Сравнение редакций…
КР Президентинин
2022-жылдын 22-майындагы № 89 тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 27-апрелиндеги ПБ № 163
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН БУЙРУГУ
Банк секторун жана капиталдар рыногун өнүктүрүү, финансы секторун
өнүктүрүү боюнча жөнгө салуу саясатын иштеп чыгуунун жана маукулдашуу-
нун натыйжалуулугун жогорулатуу, мамлекеттик финансылык көзөмөл орган-
дарынын ишин координациялоо жана финансылык рынокту жөнгө салуу макса-
тында:
1. Кыргыз Республикасынын жөнгө салуу саясатын иштеп чыгуу жана
финансылык рынокко көзөмөлдүк ишин координациялоо боюнча Комиссиясы
(мындан ары - Комиссия) төмөнкү кызмат орундарынын курамында түзүлсүн:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын страте-
гиялык өнүктүрүү жана экспертиза бөлүмүнүн башчысы, Комиссиянын төрага-
сы.
Комиссиянын мүчөлөрү:
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы;
- Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министри;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык көзөмөл жана
отчеттуулук боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын экономи-
калык өнүктүрүү, өнөржай жана соода башкармасынын начальниги.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык көзөмөл жа-
на отчеттуулук боюнча мамлекеттик агенттиги бир айлык мөөнөттө Комиссия
жөнүндө Жобону жана иштөө регламентин иштеп чыксын жана бекитүү үчүн
Комиссиянын жыйналышына киргизсин.
3. Жањы түзүлгөн Комиссия Азия өнүктүрүү банкынын "Банк секторун
жана капиталдар рыногун өнүктүрүү программасы" долбоорун даярдоого жана
жүзөгө ашырууга байкоочу кењеш катары аныкталсын.
4. Комиссиянын аткаруучу органы болуп Кыргыз Республикасынын Улут-
тук банкынын, Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрли-
гинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык көзөмөл
жана отчеттуулук боюнча мамлекеттик агенттиктин өкүлдөрүнөн турган,
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрициясынын стратегиялык
өнүктүрүү жана экспертиза бөлүмү координациялаган катчылык саналары
аныкталсын.
5. Бул буйруктун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-
публикасынын Президентинин Администрациясынын стратегиялык өнүктүрүү
жана экспертиза бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Бул буйрук кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти К.Бакиев