Загрузка документа…
КР 2021-жылдын 31-декабрындагы ПТ № 265 буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2005-жылдын 31-марты № 13
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН МИЛДЕТИН
АТКАРУУЧУНУН БУЙРУГУ
Республиканын региондорунда жетекчи кадрларды бошотуунун жана да-
йындоонун укукка ылайыктуулугун иликтөө, ошондой эле айыл чарбасында
жазгы-талаа жумуштарына даярдык көрүү жана жергиликтүү башкаруу орган-
дарына иштиктүү жардам көрсөтүү максатында:
1. Төмөнкү курамда жумушчу топтор түзүлсүн:
Биринчи топ
Сарыгулов Дастан - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы,
Исламович топтун жетекчиси;
Карашев Аалы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Адми-
Азимович нистрациясынын уюштуруу иштер жана мамле-
кеттик башкаруу саясаты бөлүмүнүн инспекто-
ру;
Осмоналиев Акылбек - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин
Шарипович Аппаратынын мамлекеттик муниципалдык кызмат
башкармасынын инспектору;
Момбеков Аскар - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин
Абдыкалыкович Аппаратынын агроөнөржай комплексин
өнүктүрүү жана жаратылышты пайдалануу
бөлүмүнүн референти;
Суранчиев Абдылда - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри-
Шергазиевич нин орунбасары;
Касымов Камбарали - Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана
Жолотаевич кайра иштетүү министринин биринчи орунбаса-
ры;
Мамбеталиев Мурат - Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык
Кубанычбекович жактан коргоо министринин статс-катчысы;
Мукашев Кыял - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги-
Белекович нин социалдык сектордун бюджетин түзүү бо-
юнча башкармасынын начальниги;
Искаков Эркин - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги-
Бакбурович нин мыйзам долбоордук ишти координациялоо
боюнча борбордун башкы башкармасынын на-
чальниги.
Экинчи топ
Сыдыков Үсөн - Кыргыз Республикасынын Президентинин Адми-
Сыдыкович нистрациясынын Жетекчиси, топтун жетекчиси;
Топоев Бек - Кыргыз Республикасынын Президентинин Адми-
Абжалбекович нистрациясынын уюштуруу иштер жана мамле-
кеттик башкаруу саясаты бөлүмүнүн инспекто-
ру;
Аманкулов Мирслав - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин
Акалович Аппаратынын мамлекеттик жана муниципалдык
кызмат башкармасынын кадрлар секторунун
башчысы;
Исмаилов Искендербек - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин
Самыйбекович Аппаратынын агроөнөржай комплексин
өнүктүрүү жана жаратылышты пайдалануу
бөлүмүнүн эксперти;
Суранчиев Абдылда - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри-
Шергазиевич нин орунбасары;
Байтемиров Баялин - Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана
Жанышевич кайра иштетүү министринин орунбасары;
Абдуллаева Өктөмхан - Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык
Авазовна жактан коргоо министринин орунбасары;
Орозбаев Эмиль - Кыргыз Республикасынын Юстиция, министринин
Мусинович орунбасары;
Баденов Бауржан - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги-
Оспаналиевич нин экономикалык өнүктүрүү Мамлекеттик фон-
дунун директорунун орунбасары.
2. Зарыл болгон учурда жумушчу топ анын ишине катышуу үчүн мамле-
кеттик башкаруу органдарынын адистерин тартууга акылуу экендиги белги-
ленсин.
3. Жумушчу топтор аткарылган иштин жыйынтыгы жөнүндө 2005-жылдын
15-апрелине чейин билдирсин.
Кыргыз Республикасынын
Президентинин милдеттерин аткаруучу К.Бакиев