Загрузка документа…
КР Президентинин
2022-жылдын 22-майындагы № 89 тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2005-жылдын 23-апрели ПБ № 133
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН МИЛДЕТИН
АТКАРУУЧУНУН БУЙРУГУ
"Жергиликтүү өзалдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик адми-
нистрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана ага негиздел-
ген Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине ылайык:
1. Ысыккөл областынын Балыкчы жана Каракол шаарларынын мэрлерин
шайлоо 2005-жылдын 26-апрелине дайындалсын.
2. Ысыккөл областынын Балыкчы жана Каракол шаарларынын мэрлеринин
кызмат ордуна талапкерлерди сунуш кылуу боюнча Кыргыз Республикасынын
Президентинин өкүлү болуп Кыргыз Республикасынын Президентинин Адми-
нистрациясынын уюштуруу иштер жана мамлекеттик башкаруу саясаты
бөлүмүнүн инспектору Бекжанов Таланбек Бекжанович дайындалсын.
3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү бо-
юнча Борбордук комиссиясы Балыкчы жана Каракол шаардык кењештери менен
бирдикте Ысыккөл областынын Балыкчы жана Каракол шаарларынын мэрлерин
шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык өткөрүүнү уюштурсун.
4. Бул буйруктун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-
публнкасынын Президентинин Администрациясынын уюштуруу иштер жана мам-
лекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президентинин
милдетин аткаруучу К.Бакиев