Сравнение редакций…
КР Президентинин
2022-жылдын 22-майындагы № 89 тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 23-ноябры ПБ № 345
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН БУЙРУГУ
2007-жылы Бишкек шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ)
мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кењешинин кезектеги жетинчи жыйналышын
өз убагында даярдоо жана ийгиликтүү өткөрүү боюнча милдеттерди тез ара-
да чечүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 27-июлундагы №
274 буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- 2-пункттагы "Бишкек шаарында... "жана "Республикалык администра-
циялык-ишкер борбор" комплексин" деген сөздөр алып салынсын;
- 3-пункттун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
- төмөнкү мазмундагы жаны 3-1-пункту менен толукталсын:
"3-1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы атайын
багыттагы объекттерди куруу үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин
Иш башкармасынын № 1 Мамлекеттик резиденциясында жер участкасынын зарыл
бөлүгүн аныктасын";
- 4-пункттун төртүнчү абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
- "- уюштуруу маселелерин натыйжалуу чечүүгө контролдукту камсыз
кылсын жана көмөк көрсөтсүн.".
2. Жогоруда аталган буйрук менен түзүлгөн 2007-жылы Бишкек шаарын-
да Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө-мамлекеттердин башчыларынын
Кењешинин кезектеги жетинчи жыйналышын даярдоо жана өткөрүү боюнча уюш-
туруу комитетинин курамынан:
Шамшиев Болотбек Төлөнович, Кабилова Клара Саматовна, Суталинов
Мурат Абдыбекович, Керимкулов Медетбек Темирбекович, Табалдиев Бусур-
манкул Беркутович, Алапаев Марат Ормонбекович, Кулмурзаев Тургунбек На-
сипович, Өмүралиев Эсенгул Касымович, Медетбеков Артур Капарович, Жол-
дошев Адамжан, Нуржанов Жумасарлык Тюлюбекович, Перфильев Борис Василь-
евич чыгарылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин ушул буйрукка ыла-
йык келтирсин.
4. Бул буйруктун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-
публикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисине жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын
Президенти К.Бакиев