Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 28-июну № 324
2016-жылдын 28-октябрында Минск шаарында кол коюлган Өсүмдүктөрдүн карантини жаатында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин кызматташтыгы жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2016-жылдын 28-октябрында Минск шаарында кол коюлган Өсүмдүктөрдүн карантини жаатында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин кызматташтыгы жөнүндө макулдашуу (мындан ары - Макулдашуу) бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын.
3. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги аталган Макулдашууну ишке ашыруу үчүн жооптуу орган болуп аныкталсын.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирсин.
"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 5-июлундагы N 56 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |