Загрузка документа…
КР 2019-жылдын 29-мартындагы N 40 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү1998-жылдын 31-октябры № 141 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Коргоо чаралары жөнүндө (Кыргыз Республикасынын 2010-жылдын 15-февралындагы № 28 Мыйзамынын редакциясына ылайык) I бөлүм. Жалпы жоболор II бөлүм. Мамлекеттик контроль III бөлүм. Териштирүүнүн башталышы IV бөлүм. Териштирүүнү жүргүзүү V бөлүм. Териштирүүнүн аякташы VI бөлүм. Корутунду жоболор Ушул Мыйзам коргоо чаралары жөнүндө мыйзамдын негизги түшүнүктөрүнжана принциптерин, олуттуу зыяндын бар экендигин аныктоо боюнча териш-тирүүнүн тартибин, ошондой эле коргоо чараларын колдонуунун тартибинаныктайт. I бөлүм. Жалпы жоболор 1-статья. Ушул Мыйзамды колдонуу чөйрөсү Ушул Мыйзам менен: ушул сыяктуу же түздөн-түз атаандаш товарларды ата мекендикөндүрүүчүлөргө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарынаолуттуу зыян келтириши же ошондой коркунучтун келип чыгышы мүмкүн бол-гон кандайдыр бир товарларды белгилүү санда жана белгилүү шарттарда эр-кин жүгүртүү үчүн Кыргыз Республикасынын бажы аймагына жөнөтүүгө байла-ныштуу; чет өлкөлүк товар жөнөтүүчүлөр менен ушундай же түздөн-түз атаан-даш товарлардын ата мекендик өндүрүүчүлөрүнүн ортосунда, ошондой элеыйгарым укуктуу орган менен бардык таламдаш жактардын ортосунда келипчыккан мамилелер жөнгө салынат. 2-статья. Ушул Мыйзамды колдонуунун максаттары жана принциптери 1. Ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн таламдарын коргоо жана Кыргыз Рес-публикасынын экономикасынын тийиштүү тармактарына келтирилүүчү олуттуузыянды же олуттуу зыян коркунучун четтетүү ушул Мыйзамдын максаты болупсаналат. 2. Коргоо чаралары ата мекендик өндүрүүчүлөргө, олуттуу зыян кел-тирилген же мындай зыян келтирүү коркунучу түзүлгөн шартта гана ыйгарымукуктуу орган тарабынан колдонулат. 3. Коргоо чаралары териштирүүнүн жол-жобосу ушул Мыйзамга ылайыктак жүргүзүлгөндө гана колдонулушу мүмкүн. 4. Коргоо чаралары жөнөтүлүүчү товарга карата ал ташылып келингенжерине карабастан колдонулат. 5. Коргоо чаралары катары ушул Мыйзамда саналып көрсөтүлгөн чара-лар гана пайдаланылышы мүмкүн. Коргоо чаралары катары жөнөтүүлөрдү өзүбелгилегендей чектөө боюнча аракеттер, рынокторду жөнгө салуу жөнүндөмакулдашуулар же сатып өткөрүүнү жөнгө салуу боюнча башка аракеттер,бааларга контроль киргизүү жана башка ушул сыяктуу чаралар пайдаланылы-шы мүмкүн эмес. 3-статья. Коргоо чаралары жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамда- ры 1. Коргоо чаралары жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Кыр-гыз Республикасынын Конституциясына негизделет жана ушул Мыйзамдан жанаКыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан турат. 2. Эгерде Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген, мыйзамдабелгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимде ушул Мыйзамдакамтылгандан башкача эрежелер белгиленсе эл аралык келишимдин жоболоруколдонулат. (КР 2010-жылдын 15-февралындагы № 28 Мыйзамынын редакциясына ылай-ык) 4-статья. Терминдер жана аныктамалар Ушул Мыйзамда төмөндөгүдөй түшүнүктөр колдонулат: БСУ - Бүткүл дүйнөлүк соода уюму; Зыян - өнөр жай тармагынын болбосо айрым ата мекендикөндүрүүчүлөрдүн экономикалык абалынын олуттуу начарлашы. Убактылуу коргоо чаралары - эркин жүгүртүү үчүн өнөр жайдын атамекендик тармактарына же ушул сыяктуу же түздөн-түз атаандаш товарлардыата мекендик өндүрүүчүлөргө олуттуу зыян келтириши же мындай зыян кел-тирүү коркунучун пайда кылуучу санда жана/же шарттарда Кыргыз Республи-касынын бажы аймагына алынып келинүүчү товарлар үчүн атайын бажы алым-дарын белгилөө түрүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорунуннегизинде бажы органдары колдонгон администрациялык-каржылык таасирэтүү каражаттарынын жыйындысы. Таламдаш тараптар - териштирүү заты болуп саналган товарды экс-порттоочу, чет өлкөлүк өндүрүүчү, товарды импорттоочу же мүчөлөрүнүнкөпчүлүгү мындай товарды өндүрүүчүлөр, экспортоочулар же импортоочуларболуп саналган соода, өнөр жай ассоциациясы, экспортоочу өлкөнүнөкмөтү, Кыргыз Республикасынын өкмөтү, Кыргыз Республикасында ушул сы-яктуу же түздөн-түз атаандаш товарды өндүрүүчү же соода жана өнөр жайассоциациясы, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча ассоциациясы. Коргоо чаралары - эркин жүгүртүү үчүн белгилүү сандарда жана/жебелгилүү шарттарда жөнөтүүгө, тапшырууга атайын бажылык алымдар же кво-таларды белгилөө түрүндө, өнөр жайдын ата мекендик тармактарына же атамекендик өндүрүүчүлөргө ушундай же түздөн-түз атаандаш товардын олуттуузыян келтириши же мындай коркунуч келип чыгышы мүмкүн болгондо КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнүн токтомдорунун негизинде бажы органдары колдо-нуучу администрациялык-каржылык таасир көрсөтүүнүн каражаттарынын жы-йындысы. Квота - ыйгарым укуктуу орган аныктаган товарды жөнөтүүгө сандыкжактан чектөө, ал Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорунун неги-зинде бажы органдары тарабынан киргизилет. Комитет - БСУнун коргоо чаралары боюнча комитети. Ата мекендик өндүрүүчүлөр - Кыргыз Республикасынын аймагында иште-ген, ушул сыяктуу же түздөн-түз атаандаш товарларды Кыргыз Республика-сындагы өндүрүүчүлөр. Ушул сыяктуу товарлар - бирдей же бир тектүү товарлар: окшош товарлар - бардык жагынан бирдей товарлар; бир тектүү товарлар - бардык жагынан бирдей эмес, бирокмүнөздөмөлөрү окшош жана окшош компоненттерден турган товарлар. Жөнөтүүчү-товарларды өндүрүүчү, экспорттоочу же импорттоочу. Териштирүү - эркин жүгүртүү үчүн белгилүү санда жана белгилүүшартта, ушул сыяктуу же түздөн-түз атаандаш товарларды ата мекендикөндүрүүчүлөргө олуттуу зыян келтирген же мындай зыян коркунучун түзгөнкандайдыр бир товарды Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ташып ки-йирүү жагынан документтерди жана башка далилдерди карап чыгуунунжол-жобосу. Атайын алымдар - эркин жүгүртүү үчүн белгилүү санда жана/же бел-гилүү шарттарда өнөр жайдын ата мекендик тармактарына же ушул сыяктууже түздөн-түз атаандаш товарларды ата мекендик өндүрүүчүлөргө олуттуузыян келтириши же мындай коркунуч келтириши мүмкүн болгон кандайдыр биртоварлар Кыргыз Республикасынын бажы аймагына жөнөтүлгөн учурда бажыоргандары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун негизинде колдонотурган алымдар. Зыян коркунучу - өнөр жай тармагынын, болбосо ата мекендикөндүрүүчүлөрдүн болочокто экономикалык абалынын сөзсүз начарлашы. Ыйгарым укуктуу орган - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн таламдашжактардын арызы боюнча болбосо өзүнүн демилгеси боюнча териштирүүжүргүзүүгө ыйгарым укук берилген мамлекеттик органы. II бөлүм. Мамлекеттик контроль 5-статья. Мамлекеттик контролдоо органдары 1. Жөнөтүүчүлөрдүн соода ишине мамлекеттик контролдоого жалпы же-текчиликти коргоо чаралары жөнүндө мыйзамдарга ылайык Кыргыз Республи-касынын Өкмөтү жүзөгө ашырат. 2. Контролдоо жана териштирүүнү жүргүзүү боюнча түздөн-түз иш ара-кетти Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктоочу же Президенти түзүүчү ый-гарым укуктуу орган жүзөгө ашырат. 6-статья. Ыйгарым укуктуу орган 1. Ыйгарым укуктуу орган ага ушул Мыйзам берген ыйгарым укуктардынчектеринде жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен жобонун негизин-де иштейт. 2. (КР 2010-жылдын 15-февралындагы № 28 Мыйзамына ылайык күчүн жо-готту) 3. Атайын алымдарды же квоталарды киргизүүнүн зарылчылыгы болсоыйгарым укуктуу орган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө токтомдордун дол-боорлорун киргизет. 4. Өзүнүн милдеттерин жүзөгө ашырууда ыйгарым укуктуу орган башкаөлкөлөрдүн расмий органдары жана эл аралык уюмдар менен кызматташат. (КР 2010-жылдын 15-февралындагы № 28 Мыйзамынын редакциясына ылай-ык) III бөлүм. Териштирүүнүн башталышы 7-статья. Арыз берүү 1. Товарларды жөнөтүү аркылуу олуттуу зыян келтирүү же олуттуу зы-ян келтирүү коркунучунун фактылары боюнча териштирүүнү жүргүзүү жөнүндөарыз ушул сыяктуу же түздөн-түз атаандаш товарлардын ата мекендикөндүрүүчүлөрү тарабынан же алардын атынан ыйгарым укуктуу органга бери-лет. 2. Арыз төмөндөгүдөй маалыматтарды камтууга тийиш: - арыз берүүчүнүн атын жана арыз берүүчү чыгарган ушул сыяктуу то-варлардын наркы жана көлөмү жөнүндө маалыматтарды; - товарлардын толук сүрөттөлүшүн, ал чыгарылган же экспорттолгонөлкөнүн же өлкөлөрдүн атын, ошол товардын белгилүү жөнөтүүчүлөрдүн тиз-месин; - ошол товардын жөнөтүлүшүн ырастоочу далилдерди, ошол товардынарыз ээсине белгилүү болгон мүнөзүн жана башка шарттарды; - абсолюттук жана салыштырмалуу көлөмдөрдө ошол товарды жөнөтүүнүнтемптери жана көбөйүшүнүн өлчөмдөрү, ички рынокто ошол товардын үлүшүжөнүндө, сатуунун, өндүрүштүн, өндүрүмдүүлүктүн көлөмдөрүндөгүөзгөрүштөр, кубаттуулуктарынын жүктөлүшү, пайданын жана зыяндардынөлчөмү, калктын иш менен камсыз болушу жөнүндө маалыматтарды; - бул товарды жөнөтүүнүн Кыргыз Республикасынын ички рыногундаушул сыяктуу же түздөн-түз атаандаш товардын баасына таасирин жана ти-йиштүү түрдө далилдер менен ырасталган ата мекендик өндүрүүчүлөр үчүнмүмкүн болуучу кесепеттерди; - ушул сыяктуу же түздөн-түз атаандаш товарлардын бардык белгилүүата мекендик өндүрүүчүлөрүнүн тизмесин жана жогоруда көрсөтүлгөнөндүрүүчүлөрдүн үлүшүнө туура келген ушул сыяктуу же түздөн-түз атаан-даш товарлардын наркы жана өндүрүү көлөмү жөнүндө белгилүү маалыматтар-ды. 3. Териштирүү жол-жобосу башталганга чейин кайра ар кандай арызалынышы мүмкүн жана мындай учурда арыз берилген жок деп эсептелинет. 4. Кандайдыр бир товарлардын жөнөтүлүшүнөн улам олуттуу зыян кел-тирилгендиги же олуттуу зыян келтирүү коркунучу бар экендигинин же-тиштүү далилдери болгон учурда ыйгарым укуктуу орган кат жүзүндөгүарызсыз эле өзүнүн демилгеси боюнча териштирүүнүн башталышы жөнүндө че-чим кабыл ала алат. 8-статья. Арызды карап чыгуу 1. Арыз берилгенден кийин ыйгарым укуктуу орган арызда көрсөтүлгөнмаалыматтардын аныктыгын жана жетиштүүлүгүн карап чыгууга жана териш-тирүүнү жүргүзүү жөнүндө, болбосо териштирүүнү жүргүзүүдөн баш тартуужөнүндө 30 күндүн ичинде чечим кабыл алууга тийиш. 2. Эгер ыйгарым укуктуу орган берилген маалыматты толук эмес жежетиштүү эмес деп эсептесе, ал бул жөнүндө арыз берүүчүгө арыз алынганкүндөн тартып 30 күндүн ичинде кабарлоого тийиш. Арыз берүүчү өзүнүнарызын өзгөрткөн же толуктаган учурда арызды кароонун мөөнөтү толуктоо-лорду жана өзгөртүүлөрдү алган күндөн тартып башталат. 3. Териштирүүнү жүргүзүү жөнүндө чечим кабыл алынгандан кийин ый-гарым укуктуу орган расмий басма сөздө кабар жарыялайт жана бул жөнүндөбардык таламдаш тараптарга кабарлап, алар угууларды жүргүзүү үчүн чакы-рылат. 4. Ыйгарым укуктуу орган товарларды жөнөтүүнүн жетиштүү далилдерижок болгондо же олуттуу зыян же анын коркунучу болбогондо териштирүүнүжүргүзүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат. 5. Териштирүүнү жүргүзүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алын-гандан кийин ыйгарым укуктуу орган баш тартуунун себебин көрсөтүү мененбул тууралу арыз берүүчүгө кабарлоого тийиш. 9-статья. Териштирүү жөнүндө кабарлоо 1. Ыйгарым укуктуу орган Комитетке төмөндөгүдөй маселелер боюнча: а) териштирүүнүн башталышы тууралу; б) олуттуу зыян келтирүү же олуттуу зыян коркунучунун фактысынынаныкталгандыгы тууралу; в) убактылуу чаралардын киргизилгендиги тууралу; г) коргоо чаралары киргизилгендиги же узартылгандыгы тууралу че-чимдин кабыл алынышы жөнүндө кабарлайт. 2. Териштирүү жөнүндө кабар ишке тийиштүү бардык маалыматты камту-уга тийиш, ал жөнөтүүнүн өскөн көлөмдөрүнө байланыштуу олуттуу зыяндынже анын коркунучунун далилдерин, товардын так сүрөттөмөсүн, коргоонунсунуш кылынган чарасын, аны киргизүү күнүн, ошондой эле анын узактыгынжана анын өлчөмүн бара-бара төмөндөтүүнүн графигин камтууга тийиш. Чараны узартуу жөнүндө кабарлаган учурда ушул сыяктуу товарлардычыгаруу тармагындагы экономикалык жагдайдын жакшырышынын далилдери кел-тирилүүгө тийиш. 3. Ушул статьяда көрсөтүлгөн учурлардан башка убакта ыйгарым укук-туу орган коргоо чараларына тийиши бар бардык мыйзамдар, токтомдор жанабашка ченемдик администрациялык актылар жөнүндө, ошондой эле бул ченем-дик укуктук актыларга киргизилген бардык өзгөртүүлөр жана толуктоолортууралу Комитетке кабарлайт. 10-статья. Арыз менен тааныштыруу Ыйгарым укуктуу орган териштирүү башталгандан кийин бардык талам-даш тараптарга алардын өтүнүчү боюнча арыздын толук текстин берүүгөмилдеттүү, мында жашыруун маалымат ачыкка чыгарылбайт. IV бөлүм. Териштирүүнү жүргүзүү 11-статья. Териштирүү мөөнөттөрү Териштирүү мөөнөтү алты айга белгиленет. Бөтөнчө учурларда териш-тирүүнүн мөөнөтү үч айга узартылышы мүмкүн. 12-статья. Маалыматты сурап алуу 1. Териштирүү башталгандан кийин ыйгарым укуктуу орган таламдаштараптарга суроо-талаптарды жиберет. Таламдаш тараптарга суроо-талапка жоопту даярдоо үчүн 20 күн бери-лет. Бул мөөнөт узартылышы мүмкүн, бирок 10 күндөн ашпоого тийиш. Су-роо-талап почта боюнча жөнөтүлгөндөн же таламдаш тараптын өкүлүнө бе-рилген күндөн кийин 5 күн өткөндө алынды деп эсептелинет. 2. Териштирүүнүн жүрүшүндө ыйгарым укуктуу орган таламдаш тарап-тардан берүүнүн мөөнөтүн көрсөтүү менен кошумча маалыматты сурап алаалат. 3. Ар бир таламдаш тарап өзү зарыл деп эсептеген ар кандай башкадалилдерди кат жүзүндө берүүгө укуктуу. 13-статья. Жашырындуулук 1. Териштирүүнүн жүрүшүндө ыйгарым укуктуу органга жашыруун катарыберилген маалымат, жетиштүү негиздер болгондо, ушундай катары каралуугатийиш жана аны берген тараптын кат жүзүндөгү уруксаты болмоюнча кандайтүрдө болсун жарыяланууга тийиш эмес. 2. Жашыруун маалыматты берген тарап бул маалымат боюнча жашыруунэмес мүнөздөгү түшүнүк катын берүүгө тийиш. Түшүнүк кат маалыматтын мазмунун түшүнүү үчүн толук жетиштүү болу-уга, болбосо ачык маалыматты эмне үчүн толук берүүгө болбостугунун се-бебин түшүндүрүүгө тийиш. 3. Эгерде ыйгарым укуктуу орган жашыруундуулук жөнүндө өтүнүч не-гиздүү болуп саналбай тургандыгын тактаса, же маалымат чыккан жак маа-лыматты жарыялагысы келбесе, болбосо аны кыскача таризде жарыялоогоуруксат бербесе ыйгарым укуктуу орган мындай маалыматты көњүлгө албайкое алат, буга ал маалымат так экендиги далилденген учурлар кирбейт. 4. Жашыруун маалыматты ачыкка чыгаргандыгы үчүн жооптуу жак КыргызРеспубликасынын мыйзамдарына ылайык жооп тартат. 14-статья. Иш жүргүзүүнүн тартиби 1. Ыйгарым укуктуу орган ар бир териштирүү боюнча өзү белгилегентаризде жазуу жүзүндө иш жүргүзөт. Иште териштирүүгө тийиштүү бардыкдокументтер болууга тийиш. 2. Иш материалдары териштирүүнүн жүрүшүндө таанышуу жана алардынөтүнүчү боюнча ишти кайра кароо үчүн таламдаш тараптарга берилет. 3. Ыйгарым укуктуу орган ар бир териштирүү боюнча отчет жарыялайт.Отчетто кабыл алынган чечимдерди негиздеген жүйөлөрдү көрсөтүү менеништин толук талдоосу берилүүгө тийиш. Отчет териштирүү аяктагандан ки-йин жарыяланууга тийиш. 15-статья. Угуулар 1. Таламдаш тараптар иштин материалдары жана экинчи тараптынжүйөлөрү менен таанышуу максатында угууларды жүргүзүү жөнүндө ыйгарымукуктуу органга өтүнүч берүүгө укуктуу. 2. Угуулар ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамынын төрагалыгы ас-тында өтөт, ал жашыруундуулуктун сакталышын камсыз кылат. Угууларга ый-гарым укуктуу органдын өкүлдөрү, тараптардын өкүлдөрү жана катышуусузарыл болуп саналган башка адамдар катышууга тийиш. 3. Таламдаш тараптар кошумча угууларды өткөрүү жөнүндө өтүнүч жа-соого укуктуу. Өтүнүч негиздүү болгон учурда ыйгарым укуктуу орган ко-шумча угууларды өткөрө алат. 4. Угууларды өткөрүүдө протокол жүргүзүлөт. Таламдаш тараптар ко-шумча маалыматты оозеки берүүгө укуктуу. Ушул статьянын талаптарынаылайык берилген оозеки маалымат, ал кат жүзүндө ырасталгандан кийин ка-роого кабыл алынат. 16-статья. Олуттуу зыянды белгилөө Териштирүүнүн жүрүшүндө ыйгарым укуктуу орган ата мекендикөндүрүүчүлөргө келтирилген олуттуу зыянды белгилөө жана эсептөө үчүн эларалык келишимдердин ченемдерин пайдаланат. Олуттуу зыянды аныктоо объ-ективдүү фактылар менен ырасталган, алынган маалыматтарга негизделет,мында өсүп жаткан жөнөтүүлөрдүн көлөмү менен келтирилген олуттуу зыян-дын же анын коркунучунун келип чыгышынын ортосундагы себептүү байланыш-тын бар экендиги далилденүүгө тийиш. Жөнөтүүлөрдүн өскөн көлөмүнөн башка ата мекендик өндүрүүчүлөргөолуттуу зыян кетирген башка факторлор бар болгон учурда, бул факторлоркелтирген олуттуу зыян жогоруда айтылган товарларды жөнөтүүнүн өсүпжаткан көлөмдөрүнө таандык кылынышы мүмкүн эмес. 17-статья. Алдын ала ырастаган аныктоо Кандайдыр бир товарды жөнөтүүнүн өсүшүн улам келтирилген олуттуузыяндын же анын коркунучунун фактысы териштирүүнүн жүрүшүндө алынгандалилдер менен ырасталса, ыйгарым укуктуу орган алдын ала ырастоо анык-тамасын чыгарат, ал убактылуу коргоо чараларын колдонуу үчүн негиз бо-луп саналат. 18-статья. Убактылуу коргоо чараларын колдонуу 1. Убактылуу коргоо чаралары териштирүү жүргүзүлгөн товар үчүнатайын бажы алымын белгилөө түрүндө колдонулат. 2. Убактылуу коргоо чаралары бажы органдары тарабынан Кыргыз Рес-публикасынын Өкмөтүнүн токтомунун негизинде ыйгарым укуктуу орган олут-туу зыяндын же анын коркунучунун бар экендиги жөнүндө алдын ала ыраста-ган аныктамасын чыгаргандан кийин колдонулат. 3. Убактылуу коргоо чараларын колдонуу жөнүндө кабар алар колдо-нулганга чейин 20 күн мурда бардык таламдаш тараптарга жана алардынөлкөлөрүнүн расмий өкүлдөрүнө жиберилүүгө тийиш. Кабарлагандан кийин 10күндүн ичинде териштирүүгө алынган жактар убактылуу коргоо чараларынколдонуунун негиздерине карата кат жүзүндө сын-пикирлерин билдирүүгөукуктуу. 4. Убактылуу коргоо чараларынын өлчөмү болжолдонгон же белгиленгенолуттуу зыяндын алдын ала белгиленген жалпы суммасынан ашпоого тийиш,бирок ата мекендик өндүрүүчүлөргө же Кыргыз Республикасынын экономика-сына келтирилген зыянды четтетүү үчүн мындан аз сумма жетиштүү болсо,мындай суммадан азыраак болушу да мүмкүн. 19-статья. Убактылуу коргоо чараларын колдонуу жөнүндө чечимди жа- рыялоо Убактылуу коргоо чаралары убактылуу чараларды колдонуу жөнүндөКыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими расмий басма сөздө жарыяланганучурдан тартып күчүнө кирет. Жарыялоо төмөндөгүдөй маалыматтарды: - жөнөтүүчүлөрдүн же товар жөнөтүлгөн өлкөлөрдүн атын; - товардын толук сүрөттөлүшүн (бажылык максаттар үчүн жетиштүү); - олуттуу зыянды баалоонун критерийлерин; -убактылуу коргоо чараларын көрүүнүн негизги жүйөлөрүн; - колдонулган чаралардын толук баяндамасын; - чыныгы кырдаалды түшүнүү үчүн зарыл болгон башка маалыматты жанаукуктук аспекттерди камтууга тийиш. Жарыялоодо жашыруун маалыматтар болбоого тийиш. 20-статья. Убактылуу коргоо чараларынын аракетинин мөөнөттөрү 1. Убактылуу коргоо чараларынын аракет мөөнөтү 7 айдан ашпоого ти-йиш. 2. Убактылуу коргоо чараларынын аракетинин мөөнөтү ушул Мыйзамдын29-статьясына ылайык коргоо чараларынын аракетинин жалпы мөөнөтүнө кир-гизилет. V бөлүм. Териштирүүнүн аякташы 21-статья. Териштирүүнүн аякташы 1. Ыйгарым укуктуу орган акыркы чечимди чыгарганга чейин кеминдебир ай мурда чечим негизделе турган негизги фактылар менен бардык та-ламдаш тараптарды тааныштырууга тийиш. Таламдаш тараптарга жогоруда көрсөтүлгөн фактылар боюнча өздөрүнүнсын-пикирлерин бериши үчүн 15 күн берилет. 2. Товарды жөнөтүүдөн келтирилген олуттуу зыянды же олуттуу зыянкелтирүү коркунучун аныктоо боюнча ыйгарым укуктуу орган жүргүзгөн те-риштирүү төмөндөгүдөй чечимдерди кабыл алуу менен аяктайт: - чаралар көрбөй туруп териштирүүнү токтотуу; - коргоо чараларын колдонуу. 22-статья. Чара көрбөй туруп териштирүүнү токтотуунун негиздери Териштирүүгө алынган товарларды жөнөтүүдөн келтирилген олуттуу зы-ян же анын коркунучу бар экендигинин жетиштүү далилдери жок экендигианыкталган учурда териштирүү чара көрбөстөн туруп токтотулат. 23-статья. Коргоо чаралары 1. Коргоо чараларын колдонуу жөнүндө чечим териштирүү аяктаганданкийин ыйгарым укуктуу органдын ырастаган аныктамасынын негизинде КыргызРеспубликасынын Өкмөтү тарабынан кабыл алынат. 2. Коргоо чаралары товарларды жөнөтүүнү көлөмүн чектөө - квоталар-ды белгилөө, болбосо атайын алымды киргизүү аркылуу бажы тарифин жого-рулатуу түрүндө колдонулат. 3. Коргоо чараларын колдонуу жөнүндө маалымат ыйгарым укуктуу ор-ган тарабынан Комитетке берилүүгө тийиш. 24-статья. Коргоо чараларын колдонуунун тартиби 1. Коргоо чаралары чара мурда белгиленген товарларга анын мөөнөтүаяктагандан кийин кеминде 2 жыл өтмөйүнчө аларга карата коргоо чараларыкайталанып колдонулушу мүмкүн эмес. 2. Коргоо чаралары, эгерде алардын аракеттеринин алгачкы мөөнөтү 6айды же андан аз убакытты түзсө, төмөндөгүдөй шарттар сакталганда: а) коргоо чаралары киргизилген күндөн тартып бир жылдан кем эмесубакыт өтсө; б) бул сыяктуу коргоо чарасы ал киргизилген күндөн мурдагы бешжылдын ичинде бир эле товарга эки жолудан ашуун колдонулбаса, товарлар-га карата кайталанып колдонулушу мүмкүн. 3. Эгерде алардын бул товарды жөнөтүүлөрдүн жалпы көлөмүндө үлүшү3 проценттен ашпаса, БСУга мүчө болгон өнүгүп келаткан өлкөлөргө ар би-ринин жөнөтүүдөгү үлүшү - 3 проценттен азды түзсө, жыйындысында териш-тирүүгө алынган товарларды бардык жөнөтүүлөрдүн 9 проценттен ашпаганынатуура келген шартта коргоо чаралары БСУга мүчө болгон өнүгүп келатканөлкөлөрүнүн товарларына каршы колдонулушу мүмкүн эмес. 4. Ыйгарым укуктуу орган олуттуу зыяндын коркунучун аныктагандакоргоо чаралары олуттуу зыян коркунучу бар экендиги жөнүндө ырастагананыктама чыгарылган күндөн тартып гана колдонулушу мүмкүн жана колдону-луп жаткан убактылуу коргоо чаралары коргоо чараларынын өлчөмүнэсептөөдө эске алынууга тийиш. 25-статья. Квоталар 1. Квоталар таламдаш жөнөтүүчүлөр (жөнөтүүчү өлкөлөр) менен макул-дашуунун жана алардын ортосунда жөнөтүүчүлөрдүн үлүштөрүн андан арыбөлүштүрүүнүн негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белги-лениши мүмкүн: а) айрым жөнөтүүчүлөр үчүн белгиленген квоталар акыркы үч жылдыничинде бул товарды жөнөтүүнүн орточо дењгээлинен аз болушу мүмкүн эмес,буга бир кыйла олуттуу чектөөлөр олуттуу зыяндын кесепеттерин болтурбооже анын ордун толтуруу үчүн зарыл болгон учурлар кирбейт. б) квоталар ошондой эле мурдагы жөнөтүүчүлөрдүн үлүштөрүнө жарашабелгилениши мүмкүн. 2. Эгерде консультациялар Комитеттин көмөгү астында жүргүзүлсө жа-на төмөндөгүдөй талаптар: - жөнөтүүчүлөрдүн жалпы көбөйүшүнө карата жөнөтүүчүлөрдүн бирининжөнөтүүсүнүн көлөмүнүн пропорциялуу эмес көбөйүшү; - бардык жөнөтүүчүлөр үчүн бирдей адилеттүү шарттар сакталса кво-талар таламдаш жөнөтүүчүлөр (жөнөтүүчү өлкөлөр) менен макулдашпай турупКыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталышы мүмкүн. 3. Ыйгарым укуктуу орган ата мекендик өндүрүүчүлөргө олуттуу зыянкоркунучун аныктаган учурда ушул статьянын 2-пункту колдонулбайт. 