Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 14-январындагы ПБ № 15 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН БУЙРУГУ Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин жетекчи курамын сунушкылуу жана дайындоо жол-жобосун тартипке салуу максатында: 1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын 31-декабрындагы№323 буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 1-пункттун төртүнчү абзацындагы «25» деген сан «17», «21» деген сан«13» деген сан менен алмаштырылсын. 2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 1997-жылдын 11-июнундагы№191 буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: - Кыргыз Республикасынын Президентинин жогоруда аталган буйругуменен дайындалуучу, бекитилүүчү, сунуш кылынуучу жана бошотулуучукызмат орундарынын Тизмесинин «Кыргыз Республикасынын Коопсуздуккењеши, Коргоо министрлиги, Улуттук гвардиясы, Мамлекеттик күзөтбашкармасы, Ички аскерлери» деген VI бөлүк төмөнкү мазмундагы 4-пунктменен толукталсын: «4. Аскерлердин тобунун командачысы 2 Б»; 4-13-пунктгар тийиштүү түрдө 5-14-пункттар деп эсептелсин; - Кыргыз Республикасынын Президентииин жогоруда аталган буйругуменен бекитилген Кыргыз Республикасынын ПрезидентининАдминистрациясынын кадрлар менен иштөөсүнүн Тартибинин «КыргызРеспубликасынын Президенти дайындай турган кадрлар» деген I бөлүктүн 2-пунктунун тогузунчу абзацы «коргоо министринин орунбасарлары» дегенсөздөрдөн кийин «аскерлердин тобунүн командачысы» деген сөздөр менентолукталсын. 3. КыргызРеспубликасынын Өкмөтү өз чечимдерин ушул буйрукка ылайыккелтирсин. Кыргыз Республикасынын Президенти А.Акаев