Загрузка документа…
КР 2021-жылдын 31-декабрындагы ПТ № 265 буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 25-майы ПБ N 123
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН БУЙРУГУ
Республиканын облустук мамлекеттик администрацияларынын башчылары-
нын орунбасарларын жана райондук мамлекеттик администрациялардын башчы-
ларын-акимдерди эки дењгээлдик бюджеттер аралык мамиленин шартында ре-
гиондордун социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү проблемаларын чечүү-
гө окутуу максатында:
1. 2007-жылдын 7-9-июнунда тиркелген программага ылайык облустук
мамлекеттик администрацияларынын башчыларынын орунбасарларын жана рай-
ондук мамлекеттик администрациялардын башчыларын-акимдерди үч күндүк
окутуу жана квалификациясын жогорулатуу курстары өткөрүлсүн.
2. Облустук мамлекеттик администрацияларынын башчылары чакырылган-
дардын бардыгынын кыска мөөнөттүү курстарга катышуусун, ошондой эле
башка уюштуруу маселелерин чечүүнү камсыз кылууга зарыл көмөк көрсөт-
сүн.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2007-жылга Кыргыз Республикасынын
Президентине караштуу Башкаруу академиясынын алдындагы мамлекеттик жана
муниципалдык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра да-
ярдоо Борборунун каражаттарынын эсебинен ушул окуулардын финансылык
жактан камсыз кылуу маселесин чечсин.
4. Окутуу, усулдук жана окуу процессин материалдык-техникалык жак-
тан камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу
академиясына жүктөлсүн.
5. Бул буйруктун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-
публикасынын Президентинин Администрациясынын уюштуруу иштер жана мам-
лекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
Кыргыз Республикасынын Президентинин
2007-жылдын "25-майындагы
№ 123 буйругунун
тиркемеси
2007-жылдын 7-9-июнундагы "Региондордун
социалдык-экономикалык проблемаларын чечүүдө жана эки
дењгээлдүү бюджетке өтүүдө жергиликтүү мамлекеттик
администрациялардын ролу" темасы боюнча облустук
мамлекеттик администрацияларынын башчыларынын
орунбасарларын жана райондук мамлекеттик
администрациялардын башчыларын-акимдерди кыска
мөөнөттүү үч күндүк окутуу жана квалификациясын
жогорулатуу курстарын өткөрүүнүн
ПРОГРАММАСЫ
Өткөрүлүүчү жери: Бишкек шаары, Кыргыз Республикасынын
Президентине караштуу Башкаруу академиясы
Катышуучулардын келиши: 2007-жылдын 6-июну 15.00дөн баштап
-----------------------------------------------------------------------
| Биринчи күн, 2007-жылдын 7-июну, бейшемби |
|---------------------------------------------------------------------|
|07.30-08.30|Эртењ мененки тамак (Башкаруу академиясынын кафеси) |
|-----------|---------------------------------------------------------|
|08.30-09.00|Курстун катышуучуларын каттоо |
|-----------|---------------------------------------------------------|
|09.00-09.05|Курстун ачылышы. Кыргыз Республикасынын Президентине |
| |караштуу Башкаруу академиясынын президент-ректорунун |
| |куттуктоо сөзү. Окутуунун негизги максаттары жана |
| |милдеттери (А.Ф.Султанбеков) |
|-----------|---------------------------------------------------------|
|09.05-09.10|Кыргыз Республикасынын Гимни |
|-----------|---------------------------------------------------------|
|09.10-09.30|Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын |
| |Жетекчисинин куттуктоо сөзү (М.Ч.Садыркулов) |
|-----------|---------------------------------------------------------|
|09.30-09.40|"Ханнс Зайдель" Фондунун өкүлүнүн куттуктоо сөзү (Макс |
| | Майер, Германия) |
|-----------|---------------------------------------------------------|
|9.40-10.20 |"2007-2010-жылдарга өлкөнү өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүк |
| |стратегиясы жана региондорду өнүктүрүүдө жергиликтүү |
| |мамлекеттик администрациялардын милдеттери" темасында |
| |доклад. Кыргыз Республикасынын Президентинин |
| |Администрациясынын уюштуруу иштер жана мамлекеттик |
| |башкаруу саясаты бөлүмүнүн башчысы (К.Н.Жолдошев), |
| |Кыргыз Республикасынын Президентинин |
| |Администрациясынын экономикалык жана социалдык саясат |
| |бөлүмүнүн башчысы (А.Ш.Дикамбаев). |
|-----------|---------------------------------------------------------|
|10.20-10.40|Танапис |
|-----------|---------------------------------------------------------|
|10.40-12.00|"2007-жылга республикалык бюджеттин өзгөчөлүктөрү жана |
| |эки дењгээлдик бюджетке өтүү милдеттери" темасында |
| |доклад. |
| |Кыргыз Республикасынын финансы министри (А.Ү.Жапаров), |
| |Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин |
| |башкармасынын начальниги (К.К.Калканов) |
|-----------|---------------------------------------------------------|
|12.00-13.00|Түшкү тамак (Башкаруу академиясынын кафеси) |
|-----------|---------------------------------------------------------|
|13.30-14.20|"Бюджеттер аралык мамилени мыйзам менен жөнгө салуу" |
| |темасында доклад. Кыргыз Республикасынын Жогорку |
| |Кењешинин бюджет жана финансы боюнча Комитетинин |
| |төрагасы (А.К.Келдибеков (макулдашуу боюнча), Башкаруу |
| |академиясынын доценти (Э.Н.Ракимбаев). |
|-----------|---------------------------------------------------------|
|14.20-15.10|"Мамлекеттик башкарууну децентралдаштыруунун азыркы |
| |шартында мамлекеттик администрациялардын ролу" |
| |темасында доклад. Жергиликтүү өзалдынча башкаруу иштери |
| |боюнча Улуттук агенттиктин статс-катчысы (Б.А.Фаттахов), |
| |Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын |
| |жергиликтүү өзалдынча башкаруунун жана муниципалдык |
| |менчиктин финансы-экономикалык негиздери секторунун |
| |башчысы (Н.К.Эралиев). |
|-----------|---------------------------------------------------------|
|15.10-15.20|Танапис |
|-----------|---------------------------------------------------------|
|14.40-16.00|"Эки дењгээлдик бюджетке өтүү шартында жергиликтүү |
| |мамлекеттик администрациялар менен жергиликтүү өзалдынча |
| |башкаруу органдарынын өзара аракеттенүүсү" темасында |
| |доклад. Кыргыз Республикасынын Президентинин |
| |Администрациясынын уюштуруу иштер жана мамлекеттик |
| |башкаруу саясаты бөлүмүнүн мамлекеттик башкаруу жана |
| |жергиликтүү өзалдынча башкаруу секторунун башчысы |
| |(Б.С.Кумаров), Башкаруу академиясынын профессору |
| |(А.З.Закиров) |
|---------------------------------------------------------------------|
| Экинчи күн, 2007-жылдын 8-июну, жума |
|---------------------------------------------------------------------|
|07.30-08.30|Эртењ мененки тамак |
|-----------|---------------------------------------------------------|
|9.00-10.20 |"Эки дењгээлдик бюджетке өтүүнүн проблемалары жана |
| |аларды чечүү жолдору" темасында доклад. Кыргыз |
| |Республикасынын финансы министринин орунбасары |
| |(А.О.Кожошев) |
|-----------|---------------------------------------------------------|
|10.20-10.40|Танапис |
|-----------|---------------------------------------------------------|
|10.40-11.20|"Эки дењгээлдик бюджетке өтүү шартында салыктык |
| |администрациялоону өркүндөтүү" темасында доклад. Кыргыз |
| |Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча |
| |мамлекеттик комитетинин директору (Т.Б.Курманбеков) |
|-----------|---------------------------------------------------------|
|11.20-12.00|"Мамлекеттик инвестициялык саясат жана региондорду |
| |өнүктүрүү" темасында доклад. Кыргыз Республикасынын |
| |Экономикалык өнүгүү жана соода министри |
| |(С.А.Молдокулов) |
|-----------|---------------------------------------------------------|
|12.00-13.00|Түшкү тамак |
|-----------|---------------------------------------------------------|
|13.30-14.20|"Региондорду өнүктүрүүдө донор уюмдардын ролу" |
| |темасында доклад. Кыргыз Республикасынын коомчулукту |
| |өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин (АРИС) |
| |директору (Э.С.Ибраимова) |
|-----------|---------------------------------------------------------|
|14.20-14.40|Танапис |
|-----------|---------------------------------------------------------|
|14.40-15.20|"Кыргыз Республикасынын агроөнөржай комплексин |
| |өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери" темасында доклад. |
| |Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра |
| |иштетүү өнөржай министри (С.Ш.Жээнбеков), Кыргыз |
| |Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу |
| |Академиясынын биринчи проректору (А.З.Закиров) |
|-----------|---------------------------------------------------------|
|15.20-15.40|"Региондордун социалдык чөйрөсүн өнүктүрүү жолдору" |
| |темасында доклад. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана |
| |социалдык өнүгүү министри (Ү.А.Абдуллаева) |
|-----------|---------------------------------------------------------|
|15.40-16.10|"Мамлекеттик сатып алуулар системасын өркүндөтүү" |
| |темасында доклад. Мамлекеттик сатып алуулар жана |
| |материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттигинин |
| |директору (Дж.Т.Нуржанов). |
|-----------|---------------------------------------------------------|
|16.10-16.30|Танапис |
|-----------|---------------------------------------------------------|
|16.30-17.00|"Агрардык сектордо маркетингди өнүктүрүү" темасында |
| |доклад. Кыргыз Республикасында агробизнестин атаандашууга|
| |жөндөмдүүлүгү Борборунун директору (Т.Н.Беков) |
|-----------|---------------------------------------------------------|
|17.00-17.30|"Ысыката районунун иш тажрыйбасы" темасында доклад. |
| |Ысыката райондук мамлекеттик администрациясынын |
| |башчысы (Б.О.Кененбаев) |
|-----------|---------------------------------------------------------|
|19.00 |Расмий кабыл алуу (кечки тамак) |
|---------------------------------------------------------------------|
| Үчүнчү күн, 2007-жылдын 9-июну, ишемби |
|---------------------------------------------------------------------|
|07.30-08.30|Эртењ мененки тамак |
|-----------|---------------------------------------------------------|
|9.00-12.00 |Пленардык сессия: Кыргыз Республикасынын |
| |Премьер-министринин, Кыргыз Республикасынын Президентинин|
| |Администрациясынын жооптуу кызматкерлеринин жана |
| |Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрүнүн |
| |катышуусу менен курстун жыйынтыгын чыгаруу. |
|-----------|---------------------------------------------------------|
|12.00-13.30|Семинарды жабылышы. Кыргыз Республикасынын |
| |Премьер-министри А.Ш.Атамбаевдин сертификаттарды |
| |тапшыруусу |
|-----------|---------------------------------------------------------|
|13.30 |Семинардын катышуучуларынын жөнөп кетиши |
-----------------------------------------------------------------------