Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-июлундагы № 348 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдер менен бекитилген максаттуу көрсөткүчтөрүнө жетишүү боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин пландоо МЕТОДИКАСЫ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Методика Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдер менен бекитилген максаттуу көрсөткүчтөрүнө жетишүү боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын максаттуу программаларын жана аларга тийиштүү пландарды иштеп чыгуу тартибин белгилейт.
2. Ушул Методикада төмөнкүдөй терминдер жана аныктамалар пайдаланылат:
мамлекеттик органдар - координаторлор - бекитилген максаттуу көрсөткүчтөр боюнча акыркы натыйжаларга жооптуу болгон жана ушул натыйжаларга жетишүү процессине кошо тартылган министрликтердин жана ведомстволордун ишин координациялоого ыйгарым укуктуу Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору;
жогорку деңгээлдеги комиссия - өлкөлүк максаттуу көрсөткүчтөргө жетишүү процессин координациялоо жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин баалоо үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ыйгарым укук берилген коллегиялуу орган;
Чаралардын комплекси - пландын форматында берилген жана Кыргыз Республикасынын тийиштүү мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери тарабынан бекитилген, ушул процесстин бардык катышуучуларынын ишин жана салымын эске алып, ченемдер менен бекитилген максаттуу көрсөткүчтөргө жетишүүнүн деталдаштырылган процесси;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин өлкөлүк максаттуу көрсөткүчтөрүнүн реестри (мындан ары - Реестр) - ушул процесстин бардык катышуучуларынын ишин жана салымын эске алуу менен бул көрсөткүчтөргө жетишүү боюнча Чаралардын комплексин иштеп чыгуу үчүн тандап алынган көрсөткүчтөрдүн тизмеги;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин максаттуу көрсөткүчтөрү - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши бекиткен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасы, ошондой эле 2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында белгиленген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин максаттуу көрсөткүчтөрү (индикаторлору).
3. Чаралардын комплексин жана мамлекеттик органдардын тийиштүү пландарын иштеп чыгуу төмөнкүдөй үч деңгээлден турган уюштуруу түзүмүнө таянат:
1) биринчи деңгээл - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ыйгарым укук берген жогорку деңгээлдеги комиссия, анын милдеттерине төмөнкүлөр кирет:
- өлкөлүк максаттуу көрсөткүчтөрдүн реестрин түзүү;
- мамлекеттик органдарга - координаторлорго максаттуу көрсөткүчтөрдү бекитүү;
- максаттуу көрсөткүчтөрдү түзүүдө жана бекитүүдө талаш маселелер пайда болгон учурда арбитрдин функциясын аткаруу;
2) экинчи деңгээл - мамлекеттик органдар - координаторлор, алардын милдеттерине төмөнкүлөр кирет:
- бекитилген максаттуу көрсөткүчтөргө жетишүү боюнча чаралардын комплексин иштеп чыгуу;
- министрликтерге жана ведомстволорго - өлкөлүк максаттуу көрсөткүчтөргө жетишүү процессинин катышуучуларына жана кошо аткаруучуларына максаттуу көрсөткүчтөрдү белгилөө жана бекитүү;
- талаш маселелер пайда болгондо белгиленген жол-жоболордун алкагында төмөн турган деңгээл үчүн макулдашылган процессти камсыздоо;
3) үчүнчү деңгээл - тармактык министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өздөрү үчүн белгиленген максаттуу көрсөткүчтөргө жетишүү боюнча пландарды иштеп чыгышат.
4. Башкаруу деңгээлдеринин байланышы жогорку деңгээлдеги комиссия үчүн ушул Методиканын 8-пунктунун 7-пунктчасын, мамлекеттик органдар - координаторлор үчүн 10-пунктун, тармактык мамлекеттик органдар үчүн 25-пунктун аткаруу аркылуу ишке ашырылат.
5. Чаралардын комплексин жана тийиштүү пландарды иштеп чыгуунун тартиби өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) "максаттар жана милдеттер дарагы" түрүндө коюлган максаттарды жана милдеттерди коюу жана системага келтирүү;
2) максаттардан жана милдеттерден милдеттерди чечүүгө жана максаттарга жетүүгө багытталган аракеттердин жана иш-чаралардын системасына өтүү;
3) белгиленген иш-чараларды коюлган мөөнөттөрдө ишке ашыруу үчүн зарыл болгон каражаттарды жана ресурстарды аныктоо;
4) ченем менен бекитилген максаттуу көрсөткүчтөргө жетишүү боюнча мамлекеттик органдарга мониторинг жана баалоо жүргүзүүнү уюштуруу.
6. Мамлекеттик органдар үчүн максаттуу көрсөткүчкө жетишүү процессине катышуунун үч ыкмасы бар:
- процесстин координатору;
- өзүнүн процессинин катышуучусу;
- башка координатордун/максаттуу көрсөткүчтүн процессинин катышуучусу.
Планда аталган үч ролдогу функцияларды аткаруу боюнча мамлекеттик органдардын аракеттери чагылдырылат.
2-глава. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин өлкөлүк максаттуу көрсөткүчтөрүнүн реестрин түзүүнүн тартиби
7. Өлкөлүк максаттуу көрсөткүчтөрдүн реестри төмөнкүлөрдө белгиленген, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин ченемдик бекитилген максаттуу көрсөткүчтөрүнүн негизинде түзүлөт:
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши бекиткен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасында;
- 2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнүн улуттук стратегиясында.
8. Көрсөткүчтөрдү Реестрге киргизүү үчүн төмөнкүдөй кадамдарды аткаруу керек:
1) кайталаган жана мааниси боюнча жакын көрсөткүчтөр алып салынат;
2) көрсөткүчтөрдүн бири-бирине карама-каршы эместигине талдоо жүргүзүлөт жана карама-каршылыктарды жөнгө салуу жөнүндө чечимдер кабыл алынат;
3) жалпысынан өлкөнүн, региондун, тармактын, сектордун экономикасын мүнөздөгөн көрсөткүчтөр аныкталат жана төмөнкүдөй түрлөргө бөлүнөт:
- экономиканын/тармактын/сектордун көлөмүн өзгөртүү көрсөткүчтөрү;
- натыйжалуулук көрсөткүчтөрү (алынган натыйжалардын жана чыгымдардын же убакыттын бирдигинде алынган натыйжанын катышынын көрсөткүчтөрү);
- туруктуулук көрсөткүчтөрү (экономика үчүн жагымсыз тышкы жана ички факторлорго/кооптуулуктарга каршы туруу мүмкүндүгүнүн көрсөткүчтөрү).
4) социалдык өнүктүрүү/камсыздоо деңгээлин мүнөздөгөн көрсөткүчтөр аныкталат;
5) жогоруда белгиленген 3 жана 4-кадамдардын натыйжалары боюнча Реестрде көрсөткүчтөр болбогон учурда аларды толуктоо жөнүндө чечимдер кабыл алынат;
6) көрсөткүчтөргө жетишүүнүн убактылуу мезгили такталат;
7) мамлекеттик органдарга - координаторлорго алардын функцияларына ылайык максаттуу көрсөткүчтөргө жетишүү боюнча жоопкерчилиги бекитилет;
8) № 1 таблица түрүндө таризделген Реестр түзүлөт.
№ 1 таблица
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин өлкөлүк максаттуу көрсөткүчтөрүнүн реестри жана бул көрсөткүчтөрдү министрликтерге - координаторлорго бекитүү
№ | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин максаттуу көрсөткүчтөрү | Индикатордун пландуу мааниси | Индикатордун базистик мааниси | Жооптуу мамлекеттик орган - координатор | Эскертүү |
1 | ИДПнын туруктуу өсүшү | Жылына 4%дан аз эмес | 2,8% (2018) | КР ЭМ |
|
3-глава. Өлкөлүк көрсөткүчтөргө жетишүү боюнча мамлекеттик органдардын ишинин тартиби
9. Мамлекеттик орган - координатор жогорку деңгээлдеги (биринчи деңгээл) комиссиядан ага бекитилген максаттуу көрсөткүчтү Реестр түрүндө (№ 1 таблица) алат.
10. Мамлекеттик орган - координатор:
1) өзүнө бекитилген максаттуу көрсөткүчкө логикалык жана түзүмдүк талдоо жүргүзөт;
2) Максаттуу көрсөткүчкө жетишүү боюнча чаралардын комплексин иштеп чыгат;
3) бекитилген көрсөткүчкө жетишүү ишине катышкан мамлекеттик органдар үчүн максаттуу көрсөткүчтөрдү белгилейт;
4) бекитилген көрсөткүчкө жетишүү ишине катышкан мамлекеттик органдар үчүн макулдашуу жол-жоболорун жүргүзөт;
5) бекитилген көрсөткүчкө жетишүү боюнча орто аралык жана акыркы натыйжаларга мониторинг жана баалоо жүргүзөт.
§ 1. Максаттуу көрсөткүчтөрдү логикалык жана түзүмдүк талдоо
11. Логикалык жана түзүмдүк талдоо максаттуу көрсөткүчтү ар түрдүү деңгээлдеги кичи максаттарга жана мазмунуна, тиешелүүлүгүнө жараша ар түрдүү аталыштарга жана сандык мааниге бөлүштүрүү максатында жүргүзүлөт.
12. Эгер максаттуу көрсөткүч эки же андан көп көрсөткүчтөрдүн салымынын суммалык натыйжасы болсо, анда бул салымдарды аныктоонун тийиштүү эсебин жүргүзүү зарыл. Мисал № 2 таблицада келтирилген.
№ 2 тиркеме
Процесстин катышуучуларынын көрсөткүчтөрүнүн максаттуу көрсөткүчкө салымдарын аныктоонун мисалы
МЭ-координатор | Өндүрүш методу боюнча ИДПны түзүүчү реалдуу секторлордун салымдары(1) | |||
АЧТММ | ӨЭЖМК | Мамкурулуш | ЭМ (кызмат көрсөтүү) | |
ИДПнын өсүш темпи - 4,0% | 0,4 п.п. | 0,8 п.п. | 1,0 п.п. | 1,8 п.п. |
13. Эгерде максаттуу көрсөткүчкө жетишүү бир катар факторлордун таасиринен көз каранды болсо, анда ушул максаттуу көрсөткүчтөрдүн бардык зарыл жана жетиштүү компоненттерин аныктоо үчүн биринчи жана экинчи деңгээлдеги максаттарды жана чакан максаттарды ажыратуу аркылуу максаттардын "дарагын"(2) түзүү методун пайдалануу менен фактордук талдоо жүргүзүлөт. Мындай максаттуу көрсөткүчтүн үлгүсү болуп "Жакырчылыктын деңгээлин 20%га чейин төмөндөтүү" интегралдык максаттуу көрсөткүчү саналат. Бул көрсөткүч үчүн максаттардын дарагын түзүүдө төмөнкүдөй факторлорду эске алуу зарыл:
1) экономикалык, ал факторлордун төмөнкүдөй деңгээлдерин камтыйт:
- жумушсуздук (иш менен камсыз кылуу кызматтары менен ишке орноштурулган жумушсуздардын санын көбөйтүү, катталган жумушсуздардын жалпы санында 40%га чейин);
- айлык акы төмөндүгү;
- ж.б.
2) социалдык-медициналык, ап төмөнкүдөй деңгээлдеги факторлорду камтыйт:
- ден соолук (жүрөк-кан тамыр ооруларынан болгон өлүмдү калктын 100 миңине алганда 262,3 чейин кыскартуу);
- майыптык;
- ж.б.
3) билим берүү;
4) региондордун бирдей эмес өнүгүүсү;
5) фискалдык система;
6) башкалар.
14. Эгерде максаттуу көрсөткүч стандарттык эл аралык индекс катары берилсе, анда бул индексти анын формуласына ылайык түзүүчүлөргө бөлүштүрүү керек. Мындай максаттуу көрсөткүчтүн үлгүсү - "Бизнес жүргүзүү" рейтинги боюнча дүйнөнүн эң мыкты 50 өлкөсүнө кирүү".
15. Эгерде максаттуу көрсөткүч жөнөкөй жана бир ченемдүү катары берилсе, анда ага жетишүү үчүн мисалдык катар түзүлөт. Мындай максаттык көрсөткүчтүн үлгүсү - "Калктын 80%ын таза суу менен күнү-түнү камтуу".
16. Чакан максаттардын төмөнкүдөй касиеттерге шайкештигин текшерүү керек:
- өзгөчөлүк (максаттуу көрсөткүч программаны ишке ашыруу чөйрөсүнө шайкеш келиши керек);
- конкреттүүлүк (так эмес түшүндүрмөлөргө жол берилбейт);
- өлчөө (максаттуу көрсөткүчкө жетүүнү өлчөө жана текшерүү мүмкүн);
- жеткиликтүүлүк (максаттуу көрсөткүч программаны ишке ашыруу мезгилинде жеткиликтүү болушу керек;
- релеванттуулук (максаттуу көрсөткүчтү туюндуруунун күтүлгөн натыйжаларга шайкештиги).
Чакан максаттарды туюндуруу кыска жана так болушу керек жана башка максаттуу көрсөткүчтөргө карата атайын терминдерди, көрсөтмөлөрдү камтыбашы керек.
17. Ар бир максаттуу көрсөткүчкө жетишүү жоопкерчилигин мамлекеттик органдарга алардын функцияларына ылайык бекитүү.
№ 3 таблица
Мамлекеттик органдарга жоопкерчиликти бекитүүнүн үлгүсү
№ | Максаттуу көрсөткүч | Индикатордун аталышы жана пландык мааниси | Индикатордун базистик мааниси | Жооптуу министрлик | Эскертүү |
| ИДПнын туруктуу өсүшү | Жылына 4%дан кем эмес | 2,8% (2018) | ЭМ |
|
|
| 2,3% |
| АЧТММ |
|
|
| 2,3% |
| ӨЭЖМК |
|
|
| 11,6% |
| Мамкурулуш |
|
|
| 3,6% |
| Кызмат көрсөтүүлөр |
|
18. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү үчүн максаттуу көрсөткүчтөрдү белгилейт. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү мамлекеттик органдар - координаторлор менен консультация жүргүзүүнүн жана макулдашуунун негизинде, зарылдыкка жараша башка борбордук мамлекеттик органдар менен райондук деңгээлде аткаруу үчүн максаттуу көрсөткүчтөрдү аныкташат. Бул көрсөткүчтөрдүн негизинде жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ишин пландоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган бекиткен Районду социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу методикасынын негизинде ишке ашырылат.
№ 4 таблица
Облустун деңгээлинде максаттуу көрсөткүчтөрдү бекитүү үлгүсү
ЭМ-координатор | Ош облусу | Чүй облусу | Ысык-Көл облусу | Баткен облусу |
ИДП өсүшү - 4% | ИРП өсүшү - 3,3% | ИРП өсүшү - 6,3% | ИРП өсүшү - 4,2% | ИРП өсүшү - 2,1% |
№ 5 таблица
Райондун деңгээлинде максаттуу көрсөткүчтөрдү бекитүү үлгүсү
Чүй облусу | Аламүдүн району | Ысык-Ата району | Чүй району | Кемин району |
ИРПнын өсүшү - 106,3% | Өнөр жай өндүрүшүнүн 108,1%га өсүшү | Өнөр жай өндүрүшүнүн 106,1%га өсүшү | Өнөр жай өндүрүшүнүн 104,1%га өсүшү | Өнөр жай өндүрүшүнүн 103,1%га өсүшү |
| ЧОИ көлөмүнүн 110%га өсүшү | ЧОИ көлөмүнүн108%га өсүшү | ЧОИ көлөмүнүн 107%га өсүшү | ЧОИ көлөмүнүн 107%га өсүшү |
§ 2. Максаттуу көрсөткүчкө жетишүү боюнча чаралардын комплексинин түзүмү
19. Максаттуу көрсөткүчкө жетишүү боюнча чаралардын комплексинин түзүмүн иштеп чыгуу төмөнкүлөрдү камтыйт:
- бул көрсөткүчкө жетишүү ишине катышкан бардык мамлекеттик органдар үчүн максаттуу көрсөткүчтөрдү белгилөө;
- максаттуу көрсөткүчкө жетишүү процессинин катышуучуларынын - мамлекеттик органдардын аракеттеринин, алардын тартибинин, мөөнөтүнүн, натыйжасынын, ошондой эле милдеттеринин топтому;
- максаттуу көрсөткүчкө жетишүү процессинде ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн тартиби жана мөөнөттөрү;
- максаттуу көрсөткүчкө жетишүү процессинде жасалуучу жол-жоболорду аткаруунун белгиленген тартибинин жана мөөнөттөрүнүн сакталышы үчүн мониторинг жүргүзүүнүн, контролдоонун формасы жана жоопкерчилиги.
§ 3. Тармактык министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана административдик ведомстволордун аларга карата белгиленген максаттуу көрсөткүчтөргө жетишүү пландарын иштеп чыгуу боюнча иш тартиби
20. Тармактык министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана административдик ведомстволор ушул Методиканын 3-главасынын 1-параграфына ылайык мамлекеттик органдар - координаторлор тарабынан (экинчи деңгээл) аларга бекитилген максаттуу көрсөткүчтөргө логикалык жана түзүмдүк талдоо жүргүзүшөт.
21. Мамлекеттик орган максаттар жана чакан максаттар үчүн милдеттерди иштеп чыгат (түзөт), аларга № 2, 3, 4 жана 5-таблицалардын маалыматтарына ылайык жоопкерчилик тартат.
22. Түзүлгөн милдеттер тийиштүү максаттуу көрсөткүчкө жетишүү үчүн зарыл жана жетиштүү болушу керек.
Милдеттерди чечүү төмөнкүлөр менен камсыздалат:
- өз ара байланышкан иш-чаралардын жыйындысын ишке ашыруунун натыйжалары;
- же максаттуу көрсөткүчкө жетишүү ишинин алкагында мамлекеттик функцияларды ишке ашыруу менен.
23. Ар бир милдетке бир же бир нече индикатор белгилениши керек. Индикаторлор төмөнкүдөй талаптарга шайкеш келүүгө тийиш:
- адекваттуулук (көрсөткүч максаттуу көрсөткүчкө жетишүүдө талашсыз түрдө прогрессти мүнөздөшү керек);
- салыштырмалуулук (маалыматтарды үзгүлтүксүз топтоонун жана айрым мезгилдерде алардын салыштырмалуулугун камсыз кылуунун зарылдыгы);
- рационалдуулук (колдонулуучу көрсөткүчтөр маалыматты топтоонун учурдагы жол-жоболоруна максималдуу түрдө негизделиши керек);
- аныктык (алгачкы маалыматты чогултуу жана иштеп чыгуу ыкмасы текшерүү мүмкүндүгүнө жол бериши керек);
- өз убагында болушу жана үзгүлтүксүздүгү (отчеттук маалыматтар так аныкталган мезгилдүүлүк менен келип турушу керек).
24. Жыйынтыгы № 6 "Максаттуу көрсөткүчкө жетишүү боюнча чаралардын комплекси" таблицасына толтурулат (8, 9 жана 10-тилкеден башкасы).
№ 6 таблица
Максаттуу көрсөткүчкө жетишүү боюнча чаралардын комплекси
№ | Максаттуу көрсөткүчтөр | Милдеттер | Индикаторлор | Өлчөө бирдиги | Базалык 2018-жылдын иш жүзүндөгү мааниси | 2019-жылга индикаторлордун пландык мааниси | 2019-жылга индикаторлордун иш жүзүндөгү мааниси | Индикаторго жетишүүнүн даражасы | Натыйжалуулук көрсөткүчүн баалоо | Жооптуу аткаруучулар |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 |
Эскертүү: 7 жана 8-тилкелери жарым жылдык мезгилдерге бөлүнүшү керек.
25. Эгерде максаттуу көрсөткүчкө жетишүү үчүн башка министрликтердин жана ведомстволордун катышуусу зарыл болсо, мамлекеттик органдар - координаторлор (үчүнчү деңгээл) ушул Методиканын 3-главасынын 2-параграфына ылайык башка кошо аткаруучулардын алдына максаттуу көрсөткүчтөрдү коюшат.
26. Толтурулган таблица мамлекеттик органга - координаторго жөнөтүлөт.
§ 4. Макулдашуу жол-жоболору
27. Макулдашуу жол-жоболору мамлекеттик органдардын ортосунда максаттуу көрсөткүчтөргө жоопкерчиликти бекитүүдө талаш маселелер пайда болгон учурда жүргүзүлөт (№ 2, 3, 4 жана 5-таблицалар).
Макулдашуу тартиби жогорку деңгээлдеги комиссия тарабынан бекитилген регламент менен жөнгө салынат.
