Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 7-сентябрындагы ПБ № 303 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН БУЙРУГУ «Жергиликтүү өзалдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттикадминистрация жөнүндө» Кыргыз Ресубликасынын Мыйзамына жана аганегизделген Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине ылайык: 1. Кыргыз Республикасынын Талас областынын Талас шаарынын мэриншайлоо 2005-жылдын 10-сентябрына дайындалсын. 2. Кыргыз Республикасынын Талас областынын Талас шаарынын мэрининкызмат ордуна талапкерлерди сунуш кылуу боюнча Кыргыз РеспубликасынынПрезидетинин өкүлү болуп Кыргыз Республикасынын ПрезидетининАдминистрациясынын уюштуруу иштер жана мамлекеттик башкаруу саясатыбөлүмүнүн инспектору Баймуратов Калдарбек Шакирович дайындалсын. 3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүүбоюнча Борбордук комиссиясы Талас шаардык кењеши менен бирдикте Таласобластынын Талас шаарынын мэрин шайлоону Кыргыз Республикасынынмыйзамына ылайык өткөрүүнү уюштурсун. 4. Бул буйруктун аткарылышына контролдук кылуу милдети КыргызРеспубликасынын Президентинин Администрациясынын уюштуруу иштер жанамамлекеттик-башкаруу саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев