Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 19-июлу № 362
2012-жылдын 5-декабрында Ашхабад шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Терроризмге жана экстремизмдин башка зомбулук көрүнүштөрүнө каршы күрөшкөн компетенттүү органдарды материалдык-техникалык камсыз кылуудагы кызматташтык жөнүндө макулдашуусун бекитүү тууралуу
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2012-жылдын 5-декабрында Ашхабад шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Терроризмге жана экстремизмдин башка зомбулук көрүнүштөрүнө каршы күрөшкөн компетенттүү органдарды материалдык-техникалык камсыз кылуудагы кызматташтык жөнүндө расмий тилде тиркелген макулдашуусу бекитилсин.
2. Аталган Макулдашууну ишке ашырууга жооптуу Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдары катары Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы тууралуу кабарласын.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 6-августундагы N 65 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |