Загрузка документа…
КР Президентинин
2022-жылдын 22-майындагы № 89 тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2005-жылдын 31-марты № 14
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН МИЛДЕТИН
АТКАРУУЧУНУН БУЙРУГУ
Алдын ала тергөө стадиясында прокурордук-тергөө органдары мурда
кабыл алган чечимдерди, ошондой эле кењири коомдук-саясий жана эларалык
мааниге ээ болгон иштер боюнча соттук чечимдерди кайра карап чыгуу ма-
селелери боюнча Кыргыз Республикасынын жарандарынын жана коомдук уюмда-
рынын көп сандаган арыздарына жана кайрылууларына байланыштуу:
1. Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун, Кыргыз Республикасы-
нын ички иштер министринин жана Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуз-
дук кызматынын төрагасынын милдеттерин аткаруучулар тергөө стадиясында
мурда кабыл алынган чечимдердин негиздүүлүгүн жана мыйзамдуулугун кайра
карап чыгуу, ошондой эле зарылчылык болгон учурда сот органдарына тие-
шелүү материалдарды киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокуро-
рунун милдеттерин аткаруучунун жетекчилиги астында аталган мамлекеттик
органдардын өкүлдөрүнүн курамында биргелешкен тергөө-оперативдүү комис-
сияны (мындан ары - комиссия) түзсүн.
2. Жогоруда аталган комиссия ишке киришсин жана өз ишинин натыйжа-
лары жөнүндө Кыргыз Республикасынын коомчулугуна туруктуу маалымдоону
камсыз кылсын.
Кыргыз Республикасынын
Президентинин милдеттерин аткаруучу К.Бакиев