Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 18-июну ПБ № 230 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН МИЛДЕТИН АТКАРУУЧУНУН БУЙРУГУ (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 22-июнундагы ПБ № 144 Жарлыгынын,
2008-жылдын 24-июлундагы ПБ № 172 буйругунун редакцияларына ылайык) Демократиялык башкаруу ПРООНдун программасын (мындан ары - прог-рамма) натыйжалуу жүзөгө ашыруу, анын Кыргыз Республикасынын мамлекет-тик башкаруусунун аткаруу жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарыменен өзара аракетин координациялоону камсыз кылуу максатында, ошондойэле Кыргыз Республикасындагы ПРООНдун туруктуу өкүлүнүн кайрылуусун эс-ке алуу менен: 1. Төмөнкүлөр белгиленсин: - Башкарууну реформалоо "Башкарууну реформалоо" компонентининУлуттук директору (мындан ары - Улуттук директор) болуп кызмат орду бо-юнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси-нин орунбасары саналат; - Улуттук директор: - өз ишин коомдук башталышта жүргүзөт; - Башкарууну реформалоо программанын кызматкерлери жумушчу планынкарайт жана бекитет; - программанын иш-чараларын жүзөгө ашыруубоюнча мамлекеттик башкаруунун аткаруу жана жергиликтүү өзалдынча баш-каруу органдарынын ишин координациялоону камсыз кылат; - программанын иш-чараларын жүзөгө ашыру-уга контролдук кылат жана аларды натыйжалуу аткарууну камсыз кылуу бо-юнча зарыл чараларды көрөт; - мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу орган-дары, илим-билим берүү мекемелери, эларалык уюмдар менен өзара аракет-тенет. - программанын кызматкерлери Улуттук директордун ишин уюштуруу,маалыматтык жана башкача камсыз кылат. (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 22-июнундагы ПБ№ 144 Жарлыгынын,
2008-жылдын 24-июлундагы ПБ № 172 буйругунун редакци-яларына ылайык) 2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын уюшту-руу иштер жана мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнүн мамлекеттик баш-каруу жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу секторунун башчысы кызмат ор-ду боюнча Улуттук директордун орунбасары болуп санала тургандыгы, алУлуттук директордун тапшыруусу боюнча же ал жок учурда анын милдетинаткаруучу болуп саналаары аныкталсын. (Кыргыз Республикасынын Президентинин
2008-жылдын 24-июлундагы ПБ№ 172 буйругунун редакциясына ылайык) 3. Бул буйрук кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу К.Бакиев