Загрузка документа…
КР Президентинин
2022-жылдын 22-майындагы № 89 тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 2-майы ПБ № 169
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН БУЙРУГУ
(Кыргыз Республикасынын Президентинин
2006-жылдын 12-июнундагы ПБ № 234,
2006-жылдын 13-сентябрындагы №306
2007-жылдын 4-сентябрындагы ПБ № 177,
2008-жылдын 5 июнундагы ПБ № 127
буйруктарынын редакциясына ылайык)
Соода жүргүзүүдө техникалык тоскоолдуктарды азайтуу жана техника-
лык жактан жөнгө салуу жаганда мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруунун
натыйжалуулугун жогорулатуу, аны Дүйнөлүк соода уюмунун жана стандарт-
таштыруу боюнча башка эларалык жана региондук уюмдардын эрежелери жана
сунуштамалары менен шайкеш келтирүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын
"Техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Мыйзамын (мындан ары -
Мыйзам) жүзөгө ашырууну камсыз кылуу максатында:
1. Кыргыз Республикасында техникалык жактан жөнгө салуу системасын
өнүктүрүү боюнча Комиссия (мындан ары - Комиссия) тиркемеге ылайык ку-
рамда түзүлсүн.
2. Комиссия:
- Комиссия жөнүндө Жобону бир айлык мөөнөттө иштеп чыгып, Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн бекитүүсүнө киргизсин;
- 2006-жылдын 1-июлуна чейин Мыйзамдын өткөөл жоболорун жүзөгө
ашыруу боюнча чараларды иштеп чыксын;
- мамлекеттик башкаруунун тийиштүү органдарына Мыйзамда каралган
зарыл ченемдик жана укуктук актыларды кабыл алуу боюнча сунуштарды кир-
гизсин;
- техникалык жактан жөнгө салуу системасын реформалоо боюнча кол-
легиялык чечимдерди иштеп чыгууну талап кылуучу маселелерди туруктуу
карасын;
3. Комиссия өзүнүн алдына коюлган милдеттерин белгиленген тартипте
чечүү үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
- аткаруучу бийлик органдарынын, мамлексттик башкаруу органдарынын
өкүлдөрүн, атамекендик жана четөлкөлүк эксперттерди (макулдашуу боюнча)
ишке тартууга;
- техникалык жактан жөнгө салуу жагында министрликтер менен ве-
домстволордун иш-чаралары тууралуу маалымат суратууга, аларга монито-
ринг жүргүзүүгө.
4. Министирликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык
ведомстволордун, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын жетекчиле-
ри Комиссиянын ишине көмөк көрсөтсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын 6-сентябрында-
гы N 204 буйругу күчүн жоготту деп эсептелсин.
6. Бул буйруктун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-
публикасынын Президентинин Администрациясынын стратегиялык өнүктүрүү
жана экспертиза бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
Кыргыз Республикасынын Президентинин
2006-жылдын 2-майындагы № 169
буйругунун тиркемеси
"Кыргыз Республикасында техникалык
жөнгө салуу системасын өнүктүрүү
боюнча Комиссиянын
КУРАМЫ
(Кыргыз Республикасынын Президентинин
2007-жылдын 4-сентябрындагы ПБ № 177 буйругунун,
2008-жылдын 5 июнундагы ПБ № 127
редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, Комиссиянын төрагасы;
- Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүү жана соода министри,
Комиссиянын төрагасынын орунбасары;
- Кыргыз Республикасынын стандарттар жана метрология Улуттук инс-
титутунун директору, Комиссиянын төрагасынын орунбасары;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин өнөржайды өнүктүрүү,
соода, туризм, чакан, орто бизнес, транспорт, коммуникациялар, курулуш
жана архитектура боюнча Комитеттин төрагасы (макулдашуу боюнча).
Комиссиянын мүчөлөрү:
- Кыргыз Республикасынын финансы министри;
- Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана кайра иштетүү
өнөржай министри;
- Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри;
- Кыргыз Республикасынын өнөржай, энергетика жана отун ресурстар
министри;
- Кыргыз Республикасынын юстиция министри;
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри;
- Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министри;
- Кыргыз аккредитация борборунун директору;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү
коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу архитектура жана куру-
луш боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;
- Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрли-
гинин техникалык жөнгө салуу башкармасынын начальниги;
- Дүйнөлүк банктын Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн консуль-
танты (макулдашуу боюнча);
- "Инвестициялык тегерек стол" Коомдук бирикмесинин аткаруучу ди-
ректору (макулдашуу боюнча);
- Соода-өнөржай палатасынын президенти (макулдашуу боюнча);
- Кыргызстан ишкерлер Союзунун президенти (макулдашуу боюнча);
- ЮСАИДдин бизнес-чөйрөнү жакшыртуу боюнча долбоорунун директору
(макулдашуу боюнча);
- Кыргызстандын ишканаларынын директорлор гильдиясынын Кењешинин
төрагасы (макулдашуу боюнча);
- Кыргыз Республикасынын кооперативдер Союзунун президенти (макул-
дашуу боюнча)".
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев