Загрузка документа…
КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги № 58 Кодексине ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Бишкек шаары, 2004-жылдын 11-июну № 71
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу
1-статья.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж. N 2, 77-ст.) төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 1-статьянын экинчи бөлүгү алып салынсын.
2. 27-статья төмөндөгүдөй мазмундагы 13-пункт жана Эскертүү менен толукталсын:
"13) бажы укуктарын бузуунун түздөн-түз объектиси болгон товарлардын жана транспорт каражаттарынын, Кыргыз Республикасынын бажы чек арасы аркылуу бажы укуктарын бузуунун түздөн-түз объектиси болгон нерселерди жашырып алып өтүү үчүн пайдаланылган, атайын даярдалган жашыруун жерлери бар товарлардын жана транспорт каражаттарынын наркын өндүрүп алуу.
Эскертүү. Бажы эрежелерин бузуунун түздөн-түз объектиси болгон товарлардын жана транспорт каражаттарынын, Кыргыз Республикасынын бажы чек арасы аркылуу бажы эрежелерин бузуунун түздөн-түз объектиси болгон нерселерди жашырып алып өтүү үчүн пайдаланылган, атайын даярдалган жашыруун жерлери бар товарлардын жана транспорт каражаттарынын наркын өндүрүп алуу, укук бузуу айкындалган күнгө карата мындай товарлардын жана транспорт каражаттарынын рыноктук баасына пайыздык катыштагы акчалай сумманы өндүрүп алууну билдирет жана кошумча жаза-чара катары колдонулат.".
3. 30-статьяда:
экинчи бөлүгү төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"Айыптын өлчөмү администрациялык укук бузуу жасалган учурга карата белгиленген айлык акынын эң төмөнкү өлчөмүнө негизделип, ошондой эле тартип бузуулардын түздөн-түз объектиси болгон аткарылган иштердин, товарлардын жана транспорт каражаттарынын наркына пайыздык катышта аныкталат.";
статья төмөндөгүдөй үчүнчү бөлүк менен толукталсын:
"Товарларды жана транспорт каражаттарынын наркына негизденип пайыздык катышта эсептелүүчү айып түрүндөгү жаза салууда бул предметтердин наркы катары алардын укук бузуулар аныкталган күнгө карата рыноктук баасы эсептелет.".
үчүнчү-алтынчы бөлүк тиешелүүлүгүнө жараша төртүнчү-жетинчи бөлүк болуп эсептелсин.
4. 46-статьянын биринчи бөлүгү төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"Жарандарга жана кызмат адамдарына карата администрациялык жаза-чаралары администрациялык укук бузуу жасалган күндөн тартып эки айдан кечиктирилбестен, укук бузуулар кайталанганда - ал билинген күндөн тартып эки айдан кечиктирилбестен, ишканаларга, мекемелерге жана уюмдарга карата, ошондой эле юристтик билими жок адамдар ишкерчилик ишин жүргүзсө - администрациялык укук бузуу билинген күндөн тартып алты айдан кечиктирилбестен колдонулушу мүмкүн.".
5. Кодекстин 35-главасы төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын: "35-глава. Бажы иши чөйрөсүндөгү администрациялык укук бузуулар
498-статья. Бажылык контроль зоналарынын режимин бузуу
Товарларды жана (же) транспорт каражаттарын бажылык контроль зонасынын чек арасы аркылуу же анын чектеринде алып өтүү же болбосо Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларында каралгандан башка учурларда, бажы органынын уруксатысыз өндүрүштүк же башка коммерциялык иш-аракеттерди жүргүзүү, же болбосо каржылык контроль зонасынын режимин бузуучу башка иш-аракеттерди жасоо,
- эскертүү берүүгө же болбосо эң аз айлык акынын үчтөн алтыга чейинки өлчөмүндө айып салууга алып келет.
499-статья. Товарларды жана (же) транспорт каражаттарын алып келүүдө Кыргыз Республикасынын бажы чек арасынан өтүү жөнүндө билдирбөө
Товарларды жана (же) транспорт каражаттарын Кыргыз Республикасынын бажы аймагына алып келүүдө ташуучунун Кыргыз Республикасынын чек арасынан өтүү жөнүндө билдирүү тууралу бажы мыйзамдарында белгиленген талаптарды сактабоосу, -
эскертүү берүүгө же болбосо эң аз айлык акынын бирден үчкө чейинки өлчөмүндө айып салууга алып келет.
500-статья. Товарларды жана транспорт каражаттарын Кыргыз Республикасынын бажы аймагынын чегинен сырткары алып чыгуу ниети жөнүндө Кыргыз Республикасынын бажы органына билдирбөө же туура эмес билдирүү
Товарларды жана транспорт каражаттарын Кыргыз Республикасынын бажы аймагынын чегинен сырткары алып чыгуу ниети жөнүндө Кыргыз Республикасынын бажы органына билдирбөө, -
эскертүү берүүгө же болбосо жарандарга - үчкө чейинки, кызмат адамдарына - эң аз айлык акынын бештен онго чейинки өлчөмүндө айып салууга алып келет.
Кыргыз Республикасынын бажы органына туура эмес билдирүү, эгер мындай билдирүү Кыргыз Республикасынын бажы органы тарабынан белгиленген тартипте катталса, ошого тете товарларды жана транспорт каражаттарын көрсөтүлгөн жерге жана убакытта алып келбөө, -
эскертүү берүүгө же болбосо жарандарга - үчтөн онго чейинки, кызмат адамдарына - эң аз айлык акынын ондон отузга чейинки өлчөмүндө айып салууга алып келет.
501-статья. Аварияга учураган же айласыз күчтүн таасиринде калганда чара көрбөө
Аварияга учураганда же айласыз күчтүн таасиринде калганда ташуучунун Кыргыз Республикасынын бажы органы белгилеген жерге жеткирүүгө кабыл алган же транзит аркылуу ташылган товарларды жана (же) транспорттук каражатты сактоону камсыз кылуу үчүн чара көрбөөсү же болбосо аларды уруксатсыз пайдаланууга жол берүүсү, -
жарандарга - бештен онго чейинки, кызмат адамдарына - отуздан элүүгө чейинки, юридикалык жактарга - эң аз айлык акынын үч жүздөн беш жүзгө чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
Аварияга учураганда же айласыз күчтүн таасиринде калганда ташуучунун иштин жагдайы жөнүндө Кыргыз Республикасынын бажы органы аныктаган жерге жеткирүүгө кабыл алынган же транзит аркылуу ташылган товарлардын жана (же) транспорттук каражаттардын турган жери жөнүндө жакынкы Кыргыз Республикасынын бажы органына кабарлабоосу же болбосо аларды жакынкы бажы органына ташууну камсыздабоосу, -
жарандарга - үчтөн онго чейинки, кызмат адамдарына - ондон элүүгө чейинки, юридикалык жактарга - эң аз айлык акынын жүздөн үч жүзгө чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
502-статья. Товарларды жана транспорт каражаттарын жеткирген жеринде тапшырбоо жана алардын документтерин бажы органдарына бербөө
Товарларды жана транспорт каражаттарын жеткирген жеринде тапшырбоо жана алардын документтерин Кыргыз Республикасынын бажы органына бербөө, ошонун ичинде атайылап бербөө, -
эскертүү берүүгө же болбосо жарандарга - үчтөн онго чейинки, кызмат адамдарына - эң аз айлык акынын бештен элүүгө чейинки өлчөмүндө айып салууга алып келет.
503-статья. Товарларды, транспорт каражаттарын жана алардын документтерин бажы органынын уруксатысыз берүү, жоготуп жиберүү же Кыргыз Республикасынын бажы органына жеткирбөө
Товарларды, транспорт каражаттарын жана алардын документтерин бажы органынын уруксатысыз берүү, жоготуп жиберүү же Кыргыз Республикасынын бажы органына жеткирбөө, -
жарандарга - укук бузуунун түздөн-түз объектиси болгон товарларды жана транспорт каражаттарын конфискациялоо же ансыз эң аз эмгек акынын үчтөн онго чейинки өлчөмүндө айып салууга, же ошол товарлардын жана транспорт каражаттарынын наркын төлөтүп алуу менен же ансыз; кызмат адамдарына - укук бузуунун түздөн-түз объектиси болгон товарларды жана транспорт каражаттарын конфискациялоо же ансыз эң аз айлык акынын ондон элүүгө чейинки өлчөмүндө айып салууга, же ошол товарлардын жана транспорт каражаттарынын наркын төлөтүп алуу менен же ансыз; юридикалык жактарга - эң аз айлык акынын жүздөн үч жүзгө чейинки өлчөмүндө же укук бузуунун түздөн-түз объектиси болгон товарлардын жана транспорт каражаттарын конфискациялоо менен элүүдөн жүзгө чейинки пайызында айып салууга же ансыз, же болбосо ошол товарлардын жана транспорт каражаттарынын наркын төлөтүп алууга же ансыз айып салууга алып келет.
Кыргыз Республикасынын бажы органына берүү үчүн кабыл алынган бажы контролунда турган товарлардын жана транспорт каражаттарынын бажылык же башка документтерин жоготуп жиберүү же бербей коюу, -
эскертүү берүүгө же болбосо жарандарга - бешке чейинки, кызмат адамдарына - эң аз айлык акынын бештен жыйырма бешке чейинки, юридикалык жактарга - эң аз айлык акынын жүздөн үч жүзгө чейинки өлчөмүндө, же болбосо документтери жоготулган же жеткирилбеген товарлардын же транспорт каражаттарынын наркынын жыйырма бештен элүү пайызга чейинки өлчөмүндө айып салууга алып келет.
Кыргыз Республикасынын бажы органы белгилеген товарларды, транспорт каражаттарын жеткирбөө жана аларга документтерди берүү мөөнөтүн сактабоо, -
эскертүү берүүгө же болбосо эң аз айлык акынын экиден жыйырмага чейинки өлчөмүндө айып салууга алып келет.
503-1-статья. Камак салынган мүлктү Кыргыз Республикасынын бажы органынын уруксатысыз пайдалануу же мындай пайдаланууга талаптарды жана чектөөлөрдү сактабоо
Кыргыз Республикасынын бажы органы камак салган мүлктү бул органдын уруксатысыз пайдалануу же Кыргыз Республикасынын бажы органы мындай пайдаланууга киргизген талаптарды жана чектөөлөрдү сактабоо, -
эң аз айлык акынын он өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.
504-статья. Кыргыз Республикасынын бажы чек арасы аркылуу өтүүчү транспорт каражаттарын токтотпоо
Кыргыз Республикасынын бажы чек арасы аркылуу өтүүчү транспорт каражаттарын, ошондой эле товар катары Кыргыз Республикасынын бажы чек арасы аркылуу жүрүүчү транспорт каражаттарын Кыргыз Республикасынын бажы органы белгилеген жерлерде токтотпоо, -
эскертүү берүүгө же болбосо жарандарга - үчкө чейинки, кызмат адамдарына - эң аз айлык акынын бештен онго чейинки өлчөмүндө айып салууга алып келет.
504-1-статья. Кыргыз Республикасынын бажы органынын уруксатысыз транспорт каражаттарын жөнөтүү
Бажы контролунда турган транспорт каражаттарын же товар катары Кыргыз Республикасынын бажы чек арасы аркылуу жүрүүчү транспорт каражаттарынын Кыргыз Республикасынын бажы органынын уруксатысыз анын турган жеринен жөнөтүү, -
эскертүү берүүгө же болбосо жарандарга - үчкө чейинки, кызмат адамдарына - эң аз айлык акынын бештен онго чейинки өлчөмүндө айып салууга алып келет.
504-2-статья. Бажылык жазып-каттоо өндүрүш тартибин бузуу
Бажылык жазып-каттоо өндүрүш тартибин бузуу, башкача айтканда, бажылык жазып-каттоонун башталышы жана аякташы, орду, убактысы жана аны өткөрүү жол-жобосу жөнүндө белгиленген талаптарды сактабоо, -
эскертүү берүүгө же болбосо жарандарга - экиден бешке чейинки, кызмат адамдарына - ондон элүүгө чейинки, юридикалык жактарга - эң аз айлык акынын жүздөн үч жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салууга алып келет.
504-3-статья. Бажылык жазып-каттоо бүтө элек товарлар жана транспорт каражаттары менен мыйзамга ылайык келбеген операцияларда жүргүзүү, алардын абалын өзгөртүү, пайдалануу жана аларды тескөө
Ушул главанын башка статьяларында каралган учурларды кошпогондо, белгиленген талаптарды жана шарттарды бузуу менен ага карата бажылык жазып-каттоо аяктай элек товарлар жана транспорт каражаттары менен операцияларды жүргүзүү, алардын абалын өзгөртүү, пайдалануу жана тескөө, -
жарандарга - ондон жыйырмага чейинки, кызмат адамдарына - эң аз айлык акынын жыйырмадан жүзгө чейинки, юридикалык жактарга - эң аз айлык акынын жүздөн беш жүзгө чейинки өлчөмүндө, же болбосо укук бузуунун түздөн-түз объектиси болгон товарлардын жана транспорт каражаттарынын наркынын ондон жүзгө чейинки пайызында айып салууга алып келет.
504-4-статья. Кыргыз Республикасынын бажы органынын уруксатысыз жүргүзүлүүчү жүк ташуу жана башка операциялар
Бажы контролунда турган товарларды жана транспорт каражаттарын ташуу, жүктөө, түшүрүү, кайра жүктөө, таңгактоонун бузулган жерлерин оңдоо, таңгактоо, кайра таңгактоо же ташуу үчүн кабыл алуу, мындай товарлардын сынамактарын жана үлгүлөрүн алуу, Кыргыз Республикасынын бажы органынын уруксатысыз көрсөтүлгөн товарлар жана транспорт каражаттары турушу мүмкүн болгон жайларды жана башка жерлерди ачуу,-
жарандарга - ондон жыйырмага чейинки, кызмат адамдарына - жыйырмадан жүзгө чейинки, юридикалык жактарга - эң аз айлык акынын жүздөн беш жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салууга алып келет.
504-5-статья. Бажылык идентификация каражаттарын өзгөртүү, жок кылуу, бузуу, же болбосо жоготуп коюу
Кыргыз Республикасынын бажы органдары колдонгон бажылык идентификация каражаттарын өзгөртүү, жок кылуу, бузуу, же болбосо жоготуп коюу, -
жарандарга - ондон жыйырмага чейинки, кызмат адамдарына - жыйырмадан жүзгө чейинки, юридикалык жактарга - эң аз айлык акынын жүздөн миңге чейинки өлчөмүндө айып салууга алып келет.
504-6-статья. Товарларды жана транспорт каражаттарын декларациялоо тартибин бузуу
Товарларды жана транспорт каражаттарын декларациялоо тартибин бузуу, башкача айтканда, ушул главанын башка статьяларында каралган учурларды кошпогондо, декларациялоо формасы жана орду жөнүндө, анын өндүрүш жол-жобосу жөнүндө (анын ичинде декларациялоо убактылуу, толук эмес же мезгилдүү бажылык декларацияны пайдалануу жөнүндө) белгиленген талаптарды сактабоо, -
эскертүү берүүгө же болбосо жарандарга - экиден онго чейинки, кызмат адамдарына - эң аз айлык акынын жыйырмадан элүүгө чейинки өлчөмүндө, юридикалык жактарга - эң аз айлык акынын жүздөн үч жүзгө чейинки өлчөмүндө, же болбосо укук бузуунун түздөн-түз объектиси болгон товарлардын жана транспорт каражаттарынын наркынын ондон жүзгө чейинки пайызында айып салууга алып келет.
504-7-статья. Кыргыз Республикасынын бажы органына бажы декларациясын, документтерди жана кошумча маалыматтарды берүү мөөнөттөрүн бузуу
Кыргыз Республикасынын бажы органына алар белгилеген мөөнөттө товарларга жана транспорт каражаттарына бажы декларациясын, ага тете эле бажылык максаттар үчүн зарыл болгон документтерди жана кошумча маалыматтарды бербөө, -
эскертүү берүүгө же болбосо жарандарга - экиден бешке чейинки, кызмат адамдарына - эң аз айлык акынын ондон кыркка чейинки өлчөмүндө, юридикалык жактарга - эң аз айлык акынын жүздөн эки жүзгө чейинки өлчөмүндө, же болбосо укук бузуунун түздөн-түз объектиси болгон товарлардын жана транспорт каражаттарынын наркынын ондон жүзгө чейинки - пайызында айып салууга алып келет.
504-8-статья. Кыргыз Республикасынын бажы органынын кызмат адамынын бажылык контроль жүргүзүү үчүн аймакка же имаратка киришине тоскоолдук көрсөтүү
Кыргыз Республикасынын бажы органынын кызмат адамынын бажылык контролго тиешелүү товарлар жана транспорт каражаттары турушу мүмкүн болгон аймакка же имаратка, ушундай контроль жүргүзүү үчүн зарыл болгон документтерге, же болбосо Кыргыз Республикасынын бажы органдарына жүктөлгөн иш-аракеттер жүргүзүлүүчү жерлерге киришине тоскоолдук көрсөтүү, -
эскертүү берүүгө же болбосо жарандарга - ондон жыйырмага чейинки, кызмат адамдарына - жыйырмадан жүзгө чейинки, юридикалык жактарга - эң аз айлык акынын жүздөн миңге чейинки өлчөмүндө айып салууга алып келет.
504-9-статья. Кыргыз Республикасынын бажы органына зарыл отчетту бербөө жана эсепке алууну жүргүзүү тартибин сактабоо
Бажылык контролдо же болбосо эркин бажылык зона аймагында жана эркин кампаларда турган алып келинүүчү, алып кетилүүчү, келип түшүүчү, сакталуучу, кайра иштетилүүчү, даярдалуучу, сатылып алынуучу жана сатылуучу товарлар жөнүндө белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын бажы органына зарыл отчетту бербөө, ага тете эле ушундай товарларды эсепке алууну жүргүзүү тартибин сактабоо, -
эскертүү берүүгө же болбосо жарандарга - экиден онго чейинки, кызмат адамдарына - жыйырмадан элүүгө чейинки, юридикалык жактарга - эң аз айлык акынын жүздөн үч жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салууга алып келет.
504-10-статья. Убактылуу сактоо кампасынын режимин бузуу
Убактылуу сактоо кампасында сакталуу мөөнөтү белгиленген чектик сактоо мөөнөтүнөн ашып кеткен товарларды жана транспорт каражаттарын бажы тартибине ылайык чыгарууну же тескөөгө алууну камсыз кылуу боюнча чараларды көрбөө, -
жарандарга - укук бузуунун түздөн-түз объектиси болгон товарларды жана транспорт каражаттарын конфискациялоо же ансыз эң аз эмгек акынын үчтөн онго чейинки өлчөмүндө айып салууга; кызмат адамдарына - укук бузуунун түздөн-түз объектиси болгон товарларды жана транспорт каражаттарын конфискациялоо же ансыз эң аз айлык акынын ондон элүүгө чейинки өлчөмүндө айып салууга; юридикалык жактарга - эң аз айлык акынын жүздөн үч жүзгө чейинки өлчөмүндө же укук бузуунун түздөн-түз объектиси болгон товарларды жана транспорт каражаттарын конфискациялоо менен же ансыз алардын наркынын ондон жүзгө чейинки пайызында айып салууга алып келет.
504-11-статья. Товарларды сактоого жайгаштыруу, аларды сактоо жана алар менен операцияларды жүргүзүү тартибин бузуу
Ушул Кодекстин 503, 504-3, 504-4, 504-5, 504-8 жана 504-10-статьяларында каралган учурларды кошпогондо, товарларды сактоого жайгаштыруу жана аларды сактоо тартибин бузуу, башкача айтканда, товарларды сактоого жайгаштыруунун белгиленген талаптарын жана шарттарын, аларды сактоонун, ага тете эле бажылык кампаларда товарлар менен операция жүргүзүүнүн тартибин жана мөөнөттөрүн бузуу, -
эскертүү берүүгө же болбосо жарандарга - экиден онго чейинки, кызмат адамдарына - ондон отузга чейинки, юридикалык жактарга - эң аз айлык акынын жүздөн эки жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салууга алып келет.
504-12-статья. Товарларды кайра иштетүү тартибин бузуу
Товарларды кайра иштетүү тартибин бузуу, башкача айтканда, белгиленген талаптарды, чектөөлөрдү жана шарттарды сактабоо (аларды кайра иштетүү тартибин жана мөөнөттөрүн, кайра иштетүү продуктуларынын чыгуу санын, кайра иштетүү продукцияларын башка товарлар менен алмаштыруунун, ушундай товарларды кайра иштетүү боюнча операцияларды жүргүзүүнүн), -
жарандарга - бештен онго чейинки, кызмат адамдарына - эң аз айлык акынын ондон элүүгө чейинки өлчөмүндө, же болбосо юридикалык жактарга - эң аз айлык акынын жүздөн эки жүзгө чейинки өлчөмүндө же болбосо кайра иштетүүгө арналган товарлардын наркынын ондон жүзгө чейинки пайызында айып салууга алып келет.
504-13-статья. Өзгөчө экономикалык зоналарда бажы иштери жагындагы өндүрүштүк жана коммерциялык иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу тартибин бузуу
Өзгөчө экономикалык зоналарда бажы иштери жагындагы өндүрүштүк жана коммерциялык иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу тартибин бузуу, -
эскертүү берүүгө же болбосо жарандарга - бештен жыйырмага чейинки, кызмат адамдарына - жыйырмадан жүзгө чейинки, юридикалык жактарга - эң аз айлык акынын жүздөн миңге чейинки өлчөмүндө айып салууга алып келет.
504-14-статья. Товарларды жана транспорт каражаттарын Кыргыз Республикасынын бажы аймагынын чегинен чыгарбоо же болбосо бажы аймагына кайра алып келбөө
Контрабанданын белгилери жок болгон учурда, белгиленген мөөнөттө мурда алынып келинген товарларды жана транспорт каражаттарын, эгерде аны чыгаруу милдеттүү болуп эсептелсе, Кыргыз Республикасынын бажы аймагынын чегинен чыгарбоо же болбосо Кыргыз Республикасынын бажы аймагынан мурда чыгарылган товарларды жана транспорт каражаттарын, эгерде аны алып келүү милдеттүү болуп эсептелсе, кайрадан алып келбөө, -
жарандарга - укук бузуунун түздөн-түз объектиси болгон товарларды жана транспорт каражаттарын конфискациялоо же ансыз эң аз эмгек акынын ондон жыйырмага чейинки өлчөмүндө айып салууга; кызмат адамдарына - укук бузуунун түздөн-түз объектиси болгон товарларды жана транспорт каражаттарын конфискациялоо же ансыз эң аз айлык акынын жыйырмадан жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салууга; юридикалык жактарга - эң аз айлык акынын жүздөн жети жүзгө чейинки өлчөмүндө, же болбосо укук бузуунун түздөн-түз объектиси болгон товарларды жана транспорт каражаттарын конфискациялоо менен же ансыз алардын наркынын ондон жүзгө чейинки пайызында айып салууга алып келет.
Контрабанданын белгилери жок болгон учурда, кайра алып келүүнү же кайра алып кетүүнү ырастоо катары жасалма документтерди, жараксыз документтерди, мыйзамсыз жол менен алынган документтерди же башка товарларга жана транспорт каражаттарына тиешелүү документтерди Кыргыз Республикасынын бажы органына берүү, -
жарандарга - укук бузуунун түздөн-түз объектиси болгон товарларды жана транспорт каражаттарын конфискациялоо же ансыз эң аз айлык акынын ондон жыйырмага чейинки өлчөмүндө айып салууга; кызмат адамдарына - укук бузуунун түздөн-түз объектиси болгон товарларды жана транспорт каражаттарын конфискациялоо же ансыз эң аз айлык акынын элүүдөн жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салууга; юридикалык жактарга - эң аз айлык акынын жүздөн миңге чейинки өлчөмүндө, же болбосо укук бузуунун түздөн-түз объектиси болгон товарларды жана транспорт каражаттарын конфискациялоо менен же ансыз алардын наркынын ондон жүзгө чейинки пайызында айып салууга алып келет.
504-15-статья. Товарларды жок кылуу тартибин бузуу
Тиешелүү бажылык режимдеги товарларды жок кылуу тартибин бузуу, башкача айтканда, товарларды жок кылуунун, товарлардын жок кылуунун натыйжасында пайда болгон калдыктарды жайгаштыруунун белгиленген талаптарын, чектөөлөрүн жана шарттарын сактабоо, -
жарандарга - онго чейинки, кызмат адамдарына - эң аз айлык акынын элүүгө чейинки, юридикалык жактарга - эң аз айлык акынын жүздөн эки жүзгө чейинки өлчөмүндө, же болбосо жок кылууга жаткан товарлардын наркынын ондон элүүгө чейинки пайызында айып салууга алып келет.
504-16-статья. Белгилүү бажылык режимде жайгаштырылган товарлар жана транспорт каражаттары менен туура эмес операцияларды жүргүзүү, алардын абалын өзгөртүү, аларды пайдалануу жана тескөө
Товарлар жана транспорт каражаттары менен туура эмес операцияларды жүргүзүү, бажы режимин бузуу менен алардын абалын өзгөртүү, аларды пайдалануу жана тескөө, ага тете эле ушул главанын башка статьяларында каралган учурларды кошпогондо, бажы режиминин башка чектөөлөрүн, талаптарын жана шарттарын сактабоо, -
жарандарга - укук бузуулардын түздөн-түз объектиси болгон товарларды жана транспорт каражаттарын конфискациялоо же ансыз эң аз айлык акынын ондон жыйырмага чейинки өлчөмүндө айып салууга; кызмат адамдарына - укук бузуулардын түздөн-түз объектиси болгон товарларды жана транспорт каражаттарын конфискациялоо же ансыз эң аз айлык акынын элүүдөн жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салууга; юридикалык жактарга - эң аз айлык акынын жүздөн беш жүзгө чейинки өлчөмүндө, же болбосо укук бузуулардын түздөн-түз объектиси болгон товарларды жана транспорт каражаттарын конфискациялоо менен же ансыз алардын наркынын жыйырмадан жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салууга алып келет.
504-17-статья. Товарларды жана транспорт каражаттарын Кыргыз Республикасынын бажы чек арасы аркылуу алып өтүүдө экономикалык жөнгө салуу чараларын жана башка чектөөлөрдү колдонуу тартибин сактабоо
Кылмыш белгилери жок болгон учурда, Кыргыз Республикасынын бажы чек арасы аркылуу экономикалык жөнгө салуу чаралары жана башка чектөөлөр колдонулуучу товарларды жана транспорт каражаттарын, ушул главанын башка статьяларында каралган учурларды кошпогондо, ушул чараларды жана чектөөлөрдү колдонуунун белгиленген тартибин бузуу менен алып өтүү, -
жарандарга - укук бузуулардын түздөн-түз объектиси болгон товарларды жана транспорт каражаттарын конфискациялоо же ансыз эң аз айлык акынын бештен он бешке чейинки өлчөмүндө айып салууга; кызмат адамдарына - укук бузуулардын түздөн-түз объектиси болгон товарларды жана транспорт каражаттарын конфискациялоо же ансыз эң аз айлык акынын он бештен элүүгө чейинки өлчөмүндө айып салууга; юридикалык жактарга - эң аз айлык акынын жүздөн үч жүзгө чейинки өлчөмүндө, же болбосо товарларды жана транспорт каражаттарын конфискациялоо менен же ансыз алардын наркынын ондон жетимишке чейинки пайызында айып салууга алып келет.
504-18-статья. Товарларды коммерциялык максат үчүн эмес деген түрдө Кыргыз Республикасынын бажы чек арасы аркылуу алып өтүү
Кылмыш белгилери жок болгон учурда, ушул Кодекстин 504-25-статьясында каралган учурларды кошпогондо, чынында эле өндүрүштүк жана коммерциялык иш-аракеттер үчүн арналган товарларды коммерциялык максат үчүн эмес деген түрдө жеке адамдын Кыргыз Республикасынын бажы чек арасы аркылуу алып өтүүсү, -
жарандарга - ондон жыйырмага чейинки, кызмат адамдарына - эң аз айлык акынын элүүдөн жүзгө чейинки өлчөмүндө, юридикалык жактарга - эң аз айлык акынын жүздөн үч жүзгө чейинки өлчөмүндө, же болбосо укук бузуулардын түздөн-түз объектиси болгон товарлардын наркынын ондон жүзгө чейинки пайызында айып салууга алып келет.
504-19-статья. Бажылык контролдон башка жол менен Кыргыз Республикасынын бажы чек арасы аркылуу товарларды жана транспорт каражаттарын алып өтүү
Контрабанданын белгилери жок болгон учурда, бажылык контролдон башка жол менен Кыргыз Республикасынын бажы чек арасы аркылуу товарларды жана транспорт каражаттарын алып өтүү, башкача айтканда, Кыргыз Республикасынын бажы органы белгилегенден башка жерден же бажы өндүрүшүн жол-жоболоштуруунун белгиленген убактысынан башка убакытта алып өтүү, -
жарандарга - укук бузуулардын түздөн-түз объектиси болгон товарларды жана транспорт каражаттарын конфискациялоо же ансыз эң аз айлык акынын ондон жыйырмага чейинки өлчөмүндө айып салууга, же ансыз ошол товарлардын жана транспорт каражаттарынын наркын төлөтүүгө; кызмат адамдарына - укук бузуулардын түздөн-түз объектиси болгон товарларды жана транспорт каражаттарын конфискациялоо же ансыз эң аз айлык акынын элүүдөн жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салууга же ансыз ошол товарлардын жана транспорт каражаттарынын наркын төлөтүүгө; юридикалык жактарга - эң аз айлык акынын жүздөн миңге чейинки өлчөмүндө, же болбосо укук бузуулардын түздөн-түз объектиси болгон ташылып келинген ушундай товарлар жана транспорт каражаттарын конфискациялоо менен алардын наркынын отуздан жүзгө чейинки пайызында же болбосо ансыз же ошол товарларды жана транспорт каражаттарынын наркын төлөтүү чарасын колдонуп же болбосо ансыз айып салууга алып келет.
504-20-статья. Кыргыз Республикасынын бажы чек арасы аркылуу алып өтүлүүчү товарларды бажылык контролдон жашыруу
Контрабанданын белгилери жок болгон учурда, Кыргыз Республикасынын бажы чек арасы аркылуу алып өтүлүүчү товарларды бажылык контролдон жашыруу, башкача айтканда, товарларды табууну кыйындатуучу жашыргычтарды же башка ыкмаларды пайдалануу же бир товарга башка түр берүү, -
жарандарга - укук бузуунун түздөн-түз объектиси болгон товарларды жана мындай товарлар ташылган транспорт каражаттарын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын бажы чек арасы аркылуу алып өтүү үчүн пайдаланылган атайын даярдалган жашыруун жерлери бар транспорт каражаттарын конфискациялоо менен же ансыз, же болбосо мындай товарларды жана транспорт каражаттарынын наркын өндүрүп алуу менен же ансыз эң аз айлык акынын ондон жыйырмага чейинки өлчөмүндө айып салууга; кызмат адамдарына - укук бузуунун түздөн-түз объектиси болгон товарларды жана мындай товарлар ташылган транспорт каражаттарын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын бажы чек арасы аркылуу алып өтүү үчүн пайдаланылган атайын даярдалган жашыруун жерлери бар транспорт каражаттарын конфискациялоо менен же ансыз, же болбосо мындай товарларды жана транспорт каражаттарынын наркын өндүрүп алуу менен же ансыз эң аз айлык акынын жетимиштен жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салууга; юридикалык жактарга - укук бузуунун түздөн-түз объектиси болгон товарларды жана мындай товарлар ташылган транспорт каражаттарын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын бажы чек арасы аркылуу алып өтүү үчүн пайдаланылган атайын даярдалган жашыруун жерлери бар транспорт каражаттарын конфискациялоо менен же ансыз, же болбосо мындай товарлардын жана транспорт каражаттарынын наркын өндүрүп алуу менен же ансыз эң аз айлык акынын эки жүздөн миңге чейинки өлчөмүндө, же болбосо товарлардын жана укук бузуунун түздөн-түз объектиси болгон мындай товарлар ташылган транспорт каражаттарынын наркынын элүүдөн жүзгө чейин пайызында айып салууга алып келет.
504-21-статья. Жалган документтерди же бажылык идентификация каражаттарын пайдалануу менен товарларды жана транспорт каражаттарын Кыргыз Республикасынын бажы чек арасы аркылуу алып өтүү
Контрабанданын белгилери жок болгон учурда, ушул Кодекстин 504-22 жана 504-25-статьяларында каралган учурларды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын бажы органына максаттар үчүн зарыл болгон документтер катары жасалма документтерди, жараксыз документтерди, мыйзамсыз жол менен алынган документтерди, жалган маалыматтарды камтыган документтерди, же башка товарларга жана транспорт каражаттарына тиешелүү документтерди көрсөтүү менен товарларды жана транспорт каражаттарын Кыргыз Республикасынын бажы чек арасы аркылуу алып өтүү, ошондой эле идентификациянын жасалма каражаттарын же башка товарларга жана транспорт каражаттарына тиешелүү болгон идентификациянын чыныгы каражатын пайдалануу, -
жарандарга - укук бузуунун түздөн-түз объектиси болгон товарларды жана транспорт каражаттарын конфискациялоо же ансыз эң аз айлык акынын ондон жыйырмага чейинки өлчөмүндө айып салууга; кызмат адамдарына - укук бузуулардын түздөн-түз объектиси болгон товарларды жана транспорт каражаттарын конфискациялоо же ансыз эң аз айлык акынын элүүдөн жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салууга; юридикалык жактарга - эң аз айлык акынын эки жүздөн миңге чейинки өлчөмүндө, же ансыз конфискациялоо менен товардын наркынын жыйырмадан жүзгө чейинки пайызында айып салууга алып келет.
504-22-статья. Товарларга жана транспорт каражаттарына декларация бербөө же жалган декларация берүү
Контрабанданын белгилери жок болгон учурда, ушул Кодекстин 504-2, 504-6, 504-7, 504-17, 504-18, 504-19, 504-20, 504-21 жана 504-25-статьяларында каралган учурларды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын бажы чек арасы аркылуу алып өтүлүүчү товарларга жана транспорт каражаттарына декларация бербөө же жалган декларация берүү, башкача айтканда, белгиленген жазуу, оозеки же башка формада ишенимдүү маалыматтарды бербөө же товарлар жана транспорт каражаттары, алардын бажылык режими жана бажылык максаттары үчүн зарыл болгон башка маалыматтар жөнүндө жалган маалыматтарды билдирүү, -
жарандарга - укук бузуулардын түздөн-түз объектиси болгон товарларды жана транспорт каражаттарын конфискациялоо же ансыз эң аз айлык акынын ондон жыйырмага чейинки өлчөмүндө айып салууга, же ансыз ошол товарлардын жана транспорт каражаттарынын наркын төлөтүүгө; кызмат адамдарына - укук бузуулардын түздөн-түз объектиси болгон товарларды жана транспорт каражаттарын конфискациялоо же ансыз эң аз айлык акынын элүүдөн жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салууга же ансыз товарлардын жана транспорт каражаттарынын наркын төлөтүүгө; юридикалык жактарга - эң аз айлык акынын жүздөн миңге чейинки өлчөмүндө, же болбосо укук бузуулардын түздөн-түз объектиси болгон ташылып келинген ушундай товарлар жана транспорт каражаттарын конфискациялоо менен алардын наркынын отуздан жүзгө чейинки пайызында же болбосо ансыз же ошол товарлардын жана транспорт каражаттарынын наркын төлөтүү чарасын колдонуп же болбосо ансыз айып салууга алып келет.
Кыргыз Республикасынын бажы чек арасы аркылуу товарларды жана транспорт каражаттарын алып өтүү, аларды талап кылынган бажылык режимде жайгаштыруу, бажылык төлөмдөрдүн өлчөмү жөнүндө Кыргыз Республикасынын бажы органынын чечимдерине таасир этпеген жалган маалыматтарды билдирүү, -
эскертүү берүүгө же болбосо эң аз айлык акынын экиден онго чейинки өлчөмүндө айып салууга алып келет.
504-23-статья. Кыргыз Республикасынын бажылык аймагына бажы эрежелерин бузуу менен алып келинген товарларды жана транспорт каражаттарын ташуу, сактоо, сатып алуу, аларды пайдалануу же тескөө
Бажылык контролдон башка жол менен өтүп же ушундай контролдон жашырып, же документтерди же идентификация каражаттарын, декларацияланбаган же туура эмес декларацияланган жалган документтерди пайдалануу менен Кыргыз Республикасынын бажылык аймагына алып келинген товарларды жана транспорт каражаттарын ташуу, сактоо, сатып алуу, ага тете эле бажы төлөмдөрү боюнча ага карата бажылык жеңилдиктер берилген товарларды жана транспорт каражаттарын ташуу, сактоо, сатып алуу, Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын уруксатысыз ушундай жеңилдиктер берилгенге байланышпаган башка максаттарда пайдалануучу же алып коюлуучу, же Кыргыз Республикасынын бажы аймагына алып келүүнүн мыйзамдуулугун ырастоочу тиешелүү документсиз сатуу (кайра сатуу) максатында товарларды жана транспорт каражаттарын пайдалануу же тескөө, -
жарандарга - укук бузуунун түздөн-түз объектиси болгон товарларды жана транспорт каражаттарын конфискациялоо же ансыз эң аз айлык акынын бештен жыйырмага чейинки өлчөмүндө айып салууга; кызмат адамдарына - укук бузуунун түздөн-түз объектиси болгон товарларды жана транспорт каражаттарын конфискациялоо же ансыз эң аз айлык акынын жыйырмадан жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салууга; юридикалык жактарга - эң аз айлык акынын жүздөн беш жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салууга, укук бузуунун түздөн-түз объектиси болгон товарларды жана транспорт каражаттарын конфискациялоо менен же ансыз алардын наркынын ондон жүзгө чейинки пайызында айып салууга алып келет.
504-24-статья. Бажылык төлөмдөр боюнча жеңилдиктер берилип шарттуу чыгарылган товарларды жана транспорт каражаттарын пайдалануу жана тескөө тартибин бузуу
Бажылык төлөмдөр боюнча жеңилдиктер берилип шарттуу чыгарылган товарларды жана транспорт каражаттарын Кыргыз Республикасынын бажы органынын уруксатысыз ушундай жеңилдиктер берилишине байланышпаган башка максаттарда пайдалануу жана тескөө, -
жарандарга - бештен жыйырмага чейинки, кызмат адамдарына - эң аз айлык акынын ондон элүүгө чейинки өлчөмүндө, юридикалык жактарга - эң аз айлык акынын жүздөн үч жүзгө чейинки өлчөмүндө, же болбосо берилген бажы жеңилдиктеринин төлөнбөгөн бажы төлөмдөрүнүн суммасынан ондон жүзгө чейинки пайызында айып салууга алып келет.
504-25-статья. Бажы төлөмдөрүнөн мыйзамсыз бошотууга же аларды төмөндөтүүгө багытталган иш-аракеттер
Бажылык максаттар үчүн зарыл болгон бажы декларациясында жана башка документтерде бажылык режим, бажылык нарк же болбосо товарлар жана транспорт каражаттары чыккан өлкөлөр жөнүндө жалган маалымат билдирүү же бажы төлөмдөрүнөн бошотууга же алардын өлчөмүн төмөндөтүүгө негиз болуучу башка жалган маалыматтарды билдирүү, ушул Кодекстин 504-18, 504-21, 504-22-статьяларында каралган учурларды кошпогондо, кылмыш белгилери жок болгон учурда, -
жарандарга - ондон жыйырмага чейинки, кызмат адамдарына - эң аз айлык акынын ондон жүзгө чейинки өлчөмүндө, юридикалык жактарга - эң аз айлык акынын жүздөн беш жүзгө чейинки өлчөмүндө же төлөнбөгөн бажы төлөмдөрүнүн суммасынын ондон жүзгө чейинки пайызында айып салууга алып келет.
504-26-статья. Төлөнгөн бажылык төлөмдөрдү кайтарууга, төлөөлөрдү жана башка кайтарууларды алууга же аларды тиешелүү негизсиз кайтарбоого багытталган аракеттер
Төлөнгөн бажылык төлөмдөрдү кайтарууга, төлөөлөрдү жана башка кайтарууларды алууга же аларды кайтарбоого же тиешелүү негизсиз толук эмес өлчөмдө кайтарууга укук берүүчү жалган маалыматтарды камтыган документтерди Кыргыз Республикасынын бажы органына берүү, кылмыш белгилери жок болгон учурда, -
жарандарга - ондон жыйырмага чейинки, кызмат адамдарына - эң аз айлык акынын элүүдөн жүзгө чейинки өлчөмүндө, юридикалык жактарга - эң аз айлык акынын эки жүздөн жети жүзгө чейинки өлчөмүндө, алынган же кайтарылып берилбей калган бажы төлөмдөрдүн жана башка ордун толтуруулардын талап кылынган суммасынан элүүдөн жүзгө чейинки пайызында айып салууга алып келет.
504-27-статья. Бажылык төлөмдөрдү төлөө мөөнөтүн бузуу
Бажылык төлөмдөрдү белгиленген мөөнөттө төлөбөө кылмыш белгилери жок болгон учурда, -
жарандарга - бештен онго чейинки, кызмат адамдарына - эң аз айлык акынын ондон элүүгө чейинки өлчөмүндө, юридикалык жактарга - эң аз айлык акынын жүздөн үч жүзгө чейинки өлчөмүндө, же төлөнбөгөн бажы төлөмдөрүнүн суммасынын ондон элүүгө чейинки пайызында айып салууга алып келет.
504-28-статья. Бажы органдарынын чечимдерин банктардын жана башка кредиттик мекемелердин аткарбоосу
Бажылык төлөмдөрдү төлөөчүнүн эсеби боюнча операцияларды токтотуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын чечимдерин ыйгарым укуктуу банктардын жана башка кредиттик мекемелердин аткарбоосу, ага тете эле ушундай чечимдерди аткарууну негизсиз кечиктирүү, -
төлөнбөгөн төлөмдөрдүн суммасынын өлчөмүндө айып салууга алып келет.
504-29-статья. Бажылык брокер катары иш-аракеттерди мыйзамсыз жүргүзүү же ушундай иш-аракеттердин шарттарын бузуу
Бажылык брокер катары иш-аракеттерди жүргүзүү, өзүнүн атында "бажылык брокер" деген аталышты пайдалануу, Кыргыз Республикасынын бажы кызматынын борбордук органынын лицензиясыз реклама же башка маалымат берүү, же болбосо ушундай лицензия жокко чыгарылган кайта чакыртылып алынган же анын аракети токтотулган учурда, же Кыргыз Республикасынын бажы кызматынын борбордук органынын квалификациялык аттестаты бар бажылык жол-жоболоштуруу боюнча штатта адис болбогон, же болбосо бажылык жол-жоболоштуруу боюнча иштер бажылык брокердин атынан квалификациялык аттестаты жок же квалификациялык аттестаты жок кылынган, кайра чакыртылып алынган, жараксыз деп табылган же ушундай аттестаттын аракети токтотулган адам тарабынан жасалганда, же болбосо Кыргыз Республикасынын бажы кызматынын борбордук органына жалган маалыматтарды камтыган документтерди берүүнүн натыйжасында алынган, ушул статьянын экинчи бөлүгүндө каралган жосундардан башка, ага тете эле ушундай ишаракеттердин башка шарттарын бузуу, -
бажы брокерине - ондон жыйырмага чейинки, ал эми адиске - эң аз айлык акынын бештен онго чейинки өлчөмүндө айып салууга алып келет.
Кылмыш белгилери жок болгон учурда, бажылык брокердин же анын кызматкерлеринин мыйзам тарабынан корголуучу сырды түзгөн маалыматтарды же жашырын маалыматтарды жеке максатына пайдалануу, жайылтуу, анын ичинде ага ыйгарым укуксуз мамлекеттик органдарды кошкондо ушундай маалыматтарды үчүнчү жактарга билдирүү, -
бажы брокерине - ондон жыйырмага чейинки, ал эми адиске - эң аз айлык акынын бештен онго чейинки өлчөмүндө айып салууга алып келет.
504-30-статья. Бажылык ташуучу катары иш-аракеттерди мыйзамсыз жүргүзүү же ушундай иш-аракеттердин шарттарын бузуу
Кыргыз Республикасынын бажы кызматынын борбордук органынын лицензиясыз бажылык ташуучу катары иш-аракеттерди жүргүзүү, же ушундай лицензия жокко чыгарылган, кайта алынган же анын аракети токтотулган учурда, же Кыргыз Республикасынын бажы кызматынын борбордук органына жалган маалыматтарды камтыган документтерди берүүнүн натыйжасында алынган лицензияны бажылык ташуучунун колдонуусу, ушул статьянын экинчи бөлүгүндө каралган жосундардан башка, ага тете эле ушундай иш-аракеттердин башка шарттарын бузуу, -
бажы ташуучусуна - эң аз айлык акынын ондон жыйырмага чейинки өлчөмүндө айып салууга алып келет.
Бажылык ташуучунун же анын кызматкерлеринин мыйзам тарабынан корголуучу сырды түзгөн маалыматтарды же жашырын маалыматтарды жеке максатына пайдалануу, жайылтуу жана ага ыйгарым укуксуз мамлекеттик органдарды кошкондо ушундай маалыматтарды үчүнчү адамга билдирүү, кылмыш белгилери жок болгон учурда, -
бажы ташуучусуна - ондон жыйырмага чейинки, ал эми кызматкерге - эң аз айлык акынын бештен онго чейинки өлчөмүндө айып салууга алып келет.
504-31-статья. Бажы ишинде колдонулуучу мыйзамдарды кызмат адамдарынын жана башка адамдардын аткарбоосу
Бажы мыйзамдарынын бажы ишинде колдонулуучу талаптарын бузгандык үчүн ушул главада жоопкерчилик каралган талаптарын ишкананын, мекеменин же уюмдун кызмат адамынын же башка кызматкерлеринин аткарбоосу, ага тете эле жарандык-укуктук мүнөздөгү келишим боюнча ишкана, мекеме же уюм үчүн иш аткаруучу башка жеке адамдын бажы эрежелерин бузгандыгы үчүн көрсөтүлгөн ишкана, мекеме же уюм жоопкерчиликке тартылган учурда ушундай талаптарды аткарбоосу, -
эскертүү берүүгө же болбосо эң аз айлык акынын бештен жыйырмага чейинки өлчөмүндө айып салууга алып келет.
504-32-статья. Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кызмат адамын бажылык контролду жүргүзүүгө, бажылык жол-жоболоштуруу өндүрүшүнө, ошондой эле бажы эрежелерин бузгандык жөнүндө иштер боюнча өндүрүшкө же аны кароого катышкан адамды, ошого тете күбөлөрдү шылдыңдоо
Кылмыш белгилери жок болгон учурда, өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кызмат адамын, ошондой эле бажылык контролду жүргүзүүгө катышуу, бажылык жол-жоболоштуруу, бажы эрежелерин бузгандык жөнүндө иштер боюнча өндүрүшкө катышуу же аны кароо үчүн тартылган же чакырылган ревизорлорду, эксперттерди, адистерди, котормочуларды, күбөлөрдү, ага тете күбө катары катышуучуларды шылдыңдоо, -
жарандарга - ондон жыйырмага чейинки, кызмат адамдарына - эң аз айлык акынын элүүдөн жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салууга алып келет.
504-33-статья. Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кызмат адамына, бажылык контролду жүргүзүүгө, бажылык жол-жоболоштуруу өндүрүшүндө, ошондой эле бажы эрежелерин бузгандык жөнүндө иштер боюнча өндүрүшкө же аны кароого катышкан адамды, ага тете күбөлөргө карата күч колдонуучу аракеттерди жасоо жөнүндө опуза
Өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кызмат адамына, ошондой эле бажылык контролду жүргүзүүгө катышуу, бажылык жазып-каттоо өндүрүшүнө, же чакырылган ревизорлорду, эксперттерди, адистерди, котормочуларды, күбөлөрдү, ага тете күбө катары катышуучуларга карата денесине жеңил жаракат келтирүү, уруу же башка күч колдонулуучу аракеттерди жүргүзүү опузасы, кылмыш белгилери жок болгон учурда, -
жарандарга - ондон жыйырмага чейинки, кызмат адамдарына - эң аз айлык акынын элүүдөн жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салууга алып келет.
504-34-статья. Бажы эрежелерин бузгандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан адамдын бажы эрежелеринин бузулушу жөнүндө иш жана аны кароо боюнча өндүрүш үчүн зарыл болгон товарларды, документтерди, башка буюмзаттарды жана маалыматтарды берүүдөн баш тартуусу же бербөөсү
Бажы эрежелерин бузгандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан адамдын Кыргыз Республикасынын бажы органынын белгиленген кызмат адамына же анын тапшырмасы боюнча иштеген ревизорго же адиске өндүрүш үчүн жана ишти кароо боюнча зарыл болгон товарларды, документтерди, башка буюмзаттарды жана маалыматтарды мөөнөтүндө себепсиз берүүдөн баш тартуусу же бербөөсү, -
эскертүү берүүгө же болбосо жарандарга - бештен он бешке чейинки, кызмат адамдарына - ондон жетимишке чейинки өлчөмүндө айып салууга алып келет.
504-35-статья. Бажы эрежелерин бузгандыгы жана аны кароо жөнүндө иш боюнча өндүрүш үчүн зарыл болгон товарларды, документтерди, башка буюмзаттарды жана маалыматтарды берүүдөн башка адамдардын баш тартуусу же бербөөсү
Бажы эрежелерин бузгандык үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан башка адамдардын Кыргыз Республикасынын бажы органынын белгиленген кызмат адамына, же анын тапшырмасы боюнча иштеген ревизорго же адиске ал белгиленген мөөнөттө өндүрүш жана ишти кароо үчүн зарыл болгон товарларды, документтерди, башка буюмзаттарды жана маалыматтарды берүүдөн баш тартуусу же бербөөсү, -
эскертүү берүүгө же болбосо жарандарга - бештен он бешке чейинки, кызмат адамдарына - эң аз айлык акынын ондон элүүгө чейинки өлчөмүндө айып салууга алып келет.
504-36-статья. Кыргыз Республикасынын бажы органынын кызмат адамына бажылык изилдөөнү жана башка процесстик аракеттерди жүргүзүүгө тоскоолдук кылуу
Кыргыз Республикасынын бажы органынын кызмат адамына ушул Кодексте каралган бажылык изилдөөнү жана башка процесстик аракеттерди жүргүзүүгө тоскоолдук кылуу, эгерде мындай тоскоолдук кылуу кылмыш жоопкерчилигине же ушул Кодекстин башка статьяларына ылайык жоопкерчиликке алып келбесе, -
эскертүү берүүгө же болбосо жарандарга - бештен он бешке чейинки, кызмат адамдарына - эң аз айлык акынын ондон жетимишке чейинки өлчөмүндө айып салууга алып келет.
505-статья. Кабыл алынган чечимге же жүргүзүлүп жаткан аракетке таасир көрсөтүү максатында мыйзамсыз аракеттенүү же кийлигишүү
Кыргыз Республикасынын бажы органы же анын адамы кабыл алган чечимге же ушул кызмат адамы тарабынан жүргүзүлүп жаткан аракетке таасир көрсөтүү максатында ишканалар, мекемелер жана уюмдар, алардын кызмат адамдары жана башка кызматкерлери тарабынан кандай формада болсо да мыйзамсыз аракеттенүү же кийлигишүү, ага тете эле юридикалык жакты түзбөстөн иш жүргүзүүчү адамдардын жана жеке адамдардын ушундай аракеттенүүлөрү же кийлигишүүлөрү, -
эскертүү берүүгө же жарандарга - экиден онго чейинки, кызмат адамдарына - эң аз айлык акынын ондон отузга чейинки өлчөмүндө айып салууга алып келет.".
6. 508-статьяда:
"498, 503" сандары алып салынсын;
статья төмөнкүдөй мазмундагы экинчи бөлүк менен толукталсын:
"Ушул Кодекстин 503-статьясынын биринчи бөлүгүндө, 504-10, 504-14, 504-16, 504-17, 504-19, 504-23, 504-32, 504-33, 504-36, 505-статьяларында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндөгү иштер, мындай администрациялык укук бузуу жөнүндө өздөрүнө келип түшкөн ишти орган же кызмат адамы судьянын кароосуна өткөрүп берген учурларда судьялар тарабынан каралат.".
7. 545-статьяда:
биринчи бөлүктө:
"Мамлекеттик бажы комитетинин органы" деген сөздөр "Бажы органы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
"499-502, 504, 505" деген сандар "498-505" деген сандар менен алмаштырылсын;
"ушул Кодекстин" деген сөздөрдөн кийин ", эгерде администрациялык укук бузууну жасоонун куралдары же түздөн-түз объекттери болгон предметтерди конфискациялоо колдонулбаса," деген сөздөр менен толукталсын;
экинчи бөлүк төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"Администрациялык укук бузуулар жөнүндө өндүрүштү жүргүзүүгө, ишти кароого жана администрациялык жаза берүүгө бажы органдарынын жетекчилери жана анын орун басарлары укуктуу.".
8. Кодекс төмөндөгүдөй мазмундагы 548-1 жана 548-2-статьялары менен толукталсын:
"548-1-статья. Администрациялык укук бузуу жөнүндөгү иш боюнча өндүрүштү токтото туруунун негиздери, тартиби жана мөөнөттөрү
Администрациялык укук бузуулар жөнүндөгү иш боюнча өндүрүштү бүткөрүүгө тоскоолдук кылуучу төмөндөгүдөй негиздердин бири болгондо токтотулуп турат:
1) администрациялык жоопкерчиликке тартууга тиешелүү адамдын турган жери аныкталбаганда;
2) администрациялык жоопкерчиликке тартууга тиешелүү адам психикалык же дагы башка оор илдетке чалдыкканда;
3) администрациялык укук бузуулар жөнүндөгү иш боюнча өндүрүштү аяктоого зарыл маалыматтарды жана так билдирмелерди алуунун мөөнөттөрүнө таасир этүүчү жагдайларда.
Иш боюнча өндүрүштү токтото туруу тууралу ыйгарым укуктуу кызмат адамы токтом чыгарат;
Администрациялык укук бузуу жөнүндөгү иш боюнча өндүрүштү токтото турууга чейин ыйгарым укуктуу кызмат адамы администрациялык жоопкерчиликке тартылууга тийиш адам жок учурда өндүрүштү жүзөгө ашырса боло турган бардык процесстик иш-аракетти аткарууга милдеттүү.
Иш боюнча өндүрүш токтотулуп тургандан кийин ыйгарым укуктуу кызмат адамы табуу, ошол эле учурда администрациялык укукту бузган адамды билүү боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү, ал эми зарылчылык туулса, процесстик иш-аракетти жүргүзө алат.
548-2-статья. Администрациялык укук бузуу жөнүндө иш боюнча токтотулган өндүрүштү улантуу
Администрациялык укук бузуу жөнүндө иш боюнча токтотулуп турган өндүрүш токтото турууга себеп болчу негиздер болбой калгандан кийин ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамынын токтому менен улантылат;
Иш боюнча токтотулуп турган өндүрүш, ошондой эле иш боюнча өндүрүштү токтото туруу жөнүндө кызмат адамынын токтому четке кагылганына байланыштуу жогору турган ыйгарым укуктуу органдын токтому менен улантылышы мүмкүн;
Иш боюнча өндүрүштүн улантылышы администрациялык жоопкерчиликке тартылып жаткан адамдарга жана алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнө билдирилет.".
9. 549-статьяда:
9-пункттагы ", ошондой эле факт боюнча жазык ишин козгоо жөнүндө токтом" деген сөздөр алып салынсын;
статья төмөндөгүдөй мазмундагы 11-пункт менен толукталсын:
"11. Администрациялык укук бузуу үчүн жоопкерчиликке тартылган белгилүү бир жеке адамга карата ошол эле факт боюнча жазык иши болгондо.".
10. Кодекс төмөндөгүдөй мазмундагы 553-1-статья менен толукталсын:
"553-1-статья. Буюм далилдери
Администрациялык укук бузуу жөнүндө иш боюнча буюмдук далилдер катары ушундай укук бузуунун тике объектиси болуп эсептелген буюмдар, документтер, акча жана баалуулуктар, транспорт каражаттары өзүндө укук бузуунун изин сактаган же укук бузууну табууга жана укук бузууну жасаган адамдарды билүүгө каражат катары кызмат кыла алчу дагы башка буюмзаттар, ошондой эле иш жүзүндөгү иштин жагдайын аныктоо эсептелет.
Буюм далилдин белгилери бар буюмзатка ээлик кылган ар кандай адам мындай буюмзатты Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органынын кызмат адамына көрсөтүүгө милдеттүү.
Буюм далилдер администрациялык укук бузуу жөнүндө ишке кошулат. Алар администрациялык укук бузуу жөнүндө протоколдордо, алып коюу, иликтөө өндүрүшү же дагы башка протоколдордо толук сыпатталып жазылышы керек. Зарылчылык туулса, буюм далилдер башка техникалык каражаттардын жардамы менен сүрөткө тартылып алынып же катталып коюлушу мүмкүн, мүмкүндүгүнө жараша мөөр басылып, бекитип коюлушу керек.
Өндүрүшүндө же кароосунда администрациялык укук бузуу жөнүндө иш турган Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органынын кызмат адамы иш биротоло чечилгенге чейин буюмдук далилдердин сакталышын камсыз кылуу боюнча бардык чараларды көрүүгө милдеттүү.
Буюм далилдерди сактоонун тартиби жана мөөнөттөрү - ушул Кодекс, ал эми аны менен жөнгө салынбаган жагы - Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен аныкталат.
Эгерде көлөмүнүн чоңдугуна же дагы башка себептер боюнча буюм далилдерин ишке кошууга мүмкүн эмес болсо, өндүрүшүндө же кароосунда ушул иш турган Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органынын кызмат адамы тарабынан ошол буюмзаттар турган жер жөнүндө маалым кат түзүлөт да ишке тиркелет.
