Сравнение редакций…
КР 2023-жылдын 9-мартындагы № 54 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү, 2004-жылдын 28-марты N 51
"Нотариат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу
1-статья.
"Нотариат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж, N 9, 320-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 2-статья төмөнкүдөй мазмундагы экинчи бөлүк менен толукталсын:
"Жеке нотариус ушул статьянын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн, мамлекет тарабынан берилген милдеттерди жүзөгө ашырат.".
2. 4-статьяда:
биринчи бөлүгүндөгү "квалификациялык экзамен тапшырган" деген сөздөр "аттестациядан өткөн" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
статья төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи бөлүк менен толукталсын:
"Нотариустар нотариалдык палата түзүүгө укуктуу.".
3. 11-статьяда:
экинчи бөлүктө:
- "квалификациялык экзамен тапшыргандан" деген сөздөр "аттестациядан өткөндөн" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын: "Эгерде жеке нотариалдык иш жүзөгө ашырылган мезгилде лицензиянын күч-аракети ушул Мыйзамдын 13-статьясынын экинчи жана үчүнчү абзацтарында каралган негиздер боюнча токтотулуп турбаса, лицензиянын күч-аракети аттестациядан өтпөстөн эле улам кийинки 5 жылга узартылып турат.";
төртүнчү бөлүктөгү "квалификациялык экзаменди кайталап тапшыргандан" деген сөздөр "аттестациядан кайталап өткөндөн" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
4. 12-статьяда:
биринчи бөлүк "Квалификациялык комиссия" деген сөздөрдөн кийин "нотариалдык палатанын өкүлдөрүнүн катышуусу менен" деген сөздөр менен толукталсын;
үчүнчү бөлүктөгү "адамдардан экзамен алат" деген сөздөр "адамдарды аттестациядан өткөрөт" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
бешинчи бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Аттестациядан өтпөй калган адамдарга квалификациялык комиссиянын чечими кабыл алынгандан кийин бир жылдан эрте эмес кайталап аттестациядан өтүүгө жол берилет.".
5. 13-статьянын аталышындагы жана текстиндеги "андан ажыратуу", "лицензиядан нотариусту ажыратуу", "лицензиядан ажыратуу жөнүндө" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "аны кайра алуу", "лицензияны нотариустан кайра алуу", "Лицензияны кайра алуу жөнүндө" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
6. 17-статьянын бешинчи жана алтынчы бөлүктөрү алып салынсын.
7. 20-статьянын биринчи бөлүгүнүн төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"жеке жана юридикалык жактардан нотариалдык күч-аракеттерди жасоо үчүн зарыл болгон маалыматтарды жана документтерди суратып алат. Көрсөтүлгөн адамдар маалыматтарды жана документтерди (анын ичинде кошумчаларды) алар келип түшкөн учурдан тартып он күндөн кечиктирбестен берүүгө милдеттүү.".
8. 22-статьянын экинчи бөлүгүндөгү "Жеке нотариалдык кеңседе иштеген" деген сөздөр алып салынсын.
2-статья.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| А.Акаев |
|
|
|
2004-жылдын 13-февралында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл алынган |