Сравнение редакций…
КР Президентинин
2022-жылдын 22-майындагы № 89 тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2005-жылдын 15-августундагы ПБ № 281
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН
БУЙРУГУ
"Жергиликтүү өзалдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик
администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана ага
негизделген Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине ылайык:
1. Бишкек шаарынын мэрин шайлоо 2005-жылдын 18-августуна
дайындалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын
Жетекчиси Сыдыков Үсөн Сыдыкович Бишкек шаарынын мэринин кызматына
талапкерлерди сунуш кылуу боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин
өкүлү болуп дайындалсын.
3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча
Борбордук комиссиясы Бишкек шаардык кењеши менен бирдикте Бишкек
шаарынын мэрин шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык
өткөрүүнү уюштурсун.
4. Бул буйруктун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз
Республикасынын Президентинин Администрациясынын уюштуруу иштер жана
мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын
Президенти К.Бакиев