Редакцияот 18.07.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2019-жылдын 18-июлу № 353

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 7-декабрындагы № 804 "Басылмалардын акысыз жана акылуу милдеттүү нускалары жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын өнүгүшүнүн түрдүү этаптарындагы мамлекеттик, коомдук-саясий, экономикалык иш процессинде архив мекемелерине документтерди өз убагында комплекттөө мүмкүндүгүн берүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 7-декабрындагы № 804 "Басылмалардын акысыз жана акылуу милдеттүү нускалары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Мамлекеттик китеп палатасынан басылмалардын милдеттүү акысыз нускасын алуучу мамлекеттик органдардын жана уюмдардын (мекемелердин) тизмеси төмөнкүдөй мазмундагы 22-пункт менен толукталсын:

"

22

Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик коомдук-саясий документтер архиви

а) Коомдук-саясий мүнөздөгү расмий документтер;

1 нускадан

б) саясий партиялардын басылмалары;

1 нускадан

в) коомдук жана өкмөттүк эмес уюмдардын басылмалары

1 нускадан

".

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 30-июлундагы N 63 жарыяланды

 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

 

М. Абылгазиев