Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 19-июлу № 361
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-февралындагы № 108 "Ишкердик иш-аракетти жүзөгө ашырууда тобокелдик даражасын баалоо критерийлерин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Ишкердик субъекттердин ишин текшерүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө", "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-февралындагы № 108 "Ишкердик иш-аракетти жүзөгө ашырууда тобокелдик даражасын баалоо критерийлерин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ишкердик иш-аракетти жүзөгө ашырууда тобокелдиктин даражасын баалоонун критерийлеринин 10-главасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"10-глава. Кыргыз Республикасынын аймагында баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды жүргүзүү чөйрөсүндөгү ишкердиктин тобокелдик даражасын баалоо критерийлери
37. Кыргыз Республикасынын аймагында баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды жүргүзүү чөйрөсүндөгү ишкердиктин тобокелдик даражасын баалоо критерийлери:
№ | Критерийдин аталышы | Тобокелдиктин факторлору | Балл |
1 | Сектор | Баалуу металлдарды жана асыл таштарды, алардан жасалган буюмдарды жана алардын сыныктарын сатып алуу | 30 |
Кум түрүндөгү алтынды жана алтын камтылган концентратты сатып алуу | 25 | ||
Баалуу металлдардан жана асыл таштардан жасалган зер буюмдарын сатуу | 25 | ||
Баалуу металлдарды сатуу | 25 | ||
Баалуу металлдар менен күрөөлүк операциялар | 10 | ||
Баалуу металлдардан жана асыл таштардан зер буюмдарын жасоо | 10 | ||
Жабдуулардын, приборлордун жана башка буюмдардын курамында камтылган баалуу металлдардын калдыктарын кайра иштетүү | 10 | ||
Баалуу металлдардан жасалган зер буюмдарын оңдоо | 10 | ||
Баалуу металлдардан тиш протездерин жасоо | 10 | ||
2 | Региондор | Бишкек шаары, Чүй облусу | 30 |
Ош шаары Жалал-Абад облусу Ысык-Көл облусу Ош облусу | 25 | ||
Баткен облусу Нарын облусу Талас облусу | 20 | ||
3 | Эсепке алуу | Эсепке алуунун жоктугу | 45 |
Толук эмес эсепке алуу | 20 | ||
4 | Соода эрежелерин сактоо | Баалуу металлдардан жасалган зер буюмдарын Кыргыз Республикасынын пробалык эн тамгасы жок сатуу | 20 |
Баалуу металлдардан жасалган зер жана башка буюмдарды салмагын, жасаган өлкөнү, чөгөрүлгөн таштын түрүн, 1 граммы үчүн баасын көрсөтүү менен ярлыгы (биркасы) жок сатуу | 20 | ||
5 | Кыргыз Республикасынын террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарын сактоо | Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын кардарга талаптагыдай текшерүү жүргүзүү боюнча талаптарын сактабоо | 20 |
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын тобокелдикке багытталган ыкманы колдонуу боюнча талаптарын сактабоо | 20 | ||
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын операцияларды (бүтүмдөрдү) токтотуп туруу жана операцияларды (бүтүмдөрдү) жана (же) каражаттарды тоңдуруу боюнча талаптарын сактабоо | 20 | ||
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын Кыргыз Республикасынын финансылык чалгындоо органына маалыматтарды жана документтерди берүү боюнча талаптарын сактабоо | 20 | ||
Ички контролдоо программаларын колдонбоо | 10 | ||
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын юридикалык жактардын бенефициардык ээлери жөнүндө маалыматты аныктоо жана түзүү боюнча талаптарын сактабоо. | 10 | ||
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жогорку тобокелдиктеги өлкөлөргө карата чараларды (санкцияларды) колдонуу боюнча талаптарын сактабоо | 10 |
37-1. Баалуу металлдардан тиш протездерин жасоо, баалуу металлдардан жасалган зер буюмдарын оңдоо жана баалуу металлдар, асыл таштар менен күрөөлүк операцияларды жүргүзүү менен алектенген ишкердик субъекттерди текшерүүдө Кыргыз Республикасынын террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарын сактоо боюнча критерийлерди баалоо талап кылынбайт.".
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М.Абылгазиев |