Загрузка документа…
КР 2021-жылдын 3-декабрындагы № 147 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү, 2004-жылдын 14-июну № 75
"Аудитордук иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралу
1-статья.
"Аудитордук иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., N 10, 435-ст.) төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 2-статьянын экинчи бөлүгү төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"Аудиттин стандарттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.".
2. 9-статьянын экинчи бөлүгүнүн бешинчи абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"- жогорку экономикалык (финансылык) билими жок, бирок финансылык, эсептөө-талдоо, контролдоо-текшерүү иштеринде жети жылдык стажысы бар;".
2-статья.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2004-жылдын 22-июнундагы N 48 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| А.Акаев |
|
|
|
2004-жылдын 11-майында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл алынган |