Сравнение редакций…
КР Президентинин
2022-жылдын 22-майындагы № 89 тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2005-жылдын 9-февралы ПБ № 59
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН БУЙРУГУ
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана Камбарата ГЭС-1
жана ГЭС-2 курулушун улантуу үчүн инвестицияларды тартуу маселесин на-
тыйжалуу иштеп чыгуу максатында.
1. Төмөнкү курамда жумушчу топ түзүлсүн:
Дордоев Сагынбек - "Электр станциялары" акционердик коомунун
Зарлыкович башкы директору, жумушчу топтун жетекчиси;
Белковская Елена - Кыргыз Республикасыныны Премьер-министринин
Теодоровна Аппаратынын юридикалык бөлүмүнүн башчысы;
Гайваронская Елена - Кыргыз Республикасынын юстиция министрлиги-
Борисовна нин укуктук экспертиза бөлүмүнүн начальниги;
Калиев Айдар - "Электр станциялар" акционердик коомунун
Муратович башкы директорунун орунбасары;
Макаров Анатолий - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлктү
Михайлович башкаруу боюнча мамлекеттик комитетинин
төрагасынын орунбасары;
Попов Леонид - "Электр станциялар" акционердик коомунун ка-
Григорьевич питалдык курулуш бөлүмүнүн начальниги;
Төрөмырзаев Эмирлан - Кыргыз Республикасынын финансы министринин
Төрөмырзаевич биринчи орунбасары;
Түмөнбаев Акылбек - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу
Рабаевич энергетика боюнча мамлекеттик агентствосунун
директорунун орунбасары.
2. Жумушчу топ:
- 2005-жылдын 1-мартына чейин инвесторду жана инвестициялоонун
формасын аныктоо менен Камбарата ГЭС-1 жана ГЭС-2 курулушун инвестиция-
лоо, ченемдик укук актыларынын тийиштүү долбоорлорун иштеп чыгуу жана
кабыл алуу жана зарыл болгон учурда бул маселени Кыргыз Республикасынын
Өкмөтү аркылуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине киргизүү боюнча
сунушту даярдасын жана киргизсин;
- 2005-жылдын 1-мартына чейин иивесторлор менен бирдикте Камбарата
ГЭС-1 жана ГЭС-2 курулушу боюнча инвестициялоонун негизги принциптери
жана кызматташуу жөнүндө Макулдашуунун долбоорун иштеп чыксын жана Кыр-
гыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин ушул буйрукка ыла-
йык келтирсин.
4. Бул буйруктун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-
публикасынын Президентинин Администрациясынын экономикалык саясат
бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти А.Акаев