Загрузка документа…
КР Президентинин
2022-жылдын 22-майындагы № 89 тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 16-декабры №361
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН БУЙРУГУ
2007-жылы Бишкек шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө
мамлекеттердин башчыларынын Кењешинин кезектеги жетинчи жыйналыш өз
учурунда даярдоону жана ийгиликтүү өткөрүүнү камсыз кылуу максатында:
1. 2007 жылы Бишкек шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө
мамлекеттердин башчыларынын Кењешинин кезектеги жетинчи жыйналыш
даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети жөнүндө тиркелген Жобо
бекитилсин.
2. Бул буйруктун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз
Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисине
жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын
Президенти К.Бакиев