыноодон өткөрүлөт. Мезгилдүү сыноолордун жыйынтыктары боюнча адистештирилген уюмдар транспорт каражатында орнотулган газ баллондук жабдуунун мезгилдүү сыноодон өткөндүгү тууралуу күбөлүк жазышат.
492. Эксплуатациялоо мезгилинде орнотулган газ баллондук жабдуунун конструкциясына жана комплекттүүлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт.
493. 489, 491, 492-пункттарындагы документтердин Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер үчүн бирдиктүү формасы Евразия экономикалык бирлигинин комиссиясынын чечими менен бекитилет. Аталган документтер транспорт каражатынын техникалык абалын текшерүүдө көрсөтүлөт.
494. Төмөнкүлөргө жол берилбейт:
- мезгилдүү күбөлөндүрүүсүнүн мөөнөтү өткөн газ баллондорун колдонууга;
- газ баллондук жабдуу компоненттеринин бекиткичтеринин бузулушуна;
- газ баллондук жабдуунун элементтеринен жана алардын бириктирилген жерлеринен газдын чыгууларына.
|
| Тиркеме |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 19-июнундагы № 298 токтомуна |
Суюлтулган көмүр-суутек газдарды пайдалануучу объекттер үчүн коопсуздук ЭРЕЖЕЛЕРИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-январындагы № 24 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Суюлтулган көмүр-суутек газдарды пайдалануучу объекттер үчүн коопсуздук эрежелери (мындан ары - Эрежелер) 1,6 мегапаскалдан көп эмес ашыкча басымдагы суюлтулган көмүр-суутек газдарды сактоо, ташуу жана пайдалануу объекттерин долбоорлоого, курууга, монтаждоого, реконструкциялоого жана экплуатациялоого өнөр жай коопсуздугунун талаптарын белгилейт, суюлтулган көмүр-суутек газдарды сактоо жана сатуунун куст базаларынын, газ толтуруучу станциялардын жана пункттардын, автомобилдик газ куюу станцияларынын суюлтулган көмүр-суутек газдар менен автотранспорт каражаттарын толтурууда өнөр жай коопсуздугун камсыздоо боюнча талаптарды регламенттейт.
2. Ушул Эрежелерде төмөнкүдөй түшүнүктөр жана аныктамалар колдонулат:
автомобилдик газ куюу станциясы - суюлтулган көмүр-суутек газдар менен транспорт каражаттарынын отун системасынын баллондорун толтуруу үчүн гана арналган технологиялык станция;
түркүн автомай куюучу станция - аймагында эки жана андан ашык майдын түрү бар, алардын ичинде суюк мотор майын (бензин жана дизель майы), суюлтулган көмүр-суутек газдарды куюу каралган жана резервуарлары жер алдында жайгашып, аларды май таркатуучу колонка аркылуу таркатуу менен мүнөздөлгөн автомай куюучу станция;
суюлтулган көмүр-суутек газдарды пайдалануучу объект - суюлтулган көмүр-суутек газдарды сактоону жана (же) сатууну, суюлтулган көмүр-суутек газдарды газ түтүктөрү аркылуу пайдалануучуларга ташып жеткирүүнү, ошондой эле кооптуу өндүрүштүк объекттерде отун катары пайдаланууну камсыз кылуучу өндүрүштүк жана коммуналдык-өндүрүштүк багыттагы объект;
өндүрүштүк багыттагы объект - суюлтулган көмүр-суутек газдарды сактоочу жана/же сатуучу, газ өткөргүчтөр аркылуу ташып жеткирүүчү объект, анын ичинде суюлтулган көмүр-суутек газдарды сактоочу жана сатуучу куст базалары жана газ толтуруучу станциялар, газ толтуруучу пункттар, автомобилдик газ куюучу станциялар, регазификация (бууландыруучу) станциялары, өнөр жай жана (же) коммуналдык-өндүрүштүк багыттагы резервуардык жабдуулар, өнөр жайда колдонулуучу топтолгон баллон орнотмолору, тышкы газ өткөргүчтөр, ички газ өткөргүчтөр жана кооптуу өндүрүштүк объекттердеги газ пайдалануучу орнотмолор, ошондой эле өндүрүштүк багыттагы имараттар жана курулмалар, резервуарлар, арматура жана контролдук-өлчөгүч приборлор;
коммуналдык-өндүрүштүк багыттагы объект - резервуардык орнотмолордон газ керектөөнү камсыздоочу объект, анын ичинде имараттын алдындагы ажыратуучу түзүзүлүшкө чейинки жана/же турак жай-коммуналдык чарбадагы имараттын тосмо конструкцияларына чейинки сырткы газ өткөргүчтөр;
газды керектөө объектиси - бир өндүрүштүк аймакта (аянтта) жайгашкан ички газ өткөргүчтөрдү, газ жабдууларын жана газ пайдалануучу орнотмолорду, коопсуздуктун, бөгөттөөнүн, сигнализациянын жана газдын күйүү процессин жөндөөчү автоматикасын камтыган өндүрүштүк жана технологиялык схема;
техникалык түзүлүштөр - резервуарлар, толтуруучу түзүлүштөр (куюучу колонкалар, каруселдик жана таразалоочу жабдыктар), насостор, компрессорлор, бууландыруучу жабдыктар, газ өткөргүчтөр, газ түтүктөрүн жана резервуарларды электрхимиялык коррозиядан сактоочу электрхимиялык коргоо жабдыктары, резервуарлардагы редукциялык баш бөлүктөр, басымды жөндөгүчтөр, автоматика, коргоо, бөгөттөө, сигнализация системасы, контролдоп өлчөгүч приборлор, жардамчы түзүлүштөр, ошондой эле арматура (задвижкалар, клапандар, вентилдер ж.б.).
2-глава. Иш чөйрөсү жана колдонуу тартиби
3. Суюлтулган көмүр-суутек газдарды пайдалануучу объекттерди долбоорлоо, куруу, кеңейтүү, реконструкциялоо, техникалык жактан жаңылап куралдандыруу, консервациялоо жана жок кылуу, ошондой эле, суюлтулган көмүр-суутек газдарды пайдалануучу объекттерде колдонулуучу техникалык түзүлүштөрдү жасоо, курап чогултуу, ишке салуу, тейлөө жана оңдоп түзөтүү боюнча иш Кыргыз Республикасынын курулуш ченемдери жана эрежелери, башка колдонуудагы ченемдик укуктук актылар жана ченемдик техникалык документтер менен жөнгө салынат.
Автомай куюу станцияларын, анын ичинде комплекстүү автомай куюу станцияларын жана автогаз куюу станцияларын жайгаштырууга, долбоорлоого жана курууга карата өрткө каршы талаптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-августундагы № 381 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында өрт коопсуздугунун эрежелери, "Автомай куюу станциялары. Өрткө каршы ченемдер" СН 21-02:2018 жана " Өрт коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен жөнгө салынат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-январындагы № 24 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Суюлтулган көмүр-суутек газдарды ташууга арналган транспорт каражаттарына, аларды маркалоого, транспорт каражаттарынын баллондон газ берүү системасына, аны жайгаштырууга жана орнотууга коюлган талаптар "Суюлтулган көмүр-суутек газдарга, аларды отун катары пайдалануу үчүн талаптар" ТР ЕАЭС 036/2016 Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламентинин жоболоруна жана "Дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө" ТР ТС 018/2011 Бажы бирлигинин техникалык регламентинин жоболоруна ылайык кабыл алынган.
5. Эрежелер төмөнкүлөргө жайылтылат:
- суюлтулган көмүр-суутек газдарды сактоочу базаларга жана газ толтуруучу станцияларга;
- газ толтуруучу пункттарга;
- стационардык автомобилдик газ куюучу станцияларга;
- көчмө автомай куюучу станцияларынан автотранспортко жана баллондорго куюучу, белгиленген тартипте эксплуатацияга киргизилген аянтчаларга;
- айылдардагы жана кооптуу өндүрүштүк объекттердеги резервуардык орнотмолорго, ошондой эле кооптуу өндүрүштүк объекттердеги топтук баллондуу орнотмолорго;
- суюлтулган газдарды ташуучу темир жол жана автотранспорттук цистерналарга;
- суюлтулган көмүр-суутек газдардын суюк жана бууланган фазадагы сырттагы газ өткөргүчтөрүнө;
- болоттон газ түтүктөрүн жана резервуарларды электрхимиялык коррозиядан коргоо каражаттарына;
- суюлтулган көмүр-суутек газдарды сактоо, ташуу жана отун катары пайдалануучу өнөр жай, айыл чарба жана башка өндүрүштөгү сырткы жана ички газ өткөргүчтөргө жана газ жабдууларына (техникалык түзүлүштөргө);
- өндүрүштүк, жылытуу-өндүрүштүк жана жылытуучу отканалардагы сырткы жана ички газ өткөргүчтөрүнө жана газ жабдууларына (техникалык түзүлүштөргө);
- суюлтулган көмүр-суутек газдарды пайдалануудагы коопсуздук, жөнгө салуу жана коргоо каражаттары, ошондой эле технологиялык процесстерди автоматтык башкаруу системаларына;
- суюлтулган көмүр-суутек газдарды газ өткөргүчтөрдөгү имараттарга жана курулмаларга.
6. Эрежелер төмөнкүлөргө жайылтылбайт:
- суюлтулган көмүр-суутек газдарды сырье жана отун катары пайдалануучу химиялык, нефти химиялык, нефти казуучу жана нефти кайра иштетүүчү өндүрүштөрдүн технологиялык (аянт ичиндеги) газ өткөргүчтөрүнө, терминалдарга, резервуарларга жана газ жабдууларына, ошондой эле аларды жасап чыгаруучу жана өндүрүштүк жана/же коммуналдык-өндүрүштүк багыттагы суюлтулган көмүр-суутек газдарды пайдалануучу объекттер үчүн жөнөтүүчү өндүрүштөргө;
- суюлтулган көмүр-суутек газдарды сактоочу жана аларды суу кемелери менен ташуу үчүн куюу-куюп алуу терминалдарына;
- суюлтулган көмүр-суутек газдарды куюу-куюп ала турган темир жол эстакадаларына, ошондой эле эстакадаларга карай темир жолдоруна;
- металлургиялык өндүрүштөр үчүн технологиялык (аянт ичиндеги) газ өткөргүчтөргө, резервуарларга жана газ жабдууларына;
- көчмө газ пайдалануучу орнотмолорго, анын ичинде тонарларга, ошондой эле автомобиль жана темир жол транспортунун, учуучу аппараттардын, суу кемелеринин газ жабдууларына;
- аскердик багыттагы атайын газ жана газ пайдалануучу жабдууга;
- эксперименттик газ өткөргүчтөргө жана газ жабдуунун тажрыйбалык үлгүлөрүнө;
- газ-аба кошулмасынын жарылуу энергиясын пайдалануучу жана/же коргоочу газдарды алууга багытталган орнотмолорго;
- ички газ өткөргүчтөргө жана суюлтулган көмүр-суутек газдарды тамак даярдоо же лабораториялык максатта пайдалануучу администрациялык, коомдук жана турмуш-тиричилик имараттарынын газ жабдууларына;
- коммуналдык-тиричилик багытындагы топтук жана жекече баллондук орнотмолорго;
- администрациялык, коомдук жана турмуш-тиричилик имараттарын от казандар, жылыткыч генераторлор менен автономдук жылытуу жана ысык суу менен камсыздоо системаларына, жылуулук энергиясын өндүрүштүк максатта иштеп чыгуусуз, кызмат көрсөтүүсүз жана орнотулган жабдуунун суммалык жылытуучу кубаттуулугу 100 кВт жана андан аз болгондо;
7. Жарылуу коркунучу бар кошулмаларды жаратуучу заттарды алуу, сактоо жана сатуу иши (баллондорду кысылган жана суюлтулган газдар менен толтуруу жумуштарын аткаруучу толтуруу станциялары) Кыргыз Республикасынын лицензиялык-уруксат берүү системасынын чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык лицензияланууга тийиш.
8. Транспорт каражаттарынын конструкциясына суюлтулган көмүр-суутек газдарды отун катарында пайдалана тургандай кылып өзгөртүп кайра жабдуу боюнча иш Кыргыз Республикасынын транспорт каражаттарын кайра жабдуу боюнча колдонуудагы эрежелерге ылайык жөнгө салынат.
9. Авария болгон ар бир факты боюнча, анын себептерине "Кооптуу өндүрүштүк объекттеринин өнөр жай коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык техникалык иликтөө жүргүзүлүшү керек.
10. Суюлтулган көмүр-суутек газдарды пайдалануучу кооптуу өндүрүштүк объекттерди эксплуатациялаган уюмдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-июнундагы № 356 токтому менен бекитилген Объекттерди кооптуу өндүрүштүк объекттердин мамлекеттик реестринде каттоо жана мамлекеттик реестрди жүргүзүү жөнүндө жобого ылайык аларды мамлекеттик реестрде каттоого милдеттүү.
3-глава. Суюлтулган көмүр-суутек газдарды пайдалануучу объекттердеги кызмат адамдарына жана тейлөөчү кызматкерлерге карата талаптар
11. 5-пунктта аталган суюлтулган көмүр-суутек газдарды пайдалануучу кооптуу өндүрүштүк объекттерде долбоорлоо, куруу, монтаждоо жана иштетүү боюнча, алардын курулушуна, жабдуусунун (техникалык түзүлүштөрүн) монтаждоосуна, ишке даярдоосуна жана сыноосуна техникалык көзөмөл жүргүзүү боюнча, газ жабдуусун (техникалык түзүлүштөрүн) жасоо, суюлтулган көмүр-суутек газдарды пайдалануучу кооптуу өндүрүштүк объекттери үчүн жетекчилерди жана адистерди даярдоо жана кайра даярдоо боюнча жумуштарды аткарышкан ишкананын жетекчилери жана адистери аттестациядан (белгиленген өнөр-жай коопсуздук боюнча талаптарын билүүсүн текшерүүдөн ) өтүүгө тийиш.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-январындагы № 24 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Жумушчулар ишканалардын жетекчилери тарабынан бекитилген иштердин коопсуз методдору боюнча нускамалардын талаптарына ылайык окутуудан жана жумуштарды аткаруунун коопсуз методдору жана ыкмалары боюнча билимин текшерүүдөн өтүшү керек.
13. Долбоорлоо жана куруу-монтаждоо жумуштарын контролдоо Кыргыз Республикасынын архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба чөйрөсүндөгү аткаруу бийлигинин органы газ менен камсыздоо системаларын долбоорлоо жана куруу жаатындагы ченемдик укуктук актыларды талаптарын эске алуу менен жүргүзүлөт.
14. Өндүрүштүк контролдоону уюштуруу жана ишке ашыруу үчүн жоопкерчиликти уюмдун жетекчиси жана жетекчинин чечими менен ушундай милдеттер жүктөлгөн адамдар тартат.
4-глава. Суюлтулган көмүр-суутек газдарды пайдалануучу объекттерди долбоорлоо
15. Кооптуу өндүрүштүк объекттерди, анын ичинде суюлтулган көмүр-суутек газдарды пайдалануучу объекттерди жана алардын элементтерин куруу, кеңейтүү, реконструкциялоо, техникалык жаңылап жабдуу, консервациялоо жана жок кылуу боюнча долбоордук документтер "Кооптуу өндүрүштүк объекттердин өнөр жай коопсуздугу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык өнөр жай коопсуздугунун экспертизасынан өтүүгө тийиш.
16. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-январындагы № 24 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
17. Колдонуусунда 200 тонна жана андан ашык суюлтулган көмүр-суутек газы болгон, суюлтулган көмүр-суутек газдарды пайдалануучу объекттерди долбоорлоодо колдонуучу техникалык чечимдер (пландоочу жана технологиялык) өнөр жай коопсуздугун камсыздоочу иш-чараларды камтышы керек, анын ичинде:
- авариялардын тобокелдигин жана ага байланыштуу коркунучтарды ар тараптуу баалоо;
- авариялардын алдын алуу боюнча көрүлгөн чаралардын жетиштүүлүгүн талдоо;
- кооптуу өндүрүштүк объектини, өнөр жай коопсуздугунун талаптарына ылайык иштетүүгө, ошондой эле авариялардын кесепеттерин локализациялоого жана жоюуга даярдыгын баалоо, жумуштарды уюштуруунун регламенти;
- авариялардын кесепеттеринин масштабын азайтууга багытталган иш-чараларды иштеп чыгуу.
18. Долбоорлордо газ өткөргүчтөрдү жер алдында тартып келүүнү караштыруу керек. Газ өткөргүчтөрдү жер үстүнөн тартып келүү, аны жер алдынан тартып келүү мүмкүн эместигин негиздегенде, газ толтуруучу станциялардын, газ толтуруучу пункттардын жана автомобилдик газ куюучу станциялардын аймактарында жол берилет.
20. Резервуардык (жасалма бууландыргычы бар) жана топтошкон баллондук орнотмолордон чыккан төмөнкү басымдагы суюлтулган көмүр-суутек газдардын буу фазасынын жер астындагы газ өткөргүчтөрүн жайгаштыруунун тереңдигин, газ бууларынын конденсацияланышын болтурбоо максатында, топурактын тоңуучу деңгээлинен төмөн болбогондой кылып караштыруу керек.
21. Газ менен жабдуунун сырттагы системаларын куруу үчүн көмүртек 0,25% ашпаган, күкүрт 0,056%, фосфор 0,046% камтуучу жакшы ширетилген болоттон түз жана спираль бириктирүүсү менен жасалган ширетилген жана бириктирбей даярдалган түтүктөрдү колдонуу керек.
Түтүктүн калыңдыгы жер астындагы жана жер үстүндөгү бөлөнүүчү газ өткөргүчтөр үчүн 3 миллиметрден кем эмес, жер астындагы жана жер үстүндөгү бөлөнбөөчүлөр үчүн - 2 миллиметр болушу керек.
Көмүртектүү жана аз легирленген темирлер үчүн көмүртектин эквиваленти 0,46%дан ашпашы керек. Түтүктүн полиэтилен материалына, маркалоосуна жана сыноо ыкмасына талаптар мамлекеттик стандартка дал келиши керек.
Полиэтилен түтүктөрүн минимумдук узак мөөнөттүү бекемдиги 8,0 мегапаскалдан кем эмес полиэтиленден жасалган төмөнкү басымдуу резервуардык орнотмолордун суюлтулган көмүр-суутек газдардын буу фазасындагы газ өткөргүчтөрүн курууда колдонууга жол берилет.
22. Резервуардык орнотмолорду долбоорлоодо: резервуарлар, суюк жана буу фазасындагы газ өткөргүчтөр, бекитүүчү арматура, сактоочу бекиткич клапандар, газ басымынын регуляторлору, сактоочу таштап жиберүүчү клапандар, контролдоо-өлчөөчү приборлор каралышы керек. Зарыл болгон учурда (климаттык шартта) резервуардык орнотмонун курамында буууландыруучу орнотмолор каралышы керек.
23. Топтошкон баллондук орнотмонун курамында суюлтулган көмүр-суутек газдар үчүн баллондор, бекитүүчү арматура, газ басымынын регулятору, сактоочу бекиткич клапандар, сактоочу таштап жиберүүчү клапандар, манометр каралышы керек.
24. Калктуу конуштарда жайгашкан автогаз куюучу станцияларда, түркүн автомай куюучу станцияларда суюлтулган көмүр-суутек газдарды сактоо үчүн резервуарлар 0,5 метрден кем эмес топуракка көмүлгөн калыңдыкты камсыздап, жер алдында жайгашуусу керек.
25. Жер астындагы резервуарларга (түтүктөргө) толугу менен же жарым-жартылай жердин үстүндө жайгашкан, жогорку түзүүдөн жок дегенде 0,5 м кем эмес өйдө топурак менен жабылган, туурасы иштөө шартында ошол жабылганын бузбоону камсыз кылган, же башка өрт таасиринен ушундай эле жылытуу изоляциясын камсыз кылуучу күйбөгөн материал менен корголгон жер үстүндөгү резервуарларды (түтүктөрдү) теңдөөгө жол берилет. Мындай учурда резервуарды (түтүктү) колдонуу аралыгында резервуар (түтүк) менен сактоочу материалдын ортосундагы боштуктардын болбошун камсыз кылуу керек.
Ошондой эле калктуу конуштарынын аймагынан тышкары жана турак жай зонасынан 200 м ден ашык аралыкта калктуу конуштардын аймагынан сырткары жайгашкан автогаз куюучу станциялардагы, көп түрдүү автомай куюучу станциялардагы жердин астында жайгашкан резервуарларга жер үстүндөгү жайгашкан резервуарларды теңдештирүүгө жол берилет.
26. Калктуу конуштардын чегинде жайгашкан авгогаз куюучу станцияларда суюлтулган көмүр-суутек газдар үчүн резервуарлардын жалпы сыйымдуулугу 100 м3 ашык болбошу керек.
Калктуу конуштардын аймагынан тышкары жайгашкан автогаз куюучу станцияларда жердин астында жайгашкан резервуарлардын жалпы сыйымдуулугу 150 м3 ашык болбошу керек, ал эми жер үстүндөгү жайгашкан резервуарлардын сыйымдуулугу 50 м3 жогору болбойт.
27. Калктуу конуштардын чегинде жайгашкан түркүн автомай куюучу станцияларда суюлтулган көмүр-суутек газдар үчүн резервуарлардын жалпы сыйымдуулугу 20 м3, ал эми бирөө - 10 м3 ашык болбошу керек жана суюк мотор май (бензин, дизель) үчүн жалпы резервуарлардын сыйымдуулугу 100 м3 ашык болбошу керек.
Калктуу конуштардын аймагынан тышкары жайгашкан түркүн автомай куюучу станцияларда суюлтулган көмүр-суутек газдар үчүн резервуарлардын жалпы жана бирдик сыйымдуулугун 2 эседен ашык эмес көбөйтүүгө жол берилет. Калктуу конуштардын аймагынан тышкары жайгашкан түркүн автомай куюучу станцияларда суюк мотор май (бензин, дизель) үчүн резервуарлардын жалпы сыйымдуулугу 150 м3 ашык болбошу керек.
Суюлтулган көмүр-суутек газдар үчүн резервуарлардын жалпы жана бирдик сыйымдуулугу тышкы өрт өчүрүүгө суу берүүнү камсыздоодо 2 эседен ашык эмес көбөйтүүгө жана ушул түркүн автомай куюучу станцияда колдонулган эң көп резервуардан (анын ичинде автоцистернадан) суюлтулган көмүр-суутек газдар толук күйүп кетүү убактысы арылыгындагы талап кылынган чыгымдын ченеми менен сугарууга жол берилет.
28. Сактоочу таштап жиберүүчү клапандын орнотмосу ар бир резервуарда каралышы керек, ал эми резервуарларды топторго (суюк жана буу фазалары боюнча) бириктирүүдө - ар бир топтун резервуарынын биринде. Сактоочу таштап жиберүүчү клапандын өткөрүү жөндөмү эсептөө жолу менен аныкталат.
29. Жылытылган жайларда жайгаштырылган топтогу баллондук орнотмолордон жана жер астындагы резервуардык орнотмолордон жер үстүнөн газ өткөргүчтөрүн тартууда долбоор боюнча газ өткөргүчтөрдү (зарылчылык болсо) күйбөс материалдар менен жылуулап изоляциялоо жана жылытуу каралышы мүмкүн.
30. Суюлтулган көмүр-суутек газдардын резервуарларын жер астынан жана жер астындагы болот газ өткөргүчтөрүн долбоорлоонун техникалык тапшырмасына аларды электрхимиялык коррозиядан коргоо боюнча бөлүм киргизилиши керек.
31. Газ өткөргүчтөрдү жана резервуарларды коррозиядан коргоо боюнча долбоордук-сметалык документтердин көлөмү жана мазмуну долбоорлоо стадиясында аныкталат.
32. Суюлтулган көмүр-суутек газдардын жер астындагы болот газ өткөргүчтөрүн жана резервуарларын, полиэтилен газ өткөргүчтөрүнүн, футлярлардын болот кошмо бөлүктөрүн электрхимиялык коррозиядан коргоо өтө күчөтүлгөн изоляциялык коргоочу ором аркылуу жасалышы керек, ал эми жогорку коррозиялык агрессивдүү жер кыртышында же адашкан токтордун кооптуу таасиринде - электрхимиялык коргоонун кошумча каражаттары аркылуу.
33. Полиэтилен газ өткөргүчтөрүнүн линиялык бөлүгүндөгү 10 метрден ашпаган болот кошмо бөлүктөр үчүн жана имараттарга болот киргизгичи бар (киргизгичтерде электризоляциялоочу фланецтер болсо) полиэтилен-болот бириктирүү участокторунда электрхимиялык коргоонун каралбоосуна жол берилет.
Мындай учурда траншеянын бүт узундугу жана тереңдиги кум менен көмүлүшү керек.
34. Электрхимиялык коррозиядан коргоо долбоорун иштеп чыгуу, заказ берүүчүнүн иштетүүчү (газ бөлүштүрүүчү) уюм менен макулдашылган техникалык тапшырмасынын негизинде аткарылышы керек.
35. Жер бетиндеги жана жер үстүндөгү газ өткөргүчтөр, жылуулап коргогучу бар газ өткөргүчтөрдү кошпогондо, ошондой эле жер үстүндөгү резервуарлар, коргоочу каптоочтор жана суюлтулган көмүр-суутек газдардын топтук орнотмолорунун шкафтары курулуш аймагындагы сырткы абанын эсептик температурасында, сырткы иштер үчүн колдонулуучу ачык түстөгү боёктор, лактар же эмалдар менен 2 сыйра боёлушу керек.
36. Суюлтулган көмүр-суутек газдардын газ өткөргүчтөрү жана резервуарлары коопсуз эксплуатацияны камсыздоо үчүн бекитилүүчү жана жөндөөчү арматура, сактоочу түзүлүштөр, коргоочу, автоматташтыруучу, бөгөттөөчү жана өлчөгүч каражаттар менен жабдылышы керек.
37. Бекитүүчү жана жөндөөчү арматура, сактоочу түзүлүштөр, коргоочу, автоматташтыруучу, бөгөттөөчү жана өлчөгүч каражаттардын саны жана жайгаштыруу орундары ушул Эрежелердин жана газ өткөргүчтөрдү жана газ жабдыктарын (техникалык түзүлүштөрдү) коопсуз тейлөөнү жана оңдоону камсыз кылуу талаптарын эсепке алуу менен долбоорлоочу ишкана тарабынан каралышы керек.
38. Суюлтулган көмүр-суутек газдарын газ пайдалануучу орнотмолору жаратылыш газын отун катары пайдаланууда каралган технологиялык коргоонун, бөгөттөгүчтүн жана сигнализациянын системалары менен жабдылышы керек.
39. Бекитүүчү арматура климаттын шарттарын жана газдын жумушчу басымын эсепке алуу менен болоттон колдонулушу керек.
40. Сактоочу бекитүүчү клапандардын конструкциясы ГОСТ 9544-2005 "Түтүк өткөргүчтүн бекитүүчү арматурасы. Жапкычтын жылчыксыздыгынын нормалары" талаптарына ылайык келип, суюлтулган көмүр-суутек газдарга туруктуулукту, бекемдикти камсыздап, жылчыксыздыгы боюнча "А" классынан төмөн болбоого тийиш; бекитүүчү арматуранын конструкциясы мамлекеттик стандарттардын талаптарына жооп берип, суюлтулган көмүр-суутек газдарга туруктуулукту, бекемдикти камсыз кылышы керек жана жылчыксыздыгы боюнча "В" классынан төмөн болбошу керек.
5-глава. Курулуш
§ 1. Суюлтулган көмүр-суутек газды пайдалануучу объекттерди куруу, куруу-монтаждоо жумуштарын аткарууну уюштуруу жана контролдоо
41. Газ толтуруучу станциялар, газ толтуруучу пункттар жана автотранспорттук газ куюучу станциялар, резервуардык жана топтогу баллондук орнотмолорду жана суюлтулган көмүр-суутек газдарды пайдалануучу башка объекттерди куруу, реконструкциялоо, техникалык кайра жабдуу ушул Эрежелердин талаптарын эске алуу менен иштелип чыккан долбоор боюнча жүргүзүлүшү керек.
42. Кооптуу өндүрүштүк объекттерди курууну, эксплуатациялоону, кеңейтүүнү, реконструкциялоону, техникалык кайра жабдууну, консервациялоону жана жоюуну баштоо жөнүндө чечимди кабыл алуунун милдеттүү шарты болуп долбоордук документтердин өнөр жай коопсуздугуна экспертиза жүргүзүүнүн натыйжалары боюнча оң корутундунун болушу эсептелет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-январындагы № 24 токтомунун редакциясына ылайык)
43. Куруу процессинде куруу-монтаждоо жумуштарын жүргүзүү технологиясынын сакталышы, курулушка долбоордук документацияда каралган техникалык чечимдердин аткарылышы, объекттерди куруу стадиясы үчүн эксперттик чечимдердин талаптарынын жана шарттарынын сакталышы камсыздалууга тийиш.
44. Кооптуу өндүрүштүк объекттерди куруу, иштетүү, кеңейтүү, реконструкциялоо, техникалык кайра жабдуу, консервациялоо жана жоюу процессинде өнөр жай жана экологиялык коопсуздук боюнча, куруу-монтаждоо жумуштарынын технологиясы боюнча талаптардын аткарылышы, курулушка долбоордук документацияда каралган техникалык чечимдердин аткарылышы, эксперттик корутундулардын талаптарын жана шарттарын аткаруу камсыздалышы керек.
Иштерди жүргүзүүдө долбоордук документациядан четтөөгө жол берилбейт.
45. Суюлтулган көмүр-суутек газды пайдалануучу объекттерди куруу, кеңейтүү, реконструкциялоо, техникалык кайра жабдуу, консервациялоо жана жоюу процессинде долбоордук документацияны иштеп чыккан уюмдар долбоордук чечимдердин аткарылышы боюнча автордук көзөмөлдү белгиленген тартипте жүргүзүшөт.
46. Курулушту баштоодон мурда газ өткөргүчтүн трассасын бөлүштүрөт, суюлтулган көмүр-суутек газдын резервуарларын долбоорго ылайык жайгаштырат, белгиленген тартипте акт түзүлөт жана иш жүргүзүү журналына жазылат.
47. Жер иштерин жүргүзүү маалында долбоор боюнча белгиленген траншеянын тереңдигин жана суюлтулган көмүр-суутек газдын резервуарларын жайгаштыруу жерин, газ өткөргүчтөрдүн жана резервуарлардын астыларын даярдоону камсыз кылуу керек. Аталган иштерди аткаруу акт менен таризделүүгө тийиш.
48. Траншеяны көмүү жана резервуарларды бөлөө жумуш аткаруу долбооруна ылайык тыгыздык коэффициенти менен кумду алдын ала төшөө жана жерди тыгыздоо аркылуу жүргүзүлөт.
49. Өнөр жайлык топтогу баллондук орнотмолорду күйбөс материалдардан жасалган, табигый желдетиле турган кулпулануучу шкафтарда, 15 см бийиктиктеги таянычтарда жайгаштыруу керек.
50. Резервуардык орнотмолордун 1,6 метрден кем эмес бийиктиктеги күйбөс материалдардан жасалган желдетилүүчү тосмосу болушу керек. Резервуарларды орнотууда конденсаттын, суунун жана бууланбай калган калдыктардын чогултмасы тарапка карай 2% жантайганы каралышы керек. Конденсатты чогулткуч анын жана бууланбай калган калдыктардын чогулушуна жана жок кылынышына тоскоол болгон резервуардын ылдый жагында уркуюп чыгып турган эч нерсеси болбоого тийиш.
51. Газ өткөргүчтөрдүн конденсат чогулткучтар тарапка карай жантаюусу сырткы газ өткөргүчтөр үчүн 5%дан кем эмес каралышы керек. Конденсат чогулткучтардын сыйымдуулугу газдын сааттык коротулушунун 1 м3ка 4 литрден кем эмес эсебинде болот.
52. Резервуардык орнотмолордун арматурасын жана текшерип өлчөө приборлорун бузулуулардан жана аба-ырайынын таасирлеринен жабылуучу каптооч менен коргоо керек.
53. Жылуулук өткөргүч катары ысык суу же суунун буусу каралган бууландыруучу орнотмолор жылуулук өткөргүчтүн температурасынын жол берилбес төмөндөөсү жөнүндө сигнализация менен жабдылышы керек.
54. Газ өткөргүчтөрдү, резервуарларды жана топтогу баллондук орнотмолорду курган, монтаждаган жана оңдогон уюмдар жумуштардын аткарылышын контролдоону, анын ичинде белгиленген тартипте аккредитацияланган лабораториялар аркылуу камсыз кылууга милдеттүү.
55. Контролдоо төмөнкүлөрдү текшерүүнү камтыйт:
- персоналдын аттестациясынын бар экендигин;
- ширетүү технологиясынын аттестациясынын бар экендигин; ширетүүчү жана контролдук жабдуунун, аппаратуранын, аспаптардын жана шаймандардын аттестациясынын бар экендигин;
- материалдардын (болот жана полиэтилен түтүктөрдүн, изоляциялоочу каптамалардын, ширетүүчү, анын ичинде дефектоскопия үчүн материалдардын) сапатын;
- суюлтулган көмүр-суутек газды өткөргүчтөрдүн жана резервуарлардын астындагы негиздердин абалын;
- суюлтулган көмүр-суутек газдын резервуарларын өз убагында текшерип күбөлөндүрүүнү;
- ширетилген бирикмелерди операциялык (визуалдык жана өлчөө аркылуу) контролдоонун уюштурулушун жана жүргүзүлүшүн;
- бузуу жана бузбоо (радиографиялык жана ультрадобуштук) ыкма менен ширетилген бирикмелердин сапатын контролдоону, ошондой эле изоляциялык каптоолордун сапатын контролдоону;
- дефекттердин оңдолушун контролдоону уюштурууну.
56. Түтүктөрдүн, газ өткөргүчтөрдүн тетиктеринин, резервуарлардын, арматуранын, изоляциялык материалдардын киришүү көзөмөлүн иштин ушул түрү боюнча аттестацияланган лабораториянын адистери тарабынан жүргүзүлүшү керек.
57. Радиографиялык жана (же) ультрадобуштук контролдоо методу менен 100% көлөмдө, бардык басымдагы сырткы жана ички болот жана полиэтилен суюлтулган көмүр-суутек газдын өткөргүчтөрүнүн ширетүү жолу менен бүткөрүлгөн участокторунун бириктирилген жерлери текшерилет.
Диаметри 50 миллиметр кичине бардык басымдагы, ошондой эле диаметри 50 миллиметр, басымы 0,005 МПа чейин жеткен суюлтулган көмүр-суутек газдардын сырткы жана ички газ өткөргүчтөрү контролдонбойт.
58. Бардык категориядагы сырткы газ өткөргүчтөр жана резервуарлар аба басымы аркылуу жылчыксыздыгына сыноодон өтүшү керек.
Газ өткөргүчтөрдү, резервуардык жана топтук орнотмолорду сыноону аларды монтаждоо аяктагандан кийин куруу-монтаждоо уюму заказчынын техникалык көзөмөлүнүн жана газ бөлүштүрүүчү уюмунун өкүлдөрүнүн катышуусунда жүргүзөт.
Сыноонун жыйынтыгы протокол менен таризделет.
59. Газ өткөргүчтөрдү сыноону ширетүү жана изоляциялоо жумуштары, арматураны жана электрхимиялык коргоочу түзүлүштөрүн орнотуу бүткөндөн кийин жүргүзүү керек.
Сыноочу басымга ылайыкталбаган арматураны, жабдыктарды жана аспаптарды монтаждоону сыноолор аяктагандан кийин жасоо керек.
Бөлүштүрүүчү газ өткөргүчтөн өзүнчө бөлөк курулган киргизүүчү газ өткөргүчтөрдү имараттардын жана курулмалардын алдында орнотулган ажыратуучу түзүлүштөргө чейинки участокторунда сыноо керек.
60. Суюлтулган көмүр-суутек газдарды транспорттогон газ өткөргүчтөр газ бөлүштүрүү жана газ пайдалануу системаларын сыноо талаптары боюнча пневматикалык (гидравликалык) басым аркылуу жылчыксыздыгына сыналат:
- басымы 0,6 мегапаскалдан жогору 1,6 мегапаскалга чейинки сырткы газ өткөргүчтөр изоляциялык каптоочтун түрүнө карабастан - 2,0 мегапаскаль басымы менен 24 саат бою сыноодон өткөрүлөт;
- өнөр жай өндүрүшүнүн, отканалардын ж.б. басымы 1,2 мегапаскалдан жогору 1,5 мегапаскалга чейинки ички газ өткөргүчтөрү - 1,25 мегапаскаль басымы менен 1 саат бою сыналат.
Жылчыксыздыгына сыноонун жыйынтыктары газ өткөргүчтөгү басым 0,6 класстык тактыктагы манометр боюнча көзгө көрүнөөрлүк төмөндөбөсө, ал эми 0,15 жана 0,4 класстык тактыктагы манометр боюнча, ошондой эле суюктук манометрлери боюнча басымдын төмөндөшү шкаланын бир бөлүкчөсүнөн ашпаса, оң чыккан болуп эсептелет.
61. Суюлтулган көмүр-суутек газды пайдалануучу кооптуу объекттерди куруу, кеңейтүү, реконструкциялоо жана техникалык кайра жабдуу аяктагандан кийин ишке киргизүү-жөнгө салуу иштери аткарылат, алар бүтүрүлгөндөн кийин - эксплуатацияга кабыл алынат.
62. Кооптуу өндүрүштүк объектти иштетүүгө кабыл алуунун жүрүшүндө аткарылган жумуштардын өнөр жай коопсуздугун камсыздоо боюнча долбоордук чечимдерге дал келүүсү; авариялардын алдын алууну жана алардын кесепеттерин локалдаштырууну камсыздоочу техникалык түзүлүштөргө жана жабдыктарга сыноонун жүргүзүлүшү, көмүскө жумуштарга, анын ичинде резервуарларды орнотууга акттардын түзүлүшү, авариялардын кесепеттерин локалдаштыруу жана жоюу боюнча аракеттерге персоналдын жана авариялык-куткаруу кызматтарынын даярдыгы текшерилет.
63. Кабыл алуу комиссиясына курулуштун сапатын текшерүү жана кайталап сыноону жүргүзүү үчүн жер астындагы газ өткөргүчтүн каалаган участогун ачууну талап кылуу укугу берилет.
Кабыл алуу комиссиясына кошумча түрдө төмөнкүлөр берилет:
- суюлтулган көмүр-суутек газды пайдалануучу объекттин коопсуз иштетүүгө жооптуу адамды дайындоо жөнүндө буйруктун көчүрмөсү;
- газ кызматы жөнүндөгү жобо, же газ өткөргүчтөрдү жана газ жабдыктарын техникалык тейлөө жана оңдоо жумуштарын аткаруу боюнча тажрыйбасы бар уюм менен келишим;
- жетекчилердин, адистердин ушул Эрежени, ченемдик документтерди билүүсүн жана жумушчулардын нускамаларды билүүсүн текшерүү протоколдору;
- ушул Эрежелерде каралган нускамалар жана технологиялык схемалар;
- электрхимиялык коргоонун натыйжалуулугун (жер астындагы болот газ өткөргүчтөр жана резервуарлар үчүн) текшерүү актысы;
- өнөр жайдагы түтүн айдап чыгаруучу жана вентиляциялык системалардын техникалык абалын текшерүү актысы;
- чагылгандан коргогучту текшерүү актысы;
- газдалуунун сигнализаторлорунун, бөгөттөгүчтүн жана коопсуздук автоматикасынын иштеп кетүүсүн текшерүү актысы;
- жабдыкты комплекстүү иштетип көрүүгө жана ишке киргизүү-жөнгө салуу иштерин кабыл алуу актысы жана аларды аткаруу графиги;
- авариялык кырдаалдарды локалдаштыруу менен жоюунун жана ар кандай багыттагы кызматтардын, анын ичинде газ бөлүштүрүүчү уюмдун авариялык-диспетчердик кызматынын жана кесиптик авариялык-куткаруучу түзүмдүн (зарыл учурда) бирге аракеттенүүсүнүн планы.
64. Электрхимиялык коргоо менен камсыздалбаган газ өткөргүчтөрдү жана резервуарларды иштетүү үчүн кабыл алууга жол берилбейт.
65. Комиссия тарабынан кабыл алынган бирок колдонууга кирбеген суюлтулган көмүр-суутек газдарды пайдалануучу объект 6 айдын ичинде кайрадан жылчыксыздыгына карата сыноодон өтүүгө тийиш.
66. Насосторду, компрессорлорду жана каруселдик агрегаттарды сыноо курулай иштеп турганда жана жүктөлүп, паспорттук маалыматтын талаптарын жана жасап чыгаруучулардын иштетүү боюнча нускамаларын аткарууну текшерүү аркылуу жүргүзүлөт. Сыноолордун жыйынтыктары акт менен таризделет.
67. Басым астында иштөөчү суюлтулган газ үчүн резервуарлар, сепараторлор, үйлөөчү жана башка идиштер техникалык күбөлөндүрүүдөн өтүүгө тийиш. Бууландыруучулар жана газ куюучу колонкалар газ өткөргүчтөр сыяктуу сыналат.
