КР Президентинин
2022-жылдын 22-майындагы № 89 тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт үйү
2005-жылдын 19-сентябры №315
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПЕРЗИДЕНТИНИН БУЙРУГУ
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 8-сентябрындагы
№305 буйругуна ылайык мамлекеттик бийлик органдарынын ишин
оптималдаштырууга жана алардын бирин-бири кайталаган аймактык
бөлүмдөрүн жоюуга тиешелүү жобону даярдоо боюнча Республикалык
комиссия түзүлгөн.
Жүргүзүлүп жаткан администрациялык реформалардын чегинде Кыргыз
Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын бири-бирин кайталаган
региондук бөлүмдөрүн жоюунун натыйжасында кызматкерлердин, ошондой эле
ар кандай материалдык ресурстардын бошогондугуна байланыштуу:
1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын бири-бирин
кайталаган аймактык бөлүмдөрүн жоюунун жүрүшүндө ал структуралардын
балансында турган имараттардын, курулуштардын жана башка материалдык
байлыктардын сакталышы үчүн жоопкерчилик жергиликтүү мамлекетгик
администрациялардын башчыларына жүктолсүн;
2. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары:
- мамлекеттик бийлик органдарынын бири-бирин кайталаган аймактык
бөлүмдөрүн жоюунун натыйжасында кызматкерлердин бошогондугуна
байланыштуу алардын социалдык туруктуулугун камсыз кылууга багытталган
иш-чараларды (кайра окутуу, ишке орноштуруу, социалдык гарантиялар
ж.б.) уюштурсун;
- Кыргыз Республикасыныны Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча
мамлекеттик комитети жана Кыргыз Республикасынын региондорундагы
муниципалдык менчикти башкаруу бөлүмдөрү менен бирдикте бопюгон
имараттарды жана курулуштарды чакан жана орто бизнести өнүктүруүго
жана жањы жумуш орундарын түзүүгө дем берүү максатында өндүрүштү
гендердик балансты эске алуу менен уюштурууга Кыргыз Республикасынын
мыйзамдарында белгиленген тартипте өткөрүп берүү мүмкүнчүлүгүн
карасын.
3. Кыргыз Ресиубликасынын Өкмөтү белгиленген тартипте:
- ушул буйруктан келип чыккан бардык маселелерди чечсин;
- өз чечимдерин ушул буйрукка ылайык келтирсин.
4. Бул буйруктун аткарылышыиа контролдук кылуу милдети Кыргыз
Республикасынын Президентинин Администрациясынын уюштуруу иштер жана
мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын
Президенти К.Бакиев