Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 30-декабры, ПБ № 469 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН БУЙРУГУ Кыргыз Республикасынын Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча улуттуккењешин түзүү максатында бул кењешке мамлекеттик органдардан сунушкылынган төмөнкүдөй талапкерликтер бекитилсин: Табалдиев Бусурманкул Беркутович - Кыргыз Республикасынын Президентинин өкүлү, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын коргоо жана коопсуздук иштери боюнча бөлүмүнүн башчысы Жунусов Бейшенбай Мамбетөмүрович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлү, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратындагы коргоо жана укук тартиби иштери боюнча бөлүмүнүн башчысы Тагаев Рашид Бакирович - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин өкүлү, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаты (макулдашуу боюнча) Гутниченко Лариса Викторовна - Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун өкүлү, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун судьясы. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев