Загрузка документа…
КР Президентинин
2022-жылдын 22-майындагы № 89 тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2005-жылдын 4-январы ПБ № 1
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН БУЙРУГУ
"Жергиликтүү өзалдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик адми-
нистрациялар жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-статьясына
жана колдонуудагы мыйзамдарда белгиленген ченемдерге ылайык:
1. Жалалабат областынын Ташкөмүр шаарынын мэрин шайлоо 2005-жылдын
10-январына дайындалсын.
2. Жалалабат областынын Ташкөмүр шаарынын мэринин кызмат ордуна
талапкерлерди сунуш кылуу боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин
өкүлү болуп Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын
уюштуруу иштер жана мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнүн инспектору
Карашев Аалы Азимович дайындалсын.
3. Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдарды өткөрүү бо-
юнча Борбордук комиссиясы Жалалабат областынын Ташкөмүр шаардык кењеши
менен бирдикте Жалалабат областынын Ташкөмүр шаарынын мэрин шайлоону
Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык уюштурсун.
4. Бул буйруктун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-
публикасынын Президентинин Администрациясынын уюштуруу иштер жана мам-
лекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти А.Акаев