Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 11-ноябры ПБ № 404 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН БУЙРУГУ Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министри ЖапаровАкылбек Үсөнбековичке "Кыргызстандын түштүгүн электр менен жабдуунужакшыртуу" долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин даярдооүчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Америка Кошмо ШтаттарынынӨкмөтүнүн ортосундагы Гранттык макулдашууга кол коюуга ыйгарым укук бе-рилсин. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев