Загрузка документа…
КР 2017-жылдын 24-январындагы № 10 Мыйзамына ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Бишкек шаары, 2004-жылдын 24-майы № 68
Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 8-августундагы N 111 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-статья.
Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., N 10, 442-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 31-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"31-статья. Соттун курамы
(1) Жазык иштерин кароо сот тарабынан коллегиялуу же судья тарабынан жекече каралат.
(2) Адамдарды өзгөчө жаза чарасы катары өлүм жазасы колдонулушу мүмкүн болгон кылмыштарды жасагандыгы жагынан айыптоо, жашы жетпегендерди айыптоо боюнча жазык иштерин кароо жазык жана администрациялык иш боюнча биринчи инстанциядагы сот катары аракеттенген областтык соттун сот коллегиясы судьянын төрагалыгы алдында жана экиден кем эмес сот заседателинин катышуусу менен биринчи инстанциядагы сот тарабынан жүзөгө ашырылат.
Башка жазык иштери биринчи инстанциядагы соттун судьялары тарабынан жекече каралат.
(3) Жазык иштерин апелляциялык тартипте кароо үч судьядан турган курамдагы сот коллегиясы тарабынан жүзөгө ашырылат.
(4) Жазык иштерин көзөмөл тартибинде кароо Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Жазык жана администрациялык иштер боюнча сот коллегиясы тарабынан үч судьядан турган курамда, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Президиуму тарабынан анын жети мүчөсүнөн кем эмес курамда жүзөгө ашырылат. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Сот коллегиясынын сот курамы Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы, болбосо анын орун басары тарабынан аныкталат.
(5) Областтык жана ага теңештирилген соттун Президиумдары экинчи инстанциядагы сот катары аракет кылуу менен райондук соттордун мыйзамдуу күчүнө кирген сот актыларын кайра кароону президиумдун мүчөлөрүнүн бештен кем эмес курамында жүзөгө ашырат.
(6) Судья ишти териштирүүдө сот заседаниесинин башынан тартып аяктаганга чейин алмаштырылбайт.
(7) Жазык иши үч судьядан турган курамдагы сот тарабынан каралганда ошол соттун төрагасынын же анын орун басарынын тапшыруусу боюнча алардын бирөө төрагалык кылат. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Президиумунун заседаниесинде Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасы же анын тапшыруусу боюнча президиумдун мүчөлөрүнүн бирөө төрагалык кылат. Областтык жана ага теңештирилген соттун президиумунун заседаниесинде областтык же ага теңештирилген соттун төрагасы же анын тапшыруусу боюнча президиумдун мүчөсүнүн бирөө төрагалык кылат.".
2. 32-статьянын экинчи бөлүгүнүн экинчи сүйлөмү "Кыргыз Республикасынын Жогорку соту" деген сөздөрдөн кийин ", областтык сот жана ага теңештирилген сот" деген сөздөр менен толукталып, андан ары текст боюнча кетсин.
3. 264-статьянын экинчи бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"(2) Сотто айыптоону өзгөртүүгө, эгерде мында айыптоо жана коргоо боюнча тараптардын далилдүү талаш-тартышынын жана тең укуктуулугунун принциптери бузулбаса жол берилет".
4. 374-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"374-статья. Даттануулар жана көзөмөл тартибиндеги сунуштар боюнча жазык иштерин караштыруучу сот. Көзөмөлдүк инстанциянын укуктарынын чектери
1) Жазык иштери боюнча биринчи, апелляциялык инстанциядагы соттор, экинчи инстанциядагы сот катары иштеген областтык жана ага теңештирилген сот тарабынан чыгарылган мыйзамдуу күчүнө кирген сот актыларына карата даттануулар жана сунуштар боюнча жазык иштери райондук соттун мыйзамдуу күчүнө кирген сот актыларын кароо учурунда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Жазык жана администрациялык иштер боюнча сот коллегиясынын сот курамы же Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Президиуму тарабынан каралат.
(2) Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жазык иштери жана администрациялык иштер боюнча сот коллегиясы көзөмөл тартибинде экинчи инстанциядагы сот катары кабыл алган областтык жана ага теңештирилген соттордун, "Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен процесске катышуучулардын даттануулары жана сунуштары боюнча иштерден бөлөк сот актыларын кайра караштырууну (кароону) жүзөгө ашырат.
(3) Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Президиуму көзөмөл тартибинде областтык жана ага теңештирилген соттордун сот коллегияларынын биринчи инстанциядагы сот катары караштырылган иштери боюнча сот актыларын, анын ичинде ушул эле иштер боюнча процесске катышуучулардын даттануулары жана сунуштары боюнча ошол эле соттордун президиумдарында кайра караштырылган (каралган) сот актыларын кайра караштырууну (кароону) жүзөгө ашырат.
(4) Эгерде райондук соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечимине карата даттануу же прокурордун сунушу областтык сот тарабынан каралбаса, анда даттануу же сунуш кароо үчүн областтык же ага теңештирилген соттун президиумуна жөнөтүлүүгө тийиш.
(5) Көзөмөл тартибинде жазык ишин кароодо сот көзөмөлдүк даттануунун же сунуштун жүйө далилдерине кайрылбайт жана жазык иши боюнча бүткүл өндүрүштү толук көлөмдө текшерүүгө укуктуу.
(6) Эгерде жазык иши боюнча бир нече адам соттолсо, ал эми көзөмөлдүк даттануу же сунуш алардын бири же алардын кээ бирөөлөрү боюнча гана берилсе, көзөмөлдүк инстанциядагы сот жазык ишин баардык соттолгондор боюнча текшерүүгө укуктуу.
(7) Көзөмөлдүк инстанциядагы сот көзөмөлдүк тартипте жазык ишин кароодо соттолгонго дайындалган жазаны жеңилдетүүгө же анча оор эмес кылмыш жөнүндө жазык мыйзамын колдонууга укуктуу.".
5. 42-глава төмөнкүдөй мазмундагы 374-1-статья менен толукталсын:
"374-1-статья. Райондук (шаардык) соттордун мыйзамдуу күчүнө кирген сот актыларына карата даттануулар жана сунуштар боюнча жазык иштерин караштыруучу сот
Райондук, шаардык соттордун (биринчи инстанциядагы соттордун) мыйзамдуу күчүнө кирген сот актыларына карата даттануулар жана сунуштар боюнча жазык иштери областтык жана экинчи инстанциядагы сот катары иштеген ага теңештирилген соттун президиуму тарабынан кайра каралат (каралат).".
6. 375-статьяда:
биринчи бөлүк "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна" деген сөздөрдөн кийин ", областтык же ага теңештирилген сотуна" деген сөздөр менен толукталсын;
экинчи бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"(2) Даттануу жана сунуштама областтык жана ага теңештирилген сот тарабынан алар келип түшкөн күндөн тартып бир айдан ашпаган мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Жогорку соту тарабынан каралат.".
7. 377-статьянын төртүнчү бөлүгү алынып салынсын;
8. 378 жана 379-статьялар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"378-статья. Көзөмөлдүк инстанциядагы иштерди сот тарабынан кароо тартиби
(1) Көзөмөлдүк даттануу же сунуштама менен иш келип түшкөндө көзөмөлдүк инстанциядагы соттун төрагасы же анын орун басары соттун курамын дайындайт, иш боюнча төрагалык кылуучуну жана баяндамачы-судьяны аныктайт, ага ишти даттануу (сунуш) жана башка материалдар менен бирге өткөрүп берет. Судья-баяндамачы ишти, даттанууну жана сунуштаманы иликтеп чыгып, сот заседаниесин дайындоо жөнүндө токтом чыгарат, анда сот заседаниесинин убактысы жана орду, заседаниеге чакырыла турган адамдар көрсөтүлөт.
(2) Иш каралуучу күн жөнүндө көзөмөлдүк инстанциядагы сот тараптарга маалымдайт. Тараптардын келбей калышы ишти кароого жолто кылбайт. Сот заседаниесине камакта турган айыпталуучунун (күнөөсүнүн) катышуусу жөнүндөгү маселе көзөмөлдүк инстанциядагы сот тарабынан чечилет.
(3) Жазык иштери көзөмөлдүк инстанциядагы сот тарабынан ушул Кодекстин 31-статьясында аныкталган курамдарда каралат.
(4) Төрагалык кылуучу жазык ишин кароо үчүн белгиленген убакытта сот заседаниесин ачат жана кайсы иш териштириле тургандыгын жарыялайт.
(5) Сот заседаниесинин катчысы процесстин маалымдалган катышуучуларынын тизмесин жарыялайт жана аталган адамдардын ичинен кимдер келгендигин жана келбегендердин себептерин билдирет. Төрагалык кылуучу процесстин катышуучуларынан ишти кароонун мүмкүнчүлүгү жөнүндө пикирлерин сураштырат. Сот соттун заседаниесинин залында эле же кеңеш бөлмөсүнө барып сот заседаниесин улантуу жөнүндө же аны кийинкиге калтыруу тууралу аныктама чыгарат. Аныктама төрагалык кылуучу тарабынан жарыяланат жана сот заседаниесинин протоколуна киргизилет.
(6) Төрагалык кылуучу соттун курамын, сот заседаниесинин катчысынын, прокурордун, котормочунун фамилияларын жарыя кылат жана иш боюнча келген адамдардан аларда баш тартуу тууралу арыздын бар же жоктугун сурайт. Баш тартуу тууралу арыз ушул Кодекстин 73-статьясына ылайык айрым документтерге аныктама киргизүү түрүндө кеңеш бөлмөсүндө сот тарабынан чечилет.
(7) Төрагалык кылуучу иш боюнча келген адамдардан аларда өтүнүч бардыгы тууралу сурайт. Билдирилген өтүнүч боюнча сот аныктама чыгарат, ал сот заседаниесинин протоколуна жазылат.
(8) Судья-баяндамачы иштин маңызын, даттануунун негизги жүйө далилин, сунуштамаларды, аларга каршы пикирлерди баяндайт, кошумча материалдарды жарыялайт. Судьялар баяндамачыга суроо бералат. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Президиумунун, областтык жана ага теңештирилген соттун президиумдарынын заседаниесинде судья-баяндамачы катары тиешелүү соттун президиумунун мүчөсү гана сүйлөй алат.
(9) Сот даттануу же сунуштама берген тараптардын, андан кийин башка тараптардын сөздөрүн угат. Судьялар тараптарга суроолорду берүүгө укуктуу.
(10) Тараптар сүйлөп бүтүшкөндөн кийин судьялар кеңеш бөлмөсүнө кетишет.
(11) Көзөмөлдүк инстанциядагы соттун чечими кеңеш бөлмөсүндө ачык добуш берүү менен кабыл алынат. Судья калыс калууга же добуш берүүгө катышпай коюуга укуксуз. Сот заседаниесинде төрагалык кылуучу добушту акырында берет. Көзөмөлдүк инстанциядагы соттун чечими, эгерде ал үчүн судьялардын көпчүлүгү добуш берсе, кабыл алынды деп эсептелет.
(12) Көзөмөлдүк инстанциядагы сот заседаниесинде протокол жазылат, ага сот заседаниесинде төрагалык кылуучу жана катчы кол коюшат.
(13) Сот заседаниесинин иш тартиби жана тартип бузуучуларга карата көрүлгөн чаралар ушул Кодекстин 269, 271-статьяларында каралган эрежелер менен аныкталат.
(14) Областтык жана ага теңештирилген соттун президиуму экинчи инстанциядагы сот катары иштөө менен ушул статьяда каралган тартипте райондук соттордун мыйзамдуу күчүнө кирген сот актыларын кайра кароону жүзөгө ашырат.
379-статья. Көзөмөлдүк инстанциядагы соттун токтому
(1) Көзөмөл тартибинде каралган иш боюнча көзөмөлдүк инстанциядагы сот токтом чыгарат.
(2) Токтом кеңеш бөлмөсүндө түзүлөт. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Жазык жана администрациялык иштер боюнча сот коллегиясы тарабынан чыгарылган токтомго ишти кароого катышкан судьялардын баардыгы кол коюшат. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Президиумунун токтомуна төрагалык кылуучу жана судья-баяндамачы кол коет. Өзгөчө учурларда өтө татаал иштер боюнча жүйөлөштүрүлгөн токтом чыгаруу он күнгө чейинки мөөнөткө кийинкиге калтырылышы мүмкүн, бирок токтомдун корутундулоочу бөлүгү кеңеш бөлмөсүндө түзүлөт жана ишти кароого катышкан бардык судьялар тарабынан кол коюлат.
(3) Токтом төрагалык кылуучу же судья-баяндамачы тарабынан жарыяланат. Залдагы сот заседаниесине катышкандардын бардыгы токтомду орундарынан туруп угушат.
(4) Областтык жана ага теңештирилген соттун президиумдары экинчи инстанциядагы сот катары аракеттенүү менен райондук соттордун мыйзамдуу күчүнө кирген сот актыларын кайра кароону жүзөгө ашырууда ушул статьяда белгиленген тартипте төрагалык кылуучу жана судья-баяндамачы кол коюшкан токтом чыгарат.".
9. 380-статьянын аталышындагы жана биринчи сүйлөмдөгү "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөгө ылайык "Көзөмөлдүк инстанциядагы соттун" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
10. 381-статьянын аталышындагы, биринчи жана экинчи бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөгө ылайык "Көзөмөлдүк инстанциядагы соттун" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
11. 382 жана 383-статьялар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"382-статья. Көзөмөлдүк инстанциядагы соттун токтомдорун жана аныктамаларын аткаруу
(1) Көзөмөлдүк инстанциядагы соттун токтому жана аныктамасы алар кабыл алынары менен дароо мыйзамдуу күчүнө кирет жана Кыргыз Республикасынын ушул Кодексинде жана Жазык-аткаруу кодексинде каралган тартипте аткарылат.
(2) Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Президиумунун жана Жазык жана администрациялык иштер боюнча сот коллегиясынын токтомдору жана аныктамалары акыркы болуп саналат жана даттанууга жатпайт.
(3) Областтык жана ага теңештирилген соттун президиумдары экинчи инстанциядагы сот катары аракеттенүү менен райондук соттордун мыйзамдуу күчүнө кирген сот актыларын кайрадан кароону жүзөгө ашыруудагы токтому жана аныктамасы алар кабыл алынган учурдан тартып дароо күчүнө кирет жана Кыргыз Республикасынын ушул Кодексинде жана Жазык-аткаруу кодексинде каралган тартипте аткарылат.
383-статья. Көзөмөл тартибинде сот тарабынан кабыл алынган чечимдер
(1) Көзөмөлдүк инстанциядагы сот (Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Президиуму жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Жазык жана администрациялык иштер боюнча сот коллегиясы) ишти көзөмөл тартибинде карап чыгат жана төмөнкүлөргө укуктуу:
1) жергиликтүү соттун сот актысын (сот актыларын) күчүндө калтырып, ал эми даттанууларды же сунуштамаларды канааттандырбоого;
2) сот актыларынын иши боюнча мурда чыгарылгандардын бирин күчүндө калтырууга жана калган сот актыларын жокко чыгарууга;
3) коюлган күнөөнүн чектеринде жергиликтүү соттордун сот актыларына өзгөртүү киргизүүгө;
4) жергиликтүү соттордун сот актыларын жокко чыгарууга жана жазык ишин токтотууга;
5) көзөмөл өндүрүшүн токтотууга жана мыйзамга расмий чечмелөө берүү жөнүндө суроо-талапты Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жөнөтүүгө, мыйзамдын конституциялуулугун текшерүү тууралу өтүнүчтү Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотуна жиберүүгө;
6) жергиликтүү соттордун сот актыларын жокко чыгарууга жана жаңы чечим кабыл алууга;
7) жергиликтүү соттордун сот актыларын жокко чыгарууга жана жаңыдан кароо үчүн тийиштүү жергиликтүү сотко ишти өткөрүүгө, болбосо иштин маңызы боюнча соттун чечими жок болсо сот заседаниесинде четтетилбеген тергөөнүн кенемтелерин оңдоо үчүн ишти прокурорго кайтарып берүүгө;
(2) Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Президиумунун жана Жазык жана администрациялык иштер боюнча сот коллегиясынын чечими 1, 2, 3, 4-пункттардын негизинде токтом түрүндө, 6-пункттун негизинде токтом жана өкүм түрүндө, 5 же 7-пункттардын негизинде аныктама түрүндө чыгарылат.