§ 5. Өлкөлүк максаттуу көрсөткүчкө жетишүү боюнча чаралардын комплексин түзүү
28. Мамлекеттик органдар - координаторлор төмөнкүлөрдүн негизинде тийиштүү максаттуу көрсөткүчкө жетишүү боюнча чаралардын комплексин түзүшөт:
- Чаралар комплексинин түзүмү (ушул Методиканын 3-главасынын 2-параграфына ылайык);
- ушул Методиканын 3-главасынын 3-параграфына ылайык мамлекеттик органдар тарабынан иштелип чыккан Максаттуу көрсөткүчкө жетишүү боюнча чаралардын комплекси (№ 6 таблица).
Ушул этаптын натыйжасы болуп бардык өлкөлүк максаттар боюнча толтурулган № 6 таблица саналат (8, 9 жана 10-тилкелерден башкасы).
4-глава. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасын аткаруу боюнча министрликтин/ведомствонун планын түзүү
29. Министрликтер жана ведомстволор милдеттерди ишке ашыруу динамикасына ар айлык негизде байкоо жүргүзүү үчүн деталдуу пландарды түзөт.
Деталдуу пландар иштелип чыккан Чаралар комплексинен министрликке/ведомствого бекитилген максаттарды, милдеттерди, чараларды жана индикаторлорду тандап алуу жолу менен түзүлөт (№ 6 таблица).
5-глава. Пландарды аткаруу боюнча бюджет
30. Бардык деңгээлдердеги өнүктүрүү пландарын жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон ресурстардын көлөмүн финансылык баалоо жана макулдашуу программалык бюджеттөө форматтарын жана жол-жоболорун пайдалануу аркылуу Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен өз ара тыгыз аракеттенүүдө мамлекеттик органдар жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү менен ишке ашырылышы керек.
31. Иштелип чыккан деталдуу план бюджетти түзүү үчүн негиз болуп саналат.
32. Пландардын бюджеттерин үч формат боюнча түзүү сунушталууда:
1) мамлекеттик органдын жалпы бюджетинин түзүүчү бөлүгү болуп саналуучу бекитилген көрсөткүчтөргө жетишүү боюнча мамлекеттик органдардын бюджети;
2) Өкмөттүн программасынын конкреттүү көрсөткүчүнө жетишүүнүн наркын чагылдырган жана мамлекеттик органдар - координаторлор тарабынан иштелип чыккан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн максаттуу көрсөткүчтөрүнө жетишүү боюнча чаралар комплексинин бюджети;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасынын натыйжалуулук көрсөткүчтөрүнүн жыйындысына жетишүүнүн наркын чагылдырган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасынын максаттуу көрсөткүчтөрүнө жетишүү бюджети (Чаралардын комплекси боюнча мамлекеттик органдардын бюджетинин суммасы жана бюджеттин суммасы).
6-глава. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасын аткаруу боюнча мамлекеттик органдарга мониторинг жана баалоо жүргүзүү системасы
33. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасын аткаруу боюнча мамлекеттик органдарга мониторинг жана баалоо жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген баалоо методикасы колдонулат.
34. Максаттуу көрсөткүчкө жетишүү даражасын баалоо үчүн маалыматтын булагы болуп отчеттук бөлүктөгү Чаралар комплексинен алынган маалыматтар - талаптагыдай толтурулган № 7 таблица саналат.
№ 7 таблица
№ | 2019- жылга максаттуу программалык милдеттер жана индикаторлор | 2019-жылга индикаторлордун пландык мааниси (ИПМ) | 2019-жылга индикаторлордун иш жүзүндөгү мааниси (ИИМ) | Индикаторлорго жетишүү даражасы | Натыйжалуулук көрсөткүчүн баалоо (НКБ) | Верификация(*) |
| 2 | 7 | 8 | 9 | 10 |
|
(*) - министрликтердин жана ведомстволордун отчеттук маалыматтарын верификациялоону мамлекеттик орган - координатор жүргүзөт. Мамлекеттик органдардын - координаторлордун отчеттук маалыматтарын верификациялоону жогорку деңгээлдеги комиссия жүргүзөт.
(1) Салыштырмалуу салмак * өсүш темпи = пайыздык пункттардагы салым, "п.п."
(2) "Дарак" термини жалпы максатты чакан максаттарга, ал эми аларды өз кезегинде төмөн турган деңгээлдердеги чакан максаттар же айрым деңгээлден тартып функциялар деп аталуучу өтө майда түзүмдөргө ажыратуу жолу менен алынган иерархиялык түзүмдү пайдаланууну болжолдойт.