Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 9-октябрындагы № 329 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН БУЙРУГУ 2006-жылдын 25-январында Санкт-Петербург шаарында Евразиялык экономикалык шериктештакке мүчө мамлекеттердин интеграцияланган валюталык рыногун уюштуруу жагынан кызматташтык жөнүндө Макулдашууга кол коюлгандыгына байланыштуу: I. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги белгиленген тартипте: -2006-жылдын 25-январында Санкт-Петербург шаарында кол коюлган Евразиялык экономикалык шериктештикке мүчө мамлекеттердин интеграцияланган валюталык рыногун уюштуруу жагынан кызматташтык жөнүндө Макулдашууну каттасын; -жогоруда аталган Макулдашуу күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболор аткарылгандыгы жөнүндө Евразиялык экономикалык шериктештиктин Интеграциялык комитетине билдирсин. 2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы белгиленген тартипте: - өз ишинде жогоруда аталган Макулдашууну жетекчиликке алсын; - бул Макулдашууну жарыяласын. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев