Редакцияот 26.07.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2019-жылдын 26-июлу № 370

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-августундагы № 406 "Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районунун Атбашы айыл аймагында жайгашкан жерлерди "Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу жөнүндө токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-августундагы № 406 "Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районунун Атбашы айыл аймагында жайгашкан жерлерди "Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

төмөнкүдөй мазмундагы 1-1 жана 1-2-пункттар менен толукталсын:

"1-1. Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд менен бирдикте белгиленген тартипте ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жер участокторун Чүй облусунун Сокулук районунун Атбашы айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүп берсин.

1-2. Чүй облусунун Сокулук районунун Атбашы айыл өкмөтүнө ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жер участокторун белгиленген тартипте муниципалдык менчикке кабыл алуу сунушталсын.".

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агрардык өнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

 

М. Абылгазиев