Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2004-жылдын 11-июну № 73 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө (КР
2008-жылдын 17-октябрындагы № 231,
2009-жылдын 20-февралындагы № 57 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык) 1-статья. "Кыргыз Республикасындагы концессиялар жана чет өлкөлүк концессия-лык ишканалар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Респуб-ликасынын Жогорку Советинин Ведомосттору, 1992-ж., № 3, 128-ст.)төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 1. 2-статьянын биринчи бөлүгү төмөнкү редакцияда баяндалсын: "Концессиялык келишимдин жалпы шарттары ушул Мыйзам, ошондой элеКыргыз Республикасынын Граждандык кодекси, "Кыргыз Республикасындагыинвестициялар жөнүндө", "Мамлекеттен ажыратуунун, менчиктештирүүнүн жа-на ишкердиктин жалпы негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзам-дары жана Кыргыз Республикасынын аймагында инвестициялык жана ишкердикишти жөнгө салуучу башка мыйзам актылары менен жөнгө салынат.". 2. 17, 18 жана 22-статьялардагы "Кыргыз Республикасындагы четөлкөлүк инвестициялар жөнүндө" деген сөздөр "Кыргыз Республикасындагыинвестициялар жөнүндө" деген сөздөр менен алмашылсын. 2-статья. "Кыргыз Республикасынын шаар куруусу жана архитектурасы жөнүндө"Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын ЖогоркуКењешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 3, 85-ст.) төмөнкү өзгөртүү кирги-зилсин: 2 жана 30-статьялардагы "Кыргыз Республикасындагы чет өлкөлүк "ин-вестициялар жөнүндө" деген сөздөр "Кыргыз Республикасындагы инвестиция-лар жөнүндө" деген сөздөр менен алмашылсын. 3-статья. (КР 2009-жылдын 20-февралындагы № 57
Мыйзамына ылайык
күчүн жоготту) 4-статья. "Кыргыз Республикасындагы бейтарап соттор жөнүндө" Кыргыз Респуб-ликасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Жарчысы,2002-ж., № 10, 436-ст.) төмөнкү өзгөртүү киргизилсин: 46-статьянын биринчи бөлүгүндөгү "Чет өлкөлүк инвестицияларжөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-статьясында" деген сөздөр"Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө" Кыргыз РеспубликасынынМыйзамынын 18-статьясында" деген сөздөр менен алмашылсын. 5-статъя. (КР
2008-жылдын 17-октябрындагы № 231 Мыйзамына ылайыккүчүн жоготту) 6-статья. Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти А.Акаев 2004-жылдын 11-майында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл алынган