Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 7-мартындагы ПБ № 67 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН БУЙРУГУ 1. Кыргыз Республикасы менен Түрк Республикасынын ортосундагыЖарандык, коммерциялык (экономикалык) жана жазык иштери боюнча укуктукжардам жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын 2. Кыргыз Республикасынын юстиция министри Кайыпов Марат Таштановичке сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө жана принциптүү мүнөздө болбогон өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугун берүү менен жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашууга кол коюуга ыйгарым укук берилсин. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев