КР Президентинин
2022-жылдын 22-майындагы № 89 тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 19-февралы № 40
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН БУЙРУГУ
Мамлекеттик бийлик органдарындагы кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 27-
июлундагы № 274 буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор
киргизилсин;
- жогоруда аталган буйрук менен түзүлгөн 2007-жылы Бишкек
шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө-мамлекеттердин
башчыларынын Кењешинин кезектеги жетинчи жыйналышын даярдоо жана
өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин курамынан:
Жекшенкулов Аликбек Жекшенкулович, Ибраимов Эрмек Султанович,
Тиленов Закир Керимович чыгарылсын.
- жогоруда аталган уюштуруу комитетинин курамына:
Карабаев Эднан Өскөнович, Ногойбаев Болотбек Бердибекович,
Табылдиев Тынычбек, Молдошев Замир Мурзабекович киргизилсин.
2. Бул буйруктун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз
Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисине
жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын
Президенти К.Бакиев