Соттун жана тиешелүү ыйгарым укуктуу органдын токтомунда буюм далилдери жөнүндө чечим болушу керек, мында:
1) укук бузуучуга тиешелүү укук бузган курал конфискацияланууга тийиш;
2) жүгүртүүгө тыюу салынган буюмдар берилбейт жана тиешелүү уюмдарга өткөрүп берилүүгө же жок кылынууга тийиш;
3) эч кандай баалуулугу жок, колдонууга жараксыз буюмдар жок кылынууга тийиш, ал эми таламдаш жактардын же уюмдардын расмий өтүнүчү болгон учурларда аларга берилет;
4) укук бузуунун натыйжасында табылган акча, дагы башка баалуулуктар соттун чечими боюнча, укук бузуучунун өлгөндүгүнө же анын жоопкерчиликке жараксыз деп табылганына байланыштуу иш токтотулган учурда тиешелүү ыйгарым укуктуу органдын токтому менен мамлекеттин кирешесине киргизилүүгө тийиш, калган буюмдар мыйзамдуу ээлерине берилет, ал эми мыйзамдуу ээлери ким экенин аныктоого мүмкүн болбогон учурда мамлекеттин менчигине өтөт. Буюмдардын кайсы жакка таандык экендиги жөнүндөгү талаш-тартыш жарандык сот өндүрүшү тартибинде чечилүүгө тийиш;
5) буюм далилдери катары эсептелген документтер ошол документтер сакталган бардык мөөнөт ичинде козголгон иштин курамында турат же тиешелүү уюмдарга же жарандарга өткөрүп берилет.
Айрым учурларда, эгер ушул Кодекске ылайык буюм далилдер конфискацияланууга тийиш эмес болсо, бул ишти чечүүгө зыянын тийгизбесе, кимден алынса, ошол адамга кайтарылып берилсе болот.
Тез бузулуп кете турган буюмдук далилдер каралып чыккандан кийин кимге тиешелүү болсо ошол адамга же керегине жараша пайдалануу үчүн тиешелүү ишканаларга, мекемелерге жана уюмдарга өткөрүп берилет. Мындай буюмзаттарды сатуудан түшкөн наркты кайтарып берүү жөнүндөгү маселе иш боюнча кабыл алынган чечимге ылайык чечилет.
Ишти андан ары жүргүзүү же кароо үчүн башка мамлекеттик органга же сотко өткөрүп бергенде, ушул статьянын алтынчы жана тогузунчу бөлүктөрүндө каралгандан башка учурларда, буюм далилдери ошол иш менен бирге жөнөтүлөт.".
11. Кодекс төмөндөгүдөй мазмундагы 554-1-статья менен толукталсын:
"554-1-статья. Буюмдарга жана документтерге баа берүү
Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органы, эгерде мындай буюмзаттарга тиешелүү баалар коюлган болсо, мамлекеттик жөнгө салынуучу баалардын негизинде ушул Кодекстин талаптарына ылайык алып коюлган буюмдарга жана документтерге, дагы башка буюмзаттарга баа коюуну жүргүзөт, ал эми башка учурларда баа коюу эркин (базар) баалардын негизинде аткарылат. Көрсөтүлгөн тартипте баа коюу жүргүзүүгө мүмкүн болбогон учурда ал эксперттин корутундусунун негизинде жүргүзүлөт.
Чет өлкө валютасын Кыргыз Республикасынын валютасы боюнча эсептөөнү укук бузуу билинген күндөгү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органы жүргүзөт.".
12. 557-статьяда:
биринчи бөлүк төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"Администрациялык укук бузуу жөнүндө протоколдо төмөндөгүлөр көрсөтүлөт: протокол түзүлгөн дата жана жер, протоколду түзгөндүн кызмат орду, фамилиясы, аты, атасынын аты; эгерде ал аныкталса, укук бузуучунун ким экендиги жөнүндө маалыматтар, бузулган жер жана анын убактысы, администрациялык укукту кайсы жак бузгандыгы, ушул Кодекстин 567-статьясынын негизинде алып коюлган товарлар жана транспорт каражаттары, дагы башка буюмзаттар жөнүндө маалыматтар, ошол укук бузууга жоопкерчиликти караган нормативдик акт, эгерде алардын түшүндүрмөсү болсо, күбөлөрдүн жана жабыркагандардын, укук бузуучунун дареги, ишти чечүүгө зарыл дагы башка маалыматтар";
экинчи бөлүк "администрациялык укук бузган адам" деген сөздөрдөн кийин ", эгерде ал аныкталса" деген сөздөр менен толукталсын;
статья төмөндөгүдөй мазмундагы бешинчи бөлүк менен толукталсын:
"Протоколдун көчүрмөсү тилкат аркылуу алынып берилет же администрациялык укук бузгандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылган адамга жөнөтүлөт.".
13. 564-статьянын 3-пунктундагы "Мамлекеттик бажы комитетинин" деген сөздөр "бажы органынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
14. Кодекс төмөндөгүдөй мазмундагы 567-1-статья менен толукталсын:
"567-1-статья. Товарларды, транспорт каражаттарын, дагы башка мүлктү камакка алуу
Товарларды, транспорт каражаттарын, документтерди, укук бузулушуна курал же ага тике объект болгон дагы башка буюмзаттарды алып коюуга мүмкүнчүлүк болбогондо, эгерде администрациялык укукту бузгандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан адам белгиленген эрежелерди бир нече жолу бузса же бир нече администрациялык укук бузууларды жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке бир учурда тартылып жатса, же администрациялык укук бузуу мамлекеттин экономикалык кызыкчылыгына орчундуу зыян келтирип жатса, администрациялык укук бузуу боюнча иш кароосунда турган ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамы администрациялык укукту бузгандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан адамдын товарын, транспорт каражаттарын, дагы башка каражаттарын камакка алууга укуктуу.
Мүлктү камакка алуу жөнүндө ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамы жүйөлү токтом чыгарат.
Мүлктү камакка алуу жана бул тууралу протокол түзүү ушул Кодекстин 567-статьясында каралган тартипте өз алдынча процесстик иш-аракет катары буюмдар менен документтерди алып коюуга ылайык ишке ашырылат.
Карап - багуусунда турган жеке адамга же адамдарга зарыл болгон буюмзаттар камакка алынышы мүмкүн эмес. Мындай буюмзаттардын тизмеси Кыргыз Республикасынын мыйзамдары аркылуу аныкталат.
Мүлктү камакка алуу жөнүндө токтом чыгарган ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамы ошол камакка алынган мүлк кайда турушу керек экендигин аныктайт.
Камакка алынган мүлктүн ысырап кылынышына, ажыратылышына же жашырылып коюлушуна жол берилбейт жана Кыргыз Республикасынын Жаза кодексинде каралган жоопкерчиликке тартылат. Мындай мүлктү пайдаланууга ушул орган тарабынан жогору турган орган аныктаган тартипте коюлуучу талаптар жана чектөөлөр сакталган учурда гана уруксат берилет, аларды бузуу ушул Кодексте каралган жоопкерчиликке кириптер кылат.
Администрациялык укукту бузгандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылган адамдын ыйгарым укуктуу банкттардын алыш-бериш эсебинде турган акчалай каражаттары камакка алынган учурда мындай алыш-бериш эсеби боюнча операцияларды жүргүзүү токтотулат.
Мүлктү камакка алуу, эгерде ушундай чараны колдонуунун мындан ары зарылдыгы болбой калса, ошол токтомду чыгарган адам тарабынан четке кагылышы мүмкүн.".
15. 584-статьянын биринчи бөлүгү "жасалган" деген сөздөн кийин ", бети ачылган" деген сөздөр менен толукталсын.
16. 588-статьяда:
1-пункт "судья" деген сөздөн кийин ", ыйгарым укуктуу кызмат адамы" деген сөздөр менен толукталсын;
онунчу абзац төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"Протоколго тиешелүү түрдө судья, сот заседаниесинин катчысы, коллегиялдуу органдын заседаниесине төрагалык кылуучу, коллегиялдуу органдын заседаниесинин катчысы жана ыйгарым укуктуу кызмат адамы кол коет.".
17. 589-статьянын 4-пункту "буюмдар жана документтер" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле камакка алынган дагы башка мүлктөр" деген сөздөр менен толукталсын.
18. 594-статьянын 2-пункту "Юридикалык" деген сөздөн кийин "же жеке жактын" деген сөздөр менен толукталсын.
19. 597-статьядагы "он күндүн ичинде" деген сөздөр "жыйырма күндүн ичинде" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
20. 599-статьядагы "он күндүк мөөнөттө" деген сөздөр "жыйырма күндүк мөөнөттө" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
21. 614-статьянын 3-пункту төмөндөгүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"Бажы органдары тарабынан салынуучу административдик жазапулдардын суммалары Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине ылайык Кыргыз Республикасынын Бажы тутумун өнүктүрүүнүн бюджеттен тышкары фондуна кириш кылынат.";
тийиштүүлүгүнө жараша үчүнчү абзац төртүнчү абзац деп эсептелсин.
2-статья.
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны 2004-жылдын 13-апрелинде кабыл алган Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| А.Акаев |
|
|
|
2004-жылдын 13-апрелинде |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл алынган |