(3) Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Президиумунун жана Жазык жана администрациялык иштер боюнча сот коллегиясынын чечими акыркы болуп саналат жана даттануута жатпайт.
(4) Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жазаны күчөтүүгө, ошого тете кыйла оор кылмыш жөнүндө мыйзамды колдонууга укуксуз.".
12. 42-глава төмөнкүдөй мазмундагы 383-1 жана 383-2-статьялары менен толукталсын:
"383-1-статья. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Президиуму жана Жазык жана администрациялык иштер боюнча сот коллегиясы тарабынан жаңы чечим кабыл алуунун негизи жана тартиби
(1) Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Президиуму, Жазык жана администрациялык иштер боюнча сот коллегиясы, эгерде жергиликтүү сот тарабынан өкүм чыгарылып, бирок укук ченемин колдонууда жана далилдерге баа берүүдө каталар кетирилсе жазык иши боюнча жаңы чечим кабыл алат.
(2) Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Президиуму, Жазык иштери боюнча сот коллегиясы:
1) жергиликтүү соттордун сот актыларын жокко чыгарууга жана жазык иши боюнча өндүрүштү токтотууга;
2) жергиликтүү соттордун сот актыларын жокко чыгарууга жана жаңы өкүм чыгарууга укуктуу.
383-2-статья. Областтык соттун жана ага теңештирилген соттун президиумунун экинчи инстанциядагы сот катары райондук соттун мыйзамдуу күчүнө кирген актысы боюнча жазык ишин кароодо кабыл алуучу чечими
(1) Областтык соттун жана ага теңештирилген соттун президиумдары экинчи инстанциядагы сот катары райондук соттун мыйзамдуу күчүнө кирген актысы боюнча жазык ишин карап жатканда төмөнкүлөргө укуктуу:
1) райондук соттун актысын күчүндө, ал эми даттанууларды же сунуштамаларды канааттандырбоого;
2) райондук соттун актысын өзгөртүүгө;
3) райондук соттун актысын толук же жарым-жартылай жокко чыгарууга жана иш боюнча өндүрүштү токтотууга;
4) жазык ишин кайра кароону токтотууга жана мыйзамдын расмий чечмелениши жөнүндө суроо-талапты Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберүүгө, мыйзамдын конституциялуулугун текшерүү жөнүндө суроо-талапты Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотуна жиберүүгө;
5) биринчи инстанциядагы соттун өкүмүн жокко чыгарууга жана ушул Кодекстин 383, 383-1-статьяларында каралган негизде жана тартипте жаңы чечим кабыл алууга.
(2) Областтык жана ага теңештирилген соттун президиумдары экинчи инстанциядагы сот катары райондук соттун мыйзамдуу күчүнө кирген сот актылары боюнча ишти кароо менен токтом же аныктама чыгарат.".
2-статья.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
(Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 8-августундагы N 111 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
3-статья.
"Соттук заседателдер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынганга жана күчүнө киргенге чейин биринчи инстанция боюнча жазык иштерин кароону судья жеке өзү жүзөгө ашырат.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| А.Акаев |
|
|
|
2004-жылдын 25-мартында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл алынган |