Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-июлундагы № 375 токтомуна) |
Жүк ташуучу транспорт каражаттарын таразага тартуунун эл аралык сертификаттарын колдонуу жана берүү ТАРТИБИ
1-глава. Жалпы жоболор.
1. Ушул Тартип эл аралык ташууларды ишке ашырууда чек аралардан өтүү жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүгө жана транспорт каражаттарын кеп жолу тартпоого багытталган.
2. Тартип жүк ташуучу транспорт каражаттарын таразага тартуунун эл аралык сертификатын, транспорт каражатынын эл аралык салмак сертификатын даярдоо, берүү жана пайдалануу жол-жобосун аныктайт.
2-глава. Ушул Тартипте колдонулуучу негизги терминдер жана түшүнүктөр
3. Жүктөрдү эл аралык ташуу - Кез карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин аймагында жүк ташуучу транспорт каражаттарын таразага тартуунун эл аралык сертификатын киргизүү жөнүндө макулдашууга (мындан ары - Макулдашуу) же Чек араларда жүктөргө контроль жүргүзүү шарттарын макулдашуу жөнүндө эл аралык конвенцияга (мындан ары - Конвенция) катышкан мамлекеттин аймагында катталган транспорт каражаттары менен Макулдашууга же Конвенцияга катышкан мамлекеттердин жок дегенде бирөөнүн чек арасынан өтүү менен жүктөрдү ташуу, анын ичинде алардын аймагы боюнча транзит аркылуу ташып өтүү;
транспорт каражаты - механикалык жол транспорт каражаты, ошондой эле мындай транспорт каражаты менен сүйрөөгө арналган ар кандай чиркегич же жарым чиркегич;
ташуучу (транспорттук оператор) - жүктөрдү ташуу үчүн түздөн-түз жооп берүүчү, же болбосо ташуу келишимине ылайык мындай ташуу үчүн үчүнчү тарапты пайдалануучу жак;
таразага тартуу станциясы - транспорт каражатын таразага тартуучу жана белгиленген үлгүдөгү сертификаттарды берүүчү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын же Макулдашууга же Конвенцияга катышкан мамлекеттердин компетенттүү органдарынын таразага тартуу пункттары;
транспорт каражатынын эл аралык салмак сертификаты - таразага тартуу станциясы тарабынан берилүүчү жана Конвенцияга катышкан мамлекеттердин аймагы боюнча жүктөрдү эл аралык ташууда колдонулуучу, транспорт каражатынын салмактык параметрлери жөнүндө анык маалыматтарды камтыган документ (мындан ары - эл аралык сертификат);
жүк ташуучу транспорт каражаттарын таразага тартуунун эл аралык сертификаты - таразага тартуу станциясы тарабынан берилүүчү жана Макулдашууга катышкан мамлекеттердин аймагы боюнча жүктөрдү эл аралык ташууда колдонулуучу, транспорт каражатынын салмактык параметрлери жөнүндө анык маалыматтарды камтыган документ (мындан ары - КМШ сертификаты);
ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар - сертификаттарды берүүгө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдар;
контролдук таразага тартуу - транспорт каражатын төмөнкү жагдайларда таразага тартуу:
- сертификаттарда жана жол документтеринде (СМR, CARNET TIR) көрсөтүлгөн салмактык мүнөздөмөлөрү шайкеш келбесе;
- кошумча жүктөөдө, жарым-жартылай түшүрүүдө, же болбосо жүктү башка транспорт каражатына кайра жүктөөдө, ошондой эле жүктү башка бажы режимине же жол-жобосуна өткөрүп берүүдө;
- сертификатта көрсөтүлгөн маалыматтар жана контролдонуучу транспорт каражаты жөнүндө маалыматтар (транспорт каражатынын тиби, каттоо номерлери) шайкеш келбесе;
- транспорт каражатынын жүк жүктөөчү бөлүктөрүнө санкцияланбаган кирүүнү жокко чыгаруучу идентификациялоо каражатынын (пломба) бүтүндүгү бузулса;
- сертификатта көрсөтүлгөн маалыматтарга өзгөчө салмактык мүнөздөмөлөрү шайкеш келбесе.
3-глава. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктары жана жоопкерчилиги
4. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык бекитилген Жободо белгиленген же болбосо Макулдашуунун же Конвенциянын жоболорунан келип чыгуучу алардын ыйгарым укуктарына ылайык укуктар жана милдеттер берилген.
5. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар төмөнкүлөргө милдеттүү:
- ташуучунун суроо-талабы боюнча, таразага тартуу жол-жоболорунун жыйынтыгынын негизинде сертификаттарды берүүгө;
- ташуучунун суроо-талабы боюнча контролдук таразага тартууга;
- ыйгарым укуктуу таразага тартуу станциялары тарабынан берилген сертификаттарды таанууга;
- таразага тартуу жабдууларын оң (жумушчу) абалда кармоого, Мыйзам метрологиясы боюнча эл аралык уюмдун сунуштарына ылайык калибровкалоону жана текшерүүнү үзгүлтүксүз жүргүзүүгө;
- ушул Тартиптен келип чыгуучу маселелер боюнча жүк ташуучуларга консультация берүүгө;
- ыйгарым укуктуу органдардын расмий сайттарында бардык ыйгарым укуктуу таразага тартуу станцияларынын тизмесин, ошондой эле бул тизмедеги өзгөрүүлөрдү жарыялоого;
- таразага тартуу станцияларында ташуучулар үчүн сертификаттарды алуунун мүмкүндүгү жөнүндө маалыматты (мамлекеттик жана расмий тилдерде), сертификаттардын толтуруу үлгүлөрүн жана эрежелерин, таразага тартуу жабдуусунун тиби, тактык классы жөнүндө маалыматтарды, акыркы метрологиялык аттестациянын (текшерүүнүн) жыйынтыгын жайгаштырууга;
- контролдук салмактык көрсөткүчтөргө сертификаттардын шайкеш келбестигин алдын алуу боюнча маалымдоо жана чараларды көрүү үчүн Макулдашууга же Конвенцияга катышкан мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдарына контролдук таразага тартуулардын жыйынтыгын жөнөтүүгө;
- зарылдыгына жараша сертификаттардын бланктарын даярдоого заказдарды жайгаштырууга жана таразага тартуу станцияларын сертификаттардын бланктары менен камсыз кылууга;
- зарыл болгон учурда Жолчулардын өкмөттөр аралык кеңешине, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Координациялык транспорттук кеңешмесине жана Бириккен Улуттар Уюмунун Европа экономикалык комиссиясынын Аткаруучу катчысына сертификаттардын мазмуну жана идентификациялоо формасы жөнүндө маалыматты, ыйгарым укуктуу станцияларынын тизмесин жөнөтүүгө.
4-глава. Сертификаттарга коюлуучу талаптар
6. КМШ сертификаты жана эл аралык сертификат мындай документтерге коюлуучу талаптарга ылайык эсепке алынууга жана сакталууга тийиш болгон так отчеттук бланктар болуп саналат.
7. КМШ сертификаты жана эл аралык сертификат типографиялык ыкма менен А4 форматындагы кагаз бланкында даярдалат, жасалмалоодон коргоонун 3төн (үч) кем эмес деңгээлине ээ.
8. Компьютерди жана программалык каражаттарды колдонуу менен толтуруу максаты үчүн сертификаттардын сызык салынбаган бланктарын пайдаланууга жол берилет.
5-глава. Сертификатты берүү жана колдонуу жол-жобосу
9. Ташуучунун (транспорттук операторлордун) сертификаттарды пайдалануусу факультативдик болуп саналат.
10. Сертификаттар акысыз негизде берилет.
11. Ыйгарым укуктуу таразага тартуу станциясынын кызматкери жана транспорттук операторлор/жүк ташуучу автомобилдердин айдоочулары тарабынан тиешелүү түрдө толтурулган сертификат Макулдашууга же Конвенцияга катышкан мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдары тарабынан жүргүзүлгөн таразага тартуулар жөнүндө анык маалыматтарды камтыган документ катары кабыл алынат жана таанылат.
12. Макулдашууга же Конвенцияга катышкан мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдары тарабынан берилген сертификаттарды Кыргыз Республикасынын аймагында колдонуу аны берген мамлекеттен, ошондой эле TIR жол-жобосу же транспорт каражатынын жүк жүктөөчү бөлүгүнө санкцияланбаган кирүүнү жокко чыгаруучу башка жол-жобо боюнча эл аралык жүк ташууну ишке ашыруучу транспорт каражатынын каттоосунан көз каранды болбойт.
13. Сертификатты алуу үчүн жүк ташуучу транспорт каражаттарын таразага тартуу транспорттук оператордун/айдоочунун суроо-талабы боюнча ыйгарым укуктуу таразага тартуу станциялары тарабынан таразага тартуу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жыйымдарды алуу менен жүргүзүлөт.
14. Аларга карата сертификат берилген жүктөрдү эл аралык жана ички ташууну ишке ашыруучу жүк ташуучу транспорт каражаттары "Тараза сертификаты/Сертификат взвешивания" тактачасы (30*40 см өлчөмүндөгү) менен белгиленет.
6-глава. Сертификаттарды толтуруу тартиби жана эрежелери
15. Айдоочу транспорт каражаты тартылганга чейин төмөнкү графаларды толтурат:
1-графа. Транспорттук оператор жөнүндө маалымат:
- транспорттук оператордун аталышы (өлкөнү кошкондо, толук дареги);
- телефон номери;
- факс номери;
- электрондук почтасынын дареги.
2-графа. № __________ жүк ташууга келишим:
- CARNET TIR (эгер колдонулса);
- СМR (эгер колдонулса).
3-графа. Жүк ташуучу транспорт каражаты жөнүндө маалымат:
- автомобилдин жана чиркегичтин каттоо номери;
- автомобилдин жана чиркегичтин илме системасы.
16. Ыйгарым укуктуу таразага тартуу станциясынын кызматкери төмөнкү графаларды толтурат:
4-графа. Ыйгарым укуктуу таразага тартуу станциясы жөнүндө маалымат (өлкөнү кошкондо, коду, аталышы жана дареги):
- таразага тартуу үчүн жабдуунун тактык классы жөнүндө маалымат.
5-графа. Тартылуучу транспорт каражатынын номери.
6-графа. Сертификат берилген дата (күнү, айы, жылы).
7-графа. Таразага тартуунун жыйынтыктары (таразага тартуу жазуусун/актысын тиркөө менен):
- жүк ташуучу транспорт каражатынын тиби;
- огуна болгон салмагын өлчөө;
- толук салмагын өлчөө.
8-графа. Өзгөчө салмактык мүнөздөмөлөрү:
- кыймылдаткычка бириктирилген күйүүчү май куюучу бактарды толтуруу даражасы;
- муздатуу түзүлүшү үчүн бактарды кошкондо, күйүүчү май куюучу бактарды толтуруу даражасы;
- запастык дөңгөлөктөрдүн саны;
- таразага тартуу учурунда транспорттук каражаттагы адамдардын саны;
- жүк көтөрүү огунун болушу.
17. Айдоочу тарабынан транспорт каражаты тартылгандан кийин толтурулат:
9-графа. 1-8-графалардын туура толтурулушун ырастоо:
- дата;
- транспорт каражатынын айдоочусунун (айдоочуларынын) аты-жөнү;
- сын пикирлер (эгер болсо).
18. КМШ сертификатын же таразага тартуу сертификатын толтуруу учурунда контролдук таразага тартууда ыйгарым укуктуу таразага тартуу станциясынын кызматкери тарабынан толтурулат:
10-графа. Контролдук таразага тартууну жүргүзүшкөн кызматкерлердин аты-жөнү жана колу, дата. Эскертүү (контролдук таразага тартуунун жыйынтыгы).
7-глава. Сертификатка тиркемелер
20. Сертификатка тиркемелер түшүндүрмө мүнөзгө ээ жана сертификаттын 7.1-графасында көрсөтүлүүгө тийиш болгон автотранспорт каражаттарынын типтеринин схемалык сүрөттөрүн камтыйт, анын ичинде:
I. Жүк ташыгычтар;
II. Транспорт каражаттарынын курамы;
III. Жалгаштырылган транспорт каражаттары.
Макулдашууга жана Конвенцияга катышкан мамлекеттердин тизмеси.