Сравнение редакций…
КР Президентинин
2022-жылдын 22-майындагы № 89 тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2005-жылдын 22-августу № 289
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН
БУЙРУГУ
«Жергиликтүү өзалдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик
администрация жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана ага
негизделген Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине ылайык:
1. Ысыккөл областынын Каракол шаарларынын мэрин шайлоо 2005-
жылдын 26-августуна дайындалсын.
2. Ысыккөл областынын Каракол шаарынын мэринин кызмат ордуна
талапкерлерди сунуш кылуу боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин
өкүлү болуп Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын
уюштуруу иштер жана мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнүн инспектору
Бекжанов Талантбек Бекжанович дайындалсын.
3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү
боюнча Борбордук комиссиясы Балыкчы жана Каракол шаардык кењештери
менен бирдикте Ысыккөл областынын Каракол шаарынын мэрин шайлоону
Кыргыз республикасынын мыйзамына ылайык өткөрүүнү уюштурсун.
4. Бул буйруктун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз
Республикасынын Президентинин Администрациясынын уюштуруу иштер жана
мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын
Президенти К.Бакиев