Загрузка документа…
КР Президентинин
2022-жылдын 22-майындагы № 89 тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 27-апрелиндеги № 162
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН БУЙРУГУ
Мамлекеттин менчигинде турган ишканалардын акцияларынын мамлекеттик
пакетин менчиктештирүү саясатын баалуу кагаздардын рыногунда сооданы
уюштуруу аркылуу өркүндөттүү жана корпорациялык баалуу кагаздардын
уюшкан рыногун андан ары өнүктүрүү максатында:
1. Баалуу кагаздардын рыногунда сооданы уюштуруучулар аркылуу
ишканалардын акцияларынын мамлекеттик пакетин сатуу боюнча
Консультациялык кењеш (мындан ары - Консультациялык кењеш) төмөнкү
кызмат орундарынын курамында тузүлсүн:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Адмииистрациясынын
страгегиялык өнүктүрүү жана экспертиза бөлүмунүн башчысы,
Консультациялык кењештин төрагасы;
Консультациялык кењештин мүчөлөрү:
- Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министри;
- Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай
министри;
- Кыргыз Республикасынын Өнөржай, соода жана туризм министри;
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министри;
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министри;
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча
мамлекеттик комитетинин төрагасы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык көзөмөл жана
отчеттуулук боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын
экономикалык өнүктүрүү, өнөржай жана соода башкармасынын начальниги.
2. Кыргыз Республикасыныи Мамлекетгик мулктү башкаруу боюнча
мамлскеттик комитети Консультациялык кењештпн аткаруучу оргаиы болуп
сапала тургаидыгы аныкталсын.
3. Кыргыз Республпкасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча
мамлекеттик комитети бир айлык мөөнөттө Консультациялык кењеш жөнүндө
Жобону жана иштөө регламентин иштеп чыксын жана Консультациялык
кењештин жыйкалышына бекитүү үчүн киргизсин.
4. Бул буйруктун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз
Республикасынын Президентинин Администрациясынын стратегиялык
өнүктүрүү жана экспертиза бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Бул буйрук кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти К.Бакиев