§ 2. Ишке киргизүү-жөнгө салуу жумуштары
68. Кабыл алуу сыноосун баштоонун алдында, аны ишке ашыруучу уюм:
- жооптуу адамдарды дайындайт жана технологиялык жабдыктарды, газ өткөргүчтөрдү, автоматташтыруу каражаттарын, санитардык-техникалык жана вентиляциялык системаларды, электр жабдыктарын тейлөөчү жана оңдоочу персоналды топтойт;
- жумуш орундарында газ өткөргүчтөрдүн жана жабдыктардын технологиялык схемасы илинет;
- кызматтык жана өндүрүштүк нускамаларды, техникалык тейлөө жана оңдоо графиктерин, аварияларды локализациялоо жана жоюу пландарын бекитет, өрт өчүрүүчү команда, тез жардам, газ бөлүштүрүчү уюмдар менен биргелешип аракеттенүүнү камсыздайт;
- өрт өчүрүү каражаттарын камсыздайт;
- долбоордук (аткаруучулук) жана иштетүү документациясына, вентиляциялык системалардын, электр жабдыктарынын, коопсуздук автоматикасынын каражаттарынын натыйжалуулугун текшерүү актыларына ээ болот.
69. Суюлтулган көмүр-суутек газды пайдалануучу объектте ишке киргизүү-жөнгө салуу жумуштарынын башталышына чейин төмөнкү иш-чаралар аткарылышы керек:
- газ кооптуулугу бар жумуштарды аткарууга, басым астында иштөөчү идиштердин техникалык абалы жана коопсуз иштетилиши, электр чарбасы жана вентиляциялык жабдыктар үчүн жооптуу адам дайындалышы керек;
- басым астында иштөөчү идиштер катталууга тийиш. Аларды техникалык күбөлөндүрүүдөн өткөрүп, иштетүүгө уруксат алуу керек;
- аткаруучулук-техникалык документация таризделип, ишке киргизүү-жөнгө салуу иштерин аткарууга жана комплекстүү иштетип көрүүгө акт түзүлүшү керек;
- технологиялык схемага ылайык насостордо, компрессорлордо, бууландыргычтарда, резервуарларда, толтуруучу жана төгүүчү колонкаларда, электр кыймылдаткычтарда, вентиляторлордо, бекиткич жана сактагыч арматурада жана башка техникалык түзүлүштөрдө номерлер коюлушу керек;
- газ өткөргүчтөрдө газдын өтүү багыты көрсөтүлүшү керек, ал эми бекиткич арматуранын маховиктеринде - ачуу жана жабуу үчүн буроо багыты;
- белгиленген тартипте бекитилген колдонуудагы ченемдик документтерге жана долбоорго ылайык өрт кооптуулугунун категориясы жана жарылуу кооптуулугу боюнча имараттардын классы жазып көрсөтүлүшү керек;
- өнөр жай коопсуздугу жаатындагы жумушчуларды даярдоо жана аттестациялоо камсыз кылынышы керек, ошондой эле ушул Эрежелерди жана башка ченемдик укуктук актыларды жана ченемдик-техникалык документтерди билүүсү текшерилет.
70. Ишке киргизүү-жөнгө салуу жумуштарын аткаруу жана резервуарларды суюлтулган газ менен толтуруу алдында жабдыкты комплекстүү иштетип көрүү үчүн анын кабыл алынышы камсыздалууга тийиш, аварияга каршы жана өрткө каршы коргонуунун автоматтык каражаттары ишке киргизилиши керек.
Суюлтулган көмүр-суутек газды пайдалануучу объекттерде ишке киргизүү-жөнгө салуу жумуштарын аткаруу учурунда газ өткөргүчтөрдү, резервуарларды жана газ жабдыктарын газ менен үйлөтүү алдында, резервуарлар жана газ жабдыктары аба же инерттүү газ менен 0,3 мегапаскаль басымы менен 1 саат ичинде контролдук кыстыруу алдында болот.
Жылчыксыздыкка сыноонун жыйынтыктары газ өткөргүчтөгү басым 0,6 класстык тактыктагы манометр боюнча көзгө көрүнөөрлүк төмөндөбөсө, ал эми 0,15 жана 0,4 класстык тактыктагы манометр боюнча басымдын төмөндөшү шкаланын бир бөлүкчөсүнөн ашпаса, оң чыккан болуп эсептелет.
71. Технологиялык жабдыктагы ишке киргизүү-жөнгө салуу жумуштары долбоордук иштөө режиминде, курулай жүргүзүп туруу, же жүк алдында аткарылат.
72. Контролдук кыстырууда бардык ширетилген бирикмелер, сайлуу жана фланецтүү бириктирүүлөр, сальниктик тыгыздоолор самындоо же жогорку сезгич приборлор менен текшерилет.
Төмөн температурада самын эмульсиясы спирт менен тоңбой турган концентрацияда аралаштырылат.
73. Суюлтулган көмүр-суутек газды пайдалануучу объекттерди ишке киргизүү боюнча ишке киргизүү-жөнгө салуу жумуштары жүргүзүлгөн маалда төмөнкүлөр аткарылат:
- жабдыкты, арматураны жана приборлорду сыртынан текшерүү; жарылууга кооптуу имараттардагы вентиляциянын жана өрт өчүрүүчү каражаттарынын ишке жарамдуулугун текшерүү;
- газдын жарылууга кооптуу концентрациясынын стационардык сигнализаторлору иштегенин текшерүү;
- резервуарларды, газ өткөргүчтөрдү, жабдыктарды кычкылтек камтылышы 1%га чейин үйлөтүү (суюлтулган газдын буу фазасы же инерттик газ менен);
- текшерүүчү-өлчөгүч приборлордун жана тегиздикти өлчөгүчтөрдүн иштөөсүн текшерүү;
- суюлтулган газды сактоочу базадагы резервуарларга төгүү;
- бардык компрессорлорду, бууландыргычтарды жана насосторду иштетип текшерүү;
- баллондорду толтуруу, газбаллондук автомобилдерге газ куюу, пайдалануучуларга газ берүү;
- технологиялык режимдерди 72 саат ичинде иштетип көрүү.
74. Жабдыктын иштешиндеги табылган жана оңдолбой турган бузуктар актта чагылдырылат. Бузуктарды жоюу жана ишке киргизүү-жөнгө салуу жумуштарын улантуу маселелери комиссияда каралат.
75. Ишке киргизүү-жөнгө салуу жумуштары жүргүзүлүп жаткан учурда технологиялык операциялар иштелип сыналат, өндүрүштүк нускамалар такталат жана кошумчаланат.
76. Ишке киргизүү-жөнгө салуу жумуштарын баштоонун алдында иштетүүчү персоналга ишке киргизүү-жөнгө салуу жумуштарынын жетекчиси тарабынан иш орундагы коопсуздук чаралары боюнча нускама берилет.
77. Суюлтулган көмүр-суутек газды пайдалануучу объекттердеги ишке киргизүү-жөнгө салуу жумуштарынын маалында, аларды коопсуз жүргүзүү боюнча жооптуу болуп ишке киргизүү-жөнгө салуу бригадасынын башчысы эсептелет. Бардык жумуштар анын көрсөтмөлөрү боюнча жүргүзүлөт.
78. Комплекстүү иштетип сыноо мезгилинде технологиялык жабдыктын абалын байкап туруу жана бузулууларды, газ чыгып кетүүнү өз убагында оңдоо боюнча чара көрүү үчүн тейлөөчү персоналдын нөөмөтү уюштурулушу керек.
79. Суюлтулган көмүр-суутек газды пайдалануучу объекттердеги персонал мүмкүн болуучу бузулуулар жана аларды жоюунун ыкмалары боюнча окутулушу жана нускама алышы керек, ошондой эле керектүү схемалар жана нускамалар, коргонуу жана өрт өчүрүү каражаттары, атайын кийим, керектүү шаймандар, приборлор жана жабдыктар менен камсыздалышы зарыл.
80. 72 сааттык комплекстүү иштетип сыноодон жана технологиялык операцияларды аткаруудан кийин ишке киргизүү-жөнгө салуу жумуштары аяктаган болуп эсептелет жана объект ишке киргизүү-жөнгө салуу бригадасынын башчысы тарабынан объектти кабыл алуу комиссиясына тиешелүү актты тариздөө менен тапшырылат.
6-глава. Суюлтулган көмүр-суутек газды пайдалануучу объекттерди идентификациялоо жана каттоо
81. Суюлтулган көмүр-суутек газды пайдалануучу объекттерди идентификациялоо аларды "Кооптуу өндүрүштүк объекттердин өнөр жай коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык мамлекеттик реестрде каттоо үчүн кооптуу өндүрүштүк объекттердин катарына кошо турган белгилерин жана шарттарын аныктоо максатында жүргүзүлөт.
82. Суюлтулган көмүр-суутек газды (пропан-бутан) пайдалануучу объекттер, аларды сактоо, газ өткөргүчтөр аркылуу ташуу жана жалындоочу (күйүүчү, жарылууга кооптуу) газ болуп саналган отун катарында пайдаланылуучу белгиси боюнча идентификацияланат.
83. Суюлтулган көмүр-суутек газын пайдалануучу кооптуу өндүрүштүк объекттерге төмөнкүлөр кирет:
- суюлтулган көмүр-суутек газды сактоочу жана сатуучу куст базалары жана газ толтуруучу станциялар, газ толтуруучу пункттар, автомобилдик газ куюучу станциялар, анын ичинде имараттар жана курулмалар;
- бир газ бөлүштүрүүчү уюм иштеткен резервуарлар жана сырткы газ өткөргүчтөр;
- газды отун катары колдонуучу өнөр жай, айыл чарба жана башка өндүрүштөгү газ сактоочу жана пайдалануучу объекттер.
84. Кооптуу өндүрүштүк объекттерди идентификациялоо Кооптуу өндүрүштүк объекттердин мамлекеттик реестринде объектти каттоо жана мамлекеттик реестрди жүргүзүү жөнүндө жобого ылайык ишке ашырылат.
7-глава. Суюлтулган көмүр-суутек газды пайдалануучу объекттерди иштетүү
§ 1. Жалпы талаптар
85. Суюлтулган көмүр-суутек газды пайдалануучу объекттерди иштетүүлөр үчүн төмөндөгүлөр иштелип чыгып жана ишкананын жетекчиси тарабынан бекитилүүгө тийиш:
- жетекчилердин жана адистердин укуктарын жана милдеттерин аныктоочу кызматтык нускамалар;
- өндүрүштүк нускамалар, алардын талаптарын аткаруу өндүрүштүк объектинин профилин, газ жабдыгын (техникалык түзүлүштөрдү) иштетүүнүн конкреттүү талаптарын, жумуштарды аткаруунун технологиялык ырааттуулугун, аларды аткаруунун сапатын текшерүү ыкмаларын жана көлөмүн эсепке алуу менен жумуштарды аткаруунун коопсуздугун камсыздайт.
Жабдууну техникалык тейлөө жана оңдоо боюнча өндүрүштүк нускамаларга газ өткөргүчтөрдүн жана газ жабдуусунун технологиялык схемалары тиркелиши керек. Технологиялык схемалар опурталдуу өндүрүштүк объектини реконструкциялагандан, техникалык кайра жабдуудан кийин кайра каралат жана кайрадан бекитилет.
86. Суюлтулган көмүр-суутек газды пайдалануучу объекттерди техникалык тейлөө жана оңдоо жумуштарын уюштуруунун жана аткаруунун тартиби ушул Эрежелер, жасап чыгаруучу заводдордун нускамалары менен аныкталат.
87. Долбоордук жана аткаруучулук документтерди опурталдуу өндүрүштүк объектини иштетүүнүн бүткүл мезгили бою (жоюлганга чейин) сактоо керек. Аны сактоонун тартиби жана шарты ишкананын жетекчисинин чечими менен аныкталат.
88. Ар бир сырткы газ өткөргүч, электрден коргоочу түзүлүш жана резервуар үчүн негизги техникалык мүнөздөмөлөрү, ошондой эле, аткарылган капиталдык оңдоолор жөнүндө маалыматтар камтылган курулуш паспорту түзүлүшү керек.
89. Газ өткөргүчтөрдө, газ толтуруучу станцияларда, газ толтуруучу пункттарда жана автомобилге газ куюучу станцияларда газ агымынын багыты көрсөтүлөт.
90. Газ толтуруучу станциялардагы, газ толтуруучу пункттардагы жана автомобилге газ куюучу станциялардагы технологиялык жабдуу, газ өткөргүчтөр, арматура, электр жабдуулары, вентиляциялык системалар, өлчөө каражаттары, авариядан коргоочу, бөгөттөөчү жана сигнализация каражаттары ар бир нөөмөт сайын карап текшерилип, аныкталган бузуктар өз убагында оңдолушу керек.
Станцияларды ишке киргизүү алдын ала карап чыгуудан (кыдыруудан) кийин башталат.
91. Бузулган агрегаттар, резервуарлар, газ өткөргүчтөр өчүрүлүп, аныкталган газдын чыгышы оңдолушу керек.
92. Арматураны, газ өткөргүчтөрдөгү сайлуу жана фланецтүү бириктирүүлөрдү ажыратып чечүүнү алар өчүрүлүп жана инерттүү газ же буу менен үйлөтүлгөндөн кийин жүргүзүү керек.
Басым астындагы газ өткөргүчтөрдөгү жана жабдуулардагы фланецтүү туташуулардын бекитүүчү тетиктерин чыңоого, болтторун чыгарып салууга (алмаштырууга) болбойт.
93. Газ өткөргүчтөрдү, арматураны жана технологиялык жабдууну техникалык тейлөөдө, оңдоодо жабуучу арматура, артка кетирбөөчү жана ылдамдык клапандары оң абалда болууга тийиш.
94. Арматураны тейлөө жана күндөлүк оңдоо 12 айда 1 жолудан кем эмес аткарылышы керек.
95. Резервуарлар жана газ өткөргүчтөр сактоочу жеңилдеткич клапандар менен жабдылышы керек.
96. Сактоочу жеңилдеткич клапандар төмөнкү жолдор менен текшерилиши керек:
- кыска мөөнөттүү атайылап ачуу (бузуу) жолу менен айына бир жолудан кем эмес;
- жасап чыгарган заводдун нускамасына ылайык, эгерде клапанды атайылап ачуу каралбаган болсо.
97. Клапандардын жөнгө салуучу параметрлерин текшерүү жана жөнгө салуу стендде, же ордунда атайын шаймандын жардамы менен, төмөнү мезгилдүүлүктө жүргүзүлүшү керек:
- резервуарлардын сактагыч жеңилдеткич клапандары - 6 айда бир жолудан кем эмес;
- калгандары - күнүмдүк оңдоо маалында, бирок 12 айда 1 жолудан кем эмес.
Оңдоо же текшерүү үчүн чыгарып алынуучу клапан жаңысына алмаштырылышы керек. Клапандар жөнгө салуучу параметрлери текшерилгенден кийин пломбаланат жана журналда катталат.
98. Компрессорлордун жана насостордун иштөө режими, иштетилген мөөнөтүнүн саны жана бузулуулары иштетүү журналында жазылышы керек.
99. Насостордун жана компрессорлордун эксплуатация режими, иштетилген убактысынын саны жана ишиндеги болгон бузулуулар эксплуатациялык журналга жазылууга тийиш.
Насостордун жана компрессорлордун иши контролго алынууга тийиш.
Насосторду жана компрессорлорду өчүрүлгөн автоматика жана авариялык вентиляциялуу блокировка менен иштетүүгө болбойт.
100. Насостун соруучу линиясындагы газдын басымы ошол температурадагы суюк фазанын каныккан буусунун серпилгичтигинен 0,1-0,2 мегапаскаль жогору болуусу керек.
101. Компрессордун айдоочу патрубогундагы газдын басымы айдоо температурасында суюлтулган көмүр-суутек газдын бууларынын конденсациясынын басымынан жогору болбошу керек.
Компрессордон кийинки газдын максимум басымы 1,6 мегапаскалдан ашпоосу керек.
102. Насостук-компрессордук бөлүмдөрдө оңдоо жана регламенттик жумуштар аткарылып жаткан учурларда, ошондой эле өндүрүштүк аймакта газ опурталдуу жумуштар аткарылып жатканда насостор жана компрессорлор токтотулушу керек.
§ 2. Резервуарларды иштетүү
103. Суюлтулган көмүр-суутек газдардын резервуарларын техникалык күбөлөндүрүүнү, тейлөөнү жана оңдоону контролдоо ушул Эрежелер боюнча жүргүзүлүшү керек.
104. Ишканада окутуудан, басым астында иштеген идиштердин түзүлүшү жана коопсуз иштеши боюнча билимин текшерүүдөн жана өнөр жайлык коопсуздук боюнча аттестациядан өткөн адамдардын ичинен бирөө жетекчинин чечими менен резервуарлардын оң абалда жана коопсуз иштетилишине жооптуу болуп дайындалат.
105. Резервуарларга (суюлтулган көмүр-суутек газдарды сактоочу базага) технологиялык схема түзүлөт, анда резервуарлардын жайгашуусу, номерлери, ошондой эле технологиялык газ өткөргүчтөр жана арматура көрсөтүлөт.
106. Резервуарлар толтурулаар алдында 0,05 мегапаскалдан кем болбош керек болгон ашыкча басымдын бар экендигине текшерилиши керек. Резервуарларды жумушчу абалында текшерүүнүн жыйынтыктары эксплуатациялык журналга жазылышы керек.
107. Резервуарлар текшерилгенден кийин ишкананын жетекчисинин жазуу түрүндөгү уруксаты менен ишке киргизилет.
108. Резервуарларды иштетүүдө ар бир нөөмөт сайын төмөнкүдөй көлөмдөгү техникалык тейлөө аткарылышы керек:
- бузулууларды жана газ чыгуусун аныктоо максатында резервуарларды жана арматураны текшерүү;
- резервуардагы газдын деңгээлин текшерүү.
109. Техникалык тейлөө учурунда аныкталган бузулуулар эксплуатациялык документтерге жазылышы керек.
110. Газ чыгуулар табылганда аны дароо токтотууга мүмкүн болбосо резервуар технологиялык газ өткөргүчтөрдөн тыгын орнотуу менен, ажыратылышы керек.
111. Сактагыч клапандардын оңдугу жана жөнгө салынуусу 12 айда 1 жолудан кем эмес текшерилип турууга тийиш. Текшерүү же оңдоо үчүн чыгарылган клапандын ордуна тыгын орнотууга болбойт.
112. Суюлтулган көмүр-суутек газдарды пайдалануучу объекттин жетекчиси бекиткен график боюнча төмөндөгү жумуштар аткарылат:
- басым болгондо сактагыч клапандардын иштеп кетүүсүн текшерүү;
- задвижкалардын, крандардын жана вентилдердин червяктарын карап чыгуу, майлоо жана бурап сай салуу;
- резервуарлардан дренаждык түзүлүштөр аркылуу конденсатты төгүү (зарыл болсо).
113. Резервуарларды арматурасы жана контролдоо-ченөө приборлору менен жумушчу абалында толук карап чыгып журналга жазуу идиштердин оң абалда болушу жана коопсуз иштөөсү үчүн жооптуу адам тарабынан 3 айда бир жолудан кем эмес жүргүзөт.
114. Суюлтулган көмүр-суутек газдарды пайдалануучу объекттеги резервуарларды техникалык текшерүүнүн мөөнөттөрү жана тартиби, ошондой эле резервуарларды мөөнөтүнөн мурда текшерүү жасаган заводдун талаптарына ылайык жүргүзүлөт.
115. Резервуарды суюлтулган көмүр-суутек газ менен геометриялык көлөмүнүн 85% ынан ашырбай толтуруу керек.
Резервуар ашыкча толтурулуп калса ашыкча газ башка резервуарларга куюп өткөрүлүшү керек.
§ 3. Суюлтулган көмүр-суутек газдарды резервуарларга куюу
116. Суюлтулган көмүр-суутек газдар суюлтулган көмүр-суутек газдарын пайдалануучу объекттерге темир жолдук жана автомобилдик цистерналарда жана/же транспортабелдүү (чыгарып алынуучу) контейнерлерде жана баллондордо жеткирилет.
117. Суюлтулган көмүр-суутек газдарды темир жол жана автомобиль цистерналарынан резервуарларга куюу ушул Эрежелердин жана ушул Эрежелердин негизинде иштелип чыгуучу өндүрүштүк нускамалардын талаптарын аткаруу менен жүргүзүлүшү керек.
118. Суюлтулган газдарды темир жол цистерналарынан куюуга даярдык цистерналарды рельс жолдо бекемдөөдөн жана локомотив газ толтуруучу станциянын аймагынан чыгарылгандан кийин башталышы керек.
119. Газ толтуруучу станциянын аймагындагы цистерналардын саны, куюучу посттордун санынан ашпоосу керек.
120. Куюу операциялары ишкананын жетекчисинин чечими менен аткарылышы керек.
Темир жолдук жана автомобилдик цистерналардан куюу операцияларын аткаруучу персонал эреже катары 3 жумушчудан турушу керек.
Күн күркүрөгөн жана оттуу жумуштар аткарылып жаткан маалдарда куюу операцияларын жүргүзүүгө болбойт.
121. Темир жолдук жана автомобилдик цистерналар, резина-кездеме куурлар жердештилиши керек.
Жердештирүүчү түзүлүштөрдү куюу операциялары аяктагандан кийин жана цистерналардын вентилдериндеги штуцерлерге тыгын орнотулгандан кийин ажыратууга болот.
122. Куюу операцияларында пайдаланылуучу резина-кездеме курлар мамлекеттик стандарттарга жана/же аларды суюлтулган көмүр-суутек газдары үчүн колдонууга уруксат берүүчү техникалык талаптарга ылайык келиши керек.
Статикалык электр тогунан сактануу үчүн алар, диаметри 2 миллиметрден ден кем эмес жез зым менен, же жоондугу 4 квадрат миллиметрден кем эмес, ором аралыгы 100 миллиметрден кем эмес жез трос менен оролууга тийиш.
Зымдын (тростун) учтары куурдун учтарына каңдап же болтко гайка менен жалгаштырылат.
Металл-корд куурларды, ошондой эле шарнир менен туташтырылган, суюлтулган көмүр-суутек газдарга туруктуу ийкемдүү металл газ өткөргүчтөрдү колдонууга жол берилет.
123. Куюу операцияларында колдонулуучу түтүктөрдү карап текшерүү, сыноо, бракка чыгаруу автомобилге газ куюучу станцияны коопсуз иштетүү талаптарына ылайык жүргүзүлөт.
124. Басым астындагы түтүктөрдүн гайкаларын бекитүүгө, түтүктөрдү ажыратууга, ошондой эле гайкаларда бурап бекитүүдө жана чыгарууда согуучу шаймандарды колдонууга болбойт.
125. Газ өткөргүчтөрдөгү задвижкаларды жана вентилдерди, гидравликалык соккулардын алдын алып, акырын ачуу керек.
126. Суюлтулган көмүр-суутек газдарды айдап өткөрүүчү насостор менен жабдылгандан башка учурларда автоцистерналардан куюу операцияларын аткарардын алдында автомобилдердин кыймылдаткычтары өчүрүлүшү керек.
Кыймылдаткычтарды иштетүүгө түтүктөр ажыратылып, штуцерлерге тыгындар орнотулгандан кийин жол берилет.
127. Суюлтулган көмүр-суутек газдарды куюштуруу маалында толтуруучу жана куюучу колонкаларды, темир жолдук жана автомобилдик цистерналарды кароосуз калтырууга болбойт.
128. Куюштуруу операцияларын аткаруучу персонал менен насостук-компрессордук бөлүмдүн машинисттеринин ортосундагы байланыш телефондук жана үн күчөткүч аркылуу болушу керек.
129. Автомобилдик цистерналардын кыймылдаткычтары автомобилдин алды жагына чыгарылган өчүргүч жана учкун өчүргүчү бар тор менен жана эки көмүркислоталык өрт өчүргүчтөр менен жабдылышы керек.
130. Цистерналарды кабыл апууда төмөнкүлөр текшерилет:
- цистернанын жөнөтүүчү документтерге дал келүүсү;
- цистернанын тулкусунда бузулуулардын жоктугу жана бекитүүчү жана контролдоочу арматуранын оңдугу;
- контролдоочу вентиль жана деңгээл өлчөгүч боюнча цистернадагы суюлтулган көмүр-суутек газдардын канча экендиги жана деңгээли.
131. Коштоочу документтерде жөнөтүүчүнүн аталышы, жөнөтүлгөн датасы, цистернанын номери, цистернага куюлган газдын массасы (салмагы) текшерилет.
132. Цистернадагы бекитүүчү арматуранын оңдугу сыртынан карап чыгуу менен текшерилет.
133. Суюлтулган көмүр-суутек газдарды цистерналардан куюуга чейин:
- цистерналар жыгач таянычтардын жардамы менен бекитилет;
- цистерналардан суюлтулган көмүр-суутек газдарды куюп алуу үчүн шлангдардын оңдугу жана ишеничтүүлүгү текшерилет.
- цистерналар жердетилет.
134. Суюлтулган көмүр-суутек газдарды цистерналардан резервуарларга суюлтулган көмүр-суутек газдарды куюштуруу операцияларына байланышкан задвижкалардын туура ачылып-жабылаары текшерилгенден кийин анан куюуга болот.
135. Персонал куюштуруу боюнча операцияларды атайын кийимчен, баш кийимчен жана коргоочу көз айнек менен аткарат.
136. Суюлтулган көмүр-суутек газдарды цистерналардан куюу төмөнкүдөй аткарылат:
- компрессорду иштетип, цистерна менен резервуардын ортосунда басымдын айырмасы жаратылат;
- бууландыргычтагы суюлтулган көмүр-суутек газдын буусун жылытуу аркылуу цистерна менен резервуардын ортосунда басымдын айырмасы жаратылат;
- суюлтулган көмүр-суутек газдар насос менен айдатылат;
- резервуарлар цистерналардан төмөн жайгаштырылып, газ өзү агат.
137. Толтурулуучу резервуардан газдын буу фазасын атмосферага чыгарып цистерна менен резервуардын ортосундагы басымдын айырмасын жаратууга болбойт.
138. Суюлтулган көмүр-суутек газды чыгарып куюу учурунда цистернада жаратылуучу буу фазасынын басымы цистернада көрсөтүлгөн жумушчу басымдан ашпоосу керек.
Цистернадагы басым жумушчу басымдан жогорулап кеткен учурда компрессор же бууландыргыч өчүрүлүшү керек.
139. Эреже катары, цистерна менен резервуардын ортосундагы басымдын айырмасы 0,15 - 0,2 мегапаскапь чегинде болуусуна жол берилет.
140. Суюлтулган көмүр-суутек газды автомобилдик цистернадан куйганда автомобилдин кыймылдаткычы иштеп турбашы керек.
141. Суюлтулган көмүр-суутек газдарды куюу операциясына даярдык аяктагандан кийин айдоочу от алдыруучу ачкычты аткарылуучу жумуштардын жетекчисине тапшырат.
142. Суюлтулган көмүр-суутек газды куюп алуу учурунда айдоочунун кабинада болуусуна жол берилбейт.
143. Автомобилдин кыймылдаткычы шлангдар газ өткөргүчтөн ажыратылып жана төгүүчү штуцерлерге тыгындар орнотулгандан кийин иштетилет.
144. Суюлтулган көмүр-суутек газдар куюп алынгандан кийин, цистернадагы буунун басымы 0,05 мегапаскалга чейин төмөндөтүлүүгө тийиш. Газдарды атмосферага чыгарууга болбойт.
145. Куюштуруу операциясында иштебеген персонал, жумуш аткарылуучу жерде болбошу керек.
146. Суюлтулган көмүр-суутек газдарды куюштуруу аткарылбаган учурларда цистерналарды газ өткөргүчтөргө туташкан боюнча калтырууга болбойт.
147. Куюу процессинин маалында газ өткөргүчтөрдүн жылчыксыздыгына көз салып туруу керек.
148. Суюлтулган көмүр-суутек газды куюштуруу маалында басым астындагы туташууларды тыгыздоо боюнча жумуштарды жүргүзүүгө болбойт.
149. Куюштуруп жаткан маалда цистернадагы жана кабыл алуучу резервуардагы басымга жана деңгээлге көз салып туруу керек.
150. Куюштуруу аяктагандан кийин цистернадагы вентилдер тыгындалып жана жылчыксыздыгы текшерилиши керек.
151. Арматураны жана куюучу газ өткөргүчтөрдү эритүү үчүн ысытылган кум, ысык суу же суунун буусу колдонулушу керек.
152. Суюлтулган көмүр-суутек газ менен келген цистернадан газ чыгып жаткан болсо, ал коопсуздуктун кошумча чараларын көрүү менен газдан бошотулушу керек.
153. Төмөндөгү учурларда резервуарларды жана баллондорду газ менен толтурууга болбойт:
- ширетилген жерлеринде жана фланецтик бириктирүүлөрдө жаракалар, дөмпөйүүлөр, коё берүүлөр же тердөөлөр табылганда;
- сактагыч клапандар бузук болсо;
- деңгээл өлчөгүч түзүлүштөр бузук болсо;
- лаздардагы жана люктардагы бекемдөөчү тетиктер бузук же саны толук болбосо;
- резервуарлардын фундаменттери жана алып келүүчү газ өткөргүчтөрдүн таянычтары чөгүп калса.
154. Резервуар, текшерүүдөн жана оңдоодон мурда газдан, бууланбай калган калдыктардан арылтылып жана тазаланышы (дегазация жасалышы) керек.
Резервуарларды жана баллондорду тазалоо аларды булантып жана анын артынан инерттүү газ менен үйлөтүү же жылуу суу толтуруу жолу менен жүргүзүлүшү керек.
Резервуарларды дегазациялоо үчүн абаны колдонууга болбойт.
Резервуарлар газ өткөргүчтөрдөн буу жана суюк фазалары боюнча тыгындоо менен ажыратылышат.
155. Резервуарларды дегазациялоонун ирети, убактысы жана зарыл коопсуздук чаралары өндүрүштүк нускама менен аныкталат.
Резервуарлардагы жана газ өткөргүчтөрдүн ажыратылган участокторундагы пирофордук катмарлар станциянын аймагынан чыгарылышы керек.
156. Дегазациядан кийинки иштетилген суу суюлтулган көмүр-суутек газдардын канализацияга өтүп кетишин болтурбоо үчүн тундургучка өткөрүлүшү керек.
157. Дегазациянын сапаты идиштин төмөнкү бөлүгүнөн алынган пробаны анализдөө жолу менен текшерилет. Көмүр-суутек газдын концентрациясы жалындын жайылуусунун төмөнкү концентрациялык чегинин 10%нан ашпоосу керек.
§ 4. Газ баллондуу автоунааларга газ куюу
158. Автомобилдерге газ куюучу станцияларда коомдук жана менчик автомобилдерге газ куюу аянтчалардын кирүүчү жана чыгуучу жолдору бөлөк болушу керек.
159. Газбаллондуу автомобилдерге газ куюу ушул Эрежелердин негизинде иштелип чыккан өндүрүштүк нускамага ылайык аткарылат.
Газбаллондуу автомобилдердин техникалык жактан бузук баллондору газ куюуга киргизилбейт. Баллондор эки жылда бир жолу текшерилет.
160. Баллондордун жарактуулугу жөнүндөгү маалыматтар аларды толтуруудан мурда белгиленген тартипте текшерилет.
161. Баллондо төмөнкүлөрдүн болуусу текшерилет:
- баллондун каттоо номери;
- баллондун сыйымдуулугу, литр менен;
- баллондун текшерилген даталары;
- анын катталганы жөнүндө белгилер.
162. Мындан тышкары, автомобилге орнотулган баллондо төмөнкүлөр чегилип көрсөтүлүшү керек:
- жасап чыгарган заводдун товардык белгиси;
- баллондун номери (заводдук);
- бош баллондун иш жүзүндөгү массасы (килограмм менен), мамлекеттик стандартка же аларды жасоонун техникалык шарттарына ылайык;
- жасап чыгарылган датасы (айы, жылы) жана келерки текшерилүүчү жылы;
- жумушчу басымы, мегапаскаль менен; сыналуучу гидравликалык басымы, мегапаскаль менен; мамлекеттик стандартка же жасоо үчүн техникалык шарттарына ылайык баллондун сыйымдуулугу (л);
- жасоо үчүн стандарттын номери.
163. Автомобилдердеги суюлтулган көмүр-суутек газдар үчүн баллондор бекем орнотулуп жана газ өткөргүчтөргө жылчыксыз туташтырылышы керек.
164. Төмөнкүдөй учурларда автомобилдерге орнотулган баллондорго суюлтулган көмүр-суутек газдарды куюуга болбойт, эгерде аларда:
- мезгилдүү текшерүү убактысы өтүп кеткен болсо;
- вентилдери жана клапандары бузук болсо;
- баллондун тулкусу бузулган (раковиналар, урунуп чуңкурайган, коррозия, мыйрыйган) болсо;
- баллондун бекиткичи бошогон болсо;
- туташуулардан газ чыгуу болсо.
165. Суюлтулган көмүр-суутек газды отун катары пайдалануучу автомобилдин баллону кыймылдаткычын өчүрүп толтурулат.
Кыймылдаткычты куйгучка тыгын коюлгандан кийин иштетүү керек.
Автомобилге газ толтуруучу (автомобилге газ куюучу) станциянын аянтына кирээрдин алдында, жүргүнчүлөр унаадан түшүрүлөт.
166. Баллондун толуу даражасы максимум толуусун контролдоочу вентиль же ажыраткыч клапан аркылуу аныкталат.
Баллонду ашыра толтурууга болбойт. Автомобилдин газ жабдыгында тыгыз эместик аныкталган учурда же баллон ашыра толтурулуп кетсе андагы газ резервуарга алынат.
167. Автомобилдин газ баллону толтурулгандан кийин төмөндөгүлөр сунушталат:
- эгерде автомобилдин кыймылдаткычы от албаса аны өчүрүп, автомобилди куюучу колонкадан 15 метрден кем эмес аралыкка жылдырып коюу керек;
- автомобилге газ куюучу станциянын аймагында газ баллондуу автомобилдин кыймылдаткычын отундун бир түрүнөн башка түргө которууга болбойт;
- автомобилге газ куюучу станциянын аймагында газ баллондуу автомобилдин газ аппараттарын жөнгө сапууга жана оңдоого болбойт;
- автогаз куюучу колонкада баллондун жумушчу басымынан жогору басым жаратууга болбойт;
- баллондордогу жана коммуникациялардагы ажыратма туташтыргычтарды бекемдөөгө болбойт;
- куюучу колонкаларды жана автомобилдерди кароосуз калтырууга болбойт;
- ашыкча толуп кеткен учурда баллондордогу суюлтулган көмүр-суутек газды атмосферага чыгарууга болбойт.
168. Көчүп жүрүүчү автомобилге газ куюучу станцияларды калктуу конуштардын чегинде жайгаштырууга болбойт.
§ 5. Баллонду толтуруучу түзүлүштөрдү иштетүү
169. Суюлтулган көмүр-суутек газдарды пайдалануучу газ толтуруучу объекттерде баллондорду толтурууда төмөндөгүлөрдүн жарактуулугуна жана коопсуз иштөөсүнө көз салып туруу керек:
- каруселдик толтуруучу түзүлүштөрдүн;
- жердеги тараза жабдыктардын.
170. Баллондорду суюлтулган газдар менен толтуруу абанын температурасы +10 ºС төмөн болбогон жылытылуучу жайларда абаны айдап киргизүүчү-чыгаруучу желдеткич жана газдын канча экенин көрсөтүүчү сигнализация иштеп турган абалда жүргүзүлүшү керек.
171. Жердеги тараза жабдыктар ачык аянтчаларда бастырманын астында жайгаштырылса болот.
Аянтчада баллондорду сырттагы абанын температурасы -20 ºС төмөн болбогон маалда толтурууга жол берилет.
172. Автоцистерналарды толтуруу маалында газ толтуруучу жабдуулардагы басымдын түшүп кетишин болтурбоо үчүн насостук-компрессордук бөлүмдөн баллондорду толтуруу үчүн келген жана автоцистерналарды толтуруу үчүн келген газ өткөргүчтөр өз-өзүнчө болушу керек.
173. Баллонду толтуруучу жабдуулардын иштөөсүн пландык текшерүү бир жылда эки жолу жүргүзүлөт жана ага төмөндөгүлөр кирет:
- бекиткич түзүлүштөрдүн иштөөсүн текшерүү;
- сактагыч клапандардын иштөөсүн айына 1 жолу текшерүү;
- фильтрлерди карап чыгуу жана тазалоо;
- сүрүлүшүүчү тектиктерди майлоо жана сальниктерди кайра тыгыздоо;
- жөндөгүч клапандын тыгыз жабылышын текшерүү;
- жеңилдеткич клапандын туура жөнге салынганын текшерүү.
174. Төмөнкүдөй учурларда баллонду толтургуч жабдууларды иштетүүгө болбойт:
- басым белгиленген нормадан ашык көтөрүлсө;
- сактагыч клапандар, манометрлер, контролдоочу-өлчөөчү приборлор жана автоматика каражаттары бузулса;
- текшерилбеген контролдоочу-өлчөөчү приборлору болгондо;
- бекемдөөчү тетиктердин саны толук эмес жана бузук болсо;
- ширетилген жерлеринде, туташуулаарда газ чыгуу жана нымдашуу болсо;
- суюк фаза буу фазасынын өткөргүч түтүгүнө өтүп кетсе.
175. Баллонду толтургуч жабдууларды техникалык тейлөө жана оңдоо жасап чыгарган заводдун паспортунда көрсөтүлгөн көлөмдө жана мөөнөттөрдө жүргүзүлөт.
176. Толтурулган баллондор толтуруунун 100%дык текшерүүсүнөн өткөрүлүшү керек.
177. Баллондор газ менен толтурулгандан кийин таразалоо же башка ыкма менен толуу даражасына контролду камсыздоочу башка ыкма менен текшерүүдөн өтүүлөрү керек.
Баллондорду өлчөө үчүн контролдук таразалар ар бир нөөмөттүн алдында текшерилиши керек.
Жол берилүүчү четтөө төмөнкүдөй болушу керек:
- ± 10 грамм - сыйымдуулугу 1 литр баллондор үчүн;
- ± 20 грамм - 5 жана 12 литр баллондор үчүн;
- ± 100 грамм - 27 жана 50 литр баллондор үчүн.
178. Бардык толтурулган баллондор жылчыксыздыгы боюнча текшерилип, калпак менен жабылышы керек. Жылчыктуу баллондордогу газ куюп алынышы керек.
179. Толтуруучу цехтеги баллондордун саны анын бир сааттагы жалпы өндүрүмдүүлүгүнүн жарымынан ашпоосу керек.
180. Баллондорду өтүүчү жолдордо жайгаштырууга болбойт.
181. Станциялардын (пункттардын) аймагына баллондорду ташууга арналган төмөнкүдөй автомобилдер киришине жол берилет:
- атайын жабдылган ("клетка" түрүндөгү);
- автомобилдин алды жагына орнотулган түтүн чыгаргычы жана учкун өчүргүч торлуу үн баскычы бар, көмүр кислоталуу эки өрт өчүргүчтүү жана жыгач ложементтер менен жабдылган жана (же), резина (жип) кырчоосу жана (же) баллондорду бекемдөөгө ылайыкталган жасалгасы бар жүк ташуучу автоунаалар.
182. Автоунаалар жүктүн опурталдуулугу жөнүндө белгилер менен жабдылышы керек.
183. Тиричилик баллондорун көчмө автоцистерналардан толтуруу үчүн аянтчалар, ушул Эрежелерге ылайык тактыкта баллондун толгонун текшерүү үчүн тараза жабдуулар жана ашыкча толтурулган баллондогу газды куюп алуу үчүн идиш менен жабдылышы керек.
Автомобилге газ куюучу станцияда тиричилик баллондорун толтуруучу аянтчаны анын аймагынан тышкары, өзүнчө кирүүчү жана чыгуучу жолдору менен жайгаштыруу керек.
184. Тиричилик баллондорун толтуруу үчүн көчмө автоцистерналарды калктуу конуштардын чегинде жайгаштырууга тыюу салынат.
§ 6. Суюлтулган көмүр-суутек газдарды бөлүштүрүүчү жана пайдалануучу опурталдуу өндүрүштүк объекттерди, системаларды техникалык тейлөөнү жана оңдоону уюштуруу
185. Ар бир ишканада өнөр жай коопсуздугунун жана ушул Эрежелердин талаптарын билүү боюнча билимин аттестациялоодон өткөн жетекчилерден же адистерден суюлтулган көмүр-суутек газдарды пайдалануучу объекттердин коопсуз иштетилиши үчүн жооптуу адамдар дайындалат.
186. Суюлтулган көмүр-суутек газдарды пайдалануучу объекттердин коопсуз иштетилиши үчүн жооптуу адамдын кызматтык нускамасында төмөндөгүлөр каралышы керек:
- ушул Эрежелердин талаптарына ылайык газ менен камсыздоо долбоорлорун кароого жана газдаштырылуучу объекттерди иштетүүгө кабыл алуу боюнча комиссиялардын ишине катышуу;
- нускамаларды, авариялык абалды локалдаштыруу жана жоюу планын, бирге аракеттенүү пландарын иштеп чыгуу;
- өнөр жайлык коопсуздуктун, ушул Эрежелердин, башка ченемдик укуктук актылардын, нормативдик-техникалык документтердин жана персоналдын нускамаларын билүү боюнча билимин текшерүүчү комиссияларга катышуу;
- адистерге жана жумушчуларга өз алдынча иштөөгө ушул Эрежелер менен белгиленген уруксат берүү тартибинин сакталышын текшерүү;
- опурталдуу өндүрүштүк объектинин иштетилишин, газ өткөргүчтөрдү жана газ жабдууларын оңдоо пландарынын аткарылышын, иштетүүдө жана оңдоодо техникалык документтердин жүргүзүлүшүн өндүрүштүк контролдоо;
- бузулган газ өткөргүчтөрдү жана газ жабдыктарын иштетүүнү токтотуу;
- жетекчилерге жана адистерге ушул Эрежелердин талаптарын бузулганын жоюу боюнча көрсөтмөлөрдү берүү жана алардын аткарылышын контролдоо;
- газ жабдыктарын алмаштыруу жана модернизациялоо боюнча иш-чаралардын аткарылышын контролдоо;
- болушу ыктымалдуу болгон аварияларды жоюу боюнча адистерди жана жумушчуларды машыктырууларды уюштуруу;
- Кыргыз Республикасынын опурталдуу өндүрүш объекттерин, өнөр жайлык коопсуздукту жана өзгөчө кырдаалдарды көзөмөлдөө жана контролдоо чөйрөсүндөгү аткаруучу бийлик органдары тарабынан жүргүзүлүүчү текшерүүлөргө катышуу.
187. Опурталдуу өндүрүштүк объекттердин коопсуз иштетилиши үчүн жооптуу адамдар төмөнкүдөй укуктарга ээ:
- газ менен камсыздоочу (газ бөлүштүрүүчү) ишкана менен, ошондой эле келишим боюнча техникалык тейлөө жана оңдоо жумуштарын аткаруучу ишканалар менен байланышта болуу;
- билимин текшерүүдөн өтпөгөн же ушул Эрежелердин жана жумушту аткаруунун коопсуз методдору жана ыкмалары боюнча нускамаларды жакшы билбегенин көрсөткөн адамдарды газ жабдыктарын тейлөөдөн жана газ опурталы бар жумуштарды аткаруудан четтетүүнү талап кылуу;
- опурталдуу өндүрүштүк объекттерди реконструкциялоодо жана техникалык жактан кайра жабдууда техникалык көзөмөл жүргүзүү.
§ 7. Сырткы газ өткөргүчтөр жана курулмалар
188. Керектөөчүлөргө берилүүчү суюлтулган көмүр-суутек газдар, анын ичинде жытынын күчү Евразия экономикалык бирлигинин "Суюлтулган көмүр-суутек газдарга аларды отун катары пайдалануу үчүн талаптар" аттуу (ТР ЕАЭС 036/2016) Техникалык регламентинин Тиркемесинде көрсөтүлгөн физикалык-химиялык жана эксплуатациялык көрсөткүчтөрдүн талаптарына шайкеш келүүгө тийиш.
189. Сынамдарды алууга контроль жана алуунун мезгилдүүлүгү, ошондой эле газдын жытынын күчү (одоризация) газ толтуруучу станцияларда, газ толтуруучу пункттарда, автомобилге газ куюучу станцияларда жана газ бөлүштүрүүчү уюмдарда мамлекеттик стандарттарга ылайык аныкталып, жыйынтыктары журналга жазылышы керек.
190. Газдын басымынын чоңдугу долбоорго ылайык болушу керек.
191. Газ өткөргүчтөрдөгү конденсатты текшерүү жана аны чыгаруу бүтөлүп калуу мүмкүнчүлүгүн болтурбоочу мезгилдүүлүктө жүргүзүлүшү керек.
192. Газ өткөргүчтөрдө орнотулган бекиткич арматура жана компенсаторлор жыл сайын техникалык тейлөөдөн өткөрүлүп жана зарыл болсо оңдолуп турушу керек.
Техникалык тейлөө жөнүндө маалыматтар журналга, ал эми капиталдык оңдоо (алмаштыруу) жөнүндө маалыматтар - газ өткөргүчтүн паспортуна жазылат.
193. Иштеп жаткан сырткы газ жабдуулар мезгилдүү түрдө кыдырып каралып, прибор менен техникалык изилдөөдөн, техникалык абалын диагностикалоодон, ошондой эле күнүмдүк жана капиталдык оңдоодон өткөрүлүп турушу керек.
Жер астындагы газ өткөргүчтөр төмөндө көрсөтүлгөн иштетүү мөөнөттөрү боюнча диагностикалоого жатат:
- болоттон - 40 жыл;
- полиэтиленден - 50 жыл.
Газ жабдыктар (техникалык түзүлүштөр) жасап чыгарган завод чектеген иштетүү мөөнөтүнөн кийин, бирок, 20 жылдан ашпаган иштөө мөөнөтүнөн кийин аккредитацияланган лабораторияларда техникалык диагностикадан өткөрүлөт.
194. Жер үстүндөгү газ өткөргүчтөрдү кыдырып кароодо газдын чыгуусу, газ өткөргүчтүн тирөөчтөн жылышуусу, газ өткөргүчтө вибрациянын, кабырылуунун, жол берилгис ийилүүнүн, тирөөчтөрдүн чөгүүсү жана бузулуусу, өчүргүч түзүлүштөрдүн жана изоляциялоочу фланецтүү бириктирүүлөрдүн, электр зымдарынын түшүп калуусунан сактоочу каражаттардын, бекемдегичтердин абалы, газ өткөргүчтүн жана автотранспорт өтүүчү жерлердеги габариттик белгилердин боёлгон сырынын абалдары аныкталат.
Кыдырып кароо 3 айда 1 жолудан кем эмес жүргүзүлүшү керек.
Аныкталган бузулуулар ез убагында жоюлушу керек.
195. Эл жашаган жерлердеги жер астындагы газ өткөргүчтөрдү кыдырып караганда: газ өткөргүчтүн трассасындагы газ чыгуулар сырткы белгилери боюнча жана приборлордун жардамы менен, жер астындагы инженердик курулмалардын (коммуникациялардын) кудуктарындагы жана камераларындагы, текшерүүчү түтүктөрдөгү, имараттардын жертөлөлөрүндөгү, шахталардагы, коллекторлордогу, газ өткөргүчтөрдүн эки тарабында 15 м ге чейин аралыкта жайгашкан жер астындагы өтмөктөрдөгү газ чыгуулар аныкталышы керек; курулмалардын жана электр-химиялык коргоочу түзүлүштөрдүн дубалдагы багыттагыч көрнөктөрүнүн, ориентирлеринин сакталышы такталыш керек; газ кудуктардын жана коверлердин капкактары кардан, муздан жана булгануулардан тазаланышы керек; жердин оюлуусу жана чөгүп калуусу, газ өткөргүчтүн кыян жана жамгыр суулары менен жуулуп кетиши аныкталышы керек; газ өткөргүчтөрдүн бузулуудан сактоо үчүн курулуш иштерин жүргүзүү шарттары текшерилиши керек.
196. Жер астындагы газ өткөргүчтөрдүн трассаларын кыдырып кароонун мезгилдүүлүгү алардын техникалык абалына, электрден сактоочу түзүлүштөрү бар экендигине жана натыйжалуулугуна, газ өткөргүчтүн басым боюнча категориясына; жердин кыртышынын тоңгондо көтөрүлүүсүнө, чөгүүсүнө жана жердин көбүү даражасына, аймактын сейсмикалуулугуна, жылдын мезгилине жана башка факторлорго жараша белгиленет, бирок, газ бөлүштүрүү жана газ пайдалануу системаларынын коопсуздугу боюнча талаптарда аныкталган мөөнөттөрдөн аз болбогон мөөнөттөргө белгиленет.
197. Суюлтулган көмүр-суутек газдардын суюк фазасын газ өткөргүч аркылуу газ толтуруучу станцияларга жиберүүдө станциянын аймагынан сыртта, тосмодон 50 метрден кем эмес алыстыкта ажыратуучу түзүлүш орнотулушу керек.
198. Жеңилдетүүчү газ өткөргүчтөрдө сактагыч клапандарга ажыратуучу түзүлүштөрдү орнотууга болбойт.
199. Жумуш аткарылбаган убакта суюлтулган көмүр-суутек газдардын технологиялык газ өткөргүчтөрүндөгү бардык бекиткич арматура жабык болушу керек.
200. Газ өткөргүчтөрдү жана жабдыкты пландык-алдын алуучу оңдоолор графиктерде каралган мөөнөттөрдө аткарылышы керек.
Суюлтулган көмүр-суутек газдарды өткөрүүчү газ өткөргүчтөрдү жана арматураны иштетүүдө төмөндөгү жумуштар аткарылышы керек:
- техникалык тейлөө;
- техникалык оңдоо;
- мезгилдүү сыноолор.
201. Газ өткөргүчтөрдү жана арматураны техникалык тейлөөдө төмөндөгү жумуштар аткарылышы керек:
- ширөөлөрдөгү жана фланецтик бириктирүүлөрдөгү тыгыз эместиктерди аныктоо үчүн газ өткөргүчтөрдү күн сайын кыдырып карап чыгуу;
- таяныч конструкцияларынын, фундаменттердин, илгичтердин бекемдегичтеринин, жылуулоо изоляциясынын жана сырдалышынын абалын, кыймылдуу жана кыймылсыз тирөөчтөрдүн, компенсациялоочу түзүлүштөрдүн туура иштешин, дренаждык түзүлүштөрдүн, арматуранын, кудуктардын абалын текшерүү.
202. Арматураны сыртынан карап чыгууда анын сальниктеринин жылчыксыздыгы, задвижкалардагы жана вентилдердеги шпинделдин бир калыпта жүрүшү текшерилет. Аныкталган бузуктар жоюлушу керек.
203. Сактагыч жеңилдетүүчү клапандардын басымын жөнгө салууда анын жумушчу басымдан жогорулугу 15%дан ашпоосу керек.
204. Газ өткөргүчтөр жана аларда орнотулган арматура белгиленген тартипте бекитилген графиктер боюнча мезгилдүү оңдоодон өтүп турушу керек.
205. Арматураны сактагыч, жеңилдетүүчү, ылдамдык жана артка жибербөөчү клапандарды техникалык оңдоо жасап чыгарган заводдордун паспортунда көрсөтүлгөн мөөнөттөрдө, бирок жылына бир жолудан кем эмес жүргүзүлүшү керек.
§ 8. Насосторду, компрессорлорду жана бууландыргычтарды иштетүү
206. Насосторду, компрессорлорду жана бууландыргычтарды иштетүүдө жасап чыгарган заводдордун нускамаларынын, ушул Эрежелердин жана өндүрүштүк нускамалардын талаптарын аткаруу керек.
207. Компрессорлордун, насостордун айдоочу жолдорундагы жана бууландыргычтан чыккан жердеги долбоор менен эсептелген басым ашып кеткенде электр кыймылдаткычтар жана бууландыргычка жылуулук берүү автоматтык түрдө токтошу керек.
208. Желдеткичтер, контролдоо-өлчөөчү приборлор өчүрүлгөн учурда же алар жок болсо, же бөлмөдөгү газдын концентрациясы жалындын таралуусунун төмөнкү концентрациялык чегинен 10%га жогору болгон учурда компрессорлорду, насосторду жана бууландыргычтарды иштетүүгө болбойт.
209. Компрессорлордун, насостордун жана бууландыргычтарды иштөө режими, алардын иштетилген убакытынын саны, ошондой эле иштөөсүндөгү бузулуулар жөнүндө маалыматтар иштетүү журналында көрсөтүлүшү керек.
210. Компрессорлорду, насосторду жана бууландыргычтарды жумушчу режимден резервге өткөрүү өндүрүштүк нускамага ылайык жүргүзүлүшү керек.
211. Компрессор, насос токтотулгандан кийин соруучу жана айдоочу жолдордогу бекиткич арматура жабылышы керек.
Бууландыргычты өчүргөндө жылуулук ташуучунун жана газдын кирүүчү жана чыгуучу жериндеги бекиткич арматура жабылышы керек.
212. Суу менен муздатуучу жабдыктуу насостук-компрессордук бөлүмдөгү абанын температурасы иш убактысында 10 ºС төмөн болбоого тийиш.
213. Илиштиргичтин муфтасында тосмосу болбосо жана электр кыймылдаткычтуу ремендүү өткөргүчтө компрессорлорду жана насосторду иштетүүгө болбойт.
214. Насостук-компрессордук жана бууландыргыч бөлүмдөрдө жабдыктын, өткөргүч түтүктөрдүн жана контролдоо-өлчөөчү приборлордун технологиялык схемалары, жабдыктарды иштетүү боюнча нускамалар жана иштетүү журналдары болушу керек.
215. Компрессорлорду жана насосторду техникалык тейлөөдө төмөндөгү жумуштар ар бир нөөмөттө аткарылышы керек:
- бузуктарды жана газ чыгууларды аныктоо үчүн агрегаттарды, бекиткич жана сактагыч арматураны, өлчөө каражаттарын, автоматикананы жана бөгөттөгүчтөрдү карап чыгуу;
- жабдууларды жана контролдоо-өлчөөчү приборлорду чаңдан жана кирден тазалоо, жерлештирүүнүн бар экендигин жана бекемдегичтердин бузук эместигин текшерүү;
- бөлөкчө дабыштардын, мүнөздүү вибрациялардын жоктугун, подшипниктердин температурасын, майдын жана муздатуучу суунун деңгээлин, басымын жана температурасын контролдоо;
- караганда көрүнөө болгон кыймылдагы бөлүктөрдүн оң экендигин текшерүү;
- бекиткич арматуранын жана сактагыч клапандардын оң экендигин жана абалын контролдоо;
- жабдыкты жасап чыгарган заводдун нускамаларынын талаптарын аткаруу;
- бузулган жабдыкты өчүрүү.
216. Компрессорлорду иштетүү боюнча нускамаларда каралган жумуштар кошумча аткарылууга тийиш.
217. Компрессордун айдоочу газ өткөргүчүндөгү газдын басымы суюлтулган көмүр-суутек газдардын бууларынын айдоо температурасынын маалындагы конденсациясынын басымынан ашпоосу жана 1,6 мегапаскалдан жогору болушу керек.
218. Насостун соруучу жолундагы газдын басымы ошол температурадагы суюк фазадагы каныккан буулардын серпилгичтигинен 0,1-0,2 мегапаскаль жогору болушу керек.
219. Компрессорлордун жана насостордун шынаа түрүндөгү өткөргүч ремендери алардын бышыктыгына жана кыймылды өткөрүп берүүчүлүгүнө таасир этүүчү заттардын таасиринен корголуп, мамлекеттик стандарттардын талаптарына ылайык болушу керек.
220. Насосторду техникалык тейлөө ай сайын жүргүзүлүшү керек.
Техникалык тейлөө убагында төмөндөгүлөр аткарылууга тийиш:
- насос менен электр кыймылдаткычтын кыймыл өткөргүчүнүн, ошондой эле кошуучу муфтанын манжаларынын дал келүүсүн текшерүү;
- артка кетирбөөчү клапандын иштөөсүн текшерүү, көп тепкичтүү секциялуу насостордун секцияларынын арасынан газ чыгууну жоюу;
- багыттоочу жана анкердик бурамаларды бекемдөө.
Саналган жумуштардан тышкары, заводдун насосту иштетүү боюнча нускамасында каралган жумуштарды аткарылышы зарыл.
Компрессорлор жана насостор үчүн заводдук нускамада каралбаган майлоочу каражаттарды пайдаланууга болбойт.
221. Компрессорлорду, насосторду жана бууландыргычтарды техникалык тейлөө иштетүүчү персонал тарабынан, ал жумуштарды аткарууга жооптуу кызматкердин жетекчилиги менен жүргүзүлөт.
Насостук-компрессордук жана бууландыргыч жабдыктарды күнүмдүк оңдоодо аларды карап чыгуу, жабдыктарды айрым жерлерин ачып жана тез жешилүүчү бөлүктөрүн жана тетиктерин алмаштыруу керек.
222. Насостук-компрессордук жабдыкты күнүмдүк жана капиталдык оңдоонун мөөнөттөрү жасап чыгарган заводдор тарабынан жана объектинин жетекчиси бекиткен графиктер боюнча белгиленет.
223. Компрессорлорду күнүмдүк оңдоодо төмөнкүдөй жумуштар аткарылат:
- цилиндрлердин капкактарын ачуу, цилиндрлерди, поршендерди ыштан тазалоо, поршендин шакектерин зарыл болсо алмаштыруу, поршендин шакектеринин, поршендердин, штоктордун, цилиндрлердин жешилгенин текшерүү;
- чыканактуу валдын моюнчаларын конус жана эллипс боюнча текшерүү, зарыл болсо аларды жонуу жана жылмалоо;
- шатундун төмөнкү башынын подшипниктеринин абалын текшерүү, зарыл болсо, аларды шаберлөө;
- чыканактуу валдын вкладышы менен тегеренүүчү моюнчасынын ортосундагы жылчыкты оңдоо;
- ролик подшипниктерди текшерүү жана зарыл болсо алмаштыруу;
- шатун болтторду карап чыгуу жана алардын өлчөмдөрүн текшерүү;
- шатундун үстүңкү башынын втулкасынын абалын жана крейцкопфтун манжасын текшерүү, аларды оңдоо же алмаштыруу;
- цилиндрлердин көйнөгүн жана муздаткычтарды булгануудан жана кеберден тазалоо;
- ашташуучу бөлүктөрдүн ортосундагы "зыяндуу ачыктарды" жана жылчыктарды жөнгө салып, аларды жасап чыгарган заводдун нускамасында каралган өлчөмдөргө чейин жеткирүү;
- май өткөргүчтөрдү оңдоо, картерди тазалоо жана жуу, майды толук алмаштыруу, сальниктерди жана алдыңкы сальниктерди тыгыздоо;
- бекиткич арматураны жана сактагыч клапандарды оңдоо жана алмаштыруу;
- бардык болт менен бириктирүүлөрдү текшерүү жана аларды шплинттөө;
- соруучу жана айдоочу клапандарды оңдоо жана алмаштыруу;
- клапандык уяларды жылмалоо жана жышылтуу;
- абаны кургатуучу түзүлүштөрдү оңдоо.
224. Насосторду күнүмдүк оңдоодо техникалык тейлөөдө аткарылуучу жумуштардан тышкары төмөндөгү жумуштар аткарылат:
- роторду чыгаруу жана корпусунун ички беттерин карап чыгуу;
- дисктерди оңдоо же керектүүлөрүн алмаштыруу;
- валдын моюнчаларын жылмалоо, аны тууралоо (зарыл болсо);
- тыгыздоочу шакектерди алмаштыруу;
- роторду баланстоо (зарыл болсо);
- прокладкаларды алмаштыруу;
- сальниктин тыгыздагычтарын оңдоо жана бекемдөө (же) алмаштыруу;
- подшипниктерди алмаштыруу (зарыл болсо).
225. Бууландыргычтарды иштетүүдө басым астында иштөөчү идиштерди коопсуз пайдалануу боюнча талаптар аткарылышы керек.
Бууландыргычтарды күнүмдүк оңдоо жылына 1 жолудан кем эмес жүргүзүлүшү керек.
226. Бууландыргычтарды техникалык тейлөө жана оңдоо жасап чыгарган заводдун паспортунда көрсөтүлгөн көлөмдө жана мөөнөттөрдө жүргүзүлүшү керек.
227. Төмөнкүдөй учурларда компрессорлор жана насостор токтотулушу керек:
- бекиткич арматурадан газ чыкса жана бузулуулар болсо;
- вибрациялар, бөлөк дабыштар жана тыкылдоолор пайда болсо;
- подшипниктер жана сальниктик тыгыздоолор иштен чыкканда;
- электрлик иштеткичтер, ачуучу арматура иштен чыкканда;
- муфталык бириктирүүлөр, шынаа түрүндөгү ремендер жана алардын тосмолору бузулганда;
- соруучу жана айдоочу газ өткөргүчтөрдөгү газдын белгиленген басымы төмөндөсө.
228. Төмөнкүдөй учурларда бууландыргычтарды иштетүүгө болбойт:
- суюк жана буу фазаларынын басымы белгиленген ченемден жогоруласа же төмөндөсө;
- сактагыч клапандар, контролдоо-өлчөөчү приборлор жана автоматика каражаттары бузулса;
- контролдоо-өлчөөчү приборлорго текшерүү жүргүзүлбөсө;
- бекемдөөчү тетиктер бузук же толук эмес болсо;
- ширетилген жиктерде, бурама менен бириктирилген жерлерде газ сызылып чыкса, ошондой эле бууландыргычтын конструкциясынын бүтүндүгү бузулса;
- суюк фаза буу фазасынын газ өткөргүчүнө түшсө;
- бууландыргычка жылуулуктун берилиши токтотулса.
229. Суюлтулган көмүр-суутек газдар пайдаланылуучу опурталдуу өндүрүштүк объектте насосторду, компрессорлорду, каруселдик газ толтуруучу агрегаттарды жана бууландыргыч түзүлүштөрдү иштетүүдө төмөнкүдөй документтер таризделиши керек:
- иштетүү, техникалык коопсуздук, техникалык тейлөө, жүргүзүү, баптоо боюнча техникалык баяндама, нускамалар, запастык бөлүктөрдүн ведомосту;
- оңдоо боюнча колдонмо, тез жешилүүчү тетиктердин жана түйүндөрдүн чектелген жешилүү нормалары;
- технологиялык процесстин жана жабдууну оңдоонун баяндамасы;
- арматура, аппараттар жана контролдоо-өлчөөчү приборлор жайгашкан жерлерди, алардын милдеттерин, жумушчу параметрлерин (басым, температура ж.б.), газдын агымынын келген багытын көрсөтүү менен газ өткөргүчтөрдү бириктирүү схемасы;
- жекече сыноолордун актылары;
- жабдуулардын негизги түйүндөрүнүн, тез жешилүүчү тетиктердин, иштетүү процессинде мезгилдүү бузбай текшериле турган тетиктердин жалпы көрүнүшүнүн чиймелери;
- басым менен иштөөчү идиштердин жана аппараттардын , сактагыч клапандардын, электр кыймылдаткычтарынын, аба менен муздатуучу аппараттардын паспорттору;
- майлоочу материалдардын сертификаттары же алардын лабораториялык анализинин жыйынтыктары;
- насостордун, компрессорлордун, каруселдик газ толтуруучу агрегаттардын жана бууландыргыч түзүлүштөрдүн иштөөсүнүн нөөмөттүк журналы, оңдоо иштеринин формуляры;
- алдын алуучу пландуу оңдоо иштеринин графиктери.
230. Суу менен муздатылуучу компрессордук түзүлүштөрдү жана насосторду өзүнчө насостук-компрессордук бөлүмдөрдө жайгаштыруу керек.
Аба менен муздатылуучу компрессорлорду жана насосторду чатырчанын астында жайгаштырууга жол берилет, эгер жасап чыгаруучу мындай жайгаштырууну эске алган болсо.
231. Насостук-компрессордук бөлүмдөрдө, суюлтулган газды айдап өткөрүүчү насостордон башка компрессорлорго байланышы жок жабууну орнотууга жол берилбейт.
232. Компрессордук же насостук агрегаттын (компрессор же электр кыймылдаткычтуу насос) алдындагы фундаменттин массасы тиешелүү агрегаттын массасынан чоң болушу керек.
Фундаменттин конструкциясы долбоордо аныкталат.
233. Компрессорлордун, насостордун, электр кыймылдаткычтардын корпустары жана таяныч плиталары жердештирилиши керек.
234. Компрессордук же насостук түзүлүштүн термелүүсүнүн газ өткөргүчтөргө берилишин болтурбоо үчүн агрегаттардын кирүүчү жана чыгуучу патрубкаларын газ өткөргүчтөргө термелүүнү компенсациялоочу кыстармалардын жардамы менен бириктирүү зарыл.
235. Насостук-компрессордук бөлүмдөрдө жандаш чуңкурларды (приямки), полдун алдындагы каналдарды жасоого жол берилбейт.
236. Суюлтулган көмүр-суутек газды пайдалануучу объекттерде колдонулуучу насостук-компрессордук жабдуу суюлтулган газдарды өткөрүүгө атайын ылайыкталган, айлана-чөйрөгө газды чыгарбай тургандай жылчыксыз бекитилиши керек.
237. Насостук жана компрессордук түзүлүштөрдү техникалык тейлөө жана оңдоо объекттин техникалык жетекчиси бекиткен алдын алуучу пландуу оңдоо иштеринин графиги боюнча жүргүзүлөт.
238. Иштеп жаткан насосторду жана компрессорлорду кароосуз каптырууга жол берилбейт.
239. Компрессор иштеп жатканда жумуш процессинде алардын вибрациясына жана күүлдөөшүнө жол бербөө керек.
Соруучу жана айдоочу жолдордогу манометрлердин жана термометрлердин көрсөткүчтөрү берилген режимге ылайык келиши зарыл.
Иштеп жаткан компрессордо ашыкча кызуу, вибрация же тыкылдоо пайда болсо, анын себептерин аныктоо үчүн токтотулушу керек.
240. Компрессорлордун соруучу жолдорунда конденсат чогулткучтарды (суюктукту бөлүүчү) орнотуу каралышы керек, алар деңгээлди билдиргичтер жана дренаждык түзүлүштөр менен жабдылышы керек.
Деңгээлди билдиргичтердин компрессорлору менен бөгөттөгүчү болушу керек, алар конденсат чогулткучтагы суюлтулган газдын максималдуу басымында компрессорду токтотууну камсыз кылышат.
Компрессорлордун айдоочу жолдорунда май ажыраткычтар орнотулушу керек.
241. Суюлтулган газдын суюк фазасын өткөрүүчү насостор иштеп жатканда төмөнкүлөргө көз салып туруу зарыл:
- электр кыймылдаткычтардын температурасына;
- подшипниктердин температурасына; учкубеттик тыгыздагычтын температурасына;
- манометрлер боюнча соруучу жана айдоочу жолдордогу басымга; учкубеттик тыгыздагычтын жана арматурага фланецтик бириктиргичтердин жылчыксыздыгына;
- вибрациялардын жана күүлдөгөн үндүн жоктугуна.
242. Компрессорлор төмөнкүдөй учурларда авариялык токтотулушу керек:
- компрессордун коргоочу каражаттары иштебей калганда;
- кысуунун бардык тепкичтеринде манометрлердеги басым жол берилгенден жогору чекти көрсөтсө;
- муздатуучу суюктуктун берилиши токтоп калганда же муздатуучу системанын бузулгандыгы аныкталса;
- тыгыздагычтар бузулса жана газ чыкса;
- компрессордо жана кыймылдаткычта башкача тыкылдоолор жана урунуулар пайда болсо же аварияга алып келүүчү бузулуулар аныкталса;
- контролдоо-өлчөөчү приборлор иштен чыгып, аларды компрессордук түзүлүш иштеп жатканда алмаштырууга мүмкүн болбосо;
- жарык болбосо;
- өртучурунда;
- фундаментте кооптуу жаракалар болсо.
243. Насосторду төмөнкүдөй учурларда дароо авариялык токтотуу керек:
- насостун кайсы бир бөлүгүнөн суюлтулган газ чыкса;
- насостун вибрациясында же даана угулган үн чыкса;
- подшипниктин же учкубеттик туташтыруудагы тыгыздагычтын температурасы көтөрүлсө;
- нагнетаниедеги басымдын күчү күтүүсүз 10%дан ашык төмөндөсө.
244. Компрессорлордун жана насостордун бузулган манометрлер жана термометрлер менен же аларсыз иштөөсүнө жол берилбейт.
245. Насостук-компрессордук бөлмөдө насосторду, компрессорлорду жана өткөргүч түтүктөрдү үйлөтүүгө жана дренаждоого жол берилбейт.
Дренаждалган продуктуларды чогултуу жана үйлөтүлгөн газдарды чыгарып салуу үчүн борборлоштурулган системаларды пайдалануу керек.
246. Компрессорлордун, насостордун жана задвижкалардын сальниктериндеги, газ өткөргүчтөрдүн кошулган жерлериндеги газдын чыккан жылчыктарын бүтөө керек.
Аларды бүтөгөнгө чейин насостор жана компрессорлор токтотулушу керек.
247. Газ өткөргүчтөрдө вибрация пайда болушунун алдын алуу үчүн түзүлүштөрдөгү анкердик бурамалардын бекемдигине көз салып туруу керек.
Кыймылдаткычтан насоско жана компрессорго айланууну түздөн-түз, ийкемдүү муфталар аркылуу же шынаа түрүндөгү курдун жардамы менен берүүгө жол берилет.
Кыймылдаткычтан агрегатка жалпак кур менен кыймыл берүүгө жол берилбейт.
Шынаа түрүндөгү курлар электр өткөрүүчү материалдардан болушу керек.
Түзүлүш жердештирилиши керек.
Насостордун жана компрессорлордун бардык кыймылдоочу бөлүктөрү тосулган болушу керек.
248. Компрессорлордун, насостордун жана кыймылдаткычтардын фундаменттери май же башка суюктуктардын фундаменттин астындагы рамаларга түшүүсүнөн корголушу керек.
249. Компрессорлордун жана насостордун алдын алуучу пландуу оңдоо иштери графиктерде каралган мөөнөттөрдө аткарылышы керек.
Оңдоо үчүн ажыратылган компрессор же насос газдан бошотулушу, байланыштыруучу газ өткөргүчтөрдөн тыгын (заглушка) аркылуу өчүрүлүшү жана бууландырылышы керек.
250. Насосторду жана компрессорлорду орнотулган жеринде оңдоого коопсуздуктун кошумча талаптарын сактоо менен жол берилет.
Оңдоло турган компрессордун же насостун газ өткөргүчтөрүндө тыгындарды орнотууда башка компрессорлордун жана насостордун иши токтотулушу керек.
251. Насостук-компрессордук бөлүмдө майлоочу материалдарды сактоого суткалык зарылчылыктан ашпаган санда жол берилет.
§ 9. Желдетүүчү жабдууну иштетүү
252. Газ толтуруучу станцияларда, газ толтуруучу пункттарда, автомобилдерге газ куюучу станцияларда жетекчинин чечими менен желдетүүчү системаларды иштетүү боюнча жооптуу адам дайындалат.
253. Желдетүүчү системалар функциялык белгилери (киргизүүчү, чыгаруучу, авариялык) боюнча катар номер ыйгарылуу менен аныкталышы керек.
Белгилер желдеткичтин сыртына жана аба өткөргүчтөргө коюлат.
254. Желдетүүчү системаларга паспорттор түзүлүшү керек. Паспортко системанын өндүрүмдүүлүгү жөнүндө маалымат, анын схемасы, мүнөздөмөсү, желдеткичтин жана электр кыймылдаткычтын түрү, оңдоо иштери жана жөндөөлөр жөнүндө маалыматтар жазылат.
Уюмда төмөнкүлөр сакталышы керек:
- ченемдерин көрсөтүү менен аба өткөргүч системасынын, арматуранын, компенсаторлордун, сактагычтын, жалын тосуучу жана дренаждык түзүлүштөрдүн, контролдоо-өлчөөчү приборлордун, ошондой эле түзүлүшкө кирүүчү жабдуунун жайгашуусунун схемасы;
- желдетүүчү түзүлүштү иштетүүгө кабыл алуу актылары;
- желдетүүчү түзүлүштүн ажырагыс бөлүгү болуп эсептелген жабдуунун паспорттору.
Төмөнкүлөрдү уюштуруу керек:
- желдетүүчү түзүлүштүн иштөө убактысын эсепке алуу;
- түзүлүштү иштетүүдө бузулууларды эсепке алуу;
- жабдуунун жана түзүлүштүн элементтеринин техникалык тейлөөсүн жана оңдоо иштерин эсепке алуу;
- түзүлүштүн элементтерин алмаштыруу жөнүндө маалыматтар.
Желдетүүчү системалардын конструкциясына бардык өзгөртүүлөр долбоордун негизинде киргизилиши керек.
255. Желдетүүнүн чыгаруучу системаларын жүргүзүү технологиялык жабдууну иштеткенге 15 минута калганда аткарылат, желдетүүнү киргизүүчү система жүргүзүү - чыгаруучу желдетүү системаларын иштеткенден 15 минутадан кийин аткарылат.
256. Киргизүүчү желдетүү системалары абаны алуучу жерлерде, суюлтулган көмүр-суутек газдардын бууларынын түшүү мүмкүндүгү болбошу керек.
257. Киргизүүчү желдетүү системаларын токтоткондо, аба өткөргүчтөрдүн артка кетирбөөчү клапандары жабылышы керек.
258. Киргизүүчү-чыгаруучу желдетүүнүн иштөөсүнүн долбоордук натыйжалуулугу суюлтулган көмүр-суутек газдарды пайдалануучу объектти ишке киргизүүдө жана иштөө процессинде адистешкен ишканалар тарабынан жылына бир жолудан кем эмес текшерилиши керек.
Текшерүүнүн жыйынтыгы желдетүүчү түзүлүштүн паспортуна жазылышы керек.
Желдетүүчү системалар жылына бир жолудан кем эмес, ошондой эле капиталдык оңдоодон, жөндөөдөн же аба чөйрөсүнүн анализинин канааттандыраарлык эмес жыйынтыгынан кийин сыноолордон өтүшү керек.
259. Желдетүүчү системалардын иштөөсүнүн натыйжалуулугун баалоо адистештирилген уюм тарабынан жүргүзүлүүчү сыноолордун жыйынтыгы боюнча аларды иштетүү режиминин көрсөтмөлөрү менен бирге берилген техникалык отчёт менен ырасталат.
260. Желдетүүчү түзүлүштөрдү техникалык тейлөө суюлтулган көмүр-суутек газдарды пайдалануучу объекттин персоналы тарабынан белгиленген тартипте бекитилген графиктер боюнча жүргүзүлөт.
261. Желдетүүчү түзүлүштөрдү техникалык тейлөөдө пландуу түрдө карап чыгылат жана оңдолот (күнүмдүк жана капиталдык).
Желдетүүчү түзүлүштөрдү пландуу карап чыгууда төмөнкүлөр аткарылат:
- механикалык бузулуулардын жана коррозиянын болушун; аба өткөргүчтөрдүн, желдетүүчү камералардын жана калориферлердин түтүктөрүнүн жылчыксыздыгын; сырынын кетпегендигин, башка үндөрдүн, вибрациянын болуусун, абанын сорулушун сыртынан карап контролдоо;
- дроссель-клапандардын, шиберлердин жана жалюзалык торлордун иштөөсүн, борбордон таралуучу желдеткичтердин жумушчу дөңгөлөктөрүнүн жана окутуу желдеткичтердин крыльчаткасынын айлануу багытынын тууралыгын текшерүү;
- борбордон таралуучу желдеткичтердин роторлору менен каптоочторунун ортосундагы жана октуу желдеткичтердин крыльчаткасы менен обечайкасынын ортосундагы жылчыктарды текшерүү;
- калориферлердин чыпкаларынын, пластиналарынын жана секцияларынын булгануусун аныктоо жана кассеталардын чыпкалоочу материалдар менен толтурулгандыгын текшерүү;
- электр кыймылдаткычтардын подшипниктеринин температурасын контролдоо жана акыркысынын жердештирилгендигин текшерүү;
- бөлмөгө толтурулган абанын параметрлерин контролдоо;
- айлануучу бөлүктөрдүн тосмосун текшерүү.
262. Желдетүүчү түзүлүштөрдү күнүмдүк оңдоодо төмөнкү жумуштар аткарылат:
- пландуу карап чыгууларда табылган дефектилерди жоюу;
- электр кыймылдаткычтарды ажыратуу жана тазалоо;
- электр кыймылдаткычтардын иштөөсүн басым астында жана бош жүргүзүп текшерүү;
- жердештирилген түзүмдөрдүн каршылыгын текшерүү;
- ток алып жүрүүчү бөлүктөрдүн изоляциясын оңдоо жана алмаштыруу, магниттик жүргүзгүчтөрдү жана контакторлорду оңдоо;
- желдеткичтердин жана электр кыймылдаткычтардын подшипниктерин оңдоо же алмаштыруу;
- подшипниктердин жана зарылдыкка жараша фланецтердин, бурамалардын, прокладкалардын, жумшак кыстырмалардын майларын алмаштыруу;
- борбордон таралуучу желдеткичтердин дөңгөлөктөрүнүн айрым калакчаларын жана октук желдеткичтердин крыльчаткаларын оңдоо;
- аба өткөргүчтөрдүн вибрациясын болтурбоо жана кошумча үндөрдү жок кылуу үчүн желдеткичтин роторун оңдоо жана баланстоо;
- ротор менен каптоочгун ортосундагы жылчыкты текшерүү жана калыбына келтирүү;
- желдеткичтерди жана электр кыймылдаткычтарды бекемдөө;
- аба өткөргүчтөрдү, желдеткич камераларды, тартуучу жана чыгаруучу шахталарды тазалоо, чыпкалардын элементтерин алмаштыруу ж.б.;
- желдетүүнүн киргизүүчү системаларынын артка кетирбөөчү клапандарынын жылчыксыздыгын текшерүү;
- калориферлердеги жылуулук бергичтин чыгууларын жоюу (зарылдыкка жараша);
- желдетүүчү камераларды, түтүктөрдү, кассеталарды, тосуучу конструкциялар аркылуу өтүүчү жерлердеги бөлүктөрдү ж.б. оңдоо;
- аба өткөргүчтөрдү сырдоо (зарылдыкка жараша);
- жөнгө салуу (зарылдыкка жараша).
263. Капиталдык оңдоодо желдетүүчү түзүлүштөрдүн иштөө жөндөмүн жана натыйжалуулугун калыбына келтирүү үчүн зарыл болгон жумуштар аткарылат.
Бардык элементтердин абалын текшерүү, жешилген түйүндөрдү жана тетиктерди алмаштыруу, жөнгө салуу, зарыл болгон сыноолорду өткөрүү жана комплекстүү текшерүү зарыл, анын ичинде төмөнкүлөрдү аткаруу керек:
- желдеткичтин валын оңдоо жана (же) алмаштыруу;
- желдеткичтин каптоочун оңдоо;
- жешилген подшипниктерди алмаштыруу;
- роторду статикалык баланстоо;
- конструкциялык элементтерди, анын ичинде желдетүүчү камералардын изоляциясын клапандарды, эшиктерди, дроссель-клапандарды, шиберлерди, задвижкаларды, механизмдерди жана кыймыл бергичтерди алмаштыруу менен оңдоо;
- аба өткөргүчтөрдүн участокторун, жеринде соргучтарды, чатырчаларды, дефлекторлорду, калориферлерди ж.б. алмаштыруу;
- жөндөө.
Желдетүүчү түзүлүш капиталдык оңдоодон өткөндөн кийин мүнөздөмөлөрү жана иштөө ресурсу көрсөтүлгөн жаңы паспорт таризделет.
264. Желдетүүчү түзүлүштөрдү пландуу карап чыгуунун жыйынтыктары суюлтулган көмүр-суутек газдарды пайдалануучу объекттин жабдуусунун иштөө журналына жазылышы керек.
265. Авариялык желдетүүчү түзүлүштөрдүн иштешин текшерүү айына бир жолудан кем эмес жүргүзүлүшү керек.
266. Суюлтулган көмүр-суутек газдарды пайдалануучу объектте киргизүүчү-чыгаруучу желдетүүнүн абалын жана иштөөсүн контролдоо камсыздалышы керек жана квартал ичинде бир жолудан кем эмес бөлмөлөрдөгү аба алмашуунун эселиги текшерилиши керек.
Текшерүүнүн жыйынтыгы акты менен таризделет.
267. Атайылап желдетүү аркылуу түзүлгөн аба алмашуунун деңгээлин текшерүүдө чыгаруучу желдетүү аркылуу бөлмөнүн төмөнкү бөлүгүндөгү абанын 2/3 бөлүгүн жана жогорку жагынан - 1/3 бөлүгүн соруп алуусун камсыз кылуу керек.
Аба алмашуу жетишсиз болгон учурда суюлтулган көмүр-суутек газдары менен иштөөгө жол берилбейт.
268. Жарылууга кооптуу бөлмөлөрдүн киргизүүчү-чыгаруучу желдетүү системасы кадимки чөйрөдөгү бөлмөлөрдүн желдетүүсү менен байланышпоосу керек.
Жарылууга кооптуу бөлмөлөргө туташкан электр жабдуусу кадимки жасалган бөлмөлөрдө аба алмашуу эсеси саатына бештен кем эмес болсо, басым күчү 0,00005 мегапаскалдан кем эмес желдетүү болушу керек.
269. Чыгаруучу желдетүү системаларынан абаны чыгаруучу жер имараттын чатырынын үстүнкү кырынан 2 метрден кем эмес жогоруда жайгашуусу керек.
270. Желдетүүчү камералар үчүн саатына бир эселүү аба алмашууну камсыздаган табигый желдетүү каралышы керек.
271. Киргизүүчү желдетүү системалары үчүн абаны алуучу жер абаны чыгаруучу жерден 6 метрден кем эмес жогоруда болушу керек.
272. Бардык аба өткөргүчтөр күйбөй турган материалдардан жасалышы керек.
273. Аба өткөргүчтөрдүн жумшак кыстырмалуу фланецтик кошулган жерлеринде статикалык электр тогунун дүрмөттөрүнөн коргоо үчүн шунттоочу электр өткөргүчтөн бириктиргичтер орнотулушу керек.
274. Желдеткичтердин өндүрүмдүүлүгүн камсыздоо үчүн төмөндөгүлөр камсыздалышы керек:
- айлануулардын саны;
- крыльчатканы туура баланстоо;
- крыльчатка менен каптоочтун ортосундагы ылайык келүүчү жылчык;
- аба өткөргүчтөрдү бириктирүүдө газ чыгышын жоюу;
- аба өткөргүчтөрдүн булгануусун тазалоо жана аларга башка нерселердин кошулуп кетишин болтурбоо.
275. Жарылууга кооптуу жайлардын чыгаруучу желдетүү системалары имараттын сырттагы кире беришинде орнотулган, жарылуудан корголуп жасалган кайталоочу иштетүүчү баскычтар менен жабдылышы керек.
276. Желдетүүчү системалардын иштетүүчү түзүлүштөрү насостордун жана компрессорлордун иштетүүчү түзүлүштөрү жана каруселдик толтуруучу түзүлүштөрдүн кыймыл бергичтери менен тосмолонушу керек.
Тосмолоо компрессорлорду, насосторду жана каруселдик түзүлүштөрдү ишке киргизүүнү желдеткичтердин иштөөсүнөн 15 минутадан кем эмес убакыттан кийин баштоо мүмкүндүгүн жана жабдуунун желдетүү өчүрүлгөн маалда иштөө мүмкүндүгүн болтурбоону камсыз кылышы керек.
277. Авариялык желдетүү жарылууга кооптуу жайлардагы туруктуу орнотулган газ анализдөөчүлөр менен тосмолонушу керек.
278. Технологиялык жабдуусу бар жайларда атайылап желдетүүчү киргизүү-чыгаруу системалары каралышы керек, ал системалар долбоордогу эсепке ылайык төмөндөгүдөн кем эмес көлөмдө аба алмашуу эселигин камсыз кылышы керек, бирок:
- жумуш убагында саатына он эселүү аба алмашуу;
- жумуш жокто саатына он эселүү аба алмашуу;
- авариялык чыгаруучу желдетүү үчүн саатына сегиз эселүү аба алмашуу камсыздалышы керек.
279. Чыгаруучу желдеткичтер жана электр кыймылдаткычтар жарылуудан корголгудай жасалып, желдетүүчү камераларда орнотулушу керек.
280. Авариялык желдетүү бөлмөдөгү газдын кооптуу концентрациясынын (жалындын жайылуусунун төмөнкү концентрациялык чегинен 10% жогору болгон абал) кабарлагычы аркылуу ишке киргизилиши керек.
Авариялык желдетүү ишке киргизилгенден баштап, насостордун, компрессорлордун жана башка технологиялык жабдуунун электр кыймыл бергичтерин өчүрүү камсыз кылынышы керек.
281. Желдетүүчү камералар жабык болуусу керек.
282. Чыгаруучу системалардын соргучтары аба өткөргүчтөргө башка нерселердин кирүүсүнүн алдын алуу үчүн тор менен жабылышы керек.
283. Жөнгө салуучу түзүлүштөр ишке даярдалгандан кийин тиешелүү абалда катталышы керек.
284. Желдетүүчү камераларды жана "А" категориясындагы жайларды өрткө каршы жана өрттөн жарылуу кооптуулугу боюнча техникалык тейлөө ар бир нөөмөттө журналга жазуу менен жүргүзүлүшү керек.
285. Жалын тосуучу жана өзү жабылуучу артка кетирбөөчү клапандарды ондоо жылына бир жолу, желдетүү системасынын паспортуна жазуу менен жүргүзүлүшү керек.
§ 10. Газдын жалыны менен иштетүү
286. Газдын жардамы менен кесүү, ширетүү жана башка металлдарды газдын жалыны менен иштетүүнүн түрлөрү боюнча жумуштарды аткарууга, ошондой эле башка булактардан ачык жалынды колдонууга төмөнкүдөй аралыктан жол берилет:
- 10 метр - топтук газ баллондуу түзүлүштөрдөн;
- 5 метр - пропан-бутаны бар өзүнчө баллондордон;
- 3 метр - суюлтулган көмүр-суутек газдардын газ өткөргүчтөрүнөн жана резина-кездемелүү түтүктөрдөн, ошондой эле газдын жалыны менен кол жумуштарын аткарууда газ бөлүп алуу постторунан;
- 1,5 метр - автоматтык жана жарым автоматтык линиялардан.
287. Жумуш маалында суюлтулган көмүр-суутек газдуу баллондор тике тургузулган абалда болушу керек.
288. Суюлтулган көмүр-суутек газдуу (пропан-бутан) баллондордун температурасы газдын жалыны менен иштер үчүн тандап алууда 45 ºС ашпоосу керек.
289. Бөлмөлөрдө орнотулуучу баллондор жылытуучу радиаторлордон жана башка жылытуучу приборлордон 1 метрден кем эмес алыстыкта, ал эми ачык жалындуу жылуулук булактарынан - 5 метрден кем эмес аралыкта болушу зарыл.
290. Көтөрүп жүрүүчү күйгүзгүчтөрдү суюлтулган көмүр-суутек газдар үчүн жасалган резина-кездемелүү түтүктөрдүн жардамы менен туташтыруу керек.
Түтүктүн узундугу 30 метрден ашпоосу керек жана бири-бири менен эки тараптуу ниппелдер аркылуу туташтырылган үчтөн ашпаган бөлүктөрдөн болушу керек.
Түтүктөрдүн учтары газ өткөргүчкө жана күйгүзгүчкө каамыттар менен бекем туташтырылышы керек.
291. Кошумча ажыратуучу кран түтүккө чейин орнотулушу керек.
Жаракалары, кесиктери, көөп калган жана кырылган жерлери бар резина-кездемелүү түтүктөрдү колдонууга жол берилбейт.
292. Газ менен ширетүүнү, кесүүнү жана башка газдын жалыны менен металлдарды иштетүү жумуштарын цоколдук жана жертөлө бөлмөлөрүндө, ошондой эле кудуктарда, шахталарда жана башка жер астындагы курулмаларда жүргүзүүгө жол берилбейт.
293. Суюлтулган газды баллондон 0,05 мегапаскалдан төмөн болбогон басымда алуу керек.
294. Баллондорду жөө жана унаа менен жүрүүчү жолдордо орнотууга болбойт.
295. Күйгүзгүчтөрдү, кескичтерди жана башка аппаратураны жумуш орунунда оңдоого жол берилбейт.
296. Газ баллондорду жумуш убагында металл экран менен тосуп коюу керек.
297. Имараттарда же кошумча курулуштарда жайгашкан топтук түзүлүштөрдөгү баллондорду алмаштырууну жана техникалык тейлөөнү эреже боюнча эки жумушчу аткарышы керек.
298. Шкафтарда жана топтук баллондук түзүлүштөр бар бөлмөлөрдө "Өрт коркунучу - газ" деген жазуулар болушу керек.
299. Автомобилге газ куюучу станциялардын аймагында жалын чыгуучу жана ширетүү иштерин аткаруу үчүн имараттарды жана участокторду жайгаштырууга тыюу салынат.
§ 11. Электр жабдуусун иштетүү
300. Электр түзүлүштөрү жана электр жабдуулары пайдалануучулардын электр түзүлүштөрдү техникалык иштетүү эрежелеринин жана жасап чыгаруучу заводдордун нускамаларынын талаптарына ылайык иштетилиши керек.
301. Электр жабдууларын жана электр түзүлүштөрүн иштетүү билими текшерүүдөн өткөн жана электр коопсуздугу боюнча уруксат группасы бар персонал тарабынан аткарылат.
§ 12. Автоматиканы жана контролдоо-өлчөөчү приборлорду иштетүү
302. Өлчөө каражаттарынын жарактуулугун жана мамлекеттик текшерүүлөрдүн өз убагында өткөрүлүүсүн контролдоону ишкананын жетекчиси уюштурат.
303. Метрологиялык контролдоонун жыйынтыгы боюнча жол берилген өлчөө каражаттарын иштетүүгө уруксат берилет.
304. Өлчөө каражаттарын, алардын иштөө мөөнөттөрүн эсепке алуу жана жарылуу коопсуздугун камсыздоо уюмдун жетекчисинин чечими менен дайындалган жооптуу адамга жүктөлөт.
305. Коопсуздук автоматикасынын, автоматтык жөнгө салуунун түзүлүштөрү жана контролдоо-өлчөөчү приборлор жасап чыгаруучу заводдордун талаптарына ылайык көрсөткүчтөрдүн тактыгын камсыз кылуулары керек.
306. Газ өткөргүчтөрдө жана жабдууларда орнотулган коопсуздук автоматикасынын, автоматтык жөнгө салуунун түзүлүштөрү жана контролдоо-өлчөөчү приборлору төмөнкүлөрдөн өтүүлөрү керек:
- техникалык тейлөө;
- оңдоо иштери;
- жарактуулугун жана көрсөткүчтөрдүн тууралыгын текшерүү;
- коргоо түзүлүштөрүнүн, бөгөттөгүчтөрдүн жана сигнализациянын иштеп кетүүсүн текшерүү;
- мамлекеттик текшерүү.
307. Эсепке алуу, контролдоо, өнөр жай коопсуздугун камсыздоо максаттары үчүн багытталган өлчөө каражаттарын милдеттүү текшерүүнүн мөөнөттөрү мамлекеттик стандарттарга ылайык кабыл алынат.
Текшерүү мөөнөтү өтүп кеткен контролдоо-өлчөөчү приборлорду иштетүүгө жол берилбейт.
308. Стационардык жана көтөрүп жүрүүчү газ анализаторлор жана кабарлагычтар жасап чыгаруучу заводдун нускамасына ылайык 3 айда бир жолудан кем эмес текшергич кошулмалардын жардамы менен газдын концентрациясы жалындын жайылуусунун төмөнкү концентрациялык чегинин 10% түзгөн абалда иштеп кетүүсүн текшерүүдөн, эгерде жасап чыгаруучу завод тарабынан башкача мөөнөттөр коюлбаса, 6 айда бир жолу метрологиялык текшерүүдөн өтүүлөрү керек.
Коргоочу, бөгөттөөчү жана сигнализация түзүмдөрүнүн иштеп тургандыгы айына бир жолу текшерилет.
309. Өлчөөчү приборлорду жана коопсуздуктун автоматика каражаттарын техникалык тейлөө жасап чыгаруучу заводдордун нускамаларын эске алуу менен жүргүзүлөт.
310. Контролдоо-өлчөөчү приборлорду жана коопсуздуктун автоматика каражаттарын техникалык тейлөөнү газ өткөргүчтөрдү, насостук-компрессордук жабдууну, резервуарларды жана электр жабдууну техникалык тейлөө менен бириктирүү сунуш кылынат.
Персоналга приборлорду ачууга уруксат берилбейт.
Өлчөөчү каражаттардын жана коопсуздук автоматикасынын иштөөсүндө аныкталган бузулуулар жөнүндө жетекчиге кабар берилет.
311. Контролдоо-өлчөөчү приборлорду техникалык тейлөөгө төмөнкүлөр кирет:
- приборлорду сыртынан карап чыгуу;
- импульстук линиялардын жылчыксыздыгын жана бекемдигин текшерүү;
- электр өткөргүч зымдардын жана башка коммуникациялардын жарактуулугун текшерүү;
- пломбалардын (алар болсо) сакталышы;
- иштетүү маалында пайда болуучу токтоп калууларды аныктоо;
- кыймылдуу механизмдердин майланышын текшерүү;
- диаграммалык кагазды, калем учтарды алмаштыруу, приборлордогу сыяны жана суюктуктарды толтуруп куюу.
Приборлордун көрсөткүчтөрүн каттоо ар бир нөөмөттө жүргүзүлөт.
Техникалык тейлөөгө приборлорду өз убагында текшерүүгө берүү кирет.
312. Сигнализация түзүлүштөрүн жана коопсуздук автоматикасынын бөгөттөгүчтөрүнүн иштеп кетүүсүн текшерүү айына бир жолудан кем эмес жүргүзүлөт.
Коопсуздук автоматикасы, сигнализация түзүлүштөрүнүн көрсөткүчү жабдууну жөндөө тууралуу отчётко дал келиши керек.
313. Приборлордун, импульстук өткөргүч түтүктөрдүн жана арматуранын жылчыксыздыгын контролдоо газ өткөргүчтөрдүн жана технологиялык жабдуунун жылчыксыздыгын текшерүү менен бирге айына бир жолудан кем эмес жүргүзүлөт.
314. Приборлорду кезектеги ондоо адистештирилген устаканада, ажыратып алынган приборду окшошуна алмаштыруу менен жүргүзүлөт.
Кезектеги оңдоого төмөнкүлөр кирет:
- приборду сыртынан карап чыгуу, ачуу жана тазалоо;
- кыймылдуу системаны жарым-жартылай ажыратуу;
- бузулган жебелерди, пружиналарды, түтүктөрдү, винттерди, контакттарды, диаграмманын кармагычтарын, калем учтун рычагдарын түзөтүү же алмаштыруу жана зарылдыкка жараша эскирген бекемдегич тетиктердин, ошондой эле айнектердин жетишпегендерин толуктоо, эскиргендерин алмаштыруу.
Кезектеги оңдоодон кийин контролдоо-өлчөөчү приборлор текшерүүдөн өтүшү керек.
315. Коопсуздук автоматикасынын жана бөгөттөгүчтөрдүн түзүлүштөрүн кыска убакытка өчүрүүгө иштин коопсуздугун сактоо менен жетекчинин чечими менен жол берилет.
316. Газдын чыгышын билдиргич иштен чыкса, аны резервдиги менен алмаштыруу керек.
Алмаштыруу маалында газдын концентрациясын контролдоо көтөрүп жүрүүчү газ анализаторлордун жардамы менен жумуш нөөмөтүнүн ичинде ар бир 30 минутадан кийин жүргүзүлөт.
317. Кысылган аба керектелбеген газдын чыгышын билдиргичтер сутка бою иштеп турушу керек, ал эми алардын сигнализациясы персонал дайыма болуучу бөлмөгө чыгарылышы керек.
318. Орнотулган газдын чыгышын билдиргичтерди жасап чыгаруучу заводдун нускамалары боюнча ыңгайлаштырылып жөндөө керек.
319. Жабдууда жана газ өткөргүчтөрдө орнотулуучу манометрлерде өлчөө чеги анын үч бөлүгүнүн экинчисинде турган шкала болушу керек.
320. Пломбасы же эни жок, сыноо мөөнөтү өтүп кеткен, бузулган, өчүрүлгөн учурда жебеси шкаланын нөлдүк бөлүгүнө чейин прибордун жол берилүүчү каталыгынын жарымынан ашык чоңдукта кайтып келбеген өлчөө каражаттарын колдонууга жол берилбейт.
321. Манометрдин циферблатында же корпусунда жумушчу басымга туура келген чоңдук боёк менен белгиленип коюлушу керек.
322. Приборлорду капиталдык оңдоодо төмөндөгүлөр аткарылат:
- өлчөөчү кыймылдуу бөлүктү жана прибордун айрым түйүндөрүн толук ажыратуу жана топтоо;
- бардык тетиктерди жууп, аларды кургатуу;
- өлчөө системасынын кертиктерин, таканчыктарын жана башка тетиктерин алмаштыруу же оңдоо;
- прибордун схемасын текшерүү, көрсөткүчтөрдү жана өлчөөнүн бардык чектеринде негизги белгилер боюнча жөнгө салуу жана эбине келтирүү;
- арматураны (кулпуларын, туткаларын, илмектерин, кыскычтарын) алмаштыруу же оңдоо;
- чектердин которгучтарын алмаштыруу же оңдоо, ал эми зарылдыкка жараша - приборду градуировкалоо.
Оңдоодон кийин прибор сырдалат жана ага бириктирилүүчү коммуникациялар маркировкаланат.
Капиталдык оңдоодон кийин контролдоо-өлчөөчү приборлор мамлекеттик текшерүүдөн өтүшү керек.
323. Техникалык тейлөө жана оңдоо иштеринин мезгүлдүүлүгү алдын алуучу пландуу оңдоо иштеринин графиги менен белгиленет.
Электр өлчөгүч приборлор үчүн күнүмдүк оңдоо жылына бир жолудан кем эмес өткөрүлүшү керек, капиталдык - беш жылда бир жолудан кем эмес; башка приборлор үчүн күнүмдүк оңдоо 6 айда бир жолудан кем эмес, капиталдык - 2 жылда бир жолудан кем эмес өткөрүлүшү керек.
324. Автоматика каражаттарын жана контролдоо-өлчөөчү приборлорду оңдоону негизги жабдууну оңдоо иштерин аткаруу мөөнөттөрүнө бириктирип өткөрүү сунуш кылынат.
Оңдоо же текшерүү үчүн ажыратылып алынган приборлор иштетүү шарттары боюнча окшошторуна алмаштырылышы керек.
325. Автоматика каражаттарын жана контролдоо-өлчөөчү приборлорду техникалык тейлөө жана оңдоо боюнча жумуштар журналда көрсөтүлөт.
326. Автоматташтыруу каражаттарын, аварияга каршы коргогучтарды жана сигнализацияны газ чыккан шарттарда жөнгө салуу жана оңдоо жумуштарын аткарууга жол берилбейт.
327. Суюлтулган көмүр-суутек газдарды пайдалануучу объектте төмөнкүдөй документтер толтурулат:
- долбоордук жана аткаруучулук, анын ичинде контролдоо-өлчөөчү приборлор боюнча;
- приборлордун паспорттору;
- жасап чыгаруучулардын нускамалары;
- иштетүү журналдары.
§ 13. Технологиялык газ өткөргүчтөрдү, арматураны жана инженердик коммуникацияларды иштетүү
328. Технологиялык газ өткөргүчтөр жана арматура ар бир нөөмөт сайын нөөмөтчү персонал тарабынан газдын чыгышын аныктоо жана жоюу максатында каралышы керек.
Ал максаттарда пайдаланылуучу приборлор жарылуудан корголуп жасалышы, газдардын (пропан-бутан) тиешелүү категориясында жана группасында болушу керек.
329. Газ өткөргүчтөрдү жана арматураны техникалык тейлөөдө төмөнкүдөй жумуштар аткарылышы керек:
- ширетилип кошулган жерлерде, фланецтик жана сайлуу бириктирүүлөрдө, сальниктик тыгыздоолордо газ чыгууну аныктоо жана жылуулук изоляциясынын жана сырдоонун абалын аныктоо үчүн газ түтүктөрүн сыртынан карап чыгуу;
- арматураны карап чыгуу жана оңдоо, арматураны жана кыймыл берүүчү түзүлүштү булгануудан, өңөрдөн тазалоо;
- өткөргүч түтүктөрдүн таянычтарынын, кудуктардын, ошондой эле өрт өчүргүч гидранттардын абалын текшерүү.
330. Газ өткөргүчтөрдү жана арматураны техникалык тейлөө төмөнкүдөй мөөнөттөрдө жүргүзүлөт:
- бардык сырткы газ өткөргүчтөрдүн жана арматуранын бузулууларын жана газ чыгуусун аныктоо жана жоюу максатында карап чыгуу - ай сайын;
- жумушчу басымда имараттагы өткөргүч түтүктөрдүн жана арматуранын бардык сайлуу жана фланецтик бириктирүүлөрүнүн, сальниктик тыгыздоолордун жылчыксыздыгын текшерүү - ай сайын;
- суюлтулган көмүр-суутек газдарды пайдалануучу объекттин аймагынын чегиндеги бардык жер астындагы коммуникациялардын кудуктарынын газдалуусун текшерүү - уюмдун техникалык жетекчиси бекиткен график боюнча.
Текшерүүлөр журналда көрсөтүлөт.
331. Арматураны техникалык тейлөөдө газ чыгуунун болуусун, фланецтик бириктирүүлөрдүн жылчыксыздыгын, маховиктердин бүтүндүгүн жана бекемдегичтин ишеничтүүлүгүн текшерүү керек.
Арматуранын шпинделинин оор жүрүүсүндө же сальниктик тыгыздоонун жылчыксыздыгы жоголгондо тыгыздагыч коопсуздуктун кошумча чараларын керүү шартында алмаштырылышы же ныкталышы керек.
Саналган жумуштардан тышкары бекиткич арматурага кыймыл бергичтин ишинин оңдугун текшерүү жана арматураны ачуу багытынын белгилерин жана көрсөткүчтөрүн калыбына келтирүү да аткарылышы керек.
Бузук жана жылчыксыздалбаган арматура алмаштырууга жатат.
332. Газ өткөргүчтөрдө жана резервуарларда орнотулган пружиналуу сактагыч клапандардын иштөөсү жана оңдугу айына бир жолу, аларды кыска убакытка ачуу (бузуу) жолу менен жүргүзүлүшү керек.
333. Таштап жиберүүчү сактагыч клапандарды төп келтирүү басымы резервуарлардагы жана газ өткөргүчтөрдөгү жумушчу басымдан 15%дан жогору болбошу керек.
334. Технологиялык жабдууну, резервуарларды жана газ өткөргүчтөрдү таштап жиберүүчү сактагыч клапандары бузук жана жөндөлбөгөн абалда турганда иштетүүгө жол берилбейт.
335. Клапандардын төп келтирүү параметрлерин текшерүү, аларды жөнгө салуу стендде же ордунда атайын ылайыкташкан аспаптын жардамы менен жүргүзүлүшү керек. Текшерүүнүн мезгүлдүүлүгү:
- резервуарлардын таштап жиберүүчү сактагыч клапандары үчүн - 6 айда бир жолудан кем эмес;
- калган таштап жиберүүчү клапандар үчүн - күнүмдүк оңдоо маалында, бирок жылына бир жолудан кем эмес.
Текшерүүдөн кийин клапандарга пломба коюлат, текшерүүнүн жыйынтыктары журналда көрсөтүлөт.
336. Оңдоо же текшерүү үчүн ажыратылган клапандын ордуна оң абалдагы клапан орнотулушу керек.
337. Газ өткөргүчтөрдү күнүмдүк оңдоонун мөөнөтү карап чыгуунун жыйынтыгы боюнча аныкталат. Газ өткөргүчтөрдү күнүмдүк оңдоо иштеринин тизмесине төмөнкүлөр кирет:
- техникалык тейлөөдө табылган дефектилерди жоюу;
- жер үстүндөгү газ өткөргүчтөрдүн салаңдоосун болтурбоо, алардын бекемдегичтерин калыбына келтирүү же алмаштыруу;
- жер үстүндөгү газ өткөргүчтөрдү сырдоо;
- бекиткич арматураны оңдоо;
- сайлуу жана фланецтик бириктирүүлөрдүн жылчыксыздыгын текшерүү.
338. Бекиткич арматураны күнүмдүк оңдоо жылына бир жолудан кем эмес жүргүзүлөт жана ага төмөнкүлөр кирет:
- арматураны булгануудан жана дат басуудан тазалоо;
- арматураны сырдоо;
- задвижкалардын (вентилдердин) червягын айландыруу, аны майлоо;
- сальниктерди текшерүү жана тыгыздоо;
- задвижкалардын (вентилдердин) кыймыл берүүчү түзүлүштөрүнүн бузулган жерлерин жоюу;
- бардык ширетилген, сайлуу жана фланецтик бириктирүүлөрдүн, сальниктик тыгыздоолордун жылчыксыздыгын самын эмульсиясы же прибордук метод менен текшерүү;
- жешилген жана бузулган бурамаларды жана прокладкаларды алмаштыруу.
Арматураны текшерүүнүн жана оңдоонун жыйынтыгы журналга жазылат.
339. Күнүмдүк оңдоо боюнча жумуштар суюлтулган көмүр-суутек газдарды пайдалануучу объекттин техникалык жетекчиси бекиткен план же график боюнча жүргүзүлүшү керек.
340. Газ өткөргүчтөрдү капиталдык оңдоо зарылдыкка жараша төмөнкүдөй көлөмдө жүргүзүлөт:
- газ өткөргүчтөрдүн участокторун алмаштыруу;
- газ өткөргүчтөрдүн бузулган участокторундагы изоляцияны оңдоо;
- задвижкаларды, вентилдерди, крандарды (зарылдыкка жараша) алмаштыруу;
- кыймылдуу жана кыймылсыз таянычтарды алмаштыруу.
Газ өткөргүчтөрдү капиталдык оңдоодо күнүмдүк оңдоодо жана техникалык тейлөөдө каралган жумуштар да аткарылат.
Капиталдык оңдоодон кийин газ өткөргүчтөр жана резервуарлар жылчыксыздыкка текшерилиши керек.
341. Капиталдык оңдоодо оңдоо жүргүзүүчү уюм тарабынан жумуштарды аткаруунун планы иштелип чыгат жана бекитилет, суюлтулган көмүр-суутек газдарды пайдалануучу объекттин жетекчиси менен макулдашылат.
342. Газ өткөргүчтөрдү, курулмаларды капиталдык оңдоо, арматураны алмаштыруу пландарында жумуштарды аткаруу мөөнөттөрү, жумушчу күчүнө жана материалдарга болгон муктаждык аныкталат.
343. Жумуштарды аткарууну жана кабыл алууну бекитилген техникалык документтерге ылайык суюлтулган көмүр-суутек газдарды пайдалануучу объектти иштетүүчү уюмдун жетекчисинин чечими менен дайындалган адам контролдойт.
344. Капиталдык оңдоо боюнча жумуштардын жыйынтыгы журналга жазылышы керек.
345. Инженердик тармактарды күнүмдүк оңдоонун мезгилдүүлүгү төмөнкүдөй белгиленет:
- сырткы суу өткөрүү жана канализация тармактары үчүн - 2 жылда бир жолу;
- сырткы жылуулук тармактары үчүн - жылына бир жолу;
- ички суу өткөрүү, жылытуу ж.б. тармактары үчүн - 2 жылда бир жолу.
346. Суюлтулган көмүр-суутек газдарды автоцистерналардан төгүү жана газ баллондуу автомобилдерди толтуруу үчүн металлокорддук түтүктөрдү, ошондой эле ийкемдүү металл газ өткөргүчтөрдү (сильфондук) колдонууга жол берилет.
347. Төгүү-куюу операцияларында колдонулуучу түтүктөрдүн жаракалары, кесиктери, көөп калган жерлери жана кырылуулары болбошу керек.
Түтүктөрдө аталган дефектилер болсо, алар жаңысы менен алмаштырылышы керек.
348. Түтүктөр жумушчу басымдын 1,25 даражасына барабар болгон басым менен бекемдикке гидравликалык сыноодон 3 айда бир жолу өткөрүлөт. Сыноонун жыйынтыгы журналга жазылат.
349. Ар бир түтүктө катар номери, сыноо өткөрүлгөн датасы (айы, жылы) жана кийинки сыноонун мөөнөтү (айы, жылы) көрсөтүлгөн белги болушу керек.
350. Металлокордук жана резина-кездемелүү түтүктөр статикалык электр тогунан корголгон болушу керек.
351. Басым астында турган түтүктөрдүн кийгизме гайкаларын катырууга, түтүктөрдү ажыратууга, ошондой эле гайкаларды бурап киргизүү жана бурап чыгаруу үчүн урма шайманды колдонууга тыюу салынат.
§ 14. Имараттарды жана курулмаларды эксплуатациялоо
352. Ишкананын жетекчисинин чечими менен имараттарды жана курулмаларды эксплуатациялоо, аларды оңдоонун мөөнөттөрүн жана сапатын сактоо, ошондой эле аймактын, жолдордун, тротуарлардын, имараттардын отмосткаларынын тосмолорунун жарактуулугу жана объекттин көрктөндүрүлүшү боюнча жооптуу адам дайындалат.
353. Суюлтулган көмүр-суутек газдарды пайдалануучу объекттерди долбоорлоодо автотранспорттордун кирип чыгуусу үчүн жолдор каралышы керек.
Автомобилге газ куюучу станциялар үчүн автотранспорттор кирүүчү жана чыгуучу өзүнчө жолдор каралышы керек.
354. Жарылууга кооптуу чөйрө түзүлүүсү мүмкүн болгон суюлтулган көмүр-суутек газдарды пайдалануучу объекттердин имараттарын (насостук-компрессордук, толтуруучу, бууландыруучу бөлүмдөр, алардагы чыгаруучу желдетүүчү камералары) А категориясына кошуу зарыл.
355. А категориясындагы ендүрүштүк зоналардын имараттары бир кабаттуу, I жана II даражадагы өрткө туруктуулугу, СО классындагы өрт кооптуулугу, бириктирилген чатыры жана күйбөс жылуулагычы болгон түрдө каралышы керек.
Тиешелүү негиздөөдө III даражадагы өрткө туруктуулугу жана С1 классындагы өрт кооптуулугу бар имараттарды пайдаланууга жол берилет.
356. А категориясындагы бөлмөлөрдү башка категориядагы бөлмөлөрдөн бөлүп турган курулуш конструкциялары I типтеги өрткө каршы жана газ өткөрбөй турган болушу керек.
357. А категориясындагы бөлмөлөрдө оңой алып салынуучу тосмо конструкциялары каралышы керек.
Оңой алып салынуучу конструкциялардын аянты курулуш нормаларын жана эрежелерин эсепке алуу менен кабыл алынат.
А категориясындагы имаратта приямкаларды жасоого жол берилбейт.
А категориясындагы бөлмөлөрдүн полу пландалган жер белгисинен 15 см ден кем эмес бийиктикте болушу керек.
358. А категориясындагы бөлмөлөрдө, суюлтулган көмүр-суутек газдардын кооптуу концентрациясын билдиргичтерди орнотуу эсепке алынышы керек.
359. А категориясындагы бөлмөлөргө башка бөлмөлөрдөн дубал аркылуу кирген газ өткөргүчтөрдүн өтмөктөрү тыгыздалган жана кутунун ичинде болушу керек.
360. Киргизүүчү желдетүү системалары үчүн аба алынуучу жерлерди тандоодо суюлтулган көмүр-суутек газдардын бууларынын кошулуп калуу мүмкүндүгүн болтурбоо керек.
А категориясындагы бөлмөлөрдө табигый жарык, ошондой эле жарылуудан корголгон жасалма жарык берүү болушу керек.
361. Насостук-компрессордук, толтуруучу жана бууландыруучу бөлүмдөрдүн бөлмөлөрүндө жумушчу жарык берүүдөн тышкары кошумча авариялык жарык берүү каралышы керек.
362. Өндүрүштүк түзүлүштөр зоналар классы боюнча төмөнкүдөй бөлүнөт:
- В-1а классына - насостук-компрессордук, толтуруучу, баллондорду дегазациялоо, бууландыруу бөлүмдөрүнүн бөлмөлөрү, бул бөлмөлөрдүн чыгаруучу желдетүү камералары;
- В-1г классына - суюлтулган көмүр-суутек газдардын резервуарлары, колонкалар, автоцистерналардын токтоочу аянтчалары, жүктөөчү-түшүрүүчү аянтчалар, ачык аянтчаларда жайгашкан бууландыргычтар, насостор, компрессорлор.
363. Баллондорду жүктөө-түшүрүү аянтчаларын толтуруучу бөлүмдүн өндүрүмдүүлүгүнөн эки эсе жогору болгон баллондорду жайгаштырууну эсепке алуу менен долбоорлоо керек.
364. Суюлтулган көмүр-суутек газдардын резервуарларын, колонкаларды, жүктөөчө-түшүрүүчү аянтчаларды, ачык жерде жайгашкан бууландыргычтарды, баллондорду, насосторду, компрессорлорду Ан категориясындагы түзүлүштөргө кошуу керек.
365. Имараттар, курулмалар, сырттагы түзүлүштөр үчүн зоналар классына жараша чагылгандан коргогуч каралышы керек.
Суюлтулган көмүр-суутек газдарды пайдалануучу объекттер үчүн сырткы телефон байланышы жана диспетчердик кабарлоо каралышы зарыл.
366. Суюлтулган көмүр-суутек газдарды пайдалануучу объекттерде төмөнкүлөр каралууга тийиш:
- суюлтулган көмүр-суутек газдарды сактоочу резервуарлардан башка имараттарга жана курулмаларга чейинки ажырымдар;
- суюлтулган көмүр-суутек газдарды пайдалануучу объекттин периметри боюнча аймактын желдетүүсүн камсыздоочу тосмо, курулма;
- бөлмөдөгү абада газдын өлчөмүн ченөөчү стационардык газ анализаторлорду контролдоо жана (же) алар иштен чыккан учурда газдашууну жумуш нөөмөтчүлүгүнүн ар бир 30 мүнөтү сайын көчмө газ анализаторлору менен текшерүү;
- жер үстүндөгү резервуарлар жайгашкан аянттын айланасын тосуу жана (же) суюлтулган көмүр-суутек газдарды сактоочу резервуарларды жер астында жайгаштыруу;
- А категориясындагы бөлмөлөрү бар имараттардын жарылууга туруктуулугун жана А категориясындагы бөлмөлөрдү башка категориядагы бөлмөлөрдөн бөлүп туруучу тосмо конструкциялардын газ өткөрбөстүгүн камсыздоо боюнча иш-чаралар;
- өрткө каршы суу өткөргүчтөр жана (же) өрт өчүрүү үчүн резервуарлар (зарыл болсо).
Толтуруучу жана насостук-компрессордук бөлүмдөрдө төмөнкүлөрдү камсыз кылуучу авариялык автоматтык системалар орнотулушу керек:
- авариялык сигнал берүү;
- киргизүүчү вентиляторлор токтогон учурда көмөк чордонунда электр менен камсыздоону өчүрүү;
- киргизүүчү вентиляторлор иштебей турганда электр кыймылдаткычтарды жүргүзүүгө тыюу салуу;
- суюлтулган газ толтурулбаган учурда, статордун катмары кызып кеткенде жана соргуч түтүктөгү басымдын төмөндөшүндө насосторду өчүрүү;
- майлоо үзгүлтүккө учураганда, майлоо басымы жана шыкоонун басымы көтөрүлгөндө компрессорлорду өчүрүү.
367. Эксплуатациялоонун алгачкы эки жылында имараттардын, курулмалардын жана жабдуулардын фундаменттеринин чөгүүсүнө 3 айда бир жолудан кем эмес көз салып туруу керек.
368. Андан кийинки жылдары фундаменттердин чөгүүсүнө кыртышы чөгө баштаган жайда жана жери иштетилип жаткан аймакта милдеттүү түрдө кез салуу керек.
Имараттардын, курулмалардын жана жабдуулардын фундаментинин чөгүүсүн өлчөө үчүн реперлер орнотулат.
369. Имараттарды жана курулмаларды оңдоо-куруу иштеринин бардык түрлөрүн уюмдун жетекчилиги бекиткен пландык-алдын алуу оңдоо графигине ылайык жүргүзүү керек.
370. Жарылууга кооптуу өндүрүштөр жайгашкан имараттар чөккөн учурда жарылууга кооптуу бөлмөлөрдү жарылууга коопсуз бөлмөлөрдөн тосуп турган дубалдардагы жаракалар оңдолуп жана алардын пайда болушунун себептери аныкталышы керек.
371. Насостук-компрессордук жабдуулардын, бууландыргычтын жана резервуарлардын астындагы фундаменттердин абалы контролго алынууга тийиш.
Вибрациялардын, температуралык таасирлердин айынан жана башка себептерден улам дубалдагы жана фундаменттеги жаракалар жана бузулуулар жоюлушу керек.
372. Металл конструкциялар жылына бир жолудан кем эмес, ал эми темир бетондуу конструкциялар жылына эки жолудан кем эмес каралып турат. Бузуулар аныкталганда аларды жоюу үчүн чаралар көрүлүшү керек.
373. Имараттардын жана курулмалардын металл конструкцияларын коррозиядан сактоо үчүн аларды мезгил-мезгили менен сырдап туруу зарыл (имараттын сыртындагыларды - жылына бир жолудан кем эмес, ал эми ичиндегилерди зарылдыгына жараша - 3-5 жылда бир жолудан кем эмес).
374. Суюлтулган көмүр-суутек газдарды пайдалануучу объекттердеги имараттардын жана курулмалардын чатырлары мезгил-мезгили менен каралып, оң абалда кармалууга жана өз убагында кар менен муздан тазаланып турууга тийиш.
375. Жарылууга кооптуу бөлмөлөрдүн полу чуңкурсуз тегиз болушу керек.
Бөлмөлөрдүн полунун материалы, имараттын терезелериндеги жана эшиктериндеги түзүлүштөр учкундардын пайда болуу мүмкүндүгүн жокко чыгарууга тийиш.
376. Жарылууга кооптуу имараттарда жана резервуардык паркта темир шатылар жана аянтчалар бар болсо, жумуш убагында алардын сыртын тиешелүү материал менен жабып, учкундарды болтурбоо боюнча чараларды көрүү зарыл.
377. Суюлтулган көмүр-суутек газдарды пайдалануучу объекттерде жер астындагы резервуарлардын тосмолорунун абалына көз салып туруу керек.
Жер астындагы резервуарлар алардын үстүңкү катмарынан 0,2 метрге жогору болуп тосулат.
378. Суюлтулган көмүр-суутек газдарды пайдалануучу объекттердин аймагы жат буюмдардан, күйүүчү материалдардан тазаланышы керек.
379. Жолдор, өтмөктөр жана жалпы пайдалануучу жолго чыгуучу жолдор жарактуу абалда болууга тийиш.
Жолдордун кюветтери жамгырдын агып кетиши үчүн тазаланышы керек.
380. Имараттарды жана курулмаларды карап чыгуу жана оңдоо иштери журналда көрсөтүлөт.
381. Ар бир өндүрүштүк имараттын кире беришинде керектөөчүлөрдүн электр орнотмолорун жайгаштыруу боюнча эрежеге ылайык алардын жарылуу жана өрт кооптуулугунун категориясы, ошондой эле зоналык классы көрсөтүлгөн белгилер жазылат.
382. Суу менен камсыздоо системасы өчүрүлгөн учурда суюлтулган көмүр-суутек газдарды пайдалануучу объекттин иштешине жол берилбейт.
383. А категориясындагы имараттардан жана курулмалардан жана Ан категориясындагы сырттагы орнотмолордон, ошондой эле В-1 жана В-2 зоналык класстагы имараттардан 50 м аралыкта жайгашкан суу өткөргүч жана канализациялык кудуктардын кош капкактары болушу керек.
Капкактардын ортосундагы аралык 0,15 метрден кем эмес бийиктикте кум жана (же) башка жылчыксыздоочу материал менен толтурулат.
Эксплуатациялоо процессинде люктардын капкактарынын тыгыз жабылышына көз салуу зарыл.
384. Кудуктарга түшөөрдүн алдында газдын болушун текшерип, зарыл болгон учурда желдетүү керек.
Илмектери жок кудуктарга түшүүдө кудуктун кырына бекиткичи менен темир шатылар колдонулат.
Кудуктарда куткаруучу кур байланган жана шланг противогаз кийген экиден көп эмес жумушчунун болуусуна уруксат берилет. Отту колдонууга жол берилбейт.
Шамал соккон жагында эки адам турат, алар кудуктун ичиндеги жумушчулардын куткаруучу курунун аркандарынын учун кармап, аларга көз салып, иш жүрүп жаткан жерге жат адамдарды киргизбөөгө милдеттүү.
Жумуш бир сааттан ашык уланганда мезгил-мезгили менен газдашууну текшерип, зарыл болгон учурда кудукту желдетүү керек.
385. Эксплуатациядагы компрессорду муздатуудан, резервуарларды, жабдууларды, газ өткөргүчтөрдү, гидравликалык сыноодон кийинки сууну агызуу газдын канализацияга кошулушун болтурбастан ишке ашырылышы керек.
386. Газ бөлүштүрүүчү тармактардагы имараттардын жана курулмалардын курулуш паспорту болушу керек.
Эксплуатациялоо мөөнөтү бүткөндөн кийин (50 жыл) аларды андан ары иштетүү мүмкүндүгүн, реконструкциялоо же эксплуатациялоону токтотуу зарылдыгын аныктоо үчүн изилдөө жүргүзүлүшү керек.
387. Имараттарды жана курулуш конструкцияларын изилдөө (жаракалар, арматуранын ачылышы, фундаменттин чөгүүсү, калкалардын көтөрүү мүмкүндүгүнүн төмөндөшү, чатырдын уроосу ж.б.) имараттын же курулманын функционалдык милдетин өзгөртүүнүн алдында да жүргүзүлүүгө тийиш.
388. Өрт жана жарылуу кооптуулугу, өрткө туруктуулук даражасы боюнча имараттардын, курулуштардын жана бөлмөлөрдүн категориялары, өрт коркунучу боюнча өрткө кооптуу жана жарылууга кооптуу зоналардын классификациясы, курулуш жана башка материалдардын классификациясы " Өрт коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен регламенттелген.