26-статья. Атайын алымдар 1. Ыйгарым укуктуу органдын ырастаган аныктамасынын жана атайыналымдарды салуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин не-гизинде бажы органдары териштирүү жүргүзүлгөн жөнөтүлгөн бардык товар-дан аларды өндүрүп алышат. 2. Атайын алымдар бажы алымдарына, салыктарга жана башкатөлөөлөргө карабастан өндүрүлүп алынат. 27-статья. Териштирүүнүн жана коргоо чараларын колдонуунун аякта- гандыгы жөнүндө билдирүү Коргоо чараларын колдонуу жөнүндө чечим коргоо чараларын киргизүүжөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими расмий басма сөздө жа-рыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Жарыялоодо ушул Мыйзамдын19-статьясына ылайык маалыматтар, ошондой эле жөнөтүүчүлөрдүн жүйөлөрүнже талаптарын кабыл алуунун же четке кагуунун себептери камтылууга ти-йиш. 28-статья. Коргоо чараларынын өлчөмдөрүн аныктоо 1. Коргоо чаралары териштирүү жүргүзүлгөн товарларды жөнөтүүнүнолуттуу зыянын четтетүү үчүн жетиштүү өлчөмдө белгиленүүгө тийиш. 2. Коргоо чараларынын дењгээли алар колдонулган бардык убактыничинде эч кандай жогорулатылышы мүмкүн эмес. 3. Коргоо чараларынын дењгээли ыйгарым укуктуу органдын өтүнүчүбоюнча төмөндөгүдөй учурларда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткенпланга ылайык: а) коргоо чарасынын узактыгы бир жылдан ашканда - колдонуунун бар-дык мезгили ичинде убакыттын бирдей бөлүктөрүндө; б) коргоо чарасынын узактыгы төрт жылдан ашса - анын мөөнөтүнүнжарымы өткөндөн кийин төмөндөтүлүшү мүмкүн. Мында учурда ыйгарым укук-туу орган коргоо чарасын алып салуу, болбосо коргоо чарасынынтөмөндөшүнүн темптерин ыкчамдатуу жөнүндө маселени карап чыга алат. 29-статья. Коргоо чараларынын аракетинин мөөнөтү 1. Коргоо чараларынын аракетинин мөөнөтү ал киргизилген күндөнтартып 4 жылдан ашпоого тийиш. Коргоо чараларынын аракетинин мөөнөтүнкайра карап чыгууну ыйгарым укуктуу орган өзүнүн демилгеси боюнча жеата мекендик өндүрүүчүлөр берген же алардын атынан берилген арыздын не-гизинде жүзөгө ашырат. Коргоо чараларынын аракетинин жалпы мөөнөтү(убактылуу коргоо чараларын кошуп алганда) 10 жылдан ашпоого тийиш. 2. Ыйгарым укуктуу орган олуттуу зыянды болтурбоо же четтетүү үчүнкоргоо чаралары зарыл экендигин аныктаган учурда коргоо чараларынынаракет мөөнөтү эл аралык келишимдердин жоболорун сактоо менен узартылы-шы мүмкүн. VI бөлүм. Корутунду жоболор 30-статья. Милдеттенмелерди сактоо Коргоо чараларын колдонууда же алардын аракетинин мөөнөтүн узарту-уда ыйгарым укуктуу орган Кыргыз Республикасы соода жаатында өзүнө ал-ган эл аралык милдеттенмелерин эске алууга жана эгерде алар болсо, аныменен башка өлкөлөрдүн ортосундагы тарифтик эпке келишүүлөрдүн дењгээ-лин сактап калуу үчүн чаралар көрүүгө тийиш. 31-статья. Чараларды алып салуу же өзгөртүү 1. Ыйгарым укуктуу орган ар кандай убакта өзүнүн демилгеси боюнча,болбосо таламдаш тараптардын демилгеси боюнча коргоо чараларын колдону-уну узартуунун зарылчылыгын же аларды өзгөртүүнүн мүмкүнчүлүгүн карапчыга алат. 2. Колдонулган чаралар өзүн актабай тургандыгы белгиленген учурдаалар алып салынууга тийиш, болбосо алардын өлчөмдөрү өзгөртүлүүгө ти-йиш. 32-статья. Мыйзамдын күчүнө киришинин тартиби Ушул Мыйзам кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти А.Акаев 1998-жылдын 7-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл алынган